п»ї

Акбар+Кундуз:
"Башкаруу системасы деген түшүнүк бизде жок"
Жылдыз:
- 7-апрелде шейит кеткен баатырларды эскерүү күнү болду. Сиздер үйүңүздөрдө куран окудуңуздарбы?
Акбар : - Биз бир гана үйдө эле эмес, эл катары "Ата Бейитке" бардык. Саат төрттөрдө "Ала-Тоо" аянтында эл менен бирге болуп, шейит кеткендерге куран окуттук. Кыргызстандын жараны катары биз үчүн кылган эмгектерин баалабасак, анда бул жашоодо жашап кереги жок деп эсептейбиз.
Кундуз: - КТРКдан ошол күнү кечке алар окко учуп жатканын көрсөтүп жатты. Мен аны көрүп алып, көз жашымды тыя албай ыйладым. Жаткан жерлери жайлуу, топурагы торко болсун демекчибиз.
- Кундуз эже ар дайым кооз көйнөктөрдү кийип жүрөт, ошолорду сиз сатып бересизби?
Акбар: - Кийим тандаганга жогураакмын. Бул өзү жарашыктуу кийингенди жакшы билет. Өзүн жакшы карап, жарашыктуу кийинип жүргөнү менен мени тартып алды десем жаңылышпайм.
Гүлжамал:
- Радиодо эмне үчүн иштебей калдыңыз?
Кундуз: - Чындыгында, радиодон кеттим. Эми,буюрса, башка тармакта дагы иштеп көрөйүн деп жатам. Балким, ошол эле радиодо, бирок башка жерде болушу мүмкүн. Же теледе же гезитте иштеп калышым ыктымал. Азыр Акбардын тамагын жасап берип коюп, үйдө ойлонуу менен алекмин.
Акбар: - Радиодон алып кетип калгам. Учурда үйдө 24 саат бою тынымсыз "Миң кыял фм" радиосу жаңырып турат.
- Дует жаздыралы деген оюңуздар барбы?
Акбар: - Үй-бүлөлүк ыр жаздырып коёлу деген ой менен, Кундузга 3-4 жолу сунуш кылдым. Азыр четке кагып, өзүн сезип жаткан кези. Кудай буюрса, бир чечимге келип калат болуш керек. Жакшы чыгарма жаратып, жакында ырдап калабыз деген ойдобуз.
Айчүрөк:
- Бири-бириңиздерге кайсы сапатыңыздар жагат жана жакпайт?
Акбар: - Экөөбүздүн тең мүнөздөрүбүз окшош. Ошондуктан, бири-бирибизди дайым жарым сөзүбүздөн түшүнүп турабыз. Мен жалкоолугумду Кундуздан көрөм. Ал эми жакшы сапаттарыбыздан болсо, кечиримдүүбүз. "Казан-аяк кагышат" деген биздин үйдө болбойт. Тфү, тфү,тфү. Жашаганыбызга аз эле убакыт болду, ошол убакыттын ичинде бир да кыйкырышкан жокпуз. Ортодо чыныгы сүйүү, сый болсо эле, бардыгы ойдогудай болуп, уруш-талаш жок болот эмеспи.
Меридиана:
- Кантип таанышып калдыңыздар эле?
Акбар: - 4 жыл мурда, жумуштар менен "Миң кыял фм" радиосуна барып, таанышып калгам. Ошол кезде аталган радио менин ырларымды албай койгон эле. Интервьюларына да чакырышчу эмес. Анан биринчилерден болуп, ошол радиодон мени чакырган Кундуз болгон. "Бетиңизге кандай кам көрөсүз?" деген рубрикасына чыгарган. Ошондо 20 мүнөттүк убактысын алып, чала-була таанышкам. Биринчи көргөндө эле мага жагып, ичимден жылдыздуу кыз экен деп койгом. Бирок ал кезде менин сүйлөшкөн кызым бар болчу. Анан, бир жарым жыл мурда бир концертте:"Жакшы келин болчудай экенсиң",- деп тийишип жатып, жакшы сүйлөшүп калдык. Анда кызым менен сүйлөшпөй калып тийишкем да. (Баары каткырышып) Тамаша, албетте. Ошентип жүрүп, 2010-жылы, 14-февралда, саат 23:45те сүйүүмдү билдиргем. Себеби, 15-февраль менин туулган күнүм болчу. Туулган күнүмө анын айткан жообу белек болсун дегем.
Кундуз: - 15-февраль болгондо, туптуура 00:00дө жообумду бергем. Ойлонууга болгону мага 15 мүнөт эле берип койгон.
Аймээрим:
- Канча балалуу болгуңуздар керек?
Акбар: - 17 балалуу болгубуз келет. Алы-күчүбүз жетсе, Кудайым берсе, боло берет го дейм.
Мунара:
- Ди-джейликти кайсы жерден баштагансыз?
Кундуз: - Менин группалаштарым абдан аракетчил болушкан. Көбү кыргыз элине кызматын кылып келе жатышат. Мисалы, Нурзада Жолдошева, Деңиза Акыл кызы. Эсимде, 1-курста Нурзада экөөбүз "Кыргызстан Обондору" радиосуна кастингге барганбыз. "Силер азыр жаш экенсиңер, 2-курста келгиле",- деп коюшкан. Андан кийин ал жакка көп көңүл бурбай калдым. Андан соң, КТРдеги "Жаштык радиоканалына" барып калдым. Ал жакта шоу-бизнес жаңылыктарын даярдаганга кыз таппай жатышыптыр. Менин үнүмдү жактырып, жумушка алып калышты. Ал жакта үч Кундуз болгондуктан псевдоним менен чыкканга туура келди. Мен Ажара Жумакадырова деп эфир алпарчумун. Анан "Миң кыял фм" радиосуна кадрлар керек болуп, Тынчтыкбек Кожобеков биздин продюсерден мени сурап алган. Ошентип "Жаштыктан" "Миң кыял фмге" которулгам.
Нурайым:
- Кыргыз мамлекетин Роза Отунбаева башкарат. Силердин мамлекетти ким башкарат?
Акбар: - Башкаруу системасы деген түшүнүк бизде жок. Бир нерсе жасаарда бири-бирибиздин оюбузду угуп, кеңешип кесип, бир чечим чыгарабыз. Мен эркекмин, мен башкарышым керек дегенден алысмын.
Айдай:
- "Журналист кызга үйлөнгөн жигит, түз бейишке барат" деген тамаша бар. Анткени, анын тили узун болот деп коюшат. Кундуз эже жеке жашоодо дагы көп сүйлөйбү?
Акбар: - Сүйлөшүп жүргөн кезде, машинада кетип баратып, кээде эле радио угуп калбасам, мунун кандай сүйлөгөнүн деле билчү эмесмин. Уксаң, ушундай жакшы сүйлөйт да. Сөз таппай калат болуш керек деп угуп калсам, сөздөрдү кураштырып отуруп эле, сонун кылып жыйынтыктап койчу. Ал эми үйдө бир нерсени айтсаң ошого сөз таппай калат. Көбүнчөсү ойлойт экен, ди-джей кызга үйлөндүң, көп сүйлөйт болуш керек деп, бирок, үйдө Кундузга караганда мен көп сүйлөйм. Жумуштан түнкү саат 2-3төрдө ушунчалык чарчап келип, эч сүйлөгүсү келбей, дароо эле уктап калчу.
Кундуз: - Жашоосунда ди-джейлердин көбү аз сүйлөйт. Эфирде сүйлөй берип, бирдиги түгөнүп калат окшойт. Айтор, азыраак сүйлөйбүз.
Алтынай:
- 17-ноябрда жеке концертиңизди бермексиз. Эмнеге болбой калды?
Акбар: - 17-ноябрда Спорт Ордосун сот залы кылып салышпадыбы. Аны мен башында сезгендей эле, баш тартып койгом. Менин ордума "Миң кыял фм" радиосу "Студенттик шпаргалка" өткөрмөй болушкан. Анан алардын концерти декабрга жылып кетти. Тынчтык байке күлүп калган, сенин колдоочуларың бар экен, билгендей эле баш тартып коюптурсуң деп.
Кенже:
- "Аялын кызганбаган эркек бейишке барбайт" деп коюшат. Сиз кызганасызбы?
Акбар: - Мен Кундузду аябай эле кызганам. Ошол бейишке барыш үчүн эле кызганам деп койбоюнбу. Кундуз мени такыр кызганбайм деп айта берет. Уктоочу бөлмөдө телевизор көрүп отурсам, соткам чырылдап, СМС келип калат. Ашканада жүргөн Кундуз тез эле жаныма жетип келип, мени кучактамыш болуп, СМСти окуп алат. Анан ошентип, кызганып жатканын байкап калам. Карасам, кыйраткан деле билдирүү эмес, 202ден келген болот. (Баары каткырышты)
Каухар:
- Сахнага жаңы чыкканда Чыңгыз Мырзаев экөөңүздөр бир көйнөк кийгениниздер чынбы?
Акбар: - Жатаканада Султан, Мирбек, Чыңгыз менен чогуу жашачумун. Султан экөөбүз "Махабатым" деген ырды жаздырып жатканда, аз эле убакттын ичинде ушунчалык популярдуу болуп кетерибизди күткөн эмеспиз. Январдын үчүндө "Кыргызстан Обондорунан" кете баштады. 15-январда тойго чакыруу алдык. Ачык эле айтайын, буга чейин доллар дегенди кармап көргөн эмес элем. Анан той ээси келип: "Канча беришим керек?"-деп калды. Студентпиз ал убакта, биз үчүн 100 сом деле көп акча деп эсептелчү. Ичимден, 500 сом деп койсомбу, же 1000 сом десемби деп кечке ойлондум. 1000 сом десем көп болуп калат болуш керек, кой уят дедим да, "Султан канча алды?"-дедим. "Султанга мен 100 доллар бердим, анда сага деле ме 100 доллар" деп,-жашыл акчаны колума карматты. Ишенип-ишенбей, ошондо аябай сүйүнгөм. Жакшы ыр чыгарсаң, жакшы акча табат экенсиң деп, ырдаганга ого бетер кызыгып кеттим. Ал эми Чыңгыздын көйнөгүн "Кардио-Хитте" кийип чыккам. Анда, студент кезде, кийимге акча жок болчу да. Анан жатаканадагы балдардын кийимдерин чогултуп келчүмүн. Анан эле Чыңгыздын көйнөгүнө көзүм түшүп калды, сурасам берген. Ал көйнөк менен фотосессия кылып жибергенин билген эмесмин да. Бирок ошол күндөрдү эстеп, азыркыга чейин күлөбүз. Студенттик жашоо ошонусу менен кызык болгон.
Жаркынай:
- Эфирге чыккан ар бир угарманды эркелетип атайсыз. Акбар байкени кантип эркелетесиз?
Кундуз: - "Кичинекейим", "жаны" деп эркелетем. Атынан таптакыр айтпайм. Акбар деп бирөөлөргө айтып берип жатканда эле айтканга туура келет. "Жаны" деп айтып көнүп калыптырмын. Минтип үйдө кайнагаларым отурса дагы айтып алып, уялып кетем.
Акбар: - "Кичинекейим" деп эле эркелете берет. Кээде жиним келип: "Мен сага кичинекей көрүнүп жатамбы?"-деп калам. А мен болсо Кундузду жылы коён болгондуктан коёнек, байбиче, аярым дейм.
Айзирек Келдибаева




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??