п»ї

  Капилет кылтак

Гүлнур Асанова:
Кыргызстандын желегин желбиретип, кыргыз жыттанган ырларды чет мамлекетке таанытып жүргөн жеринен ырчы кызыбызга алыстан байланышка чыктык. Биз кылтакка илчү ырчы авазы жана актрисалык өнөрү менен элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан Гүлнур Асанова.

"Причём тут Жаныш Бакиев?"

Д. А:-Саламатсыңбы, Гүлнур, "Тасма устасы" студиясын жетектеген режиссёр Рысбек Жабировдун ассистенти болом. Сага роль сунуштасак аткара аласыңбы.
Г. А:-Кандай роль?
Д. А:-"Скоро" казак режиссёру Ардак Амиркулов менен совместно кино тартышат. "Чачы узун, дастанды катыра айткан кыз болсо", - дегендеринен сени сунуштадык.
Г. А:-Жакшы, эпизодгобу же?
Д. А:-Башкы ролго, күнүнө Жабиров 1000 сом берет, казактар 50$ төлөшөт.
Г. А: Оо, классно, мен макулмун, бирок сценарийди окусам жакшы болмок.
Д. А:- "Короче" казак жергесинде кыргыз кызды кордогон солдаттар болмокчу. Марк Дакаскос терс ролду ойнойт. "Кочевник" киносуна ал актёр катышканын жакшы билсең керек. Наркотик колдонгон кыздын образын жаратардан мурун, атайын Жеңишбек Назаралиевдин мед.центрине барып консультация аласың, акчасын студия төлөйт. "Кстати", Марк Дакаскос аткарган каарман сени наркотикке үйрөтөт.
Г. А:-Качан тартылат?
Д. А:-Биринчи өрүк гүлдөгөн маалда, өрүкзарлуу Баткенде тартылат, Алматыга барып келишимге кол коюш керек. Качан келесиң?
Г. А:-Макул, бирок жолугуп сүйлөшсөк да болчудай. Баса, Рысбек агай менин номеримди бир концерттен алды эле, бирок өзү чалган жок.
Д. А:-Кааласаң, мен номерин берейин, "если мне не веришь, позвони на этот номер 07733535ХХ"
Г. А:-М-мм… Кыргызстанга барганда эле чогуу жолугалычы, ээ?
Д. А:-Дагы бир роль бар, "Махабат дастаны" киносуна Раймаалы менен Бегимайды заманбап стилде тартабыз. Аягын башкача кылып бүтүрдүк. Раймаалы өлгөндө, Бегимай кошок кошот. Кошок билесиңби, болбосо кемпир кошокчу табабыз, кошок айтканды да үйрөнөсүң.
Г. А:-Негизи, Бегимайдын ырын өзүм ырдап жүрөм, эл эски вариантын жүрөккө жакын кабыл алышкан да. М-мм ойлонуп көрүш керек. Ал эми кошок проблема эмес, дастан деле айтып жүрөбүз го. Аны да казактар менен тартасыңарбы?
Д. А:-Ооба, эскиси ошол бойдон калганы жакшы. Кайталангыс тасма экенине шек жок, бирок азыркы муун унутуп калышты. Биздин милдет мындай аты өчпөс чыгармаларды жаштарга кино аркылуу жеткирүү. Асел (Бегимай) аттан жыгылган жери бар го. Ошондо сени да жыгат, ич көйнөкчөн болушуң шарт. Кундуздай чачтарың билинер-билинбес көрүнгөн ажайып дене-мүчөңдү жаап турушу керек.
Г. А:-Бегимай ак көйнөкчөн эле го, анан заманбап Бегимайдын көйнөгү ич көйнөккө алмашып калабы?
Д. А:-Биздин режиссёр ак көйнөк кийсин десе, тиги казактын режиссёру болбой "Желательно ич көйнөк кийиши керек", - деп жатыптыр да. Ал-Айтматовдун "Гүлсаратын" тарткан казак режиссёру Ардак Амиркулов. "Они заняли гран-при на международном кинофестивале "Евразия". Буйруса, биздин кино да ошондой болот. Бегимайдын "озвучкасын" казак актрисасы сүйлөгөн менен, сен ырды казакча жандуу ырдашың керек.
Г. А: -Раймаалы өлүп, Бегимай тирүү калса кандай болот? Негизи, ал көркөмдөлгөн чыгарма, мен анын тарыхын жакшы билем.
Д. А: -Мен башта айткандай ошол бойдон калганы жакшы. Биздики жаңы агым болуп жатат. Анча-мынча эротикасы да бар, жашырганда эмне, "но" ачык бербей кыйытып беребиз да. Көлөкө түшүрүп дегендей.
Г. А: - Ой, ал жагын мен жакшы ойлонгонго туура келет, казактарда деле Бегимайга окшогон кыздар бар го.
Д. А: -Аларда Кыз-Жибектен (Мира Утекешова) башка чачы узун ылайыктуу актриса жокко эсе. Сенин чачың узун, комузду да катыра ойноп ырдайсың. Асел Эшимбековадай болуп Бегимайдын ролун аткарышты элестет. Андай насип баарына бериле бербесе керек.
Г. А: - А берки тасмада андай менталитетке туура келбеген жери жокпу?
Д. А: -Наркоман кыздын ролундабы?
Г. А:Ооба
Д. А: -Эки тасмада тең роль аткарышыңда ишеним бар. Чыныгы актриса роль тандабашы керек. Кандай роль болбосун ойной алса, дагы да дарамети жогорулайт. Мен айтпасам да андай корифейлерди өзүң билесиң да?
Г. А: -Аныңар туура, бирок азыр 21-кылым, чачтарды улап алыш проблема деле эмес го. Болгондо да заманбап кылып тартылса. Мен тартыла берем, бирок эл кандай кабыл алат, ал жагын да ойлонуу керек.
Д. А: - "Естественная красота всё равно" кооздук берет, чем жасалмалуулукка караганда, чынбы? Айткандай, Марк Дакаскос менен англисче сүйлөшүшүң керек, тил билесиңби?
Г. А:-Англисче билем, ошондуктан бул жерде жүрөм да.
Д. А:- Анда жакшы, тил маселеси да чечилди. Актриса кандай роль жаратса, өз жашоосунда кайталанып калат деген ырымга ишенесиңби? Зордолгон кызды сага ыраа көрбөй жатам.
Г. А:-Туура, сиз мени сынап жатат чыгарсыз. Жанагыдай уяттуу жерин ар кандай кадрлар менен жаап кетсе болот да. Аны менден жакшы билет болушуңар керек, же сөзсүз эле тартыш керекпи?
Д. А: -Анча деле байкалбайт, көлөкө түшүрүлөт, ал кадрлар
жымсалдатып берилет.
Г. А:-Элина Абай кызына сунуштап көрдүңөр беле?
Д. А:-Колго келген ийгилигиңди башкага ыйгарып койбо да. Алардан суурулуп чыкканга умтулбайсыңбы? Биздин максат дүйнө жүзүнө кыргыз кызынын сулуулугун даңазалоо.
Г. А:-А бирок кыргыз кызын баягыдай картина менен таанытпай койсок кантет.
Д. А:-"Миражи любви" киносунда Алтынбүбүнүн жылаңач жерин Аселдин ордуна орус бийчиси аткарган экен. Сени да башка каарман алмаштырат, эгер өзүң аткарганга көнбөсөң.
Г. А:-Билбейм... ойлоноюнчу... жакшылап, кеңешип дегендей.
Д. А:-Раймаалынын ролуна бир актёр бар дейт, бирок Жаныш Бакиевге окшош экен да. Аны сүйө бересиңби?
Г. А:-Силердин тамашаңарды түшүндүм.(Күлүп) Жаныш Салиевичти айтканда билдим. Причём тут Жаныш Бакиев дейм да. Биринчи ишендим, анткени, Рысбек агай чын эле киного тартам деп менин номеримди алган. Мен оңой менен капканга түшпөйт элем. М-мм…Жаман экенсиз.
Д. А:-"Обон" гезитинин кылтагына илиндиң, эми ишенип кой.
Динара Асылбекова








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??