п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Гейшанын эскермелери
"Гейшанын эскермелери" - 90 сом
Кыргызстан эгемендик алган 20 жылдан бери биринчи жолу Артур ГОЛДЕН деген батыш авторунун "Гейшанын эскермелери" аттуу романы кыргызча жарык көрдү. "Мемуары гейши" деген тасманы көпчүлүк көргөн чыгар, эми ошол чыгарманын китеп вариантын кыргыз журтчулугу өз тилинде окуп курсант болуу мүмкүнчүлүгүн алып олтурат. Китепти Жыпариса Жөкүшева деген ажайып котормочу кыргызчалатып, айтылуу Жанызак@басма тыйындын көзүнө карабай тобокел деп чыгарып салды!
Китептин көлөмү - 368 бет. Мукабасы катуу, жылтырак. Гезит барагына басылды.
Баасы болжолу 90-100 сомдун тегерегинде (ылдыйда кайсы дүкөн-базарда канчадан сатылары жазылды).
Ырас, Жапан өлкөсүнүн бүгүнкү кайгысын дүйнө журту тең бөлүшүп жаткан убагы. Кырсык айтып келбейт экен. Ошентсе да бул элдин руханий бекемдиги жана туруктуулугу мен уккандан далай кыргызды бир эсе таң калтырып, бир эсе тамшантты. Талоончулуктун болбогонун эле алып көргүлөчү!
Мына ушул чектен караганыбызда, биз сөз кылып жаткан китептеги гейшаларды кыргызчасынан "жалап", "сойку" же "аягы суюк" деген сыңары туюнта берүүгө таптакыр болбойт, себеби, биз келтирген сөздөрдөгү кыргыз түшүнүгүнүн мааниси айласыз ыплас экендигин сиз жогорудагы китепти окуган соң аңдап билерсиз.
Китеп бүгүн Бишкекте сатыкка коюлду жана аларды төмөнкү даректерден тапсаңыз болот:
Китеп жана гезит базарында Ороз мырза (0773585895) жана Чынара айым (0773581964) болжолу 90 сомдон соодалайт;
Кыргыз китеп борборунан (0312 934399, 0771 652211) - булар да болжолу 90 сомдон соодалайт.
"Нуска" китеп дүкөнүнөн - булар канчадан сатарын биле албадым, бирок жогорудагыларга караганда бир аз кымбатыраак болсо керек.

Курсант болуңуз, урматтуу окурман.





Кальян деген эмне?
Кальян - бул фильтрленген суусу бар, ичке трубкадан жана узун ийилчээк чоюлгучтан турган тамеки чегүүнүн ыңгайлуу жана жыттуу аспабы. Ушул убакка чейин кальяндын мекени жөнүндө так маалымат жок. Айрым уламыштарда кальян биринчи жолу Индияда пайда болгон деп айтылып келет. Эмне себептен? Анткени, ал жакта кокос жаңгагы өскөндүктөн, ошол өсүмдүктөн гана даярдалган. Азыркы убакта ушул кокос жаңгагынан даярдалган кальянды "Наргила" деп аташат дагы, кальяндын бардык түрүнөн жагымдуу жыты менен айырмаланат. Андан тышкары, кальяндын ар кандай түрлөрү бар, мисалы: хука,шеша,наргил,шиша же шишах." Кальянды көбүнчө батыш өлкөлөрү колдонушат. Кээ бир өлкөлөрдө сыйлуу сувенир катары эсептелет. Ал эми Европа континентине XIX кылымдын башында гана тарай баштаган.


Кальяндын тамекиден пайдасы
1. Кальян чеккен бөлмөнүн ичи тамекиникиндей жаман жыттанбай, тескерисинче, ар кандай мөмө-жемиш жыттанат.
2. Тамеки кийимге сиңип калса, кальяндан эч кандай жыт билинбейт.
3. Кальянды чеккенден кийин, ооздо жаман жыт калбайт. Мисалы, кулпунай же малина түрүн чеккен болсоңуз, оозуңуз дагы кулпунай же малина жыттанып калат.

Кальяндын
тамекиден зыяны
1. Бир тамеки чеккенде түтүн 10-20 жолу адамдын организмине кирген болсо, ал эми бир саат кальянды чеккенде, 100-200 эсе түтүн адамдын организмине өпкө аркылуу кетет.
2. Кальянды көбүнчө кечелерде ортого коюп алып, көпчүлүк арасында колдонушкандыктан, бир эле трубка менен чегишет дагы, шилекей аркылуу ар кандай оорулар пайда болушу мүмкүн.
3. Сапаты начар кальян ды же көп убакытка созултуп чеккенде, уулануу, баш айланып жана жүрөк айлануу болот.
4. Кальян менен чогуу спирт ичимдиктерин колдонгонго болбойт. Анткени, ар кандай реакция жүрүп кетиши мүмкүн.

Кальян жөнүндө
кызыктуу
фактылар
1. Батыш өлкөлөрүндө атайын конокторго кечки тамактан кийин кальян аркылуу сый-урмат көрсөтүп келишкен. Эгерде коноктордун ичинен кимде-ким каршы болсо, анда аны конок тоскон үйдүн ээсин сыйлабагандык деп кабыл алышкан.
2. Бардык кальяндар кол менен жасалат.
3. Кальяндын сырткы идиши канчалык чоң болсо, ошончолук жакшы деп эсептелет.
4. Кальяндын ичине куюлган суунун ордуна вино же шампанды колдонсо болот.
5. XIX- XX кылымда аялдар арасында кальян чегүү модага айланган. Андан тышкары, жөн эле чегип тим болбостон, аны менен сүрөткө түшүшкөн дагы, элге жарыялап сүйүнүшкөн
6. Кальянды колдонуунун дагы өз жобосу бар. Мисалы, Индия өлкөсүндө кальянды колдонуп жаткан адамдын кандай маанайда экенин кыймыл- аракети аркылуу байкай алышат. Ал эми Араб өлкөлөрүндө болсо, жанындагы шеригине кылган мамилесинен байкоого болот.
7. Кээ бир өлкөдөгү байлар атайын заказ менен кальяндын сырткы идишин жасатышкан. Мисалы, анын айнегин баалуу таштар менен жасатып, анын үстүн бриллианттар менен кооздотушкан.
8. Араб өлкөлөрүндө алтын, күмүштөн жасалган кальяндын идиштерин начар жашаган үй-бүлөлөр колдонушкан.
Келсин Мурадил кызы







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??