Кыздардын жеңил ойлуулугунан же ыймандын алсыздыгынанбы, айтор, алардын аруулугун даңазалаган кыздык белгиге кайдыгер мамиле жасап жаткандай сезилет. Турмушка чыга электе эле кыздык белгисинен ажырагандар көбөйүп, операция жолу менен кайра калыбына келтирип алгандар да жок эмес. Мындай операция медицинада гименопластика деп аталат. Дегеле гименопластика кандай жасалып, кайсыл мамлекеттерде кеңири тарагандыгы туурасында сөз төмөндө.

Пайда болуу тарыхы
Гименопластика-кыздык чел кабыкты хирургиялык операция жолу менен кайра калыбына келтирүү дегенди түшүндүрөт.Гименопластика биринчи жолу 1962-жылы Америка Кошмо Штаттарында жасалган. Алгач бул операцияны жасоо оорго турган, анткени, кыздык чел кабык жука жана сыйгалак болгондуктан, хирургдардын абдан кылдаттыгын талап кылган. Эми гименопластиканын жаңы жолдорун жана жаңы методдорун таап, операцияны ийгиликтүү жасашууда. Ошондон тартып, башка мамлекеттерге да кеңири тарай баштаган. Америкалык хирургдар гименопластиканы жасагандан кийин, эч ким, жада калса тажрыйбалуу гинекологдор чыныгы же жасалма кыздык экендигин айырмалай алышкан эмес. Кээ бир кардарлар төрөттөн кийин да мындай операцияны жасатып алышат, мындай учурда операция абдан оор болушу мүмкүн.


Кытайлыктар үчүн бизнес
Гименопластиканы жасатуу керекпи? Мындай суроо акыркы күндөрү мусулмандардын кызуу талкуусуна алып келүүдө. Мындай дискуссияга үй-бүлөнүн кыйрашы, сот иштеринин жүрүшү, алданып калган жолдошторунун ажырашууну талап кылгандары бирден-бир себеп болгон. Мындай чыр-чатактын бирден-бир себеби деп Кытай мамлекетин айтышууда. Анткени, кытайлык бизнесмендер кыздык жасалма чел кабыкчасын башка мамлекеттерге ташып, жашыруун бизнес кылгандардын көбөйгөнүн айтышкан.


Гименопластиканын түрлөрү
Кыздык белги чел кабык. Ал жылдызча түрүндө айрылып, ошол тигиштерди кайрадан калыбына келтирүү үчүн кийин операция колдонулат. Мунун эки түрү бар. Биринчиси-үч күнгө, экинчиси-мөөнөтү чектелбей, канча болсо деле жүрө берет. Кыска мөөнөттүү операция 3-4 күнгө чейин жетет. Мындай учурда кыздык белги оңой эл тигилет. Операция анестезиянын алдында жасалат. Ал эми узак гименопластика жыныстык органдын эриндерине жасалат. Мындай операция методикасы жана жасалышы боюнча оор жана кыздын өмүрүнө кооптуу болуп эсептелинет. Бирок операция аркылуу кыздык белги толугу менен орундалат да, мөөнөтү чексиз болуп эсептелинет. Гименопластика этек кири келерге 4-5 күн калганда, жалпы же орундуу наркоз менен жасалат. Операция болгон соң, 3-4 саат кыймылдабай жатуу керек.


Кайсыл мамлекеттерде кеңири тараган?
Ливиялык кыздардын 50%ы гана гименопластиканы кечиримдүү себеби болгондо гана жасатууга уруксат алышат. Мисалы: эгерде кыз зордукталган болсо, же белгилүү себептер менен жабыр тартып, кыздык белгисин жоготкон болсо, анда аларга операция жасатууга уруксат беришкен. Ал эми Сауд Арабиясынын Адилет министрлиги мындай операцияны арам деп эсептешсе дагы, гименопластиканы жасатуу боюнча биринчи орунда турушканы анык болгон. Андан кийинки орунду Латын америкалыктар ээлесе, жакынкы эле Россия мамлекети да бул иште алдыңкы орундарда. Россияда бул маселе боюнча адистерге көбүнчө мусулман айымдар кайрылып, алардын дээрлик бардыгы үй- бүлө курар алдында тургандыгын жана буга чейин кыздык абийиринен өз каалоолору менен айрылбагандыгын айтышат.


Гименопластика Америкада модага айланган
Америкада өзгөчө 40-45 жаштагы айымдар ушул маселе менен адистерге көп кайрылышат экен. Алардын дээрлик көбү үй-бүлөлүү, ал тургай балдары да чоңоюп калган. Адистер бул айымдардан операция жасатышынын максатын сураганда көпчүлүгү же күмүш тойлоруна же күйөөсүнүн туулган күнүнө ушундай өзгөчө белек тартуулоону каалагандыгын айтышат. Ал эми айрымдары жолдошунун башка айым менен алмаштыруусун алдын алып жаткандарын айтса, кээ бирлери жөн гана кызыкчылык деп жооп беришкен.


Кызыктуу фактылар
Байыркы заманда ирандыктардын ар бирөөнүн короосунда "нике багы" өсчү. Кызын күйөөгө узаткан ата-эне эртеси жакшы же жаман жаңылык күтүшү керек. Эгер кызынын актыгы жок болсо, салт боюнча күйөөсү аялын ошол бакка асып салганга акысы бар болчу. Ал эми айрым үй-бүлөдө күйөөсү биринчи нике түнүндө кайнене-кайнатасын маңдайына алып келип алат. Ошол түнү кызынын тагдыры чечилип, түбөлүккө жашап калары же эртеси күнү бакка асылары аныкталчу.
Жогорудагыдан кем калышпаган катуу салт Сауд Арабиясында да кездешчү. Илгери актыгы жок кыздарга эн салып коюшкан да, аны менен көп эркектер үй-бүлө куруу максатында эмес, көңүл ачуу үчүн байланышчу. Эгер колукту биринчи нике түндө кыздыгы жок болсо, күйөөсү ошол жерден мууздап салганга укугу бар болгон. Болбосо ата-энесине алып келип берип, алар алдын ала даярдалган ысык мончого бир нече күн камап жазалашчу. Бүгүнкү күндө актыгы жок кыздарды күйөөлөрү мууздабаса да, катуу жаза дале колдонулуп келет.
Римде кыздык белгини алууда чиркөө кызматкеринин ролу чоң. Ата-эне күйөөгө чыга турган кызын ага жетелеп келишет. Чиркөө кызматкери аны жети күн дубалап, ичиндеги арам ойлорду, коркуу сезимин тазалап жок кылат. Жетинчи күнү гана күйөөсүнүн катышуусу менен кыздык белгиси алынат экен. Салт боюнча болочоктогу жолдошу жардам бербестен, сыртынан күбө катары гана карап турат. Римдиктердин түшүнүгүндө, кыздык белги ыйык нерсе, андыктан, аны ыйык адам гана алууга тийиш.

Канча турат?
Гименопластиканын баасы АКШда 600 $ турат. Японияда айымдар мындай операция жасап, болочоктогу жолдошуна белек кылышат. Анткени, ал кыздын бийиктиги, тазалыгы, аруулугунан кабар берет. Чыгыш мамлекеттеринде болсо, эгерде кыз расмий никеге чейин кыздык белгисин жоготсо, үй-бүлөдөн, жада калса мамлекеттен кууп чыгышат. Ошондуктан мусулман айымдар хирургдардын мындай кызматына муктаж болуп келишет. Хирургдар бир гана операция жасап бербестен, бүткүл өмүрүн сактап калууга жардам беришет. Кээ бир модель кыздар операция аркылуу жасаткан кыздык белгисин аукционго коюшат экен. Мисалы: Британиялык модель өзүнүн жасалма кыздыгын 80 миң фунт стерлингге баалаган. Аукционго катышкан 400 мырзанын ичинен бирөө гана модель менен болгон бир түнү үчүн 80 миң фунт төлөп берген. Мындай учурлар көп эле кездешет. Мисалы: Чилиялык студент "кыз" өз белгисин 350 фунт стерлингге бааласа, Россиялык 18 жаштагы бийкеч болгону 10 000 рублге саткан.


Ал эми Кыргызстанда…
Кыргызстанга гименопластика деген түшүнүк он беш жыл мурда келген.Мындай операцияны жасоо жана хирургдардын мындай кызматына кайрылуу мыйзам боюнча тыюу салынган экен. Бирок азыркы учурда ыймансыздык күчөп, жеңил ойлуулукка алданып, кыздык намысынан эрте айрылган кыздарыбыз көбөйүүдө. Бирок турмушка чыгардын алдында кыздыгын кайра тиктирген селкилерибиз да жок эмес. Гименопластиканы Бишкектик сойкулар да көп колдонот. Анткени, алардын "мамашалары" андай "кыздарын" 100 доллардан баалап сатышат экен.


Эркин Шаршенбаева