п»ї

  Достум, билгениңен биле элегиң көп!

АЙТМАТОВДУН АЙЫМДАРЫ
(АДАБИЙ ЧАЛЫШ МАЕК-РОМАН)

(Жанызак басмасынын менчиги)

Керез менен Бүбүсара
1-бөлүм
Пайгамбар жашына барганда адам аттуу өзүнүн өткөн өмүрүнө дагы бир мерте сереп салып, жакшылыгына шүгүр деп, жамандыгына тобо кылат экен...
"...Өмүрүмдүн жаркын элестери ушул аялдар менен өткөн..."
Ч.Айтматов,
"Московские новости" гезитине берген интервьюдан,
№51 1993 ж.
ТОБОКЕЛ!..
Расул Гамзатов жетимишке чыгыптыр; Анан "Комсомольская правданын" кабарчысына айтып жатпайбы: "Мужество мужчины - отношение к женщине", - деп (КП, О8.09.93)...
Эркек таналардын калган-каткан касиеттеринин баары түпкүлүгүндө дал ушул аныктамадан агып чыгат окшобойбу.
Кыргыздын дагы бир залкар адамы минтет: "Ар бирибиз өз көкүрөгүбүздө тээ кенедейибизден баштап жол салышыбыз керек. Албетте, алгач ал жолдун тагин ата-энең түптөп берет. Анан улам чоңойгон сайын айлана-чөйрөңдү карап көрүп, китеп-кинолордон таалим алып, акырында өзүңдүн дээриңде бар дараметиң менен алиги жолуңду бүтүрүүгө умтуласың. Салынган жолуң мыкты болсо, түз болсо, аер менен жүргөн арабага да, оор машинелерге да жеңил. Жүктү да төкпөй-чачпай, болушунча шыкап салып ташый бересиң. Биз кыргыздар, ушундай жол салып алсак, мейли сугатчың болобу, же залкар окумуштуубу, алиги жол менен ар ким өзүнүн жүгүн бирдей укукта, беймарал ташып кете бермек. Кыргыздын жүгүн, адам аттуунун жүгүн ташымак. Бирок эми ошондой даңгыр жол курулбай жатпайбы. Айрым бир адамдарыбыз бар, жөөлөп, койгулап, чыканактап түртүп алдыга жулунат. Ушу, жакындап жанып өткөн эле кишисин, жанып тийип кеткен ишин бүлдүрбөй жөн өтпөйт экен андай адамдар. Анан баарынан кейиштүүсү, ошондой адамдар кандайдыр бир жол менен элдин көзүн биротоло тунартып салган да..."
Азыр алып окуй турган китепчеде Чыңгыз байкебиз жанып өткөн ургаачылардын азганактай таржымалын ошол ургаачылардын жакындарынан, билгендерден-уккандардан сурап-маектешип айтып берүүгө аракеттендик. Бир аз көңүл коюп чечмелеп окуган адам биз айталы деген ойдун чоо-жайын өзү түшүнүп алаар.
Дагы бир сөз. Салижан аке Жигитов айткандай, өксүк комплекси бар эл экенбиз, "башкалардын Сталини бар, Шолохову бар!" - деп жүрүп өзүбүз кыргыз ыйманы дегенди Ч.Айтматовдон чагылдырып түшүнүп калдык. "КЫРГЫЗ" бир киши менен чектелбесин мойнубузга алгыбыз келбейт: "КЫРГЫЗ" деген мындан ары да далай Чыңгыздарды жаратуучу катмар экенин билгибиз келбейт. Жолубуздун кыйшык-түзү ургаачынын жан жеринен өтөөрүн билсекчи, атаганат!..
ЖАНЫЗАК.
1-маек:
"АЛ ЖАГЫНА ВООБЩЕ КЫЗЫККАН ЭМЕСМИН"
(Филология илимдеринин доктору, профессор, Ч.Айтматовдун библиографиясы менен биографиясын ара-чолодо жазып жүргөн, эл аралык "Айтматов клубунун" төрагасы Акматалиев Абдылдажан менен маек)
- Мени кызыктырган эки суроо бар эле: бая бир жолу Бүбүсара эже менен тунук каттарын айттың эле, анан аны жарыялайбыз дегендей сез болгонсуган. Ошону, болжолу качан чыга турган? Же ошол каттардын мазмуну менен таанышса болобу чыкканга чейин?
- Кайсы каттар?
- Жанагы, тиги, жазышкан каттары бар экен, ошону чыгарабыз дегендей кептерди уктум эле...
- Эми ал каттарды мен көрө элекмин да.
- Өзүңөн башка да мага бирөө айтты го ошондой каттар бар деп...
- Жок, каттар жок менде...
- Баягыда өзүң менен сүйлөшкөндө сенде ошондой каттар бар экен деп түкшүмөлдөдүм эле...
- Жок, алар Таджиевада.. .
- Таджиева?!..
- Таджиева айтып жүрчү...
- Ал ким ал Таджиева деген? Ушул Академиядабы?
- Жок, бизде эмес. (пауза) Мелис Айдаркулов айттыбы сага?
- Бирөөдө бар экенин билем деп айткан, анан мен сени ойлоп койдум эле: экөөң бир коомдосуңар да, тоюс, бир "Айтматов клубундасыңар" дегеним...
- Жо-ок, менде жок андай...
- Чын эле жокпу?.. Болуптур анда. Анда экинчи суроо да: Чыкеңин ушул байланышы качандан баштап канчага чейин созулуптур?
- Азыр мен точносун билбейм, эми мен аны точно билбейм, чынындачы, айталбайм...
- Эми Айтматовдун Кыргызстандагы бирден бир биографы катары. . .
- Жоо, мен ал жагына кызыга элекмин...
- Мисалы, Бүбүсарадан башка да Таттыбүбү Турсунбаева менен байланыштары жөнүндө да эл арасында кеңири ушак кептер бар. Аны мен эмес, сен өзүң да билесиң, элдин баары билет. Кайсы моменттен баштап ушул ушак пайда болду дейм да?
- Билбейт экем...
- Деги, ушактын өзү жүрүп жатканын уктуң беле как биограф катары? Эгер биограф экениң чын болсо, астейдил айтканда...
- Мен ал жагына вообще кызыккан эмесмин...
- Сен кызыкпайын дегенде деле сенин көзүңчө ошол ушактардын айтылганын хотя бы уктуң беле? Же уккан жок белең? Момундай, чын биограф катары жооп бере аласыңбы?
- Мен уккан эмесмин, бирок Стамовдун макаласынан окудум...
- Стамовдун макаласына чейин уккан эмессиң, иэ? Бу сен, биограф катары анык айтып турган сөзүң дечи...
- Чындык да...
- А мейли, дагы бир суроо да: ушу биограф катары - Керез эже менен жашап жаткан кезинде, аны менен ак никеде туруп, анан ошо, баягы, кыргызчасынан келгенде башынан аттады деген сөз бар го - бирөөн бошотпой туруп, экинчиси менен никесиз жүргөндү: ушуга кандай карайсың? Кандай баа бересиң да өзүң? Бу маселе аябай нравственный бийиктиктеги маселе да, эгерде буга сен нейтрал карасаң өзүң айт нейтрал карайм деп...
- Ал эми ар кимдин өз иши да.

(Уландысы кийинки санда)




  Окумал

Сен жана мен
"Кечире билген адамды Теңирим сүйөт, алдыңа кетейин. Катташып ал",-деп кайра- кайра кайталаган кайненесинин көңүлүн кыя албай, "макул, эне, сиздин алдыңызга алып келем"деп кеткен. Ойлоп, бирок Кантка барганга көөнү чаппай жүрө берип, кыш болду.
Жаңы жылдын алдында Таня катуу ооруп, аны ооруканага жаткырды. Бирок, ал кайра үйгө кайрылып келген жок…Өлүп көрүптүрмүнбү дегендей, эмне кыларын билбей, ыйлап Адылга өзү телефон чалып, кемпирди жерге берүү зыйнатын башынан-аягына чейин ал тейледи. Кемпирдин уулу жалгыз келип кетти. "Байкушум, мага чоң караан эле. Аманат да аны чоң энелеп койсо жетине албай, кудуңдап сүйүнүп калчу. Жаман эле болду"деп Сүйгөн катуу күйүнүп жүрдү. Жамандыр, жакшыдыр бир топ жыл бирге жашап, көнүп калгангабы, бүжүрөп басып дарбазадан кирип келчүдөй сезилип, көпкө жоктоп жүрдү.
Мына ушул күндөрү Сүйгөндүн уулу экөө эрбейип жалгыз калганын Адылдан угуп, келе албай араң эле жүргөн Тумарды Сүйгөн да унчукпай үйүнө киргизип, чайын берип, кабыл алгансыды.
Аманат да эс тартып, акыл кирип калгангабы, Тумардан качпай, өптүрүп, сүйлөп берип, айланчыктап жанында жүрдү. Ал жолу эне- бала чечилишип жакшы сүйлөшө алышпаганы менен, Тумар кызынын кечиргенин түшүнүп, сүйүнүп кетти. Бара- бара бат- баттан каттай баштады. Тамагын жасап, небересинин кир- когун жуушуп, мектебинен футболуна алып барып, кызынын түйшүгүн аз да болсо жеңилдеткиси келип келет ар жумада. Болгон мээримин Аманатка төгүп, "каралдым, кара жаным"деп үйрүлүп түшүп, небереси дегенде эт- бетинен кеткен таене болду. Бир гана жүрөгүн өйүгөн нерсе, кызы, небереси тууралуу күйөөсүнө ачык айта албай, сөздүн ыңгайы келчү учурду күтүп жашап жүрдү.
Ал учур жайга туш болду. Аманат каникулга тарап, айылга алып барып келейин деп ойлогон Сүйгөн, кайненесине берип келген убадасын эстеди. Бирок Тумар ал сунушка макул болбой:
- Менин да энеңе айтар ыраазычылык сөзүм бар. Мен коноктоюн, Кантка үйгө алып кел. Кайындарыңды бүт эле чакыр, өкүл ата- энеңди да кош. Таанышалы,- деп калды.
- Канча жылдан бери ал киши сыртка чыга элек, макул болор бекен?- деген бүдөмүк ой менен айылга келген Сүйгөндүн жаңылыгына кайненеси кубанычын жашыра албай, "сөзүмдү эки кылбаганыңа ыраазымын. "Чакырган жерде калба…"деп, кудагый чакырып, сый көрсөтөм деп атса кантип барбай коём, барам"деди дароо эле.
ХХХ
Кызынын кайын- журтун чакырарын чакырып алып, ал тууралуу Бектемирге айта албай, Тумар ичинен убайым жеп, акыры бир кечте чымырканып, болгонун болгондой айтууга аргасыз болду. Күйөөсү лам деп ооз ачпай угуп, ак да, көк да дебей ордунан туруп сыртка чыгып кетти. Бир күн кечке сүйлөгөн жок, тамактан да баш тартып койду. Ансыз деле ашказаны оорулуу болуп, тамакты таптап ичип калган күйөөсүнүн бул жоругуна сарсанаа болуп атты. Кечинде да тескери карап жатып алган күйөөсүнүн эмне ойлоп, эмне коюп атканын биле албай, Тумар тарс жарылды.
- Эмне мелтейип кекетесиң эми?! Ооба, сени алдагам, сен да менден баш тартып кетесиңби деп коркуп, ошого баргам. Туура эмес кылып атканымды анда түшүнгөн эмесмин. Ал кезде азыркыдай акылым болсо, баары башкача болмок. Ушунча жыл ысыгыңа күйүп, суугуңа тоңуп чогуу жашап, тээ качанкы бир кетирген катама кечирим алгыдай даражага жеткен жокмунбу?!
Көзүн карап, бөпөлөп өстүргөн жалгыз уулубуздун жарыгы бизге тийбеген соң, менин жазам ушул эмей эмне?! Келин жумшап, төрдө олтуруп чай иче албасам, небере жыттап, эркелетпесем, мага азыр жашоонун кызыгы кайсы?! Тигине, балаңдын келе турган ою жок. Биз ага мурун керек болчубуз. Эми акчалуу болуп, киши катарына кошулган соң, эмне керегибиз бар?! Болбосо, сен ооруп, өлүп кайра тирилгендей абалда болдуң, келип койдубу? Кайдан жүрүп таш боор болуп калганына түшүнбөй башым маң!
Жараткандын дагы да болсо мага көзү түз экен…Кызым, таенелеп алдыман тосуп алар неберем бар. Кечирбей, кекете турган болсоң, ачыгын айт?!- деп булкулдап ыйлап алды.
Аялы кызына азыр чындап кетип калчудай, Бектемир чочуп кетти. Ооруп калганынан бери баладай бөпөлөп көзүн карап, доктурдун айтканындай тамак жасап, оозуна кармап олтурган аялынын алдында карыздар экенин кантип танат.
Акыркы учурда шаарга тезден каттап калганынын сырын биле албай, белгисиз бирөөдөн кызганып, ичинен чийки май жегендей болуп бушайман да болуп жүргөн. Эми аялы кызы тууралуу айтып олтуруп, эки- үч курдай Адыл деген атты айткандан бери, тынчы кетти. Бектемир ичинен аялын кызганып, бирок ачык айта албай, бук болгону да ошондон эле. Ал саат баскан Адылынын азыр катын- баласы бар болду бекен, же? Мына ушул суроо оорукчан жанын кыйнап, же анысын ачык сурай албай…
Акырын Тумарды имере кучактай, бетинен өөп алып:
- Өзүң айткандай, ушунча жыл бирге жашап, жытыбыз сиңишип, жаныбыз бирге болуп калгандан кийин, кечирбегенде кайда барам?!- деди көздөрүн жашылдантып.
Ал түнү экөөнүн сөзү түн бир оокумга чейин созулду. Эмне соёбуз, эмне кийгизебиз, Аманатка тай энчилейли, сен жактан кимди чакыралы, мен жактан кимге айталы болушуп, таңга жуук гана көздөрү илинди. Эртесинен баштап куда камын көрүп калышты.
"Дос айрылат, сөөк кайрылат" дегендей, куда- сөөк күткөндүн да сөз менен айтып жеткире алгыс кубанычы бар. Адамовдордон бир үйдөн бирден киши деп шайланышып, Бектемирдикине он чакты киши келди. Жакшы сый көрүштү. Эки тарап тез эле тил табышып калышты.
- Сүйгөн сиз тууралуу айтып түгөтө албайт, кудагый. Менден мээрим көрбөй, өксүктө өскөн кызыма кылган жакшылыгыңыз үчүн эки дүйнө ыраазымын,- деп, үстүнө кийитин кийгизип, башына жоолугун салып, узатты Тумар кудагыйын.
"Ушул мен көргөн күндү Дуулатым менен абышкам да көрсө болбойт беле?!" деп ээгин бүлкүлдөтүп бир сыйра бышактап барып басылды Бүкү кемпир. "Күздө силер да барып, эшик- төрүбүздү көрүп кеткиле",-деди коштошуп атып.
"Кандай болот, кантип тосушат, ким эмне деп ийет?"деп тынчсызданган Сүйгөн баары ойдогудай өткөнүнө апасына ыраазы болуп кайтты.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??