Шоу жаңылыктары

Данияр менен Кундуздун үйлөнөрү калп
Кайсы бир басылмада "Кундуз Канатбек кызына Данияр Көбөнов сөйкө салды, апрелдин аягында үйлөнүү тою болот экен",- деген маалымат жазылган. Даниярдын күйөрман кыздары, Кундузду сүйгөн жигиттер: "Ушул тууралуу кененирээк жазыңыздарчы?"-деп редакцияга чала берип, телефондун жаагын тындырышкан жок. Кундуздун курбусу, продюсер Миргүл Эсеналиева менен байланышканыбызда: "Мунун баары жалган, бул жөн гана 1-апрелге карата тамаша болчу, көпчүлүгү ишенип алышыптыр, эч кандай үйлөнүү той болбойт",- деп билдирди. Бирок Кундуз менен Данияр жакшынакай жуп болуп калышат экен.




Курмангазы "BIACK EYED PEAS" тобун Бишкекке чакырды
Дүйнө жүзүнө таанымал, атактуу "BIACK EYED PEAS" тобу апрель айында Бишкекке концерт берет. Спорт Ордосунун сахнасында бул топ менен бирге "Энесай" тобу ырдайт. Аталган топтун жетекчиси КРнын Эл артисти Курмангазы Азыкбаев, мындай сыйлуу конокторду толкундануу менен күтүп жатканын, ошентсе дагы концерт эң жогорку деңгээлде өтөрүнө кепилдик берерин билдирди.




"Мастер класс-3 түн" жыйынтыгы кийинкилерге үлгү
Төлөмүш Океев атындагы Кыргызфильм киностудиясында 31-мартта Эрнест Абдыжапаровдун "Мастер класс-3" фестивалынын жыйынтыгы болуп өттү.
"Мастер класс-3тө" билим алган балдар өз жөндөмүнө жараша кыска метраждуу тасма тартышты. Чыныгы профессионалдуу тасма тартып келишип, акчалуу байгеге ат салышат. Ошол жыйынтыктан соң, кийинки "Мастер класс-4" окуусуна катышуучуларына үлгү катары көрсөтүлөт. Гран-Принин ээси жок, анткени биз мындай сыйлыкты толук тартылган тасмага ыйгарабыз. Бул жерде өзүңөр күбө болгондой, жалаң кыска метраждуу тасмалар көрсөтүлдү. Мыкты режиссёр-Азамат Арыков, мыкты үн режиссёр-Рахат Шамшиева, мыкты оператор-Санжар Абдыжапаров, мыкты актёр-Мирлан Абдуллаев, мыкты продюсер-Нышанбай Монокбаев ж.б. мыкты даректүү тасма наамдарын алышты.
"Капастагы булбул","Сүйүү шаары", "Идеалдуу кыз" ж.б.кыска метраждуу тасмаларга эл күбө болушту.




Фарида Карбосова 30 жашын белгиледи
"Сүйүүнүн кемеси" аттуу ыры менен таанылган Фарида Карбосова 23-марттан бери 30 жаштын тамагын жей баштады. Мааракесин жакын адамдары менен өткөрдү. Өзгөчө, Фарида өзү тамада болгону кызык болду. Улуу муундагы ырчылардан устаты Алина Жетигенова, Айчүрөк Иманалиева, Гүлнур Сатылганова, Динара Акулова, жаштардан Азиза, Роза Шакирова, Айнура Салахидинова жана башка көптөгөн чыгармачыл адамдар куттуктап келишти. "Өмүрүмдө мынча көп адамды тосуп көргөн эмес элем, бирок, жакшы өткөргөнгө болушунча аракет кылдым" дейт ырчы кыз. Жигитинен белекке бриллиант шакек алганы менен, туулган күнүндө авто унаасын тоноп кетишкени өкүнүчтүү болду. Биз дагы Фариданы туулган күнү менен куттуктап, ак жоолук каалайбыз.




Устаттан шакирт өтөт
Улуттук консерваториянын салттык музыка жана фольклор бөлүмүндө окуган жаш ырчы Санжар Төрөгулов көп ийгилик жаратууну максат кылып, жигердүүлүк менен иштеп жүргөн убагы. Продюсери Ырыс Окенова менен көптөгөн пландарды түзүп, четинен аткара баштады. Тагыраак айтканда жаңы "Айылым", "Мажүрүм тал" деген ырларды жаздырып, "Мээримиң" аттуу чыгармага клип тарттырып бүттү. Санжар Улукмырза Полотовдун шакирти болгондуктан, анын чыгармачылык кечесинде эң сүйүктүү окуучусунун катарында катышты. "Устаттан шакирт өтөт" демекчи, келечекте Санжар Улукмырза агайдан да атактуу болоруна ишенебиз.




Автандиль
Сөзү, обону: автордуку
Ишенчи
Эркелеп колуң сунсаң, эринден балың тамат,
Сезимим жараланып, сен үчүн жашап турат.
Жаралап жүрөк ырбап, жалынга мени чырмап,
Алдабайм сени жаным, ишенчи мага дайым.
Кайырма:
Гүл кармап басып келем,
Күн сымал күйүп денем.
Кадала турсаң карап,
Каректе жалын менен.
Жылдызың жанып улам, жанымды турсаң арбап.
Жанда жок сезимиңе, ийилип таазим кылам
Кайырма:
Гүл кармап басып келем,
Күн сымал күйүп денем.
Кадала турсаң карап,
Каректе жалын менен.
Махабат улуу сезим,
Ал мага келген кези.
Муңканган жүрөгүмдүн,
Музасы болдуң эми.

Алдабайм сени жаным,
Ишенчи мага дайым.




Куттуктоо!!!
Агабыз Пирмаматов Акматжанды 60 жаш мааракеси менен куттуктайбыз! Ага, дайыма бир туугандарыңыздын, жерге-жээктериңиздин арасында күлүп-жайнап, уул-кыздын урматын көрүп, байбичеңиз менен неберелериңиздин жытын жыттап, төрдүн ээси болуп жүрө бериңиз! Жараткан сизге берерин унутпасын! Ден соолукта болуп, узак өмүр жашаңыз! Иниңиз Салайдин, келиниңиз Чынара

Айзирек Келдибаева