п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Турар Исмаилов:
"Учкучтардын баары тоо жүрөктүү эмес"
Абада калкып учуп, белгиленген мөөнөттө жеткирип, алардын өмүрүнө жоопкерчиликтүү болгон учкучтардын азыркы күндө коомдогу орду чоң десем жаңылышпайт болушум керек. 12-апрель учкучтар күнүнө карата Кыргызстан Авиакомпаниясынын учкучу Турар Исмаиловдон өз кесиби жана жеке жашоосу тууралуу маек курдук.

- Турар, учкучтукту кандайча тандап калгансыз, үй-бүлөңүздө учкучтар барбы?
- Өзүм учкучтардын үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Атам күнүгө эртең менен өзүнүн формасын кийип алып, жумушка кетип жатканда, "Мен да атамдай болгон учкуч болсом", - деп кыялданчумун. Учактар боюнча да маалыматым кичинемден бери эле бар. Ошондуктан, мен үчүн учкуч болуу өтө деле оорчулукту туудурган жок. Чоңойгондо атамдын жолун улап, учкуч болдум.
- Абада учкан саатыңыз канчага жетип калды?
- Бүгүнкү күндө 6500 саат учкан убактым бар. Кыргызстан Авиакомпаниясында шеф-пилот болуп иштейм. Ту-154, Ту-134, Боинг-737 учактарынын командиримин. Буга чейин Бичкрафт-350, Як-40та учкам. Шеф-пилот болуп бир жарым жылдан бери иштейм. Үй-бүлөлүүмүн, бир уулум бар. Атам экөөбүз кээде чогуу учуп калабыз. Ал дагы Кыргызстан Авиакомпаниясында ага штурман болуп эмгектенет.
- Эң биринчи кандай учакка отуруп, кайсы шаарга учкансыз?
- Як-40 учагына отуруп, Жалал-Абад шаарына учкам.
- Учкучтардын арасынан кимдин эмгегин баалайсыз?
- Кыргызстандын авиациясында мыкты учкутар көп. Кыргызстандагы номер биринчи учкуч - Ишенбай Абдраимов. Ал киши Кыргызстандын Авиациясын түзүп, компанияны көтөргөн. Андан сырткары, Авиациянын ветерандары Аскаров Алик Бакеевич, Жүндүбаев Медер Жапарович, атам Исмаилов Таалайбек Касымович сыяктуу учкучтардын эмгегин баалайм.
- Учкучтар стюардессаларына үйлөнүп алышат деп уктум эле, сиздин келинчегиңиз да стюардесса эмеспи?
- Менин келинчегимдин авиацияга эч тиешеси жок. Кесиби боюнча юрист.
- Асманда НЛО же башка нерселер менен жолуккан учурлар болобу?
- Жок, мен кабылып көрө элекмин. НЛОну телевизордон эле көрүп калам.
- Жаан-чачын, карга карабай деле уча бересиздерби?
- Ар кандай убактарда уча беребиз. Түнкүсүн болобу, күндүзү болобу, жамгыр, карда деле уча беребиз. Жаан-чачын учууга тоскоол болбойт. Ал өтө деле чоң маселе эмес.
- Кар, бороон, учакты башкарууда бир топ оорчулуктарды туудурса керек?
- Кар жаап, катуу шамал болгондо ар бир учактын өзүнүн чектөөлөрү болот. Мисалы, капталдан, бет маңдайдан болгон шамалдан учакты чектеп койгон нормадан өтүп кетсе, анда учканга болбойт. Эгер нормада болсо уча беребиз. Кар жаап, шамал болгондо бир аз коркунуч пайда болот. Себеби, андай учурда учакты башкаруу бир топ оорчулуктарды пайда кылат.
- Учуп баратканда учактын тетиктери бузулуп калса, эмне кыласыздар?
- Кээде кыймылдаткычтар иштебей, сынып калган учурлар болот. Менин учактарымда майда тетиктер сынып калган учурлар болгон, бирок, чоң кырсык боло элек. Учактын майын фильтрлөө боюнча майда маселелер болот. Анын баарында ар бир учактын китеби аркылуу иш алып барабыз.
- Андай учурларда өзүңүз оңдойсузбу?
- Жок, биз башкаруу жагын гана колго алабыз. Калганын инженерлер карап турушат. Боинг, аэробустар болсо, атайын коштоо менен учушат. Кокустуктар болуп кетсе, коштоп бара жаткан инженерлер оңдошот.
- Сиз абада жүрө турган бардык учактарды айдай бересизби? Мисалы вертолётту да башкара аласыз да?
- Жок, вертолётту айдай албайм. Мен самолёттун пилотумун. Колледжде окуп атканда аны да окугам. Теориялык жактан айдай алганым менен, практикалык жактан айдап көргөн эмесмин.
- Учкучтарды тоо жүрөктөр деп жакшы көрүшөт. Чын эле учкучтар тоо жүрөктүү болушабы же суу жүрөктүүлөрү да барбы?
- Ошондой деп көп угам. Бирок, баарын эле тоо жүрөктүү деп айтууга болбойт. Алардын арасында суу жүрөктүүлөрү деле болот.
- Спорттун кайсы түрү менен машыгасыз?
- Мен сууда сүзүү менен машыгам. Андан сырткары, футболго кызыгам. Баскетбол, волейболго барып машыгып турабыз.
- Учакка мас абалында түшкөн жүргүнчүлөр борттогу элди бушайманга салган учурларда кандай чара колдоносуздар?
- Ар кандай жүргүнчүлөр болот. Айрыкча, мас абалда учууга тыюу салынат. Мас абалындагы жүргүнчүлөрдү борттон чыгарууга укугубуз бар. Анткени, алар башка жүргүнчүлөргө тоскоол болушат. Мен башкарып бара жаткан учакта да андай учурлар болгон. Стюардессаларга тийишип, алар алып келип берген чайын чачып, тамеки чегип… Кээ бирөөлөр бортко отурганда, учуп баратканда ичип алышат. Кээ бир "проводниктер" мас абалындагы жүргүнчүнүн колу-бутун байлап отургузуп коюшат.
- Кээ бирлердин бийиктиктен оорусу кармап калат эмеспи. Андай учурларда эмне кыласыздар?
- Борт коштоочулар медициналык биринчи жардам көрсөтүүнү мыкты билишет. Ошондуктан, алар тез жардам көрсөтүшөт.
- Биздин учактардын абалы кандай?
- Башка мамлекеттердин авиациясын карасак, көпчүлүгү аэробустар, а биздики болсо, Ту-154, Ту-134, Ан-21 деген учактардан турат. Биз эки жуманын ичинде Боинг-737 учагын алганы турабыз. Бир айдан кийин экинчи Боингди алабыз. Биздин советтик самолётторубуз жакшынакай ремонттон өтүп, азыркы абалы жакшы. Ошентсе да, жакынкы арада батыштын техникасына өтөлү деген оюбуз бар.
- Абада жүргөндө сизди таң калтырган окуя?
- Учакты жаңыдан башкара баштаганда, жерден 10 чакырым бийиктикте жүрүп, кээде чагылгандарды, булуттарды көрүп калганда абдан таң калгам. А азыр болсо кадимки көрүнүштөй эле жүрө берем. Бирок кудай сактасын, чагылган учакка түшө элек.
Сиздин ишиңиздин оорчулугу эмнеде?
- Учакты айдап кетип атканда артыңда 150 киши отурат. Алардын ден соолугуна, өмүрүнө сен жоопкерчиликтүү болосуң. Жамгыр, кар, борошо болот. Туман болуп, катуу шамал болгондо тилиңди тиштеп эле барып келесиң.
- Аба жолдорунан адашкан учурлар болду беле?
- Жок, боло элек. Жоголуп кетсең, чоң кырсык деп эсептелинет. Ошондуктан, учардан мурун кайда бара турганыңды даярданып, учуу маршруттарын изилдеп чыгам. Жоголгондорду уккам. Бирок менде жоголуулар боло элек.
- Канча мамлекетти көрдүңүз?
- Дүйнөнүн дээрлик мамлекеттеринде болдум. Бирок Австралия менен түштүк Америкада болгон жокмун. Келишим менен Африкада да иштеп калдым.
- Кыргызстан Авиакомпаниясына келгичекти кайсы компанияларда эмгектенгенсиз?
- Эмгек жолумду "Алтын Эйр" компаниясынан баштагам. 2002-жылдан бери ушул жакта иштейм. 2005-жылы аты өзгөрүп, Кыргызстан Авиакомпаниясы болгон.
- Уулуңуздун да сиздин жолуңузду жолдоп учкуч болушун каалайсызбы?
- Ооба, каалайм. Азыр ал кичинекей, 9 ай болду.









кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??