Эрке кыз эс тартканда

Жаным Айзат:
"Тамеки тартам деп атама уят болгом"
Эл алдына Жаным Айзат аттуу ысым менен чыгып, чыгармачылыгын тартуулаган, далай жигиттердин жүрөгүнө чок салган ырчы кыз акыркы күндөрү көрүнбөй калгандыгынын себептерин бөлүшүп, биз менен маек курду.

- Акыркы күндөрү көрүнбөй кеттиң го, эмне менен алектенип жүрөсүң?
- Учурда бир гана окуу менен алектенүүдөмүн, немис тилин үйрөнгөнүмө байланыштуу, Германиядан профессорлор келип сабак берүүдө. Алар жарым жылдык программаны эки жумада өткөндүктөн, окуум кыйын болууда. Ошондуктан, бир дагы сабакты калтырбай, эртең мененки сегизден тартып, кечки алтыга чейин окуудамын. Эми жайында Германияга практикага барабыз деген пландар бар. Ошол себептен улам,чыгармачылык жаатынан да кичине алыстап калдым.
- Анда немис тилинде эркин сүйлөп калган турбайсыңбы?
- Эркин сүйлөйм деп айта албайм, бирок жакшы түшүнөм, сүйлөп кеткенге аракет кылам.
- Окууну бүткөндөн кийин эмне менен алектенесиң?
- Окууну бүткөндөн кийин, буюрса, чыгармачылык менен алектенем, гастролдорго чыгам. Убактым болгондо жеке мектептерге барып сабак алам, чыгармачыл адамдын сөзсүз түрдө нота жөнүндө маалыматы болушу керек. Ошондуктан учурда пианинодо жана фортепьянодо ойногонду үйрөнүүдөмүн.
- Атыңды эмне үчүн Жаным Айзат деп койгон?
- Мен кичинекей кезимде үйгө коноктор келип:"Кимдин кызысың?"- деп сураса, мен: "Атамдын кызы жана апамдын жанымын", - деп айтчу экенмин. Ал эми мен шоу-бизнес чөйрөсүнө аралаша баштаганда, бул атты продюсерим Тынчтыкбек Кожобеков койгон. Ыр күйөрмандарынын жан дүйнөсүнө жагымдуу ыр тартуулайын деген тилек менен коюлган ат.
- Канча жашыңан тартып боёно баштадың?
- 18-жашымдан тартып боёно баштадым. Ага чейин боёнуп көргөн эмесмин. Азыр болсо туштан башка боёк колдонбойм. Бир гана сьемка учурунда жакшы боёнууга туура келет.
- Жаным Айзат бийик такалуу бут кийим кие албайт, тизеси бүгүлүп калат деп айтылган сын-пикирлерге кандай карайсың?
- Мен ырдап баштаганга чейин бийик така кийип көргөн эмесмин. Үйдө жалаң балдардын арасында өскөндүктөнбү, эркек баладай болуп чоңойдум. 11-класска чейин така кийген эмесмин. Башында кийгенде такыр көнө албай кыйналдым. Ошол убакта тизем бүгүлүп, баса албай жүргөнүмдү көрүп калышса керек. Азыр болсо, көнүп калдым,12 сантиметрге чейин кие алам.
- Ич кийимди жарнама кылып бер деген сунуш түшсө, эмне деп жооп берет элең?
- Ич кийимдерди жарнама кылыш мен үчүн эмес. Мен ар кайсы кечелерден көп эле көрүп калам. Жалаң моделдер жарнамалап келишет. Алар ар кайсы өлкөлөргө дагы чыгышат. Мен илгерки адамдардын тарбиясын алып калгандыктанбы, айтор, мындай көрүнүш мага жат.
- Көзү ачыктарга ишенесиңби, барып көрдүң беле?
- Мен өзүмдүн келечегимди алдын ала билгим келбейт. Көзү ачыктардын бардыгына ишенбейм, алардын арасында акча табуу аракетин көргөндөр бар, ал эми чыныгы көзү ачыктар аз гана болушу керек.
- Нан жапканды билесиңби?
- Бир жыл мурун апам мени Ошко алып барган. Ошондо нан жапканды үйрөнүп келдим. Камырды мешке салыш, мен үчүн кыйын болду. Бирок башка түшсө байтал жорго дегендей, бат эле үйрөнүп кеттим. Бир жумадай колдорум ооруп жүрдү. Эгер азыр нан жабыш керек болуп калса, оңой эле жасай алам деп ойлойм.
- Кетирген кайсыл катаң үчүн абдан өкүнөсүң?
- Чоңоюп калгандан кийин, ата-эне менен келишпестиктер, түшүнбөстүктөр боло берет экен. Апам менен урушуп кеткен күндөрүм көп болот. Канча урушуп, талашсам дагы баары бир апамдын айткан сөзү туура болуп чыгат, ошондуктан ата-энем менен урушуп кеткениме абдан өкүнөм.
- Тамеки тартасыңбы?
- Тартып көргөн эмесмин деп айта албайм, бул жашоодо баардыгы кызык болот эмеспи. Эсимде, кичинекей кезимде эжем экөөбүз атамдын тамекисин алып чегип көрөлү дегенбиз. Тарталы деп атканда атам кирип калган, көрүп эч нерсе дебей, кайра чыгып кеткен. Ошондон кийин атаман уялгандыктанбы, иши кылып, тамекиге жолобойм.
- Жарандык никеге кандай карайсың?
- Мен каршымын деп айта албайм, ар бир адамдын жеке иши, алгач жарандык никеде жашап, анан үйлөнүшкөндөр бар. Бирок мага ушундай сунуш түшсө, баш тартмакмын.
- Болочоктогу жолдошуңду кандай элестетесиң?
- Чындыгында, бул тууралуу ойлонуп көрбөптүрмүн. Жолдошумду бай болсо экен деп ойлобойм, болгону өзүнүн бутуна туруп, өзүн өзү каржылап кете турган адам болсо экен деп ойлойм. Эң негизгиси, мени сыйлаган адам болсо экен деп тилейм.
- Канча балалуу болгуң келет?
- Төрт балалуу болгум келет. Эки кыз, эки эркек. Бир туугандардын арасында да жакын сүйлөшкөнгө, бири -бирине жөлөк боло турган адам болуш керек. Ошондуктан төрт бала төрөгүм келет.
- Атка мингенди билесиңби?
- Ооба, билем, жакында эле үйрөндүм, Курманжан Датка документалдык фильмин тартып жатканда, атка минүүгө туура келди. Мурда атка минип көргөн эмесмин. Аттын да өзүнүн мүнөзү болот экен, биринчиси жоош болсо, экинчиси азоо, айтор, ат тандаш дагы кыйынга турду. Ошентип үйрөнгөнгө дагы туура келди.
- Курманжан Датканын ролун жаратуу кыйын болгон жокпу?
- Кастинг тууралуу угуп, катышып өтүп кеттим. Курманжан Датканын 16 жашынан тартып, 21 жашка чейинки убактысын чагылдырдык. Датка өзү эркек мүнөз аял болгондуктан, анын ролун жаратыш кыйын болду. Бирок, аткарып кете алдым деп ойлойм. Сьемкалар 2010- жылы башталып, Оштогу окуяларга байланыштуу токтоп калган. Оштун Алай жерине бардым, алардын мага меймандостугу билинип турду. Тоого чыгып, кайра түшкөн сайын кымыз куюп беришип, сыйлап турушканы абдан жакты.
- Байлык менен бийликтен баалуу эмне бар деп ойлойсуң?
- Байлык менен бийлигиң болсо, жакын досторуң көбөйөт. Алардын кээ бири байлыгыңа жана бийлигиңе карап мамиле кыла башташат. Эртеси бийлик же байлык түгөнгөндө сатып кеткендер, орто жолго таштап кеткендер болот. Ошондуктан мен үчүн алардан да баалуу чыныгы достук деп айтат элем.
- Өзүңдүн жакын досторуңа ишенесиңби?
- Менин жети курбум бар, алардын бардыгына ишенем. Бири-бирибизге жардам берип турабыз. Учурда курбуларымдын үчөө гана Бишкекте, калганы Казакстанда жана башка өлкөлөрдө. Жай мезгилинде гана чогулуп, бирге болобуз. Ошондуктан жыл сайын жай мезгилин аябай күтөбүз.
Нургүл Ибраева