п»ї

  Обон почта

ОП-162-01. "Обондун" супер СМСчи перилери жана мырзалары, бар болгула. Бактылуу болгула! Ангел
ОП-162-02. Саламатсыңарбы, "Обон" гезитинин жалпы жамааты. Айткылачы, сүйгөн кызым узак сапарга кеткен. Кусалыктын азабында өзүмдү кыйнап алдым. Эч нерсеге көңүлүм жок болуп калды,буга кеңешиңер? Элдияр 90
"Обондон" жооп: Урматтуу Элдияр, бул теманы биздин активдүү СМСчи окурмандарыбыз менен талкуулаңыз. Алар жакшы кеңеш беришет деген ойдобуз
ОП-162-03. Сүйдүм эле, сен сүйдүңбү биле албадым, сүйүүнүн кайыгында сүзө албадым. Асманда жалгыз учкан ак куу сымал, жалгыздык азабына көнө албадым. Элдияр 90
ОП-162-04. Сүйүү кыйын, сүйбөй коюу андан да кыйын. Сүйүп жүргөн адамың алыс кетсе, кусалыктын азабында жүрүү кыйын. Элдияр 90
ОП-162-05. Маданият айылына супер салам. Гүлдөп өсө бер, ар убак. Айжамал 94
ОП-162-06. Жалооруп күтөм сенин жамалыңды, В-D алтыным, сенсиз жалгыз каламынбы? Айла жок тагдырыма таарынбаймын, маңдайга жазган экен азабымды. Элдияр 90
ОП-162-07. Күтөм сени күн батканча, таң атканча, сүйгөн жүрөк күтпөгөн айла канча. Келесиңби айтчы, жаным, жаз жай өтүп, күз мезгилде жалбырактар саргайганча. Элдияр 90
ОП-162-08. Жыпаранын 9-апрель туулган күнү менен куттуктайм! Ден соолук, бакыт каалайм. Наз
ОП-162-09. №69-гимназиянын 7-б классында окуган Султан жана Майрамбек -силерге "чыныгы бабник" деген наам аябай жакшы жарашат. Кичине болсо дагы эркек болуш керек, катын болбой. Сырдуу кыз
ОП-162-10. Мен канткенде сүйгөн адамым менен бактылуу болом? Нурик
"Обондон" жооп: Урматтуу биздин окурмандар, Нуриктин суроосуна жооп, кеңеш берип коюңуздар.
ОП-162-11. Кыргыз балдар, кыздар менен ойнобогулачы. Кыздардын дагы жүрөгү бар. Кыздар
ОП-162-12. Анекдот: Бир абышка базарга барып, кемпирин жоготуп жиберет. Кемпирин издеп жүрүп, келинчегин жоготуп жиберген жигитке жолугуп калат. Жигит: - Эми кайдан табабыз? Жүрүңүз, радио түйүнгө барып параметрлерин айтып издештирели. Кемпириңиздин кебете-кешпири кандай эле? - Кебете-кешпири дейсиңби? Эми кемпир да. Анын эмнесин сүрөттөмөк элем?- Мисалы, менин аялым ак жуумал, бою узун, сулуу болчу.- А меники бети-башы бырыш-тырыш, чачына ак кирген. Меникин тим коюп, андан көрө сеникин издейличи,- дептир. Камила
ОП-162-13. Нуркызай, Таир, Раушан 88, келгиле достошобуз. Махабат 0554-88-16-10
ОП-162-14. Ача-Кайыңды айылындагы Тургунбүбү эжеге,Талантка, Замирге жана эң кенже Кенжегүлгө дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Ден соолукта болуп, эч оорубаңыздар, жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпей, үйүңүздөргө ырыскы, бакыт-таалай келип турсун. Аманчылык каалайм сиздерге. Айым
ОП-162-15. Анекдот: Өзбек кыргызды конокко чакырып, тоок соёт. Өзбек тооктун жарымын кечинде, жарымын эртең менен бышырып берип кыргызды коноктойт. Анан кыргыздын үйүнө өзбек конокко келип, кыргыз козу соёт. Кыргыздын баласы: - Ата, баарын асайынбы же кандай кылайын?- Эмне, козу тоок беле бөлүп аскандай, бүтүн эле ас,- деп өзбекти сөзгө жыгып, этке тойгузуптур. Камила
ОП-162-16. С. Д. С. Э. Б. С. Д. С. О. Д. ушуну чече аласыңарбы? 0778-95-68-51, жооп күтөм.
ОП-162-17. Сүйүү эң бир таза болуу керек, сүйүүдөн нечен адам тапкан каза. Сүйөт деп көрүнгөндү сүйө бербей, сүйгүн жаным тандап туруп мени гана. Мусабек KG
ОП-162-18. "Обонушка", мен Кундуз Канатбек кызы менен дуэт ырдагым келет. 14 жаштамын, атым Алдияр. Жардам бергилечи. 0779046597
Кундуз: Эгерде аябай каалооңуз болсо, сиз менен ырдоого даярмын. Ал үчүн "Обон" газетасына чалып, менин продюсеримдин номерин алыңыз. Анан байланышып, сиздин ырдаганыңызды, үнүңүздү угуп, бири-бирибизге төп келишсек, анда иштешип калабыз.
ОП-162-19. Билем сен эми кайрылбайсың. Сен ал күндөрдү сагынбайсың. Эгер мен сени сүйөм десем, сен мени кайра сүйө албайсың. 0779224ххх
ОП-162-20. Жаштык сонун розанын гүлүндөй, жаштык сонун бак-дарактын бүрүндөй. Жаштык сонун бажырайып гүл ачса, жаштык сонун сан гүлдөрдүн түрүндөй. 0779224ххх
ОП-162-21. Түнкүсүн башым катам уктагандай, түнөрүп сени эстеп уктай албай. Түбөлүк өзүң менен бир болсом деп, тек гана ойлономун өзүмдү алдай. 0778627ххх
ОП-162-22. Эрке кыз Зуляга супер салам. Сен баарынан мыктысың. Сенин талантыңды баалайм. Ырларыңды китеп кылып чыгарсаң кантет? Жаш акын, өзүң да бир периштесиң да. Куба 91
ОП-162-23. Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын тургундары: апам Турганбүбү, эжем Мээрим, байкем Кутманбек, жеңем Клара, инилерим Рысбек, Замир, Жеңишбек, карындаштарым Курманбүбү, Кенжегүл - баарыңарга узун өмүр, бейпил жашоо каалайм,- деп Талант
ОП-162-24. Мен 18 жаштамын. Бир жыл мурун көзүмө линза салдыргам. Бирок азыр көздөрүм ооруп жатат. Көздөгү линза көрбөй калганга алып келеби? Наргиза
Көз догдур Гүлзина Эркинбаева: Жок, андай болбойт. Көз көрбөй калышы мүмкүн эмес. Тескерисинче, линза жардам бериш керек. Эгерде азыр ооруп жаткан болсо, анда аны атайын аппарат менен карап чыгып, көздү дагы бир жолу текшерүүдөн өткөзүш керек.
ОП-162-25. "Обондун" СМСчиси, менин сүйүктүү досум Накуляга салам. Раушан 88
ОП-162-26. Сен келерсиң сагынганда жаныма, күтөм сени үмүт үзбөй дайыма. Көргүм келип секунд сайын сагынып, мамалагым күтөм сени дагы да. Мамалашка
ОП-162-27. Акбар, сен ырдап жатканда, сенден ушунчалык жөнөкөйлүктү көрөм. Ар дайым ушунуңдан жазба. Минура
ОП-162-28. Айрылып кетти алыска, таштап мени бул азапка. Жалбырттап жанып өрттөнөм, сага күйгөн бул кайгыма. 0778000ххх
ОП-162-29. Жаным, сени жакшы көрөм! Мен сени эч кимге алмаштырбайм! Мамалак, сенин Мамалашкаң.
ОП-162-30. Анекдот: Жаш МАИ кызматкери менен улгайган МАИ кызматкери жолдо турат. Улгайганы нараак басып кетсе, жаңы кыргыз келип: "Ме, ит",- деп 100 сом берет. Аны улгайган МАИ кызматкерине айтса, ал: "Алып кел, мен итмин, сен азыр күчүксүң", дептир . Караколдон Минура
ОП-162-31. Жүрөгүмдүн ээси -мамалак. Мен сени дүйнөдөгү бардык нерседен жогору көрөм жана чексиз жакшы көрөм. Сенин сүйүктүү Мамалашкаң
ОП-162-32. "Обон ", салам. Силердин жардамыңар аркылуу Омарга салам айтып алайын. Согдиана
ОП-162-33. Дүйнө кызык экен, бирок сенчелик эмес. Кыздар сени сүйөт, бирок менчелик эмес. Мамалак, сени жакшы көрөм. Мамалашка
ОП-162-34. Абди, Нурик, мен силерди жакшы көрөм,- деп апаңар Минура.
ОП-162-35. Саламатсызбы, Даниель байке. Сиздин чыгармачылыгыңызды баалаймын жана сыйлаймын. Сиз менин кумир туткан адамымсыз. Ишиңизге ийгилик каалайм. Жылдыз
ОП-162-36. Кагазды күйгүзсө күлү калат. Сүйүүнү күйгүзсө арман калат. Жүрөктү күйгүзсө тагы калат.Өмүрдү күйгүзсө эмне калат? Табышмактын жообун 0779868854 номерине жөнөткүлө.
ОП-162-37. Кыргыз деген бир эл бар атка минген, океандай Манасты жатка билген. Каада-салты, көк тиреген калпагы, канжыгага карт тарыхы берилген.
Айнура, Ош
ОП-162-38. "Обон" сиздерден сураныч, менин сүйүктүү ырчым Каныкейдин үй-бүлөсү жөнүндө жана мени өзү менен бирге сахнага алып чыга алабы, билип бериңиздерчи. Атым Сайрагүл
ОП-162-39. Саламым атам Таласбекке,апам Берметке, эжекем Жамилага, байкем Асанга, Манаска, сиңдилерим Айпери, Алинага чоң, сагынычтуу салам жолдойм. Бар болушсун, бай болушсун. 0773633ххх
ОП-162-40. Жалпы кыргыздардан жардам сурайм. Мен тоок сүйүүгө кабылып, чыныгы сүйүүмдү таба албай жатам. Жардам бергилечи. 0773344290
ОП-162-41. Өмүрдө жалгыз болгон жарашпайт. Өмүрдө экөө болгон адашпайт. Чын сүйсө бири-бирин алдабайт. Махабат сулуулукту тандабайт. Туурабы, Жанусь Роза. Билал Козу
ОП-162-42. Азыр бейбаш кылып жаткан иним Нурикке салам. 0773186ххх
ОП-162-43. Жоки, сен неге мынча өзгөрүлүп кеттиң, же мени сүйбөй калдыңбы? Нора
ОП-162-44. Салам, "Обон". Омар, сага ийгилик, сенин жөнөкөйлүгүң абдан жагат. Сага эч ким жетпейт. Нора
ОП-162-45. Салам, "Обон" гезити, иштериңиздерге ийгилик каалайм. Терең урматтоо менен Бермет
ОП-162-46. Лейлектин Жаштык айылындагы Назга, Орозго салам! 0779116ххх
ОП-162-47. "Обонушканын" татынакай кооз гүлдөрүнүн бири болгон супер СМСчи сүйүктүү досум Жанусь Роза, жаз майрамдарың менен! Дося, мага болгон таарынычың болсо кечир. Ангел Асем
ОП-162-48. ОШТУнун ФУиМО-09 группасына чоң салам. Сайкал, Уулбү, Бегимай
ОП-162-49. Акбар байке, Кундуз эже. Сиздерге узун өмүр, чың ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалайм. Чыгармачылыгыңыздарга ийгилик. Айкөкүл
ОП-162-50. "Обонушка", Мирбек Атабеков жөнүндө жазгылачы. Качан үйлөнөт, кызы барбы? Ош шаарында качан жеке концертин берет? Алдын ала рахмат. Асел
"Обондон" жооп: Урматтуу Асел, эмки "Кумир менен баарлашууга" Мирбекти чакырабыз. Эгер мүмкүнчүлүгүңүз болсо келип, өзүңүздү кызыктырган суроолоруңузду берип, баарлашып кетиңиз.
ОП-162-51. Ден соолук -адамдын эң башкы байлыгы. Ден соолук болбосо жан кайда, жан болбосо ал кайда. Раушан 88
ОП-162-52. "Обон" гезитинин СМСчи кызы Ангелге чоң салам. Досуң Таныя
ОП-162-53. Талант, сиз Кыргыз Республикасынын Махабат бөлүмүнүн Жүрөк пунктунун негизине ылайык, жүрөк зонасында жашайсызбы? Айым
ОП-162-54. Бурул+ Дөөлөт= бактылуу үй-бүлөлөрдөн болуп, көп жашагыла, бар болуп, бай болгула. 0773374ххх
ОП-162-55. Жаман катын белгиси -аш кыл десен нан кылат. Орто жерин кам кылат. Аны жеген кишинин, ичи көөп дам кылат. Кыл жуугучун жоготуп, алдырып ийет күчүккө. Ачыткысын жоготуп, алдырып ийет үшүккө. Өзү жүрөт талпактап, аягы жүрөт шалтактап. Карды тойсо күлмүңдөйт, иш кылганы билинбейт. Асель KZ
ОП-162-56. Чала акын Алимбек, ар кимдин ырын көчүрүп жазба, уят болот. Мистер Золото
ОП-162-57. Не керек жүрөк болуп ысыгы жок, түбөлүк сызгырылган сызыгы жок. Өмүрдүн өткөндөрү өкүнүчсүз, жашоонун сенсиз мага кызыгы жок. Мунара 93
ОП-162-58 . "Обонка", Нурлан Насипке чыгармачылык ийгилик каалаймын. Нурбек
ОП-162-59. Алтыным апа, сизди аябай сагынып, чыдамсыздык менен күтөм,- деп кызыңыз Гүлмира.
ОП-162-60. Ача-Кайыңды айылындагы Талантка жана үй-бүлөсүнө салам. Бар болгула. Айым
ОП-162-61. Сүйүктүүм Талант, достору Темирбек+Бактыгүл,Таалайбек+Медина, Нурбек+Айгерим=бактылуу үй-бүлөлөрдөн болуп, оорубай, ден соолукта болгула. Айым
ОП-162-62. Сталбек Карыбеков, сиздин чыгармачылыгыңызды сыйлайм, ийгилик каалайм. Айнура
ОП-162-63. Сүйдүм сени башкалардан башкача, сүйдүм сени тунук суудай таптаза. Айым
ОП-162-64. Нурлан Насипке: Ак куулар учушат экиден, учууга канатым жок сени менен. Арадан канча убак өтсө деле, ак сүйүүм өзгөрбөйт сага деген. Айнура, Ош
ОП-162-65. Анекдот: Төрт кыргыз келе жатса, алдынан бир өзбек чыгып калат. Кыргыздар аны сабамак болгондо, өзбек:- Калыстык кылгыла, кыргыздар. Мен жалгыз болсом, силер төртөө болсоңор.- Анда биздин бирөөбүздү кошуп ал.- Анда деле калыстык болбой жатпайбы. Биз экөө, силер үчөө болуп каласыңар.- Дагы бирөөбүздү кошуп ал!- Анда деле калыстык болбой калат. Биз үчөө, силер экөө болуп каласыңар. - Ээ, кете берчи, биз, кыргыздар, өзүбүз деле мушташа беребиз,- дешиптир. Камила
ОП-162-66. Нурлан Насипке арналат: Көргүм келет сагынамын өзүңдү, сүрөтүңө терең карап, олтурамын сага гана бөлөнүп. Айнура, Ош
ОП-162-67. Эңилчекте иштеген Жеңиш байке, Улан байке, Арсен, Адилет, Бакытка чоң салам. Иштериңерге ийгилик, бар болгула, аман болгула. Гүкүша
ОП-162-68. Кыз чоңоёт гүлдөй болуп буралып, уул чоңоёт дарактардай түп алып. Айнура, Ош
ОП-162-69. Салам, "Обон"! Кыргыз экономика университетинде окуган Приев Тариел, ийгилик сага. Мен сени сүйөм. Элиза
ОП-162-70. Ар бир секунд биздин ыйык өмүрүбүз, чөктүрбөйлү аппак көңүлдү. Секунддарды жылга тете өткөзүп, узун өмүр сүрөлү. Айнура, Ош
ОП-162-71. Мен сүйгөн "Обон" гезити. Сиздерден сураныч, менин жигитим Приев Тариелдин канча бир тууганы бар жана аттары ким экенин билип бере аласыздарбы? Элиза
"Обондон" жооп: Урматтуу Элиза, сиз таанымал адамдардан жооп алып берүүнү өтүнсөңүз, сөзсүң түрдө аткармакпыз. Мындай суроолоруңузга жооп алып бере албайбыз.
ОП-162-72. Салам, "Обон". Сүлүктү шаарындагы ЦОВПунун кызматкерлерине чоң рахмат. Ыраазычылык билдирген хирургия бөлүмүндө дарыланып жаткан кыздар.
ОП-162-73. "Обон", сага ийгилик. Мен кумирлерим: Каныкейге, Нурлан Насипке, Мэри Шакулинага, Неляга салам жолдойм.Талантыңар ташкындай берсин, силерге ийгилик! Динара
ОП-162-74. Салам, "Обонушка", кандайсыңар? Силерден суранам, Омардан интервью алып коюңуздарчы? 0778861ххх
ОП-162-75 . Кыргыз деген бир эл бар ак таңдайлуу, кыргыз тилин көөнөрбөс жатка билген. Бар байлыгы жоголсо баары бир тең, бар намысы жоголгус бакытка тең. Айнура, Ош
ОП-162-76. Эжем Абакирова Урматтын 7-апрель тууулган күнү менен куттуктайм! Өмүрүңүз узун, ден соолугуңуз чың болсун,- деп сизди жакшы көргөн кызыңыз Роза.
ОП-162-77. Дос, дос болом дейсиң. Достун кадырын билбейсиң. Достун кадырын билип, анан дос болом дегин. Дос болгон соң кадырына жетпейсиң. 0779525ххх
ОП-162-78. Апа деген бул дүйнөдө жалгыз экен. Кадырына жетпеген балдар акмак экен. Апасын сүйбөгөн чыныгы акмак экен. Айбек 95
ОП-162-79. Урматтуу окурмандар, мен ырчы болгум келет. Жардам бериңиздерчи, суранам. 0779132ххх
ОП-162-80. Мекеним жүрөктөгү мөлтүр суудай шыбырап, кулагыма түркүн үндөр угулат. Сагынганым билгендей мекеним, кулагыма түркүн сөздө ыр ырдайт. Айнура, Ош
ОП-162-81. Кыргызым, байлык үчүн, бийлик үчүн курмандык неге керек? Адамдарга түшүнбөйм. Адамдарды сактоо керек экенин унуттубу? Айнура, Ош
ОП-162-82. Салам, "Обон" жана кыргыз элим. Силерге ак жол, дайыма бар болгула. Зинат
ОП-162-83. Салам, "Обон". Мен Тоң районундагы Кажы-Сай шаарчасына салам жолдойм. Чика
ОП-162-84. Ар дайым бул дүйнөдө бар болуңуз, алтын апакем Гүлүпа. Кызыңыз Алтынай
ОП-162-85. Салам, "Обондун" жалпы жамааты! Ислам Акматов көрүнбөй кайда жүрөт? Ошону билип бериңиздерчи, сураныч! Күйөрманы Назик
ОП-162-86. БЛ 2-09 группама жалындуу ысык салам. Өзгөчө Абдыжапарова Эльзада, Асылбекова Кундуз, Кадыржан кызы Азиза, Бекенова Эркеайым, Эгембердиева Жыпара, Бейшебаева Гүлнара, Чолпонкулова Айпери жана Мансартов Эмилге салам. Алтын башыңар аман болсун. Группалашыңар Раушан 88
ОП-162-87. Алай районундагы Жошолунун Шамши Сатиев мектебин бүтүргөн классташтарым, силерди аябай сагындым, окуп калсаңар чалгыла жана Аида, Айжан барсыңарбы? Чымкенттен Нурзада, 90-жылкы.
ОП-162-88. Сүлүктү шаарындагы ЦОВПунун хирургия бөлүмүндө эмгегин аябаган, эл үчүн күн-түн эмгектенип жаткан эң мыкты хирург Самадов Абдипатта Каримовичке, травматология бөлүмүнүн башчысы Дастанбек уулу Турдубекке,башкы медсестра Нарманова Гүлнара Ниймановнага, медсестраларга ж.б кызматкерлерине чоң ыраазычылык билдирем. Иштерине ийгилик, үй-бүлөсүнө бакыт, балдарынын бактысына ар дайым аман болушсун,- деп Манзура
ОП-162-89. Салам, "Обон". Бардык 93-жылкыларга чоң салам. Мунара 93
ОП-162-90. Сени сүйөм, сени күтөм дайыма. Сен деп жашап, сен деп күлөм баарына. Алыстасың азыр менден ардагым, сагынамын, ойлономун ар дайым. 0779466ххх
ОП-162-91. Салам, кыргызымдын кара көз кыздары. Силер бар-биз барбыз. Бар болгула. Ади
ОП-162-92. Ата-эне эч качан картайбасын, ааламда жууса кеткис аты калсын. Арнайлы аска жеткис махабатты, айтылып миң бир түркүн ырлар жаасын. Иният
ОП-162-93. Казармандагы Макмал орто мектебинин эже-агайларына жана окуучуларына чоң салам. Иният
ОП-162-94. Ново-Павловкадагы "Народный" дүкөнүнүн, "Аскат" кафесинин жанындагы дандырда иштеген бирөөгө ысык салам. Ж.
ОП-162-95. Казармандыктарга чоң салам. Айга да теңегис менин жан досторум: Айгүл, Айгерим, Гүлназ, Гүкү, Чүрөшка, ар дайым бар болгула! Иният
ОП-162-96. Жаным, сени аябай сагындым, тез келчи? Айжамал 94
ОП-162-97. Супер тигүүчү цехтерге салам. Колуңарды абайлагыла. Айжамал 94
ОП-162-98. Салам, кыргызымдын жигиттери. Жадырап-жайнап, жаркөптөй кайнап, "Орбиттен" чайнап эле жүрө бергиле. Айжамал 94 0779991794
ОП-162-99. Жанетта сыйлыкка татыктуу эмес, бир жыл мурда мактана коём деп уят болбоду беле. 0770665ххх
ОП-162-100. Чынара, Жанара, Мунара, кандайсыңар? Мен силерди сагындым. 0770574ххх
ОП-162-101. СМСчи досторго: Кеңгурунун кыргызчасы кандай? KG Канышай
ОП-162-102. Жылуу жүрөк музга айланды, жаздай көңүл кышка айланды. Жаздын жарык күндөрүндө, көңүлүмө кар жаап салды. Айыкпадым сүйүүдөн айлам кетти, ачуу сүйүү жанга жетти. Мека 96
ОП-162-103. Менин эгиз байкелерим бар. Эгиздердин жашоосу окшош болот деген чынбы? Калык
"Обондон" жооп: Урматтуу Калык, сизге бир окуяны айтып берели. Джим жана Дим деген эгиз балдардын ата-энеси кичинесинде ажырашып кетишип, экөө башка-башка жашап калышкан. Бирок 39 жылдан кийин кезигишип, таанышып, бири-бири жөнүндө билип жатканда таң калышкан. Анткени, алар 2 жолудан үйлөнүшүп, аялдарынын аттары биринчиси Линда, экинчиси Бетти болгон экен. Андан тышкары, экөөнүн тең Той деген ити болгон жана бир маркадагы тамеки тартышкан. Мунун баары 39 жылдан кийин белгилүү болуп, окшоштуктарына ата-энелери дагы таң калган. Окумуштуулардын изилдөөсү боюнча, дүйнө жүзүндөгү 90% эгиздердин жашоосу окшош болот экен.
ОП-162-104. Асман түшсө жердин бети тарылып, кыян жүрсө жердин бети жарылып. Ошол кыяндан өтөр элем кыйналбай, бир көз караш кубатыңды жамынып. 0773234ххх
ОП-162-105. Салам, "Обончик". Мен сиздерден суранат элем. "Кумир менен баарлашууга" Чыңгыз Мырзаевди чакырып, ал жөнүндө кененирээк маалымат берип коёсуздарбы, сураныч. Жылдыз
"Обондон" жооп: Жылдыз, Чыңгыз Мырзаев бул рубрикабызга келген.
ОП-162-106. Беш бармак баары тең эмес, таанышкан сен мен эмес.Таанышып таштап койбостон, жазып тур жаным СМС. 0778540ххх
ОП-162-107. Кайдасың барбы кабарың, сагынып издеп барамын. Бир кездеги күйөрмандарымды мен сагындым, өзгөчө 0773475840 номериндеги Жанка, кайдасың? Мени менен байланыш 0779891458 СМС жаз, сени сагынган эжең Нураида 88.
ОП-162-108. Акбар байке, Чыңгыз, Султан, Мирбектер менен дагы деле кан достордонсуздарбы? Мирбек жөнүндө мурунку санда жазылган боюнча эмне дей аласыз? Сиздин тоюңузда Чыңгыз Мырзаев тамада болуп берди беле? Алдын ала рахмат. Жылдыз
ОП-162-109. Эмне мынча сүйөм сени сагынам, жолуксам деп кудайга мен жалынам.Тилегим ишке ашпай калса, өмүр бою тагдырыма мен таарынам. Динара
ОП-162-110. Ала кушту атынан аташ керек, адамсыңбы, адамча жашаш керек. Жакшы турмуш өзү эле келбейт тура, жан дүйнөгө төңкөрүш жасаш керек. Динара
ОП-162-111. Сүйөм сени сезимдерге багына, сырым ичте жүрөм сени сагына. Ээлеп алып жүрөгүмдүн бүт эркин, камадың го махабаттын багына. 0773344ххх
ОП-162-112. Жылдыздуу түндө басамын, көрүүгө сени шашамын. Бара албай калсам сен жакка, өзүмө -өзүм капамын. 0773344ххх
ОП-162-113. Көзүмдөн жашым кургабас эми, жүзүмдөн өппөс сүйүүнүн жели. Жанымда жоксуң кантейин эми, колуңдан келсе кечиргин мени. Элиза 92
ОП-162-114. Түш көрсөм түшүмө кирер белең, күлө карап жүзүмдөн сүйөр белең? Көргөн түшүм өңүмө айланса эгер, көзүмдү ачпай жылдар бою уктаар элем. Элиза 92
ОП-162-115. Салам айтам жалпыңа, кыргыз деген калкыма. Эй, кыргызым, чөмүлбөгүн кайгыга. Күтүп турат чоң кубаныч алдыда. Кыргызым, эч качан уруш чыгарбайлычы. Энелердин көз жашын аяйлычы. Ури
ОП-162-116. Жарыя: Жаңы автовокзал жактан үй сатылат. Металдан гаражы бар. Дареги: Заводской посёлок. Телефон: 0772254905, баасы келишим түрдө.
ОП-162-117. Мен бул жашоодо өзүмдү аябай бактылуу сезем. Анткени, сүйгөн адамым жанымда. Ал мени ар дайым колдоп, сыйлап, түшүнүп, мен үчүн баарына даяр. Мен дагы ал адам үчүн баарына даярмын, сүйөмүн, эч нерсеге алмаштыргым келбейт. Ар бир күнүмдү аны менен өткөргүм келет. Бири-бирибизди бат эле сагынып кетебиз. Кичине көрүшпөй калсак сагынышып, бири-бирибизсиз жашообузду элестете албайбыз. Анткени, биз бир эгиз жүрөк болуп калганбыз. Бири-бирибизди алдын ала сезип, эч качан алдабай, баарын төкпөй чачпай айтып берип турабыз. Биз бактылуубуз. 0700086ххх
ОП-162-118. Жаным Б……эч качан оорубачы. Мен үчүн, келечектеги балдарың үчүн өзүңдү жакшы карап жүрчү. Сен бизге аябай керексиң. Биз сенсиз жашообузду элестете албайбыз. Сенин маанайың жок болуп калса, же ооруп калсаң, менин дагы жүрөгүм ооруп, жашоом кызыксыз боло баштайт. Анткени, мен сени аябай сүйөм. Өзүмдөн дагы сени жакшы көрөм. Буйруса, ата-энемдин сүйүктүү күйөө баласы, андан кийин балдарыбыздын сүйүктүү атасы болосуң. Ошол күндөрдүн келерине ишенем. Кудай буйруса, өмүр бою бирге, чогуу, бактылуу болобуз. Экөөбүз тилеген тилектердин, кыялданган кыялдардын баарына жетебиз.Бардыгы жакшы болот. Жөжөң
ОП-162-119. Кадырлуу менин досум Ырысбек 91. 12-апрель туулган күнүң менен куттуктаймын! Сага каалаарым: узун өмүр,чын ден соолук, чексиз бакыт! Ар дайым биздин арабызда бар бол! Досуң Alina-Asi
ОП-162-120. Салам, "Обон". Мен дайыма "Обонду" калтырбай окуйм. Модель, актёр, бийчилер жөнүндө көп жазгылачы. Сырдуу кыз
ОП-162-121. Анекдот: Кезектеги кездешүүдө сүйгөн кызы жигитине: Мени жакшы көрбөй бара жатат окшойсуң, -деп таарыныч артып кылтыят.- Эмнеге антип жатасың?- Билбейм, мурункудай үзүлүп түшүп жалынганың калып баратат. Жыпар гүлдөн жылдызга чейин арнай берчү элең. Анда жигити:- Ага таарынбачы?! Азыр төгүлүп-чачылгандай заман болуп турабы? Кризис, жаным, кризис, -дептир. Камила
ОП-162-122. Арсен, мен сени күтөм. Сөзүңө тур, келгенде мага чал. Гүкүша
ОП-162-123. К. Мамбеталы атындагы орто мектебиндеги 8-класска чоң салам! 0779224ххх
ОП-162-124. Соодагер баркы менен жылкы өтөт, продюсер баркы менен ырчы өтөт,- дегенге кошуласыңарбы, СМСчи достор. Келгиле, талкуулайбыз. Камила
ОП-162-125. "Обон" -супер. Раушан 88
ОП-162-126. Аткарган бардык амалың, окуган беш маал намазың. Аллахым сүйгөн пендеге, мусулман айтат саламын. 0772257ххх
ОП-162-127. Ново-Павловкадагы "Аскат" кафесинин жанында жайгашкан наабайканада иштеген бирөөгө салам.
ОП-162-127. ОП-162-128. Салам, Мүзүр байке, Гүлмира эже, кандайсыздар? Ишиңиздерге ийгилик каалоо менен бирге, силерге болгон өтүнүчүм бар эле. Мүзүр байке, менде ырлар бар, окуп көрбөйсүзбү? Ринат
"Кеңеш" тобу, Мүзүр: Албетте болот, Ринат. Бизге, негизи, көп ырларды алып келишет. Баарын окуп чыгып, тандап алабыз. Мен "Обондун" редакциясына номеримди таштап коём. Номеримди алып, мага байланышсаң болот.
ОП-162-129. "Обончик"- менин сүйүктүү гезитимсиң! Мен сени менен ар дайым биргемин! Кыргызстандын мыкты гезити болушуңду чексиз күтөбүз. Алдияр 97
ОП-162-130. Нурлан Насип жөнүндө маалымат бериңиздерчи! Жаңы ырлары чыгып жатабы? 0779046ххх
"Обондон" жооп: Урматтуу окурман, Нурлан Насиптин акыркы жаңылыктарын ушул саныбыздын 8-бетинен окуңуз.
ОП-162-131. "Обонушкага" салам! Ар дайым сени менен Алдияр 97.
ОП-162-132. Салам, менин супер СМСчи досторум, мени менен байланышкыла. 0770339675 Alina -Asi
ОП-162-134. Тадж-Махал мавзолейи кайсы жакта жайгашкан? 0779046ххх
"Обондон" жооп: Тарыхта аты калган "Тадж-Махал" мавзолейи Индия өлкөсүндө жайгашканын баарыңыздар эле билсеңиздер керек. "Тадж-Махал" жөнүндө ар кандай уламыштар дүйнө жүзүндө айтылып келүүдө. Ошол убактагы император Шах-Джахандын буйругу менен төрөт учурунда каза болгон сүйгөн аялы Мумтаз-Махалдын элесине арналып курулган. Жалаң дүйнөгө таанымал архитекторлор пландашып, 22 жыл дегенде, тактап айтканда, 1630-жылдан 1652 -жылга чейин куруп бүтүшкөн.Бул мрамордон жасалган имарат 22 миң адамдын эмгеги менен курулган. Аны куруп жаткан учурда Шах-Джахан көп акча сарптап, мамлекетине карабай койгону үчүн аны ордунан бошотуп, абакка камашкан. Ал жакта жатканда, "Тадж-Махал"курулуп бүткөнүн угат. Бирок алып барып көргөзүшпөй койгондо, абактын чекиттей болгон жыртыгынан "Тадж Махалдын" бир учун көргөнүнө сүйүнүп кайтыш болот. Ал өлгөндө, сөөгүн атайын анын ичине, сүйгөнүнүн жанына коюшкан.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??