п»ї

"Адылбектин бүткөн бою музыка"
Куттуу төрүбүздөн орун алган улуу актриса эжебиз Нарын театрында жаштайынан талыкпай эмгектенип келет. Кудай тартуулаган талант менен гана чектелип калбай, берилген ролду ийне-жибине чейин талдап аткарганына эл күбө. Ар бир образды кыймылы менен гана аткарбастан аны аздектеп, жан дүйнөсү менен берилип, ошол каармандын туйгусун жүрөгүнүн түпкүрүнөн сезе билип, каармандардын бири-бирине окшошпогон кулк-мүнөзүн өтө чеберчилик менен ача билген КРнын эл артисти Дамира Баратбаева:

Түшүмдө узун өтүк кийип, чексиз бакытка бөлөндүм
Мен Нарын театрынын босогосун аттаганымда 19 жашта болчумун. Болочок жолдошума жолукканга чейин түш көргөм. Менин устаттарым Сейитказы Андабеков менен Койсун Карасартова мени коргоп жүрүштү. Алардын жанына жатып алчумун, анан эрте менен турганда: "Койсун эже, сиз түш жоруйсузбу?"-десем- "Ооба",- деди. Универмагдан бир өтүктү кийсем кыска келип калды чорчоюп, анан сатуучу: "Бир алтын түстүү, кончу да упузун болгон өтүк бар, Американын фирмасында тигилген, бирок бир "бубончиги" жок"- деди. Мейли ошону көрөйүн деп кийсем, жарашыгы сонун болуп тыпыйып калды. "Эки "бубончиктин" тең бирден көздөрү жок, ошондуктан сата албай жатканбыз"-десе, мен эч нерсесине карабай жактырганымдан сатып алдым. Анан Койсун эже: "Сен узун бойлуу күйөөгө тиет экенсиң"-десе, мен чычалап жатам.
Сүйүүдөгү үч бурчтук
Адылбек биздин театрга 1976-жылы келди. Мен ал кезде Таласта гастролдо жүргөм. Менин жакын курбум Бермет деген узун бойлуу, эркек мүнөз кыз болчу. Анан Нарындан мага чалып калды: "Дамира, кел тезирээк, бизге эки бала келди. Меникиндей бою узун жигиттин аты-Адылбек, аны менен мен сүйлөшөйүн, бою сеникиндей кыскасынын аты-Сталбек, аны менен сен сүйлөш",-деди. Анан кайра Нарынга барып, курбум айткан эки жигит менен тааныштым. Бир райондо концерт коюп калдык. Мен алып баруучумун. Адылбектин жанына келип: "Мен сени кантип тааныштырам?"-десем, "Мен "Гүлмира" деген ырымды ырдайм",-деди. Мен чочуп кетип: "Ай, "Гүлмиранын" автору сенсиңби?"-дедим. Концерт бүткөн соң, Бермет: "Автобуска түшпөй, жөө сүйлөшүп кетеличи?"-деп калды. Үчөөбүз жөө баратабыз, мен аларды жакындан таанышып алсын деп калтырып коюп келе бердим. Эртеси күнү Берметтен кызыгып:"Эмне болду? Сүйлөштүңөрбү?"-деп сурасам, ал: "Жок, аның бат эле кетип калды"-деди. Мен Адылбекти бир тууганымдай көрүп урушуп жатам: "Бермет, сени жактырып калыптыр, сен болсо эмне сүйлөшпөйсүң. Байкеси аким болуп иштейт, келечегиңе көп жардамы тиет",- деп айтсам, кайра ал: "Мен сага катын алып бер деп сурандымбы",-деп ачуусу келди.
Жаанда калган жагымдуу күн
Курбум Берметтин андан көңүлү калбай: "Дамира, Адылбек үчөөбүз киного барып келеличи?"-десе мен: "Барбайм, мен аны менен урушуп кеттим"дегениме болбой киного бардык. Анан мен акырын чыгып басып келе жатсам, артыман Адылбек чыгып алыптыр. Жаан жаап жатат, көрсө, мени узатып коёюн деп ойлоптур. Мен: "Бермет калып калды го?"-десем ал: "Мен жакшы көрбөсөм, эмне мени зордоп сүйлөштүрүп жатасың?"-деди. Жаанда турбай фотосалондун ичине кирип сүйлөшөлү деп кирип кеттик. Ал жерде талашып-тартышып жатсак, сүрөтчү: "Эстеликке сүрөткө түшөсүңөрбү, мүмкүн, кийин чындап баш кошуп калаттырсыңар",-деп оозуна сала бербеспи. Экөөбүз ошентип сүрөткө түштүк. Мен сүрөттү алган жокмун, курбум көрсө эмне деп ойлойт деп. Ал сүрөттү Берметке көрсөтүптүр да, менден көңүлү калсын деген кыязда. Эң жакын курбум мага катуу таарынып, ошол бойдон сүйлөшпөй театрдан чыгып кеткен.
Адылбектин досу жуучу болгондо
Ошентип экөөбүздүн жылдызыбыз келишип сүйлөшүп калдык. Бир күнү Сталбек досу экөө бир аз кызуураак биздин үйгө келишиптир. Атам атка жеңил, тайга чак жеңил киши болчу да, ордунан тура калып эшикти ачса, Адылбек досу экөө турат. "Дамира, сага эки бала келди",- деди.Эшикти ачып мен: "Үйдө апам менен атам бар, эмнеге келдиңер?- десем,"Курсагыбыз ач",- дешти. Анан үйгө кирип чай ичип отурсак, жанындагы Сталбек досу: "Дамиранын колун сураганы келдик",-деп сөзүн бүтүрө электе атам: "Ок, окшошкондор, эмне мунун ата-энеси жокпу, сенсиңби жуучусу?"-деп үйдөн урушуп кууп чыкты. Бир жыл өткөн соң, кадимкидей туугандарын жуучулукка чакырып, ата-энем да салт-санаасы менен узатышты. Буйрук экен, ошентип күтүүсүздөн Адылбек экөөбүз баш кошуп калдык. Анан курбума айттым: "Бермет, сен мени туура түшүн, мен сенден тартып алган жокмун, тагдыр ушундай экен",-дедим. Адылбек да: "Сенин да маңдайыңа жазган жакшы жигит тургандыр, бактылуу болосуң",-деп оюн билдирди.
Кыз-кыркындан коргогон учур
Турмуштун өйдө-ылдыйын бирге көрүп, ынтымакта өмүр сүрүп келе жатабыз. Ошол кезде артист балдарды кыздар ээрчип алчу да. Гастролго барганда ээрчип, таң атпай мейманканага келишчү. Мен аларга: "Ай, кыздар ай, булардын үйүндө жаркылдаган келинчектери, балдары калды, силер эртеңки күнүңөрдү ойлобойсуңарбы?"-десем, тескерисинче, мени жолдошунан кызганып жатат деп ойлошуптур. Мен болгону аларды аячумун.
Ич өткөндө эмес, кеп башкада
Оштун Сумсар деген айылына гастролдоп барып калдык. Мен спектаклде роль аткарып бошобой жүрсөм, Адылбек концертке катышат да. Ал кыздар менен таанышып сүйлөшүп жүрөт. Артисттерди мейманканага жайгаштырчу да. Кеч киргенде мен тамак жасап, дасторкон даярдап жатсам, Адылбек ичим ооруп жатат деп сыртка чыгып кетти. Көпкө жоголду, сарсанаа болуп дааратканага барсам эч ким жок. Көрсө, ичи өтпөй эле, кеп башкада турбайбы. Атайын саат канчада келет экен деп кирпик какпадым. Түн бир оокумда келди. Мен: "Каякта жүрөсүң, ичим өтөт дебей, чынын айтпайсыңбы?"-деп ызы-чуу салдым. Койсун эже ушундай такыба киши болчу, ал: "Ай, бала, бул жосунсуз жоругуң болбойт, үй-бүлөнүн очогун бузуп, бир-бириңердин башыңарды аттабагыла"-деп энелик акыл-насаатын айтканы такыр эсимден кетпейт.
Актёрлорго кароолчу болуп
Жети-Өгүздө гастролдоп жүрөбүз. Артисттердин келинчектери:"Жолдошума көз салып жүр",- деп мага катуу дайындашар эле. Мен алардын жанына кыз-кыркынды жолотпой болушунча кайтарчумун. Азыр ойлосом эмне азап экен дейм да. Түн уйкумду кечип, таң аткычакты кайтарып чыкчумун да. Боюмда бар, эринип отурганча байпак токуп отурам. Эркек деген эркек экен да, баары бир камырдан кыл сууругандай амал таап, андай учурлардан кутулуп кетишчү. Бир күнү чемодандарын керебетке жууркан менен жаап, калпактарын уктап жаткан сыяктуу кылып окшоштуруп коюп кетишиптир. Мага байкатпай Нурдин Калыбеков менен Кенжегул Меңдибаиров бут кийимдерин мойнуна асып алып, бутунун учу менен чыккандарын кара. Мен баары бир келгенде аларды уруштум. Алар камырабай: "Көп болсо ажыраштырып жибереттирсиң",- деп коюшат. Анан мен да ойлодум, кой үй-бүлөсү үчүн унчукпай эле жүрөйүнчү деп.
"Элден айланайын" деген сөздүн маанисин эми билдим
Сейитказы аба "элден айланайын" деп калчу. Ал убакта түшүнбөйбүз да, жашпыз. Ошол сөздүн маанисин алардын курагына жеткенде түшүндүм. Наамдан дагы элден артык баа жок. Менин КРнын эл артисти болушума жолдошум Адылбек Кыязовдун салымы зор. Кечке үй бетин көрбөй жүргөндө, ал үй жумуштарын кылып, тамак жасап, мени күтүп отурар эле. Ушинтип бири-бирибизди түшүнүшүп, эриш-аркак болгон үчүн ушул даражага жеттик окшойт. Адылбектин бүткөн бою музыка. Ал өзүнүн боюндай эки метр ырларды жазат. Экөөлөп ырдайбыз. Өкүнүчтүүсү, Адылбекти 12 жолу КРнын эмгек сиңирген артисттигине көрсөттүк. 34 жыл иштесе да, эмдигиче наамга илинбей койду. Адылбек 50дөн ашык обондорду жаратып, "Ак кеме" спектаклинин музыкасын толук жазды. Ырларын белгилүү аткаруучулар ырдап чыгышты. Кайсы жерге барбасын эл Эмгек сиңирген артист го деп ойлошот. Бирок өкмөт тарабынан эмгеги бааланбай жатат.
Экөөбүздүн Айсенем жана Нурбек деген балдарыбыз бар. Балабыз биздин жолубузду жолдоп актёрлукту тандады.




  "Жаш көрүнгө-нүмдүн купуя сыры бар"

Дамиранын
назиктигине арбалып
Мен Филармониянын алдындагы 2 жылдык студияны бүтүп барып, Нарын театрында иштеп калдым. Мен барган күнү баары командировкага кетип калыптыр, анан бир айга чөпкө кетип калдым. Кыздар менен тааныштым, анан негедир Дамиранын чырайлуу апакай жүзүнө, назиктигине арбалып жактырып калдым. Ошентип жылдызыбыз келишип, бири-бирибизди жакшы көрүп калдык. Таанымал инсандардын көпчүлүгү эки же үч аял алышат да. Мен үйлөнгөндөн бери бир принципти сактап келе жатам. Балалуу болгондон кийин, аны тирүүлөй жетим таштабаш керек. Чыгармачылыкта гана эмес, үй-бүлөдө да жашоонун жыргалы менен кууралын бирге татып келебиз.
Жалил агайды таарынтып алып...
Ал убакта ар бир район "Ыр кесе" уюштурчу. "Кел, жигиттер, кел, кыздар" деген ырым атайын "Ыр кесеге" заказ менен чыгарылган. Азыркылардын сөзү менен айтканда, бир топко чейин "хит ыр" болду го, чиркин. Эргүү келген учурубу, айтор, бир-эки сааттын ортосунда эле ушул ырым жаралды. "Ыр кеседен" биринчи орунга татыктуу болгонбуз.
Андан соң Омар Хаямдын Жалил Садыков которгон "Падыша бол, кайырчы бол баары бир, өлүм үчүн бирдей сенин катарың" деген ыры элге жакшы таанылган. Негизи, котормо да эң чоң ролду ойнойт да. Жалил агай: "Качан болсо Омар Хаямдын ыры деп айтасың"-деп мага катуу таарынган. Ырдын автору эмес, ошону майын чыгара жеткиликтүү кылып которгон адам да. Дамира таланттуу актриса да, ушул ырды ырдаганда образга берилип аткарчу. Азыркыга чейин эл сүйүп уккан ыр "Бул күндөр кандай гана ырахаттуу" деген ырым да убагында популярдуулуктун туу чокусуна жеткен.
Аз жерден ала качып кете жаздаган
Популярдуу болуп турган маалда мени аз жерден ала качып кете жаздаган да. Спорт сарайында Рыспай Абдыкадыров, Бабаравшан Тургунбаев, Сталбек Тагаев, Жолдошбек Мамажанов, Токон Эшпаевдер менен бирге концерт койдук. Концерт бүткөн соң, бир жерде чогуу отурдук. Мен эсимди жоготкончо кызууланып калыпмын. Топ кыздар мени сүйрөп алып чыгып жатышат. Дамира шекшип калып, кыздар менен урушуп алып калган. Ушул убакка чейин көп нерсени Дамира кармап калды. Бара-бара жаш өткөн сайын келинчегиңдин чоң баласындай болуп калат экенсиң. Дамира: "Үйгө кыз-кыркын келген жок беле. Бир жерге катып койгон шакек, сөйкөлөрүм жок"-деп күмөн санап калат да, издеп жатып кайра өзү таап алат.
Өз катачылыгымды мойнума алам
"Казан-аяк кагышып кетсе, кантип айласын табам?"-деп да ойлонбойм. Дамиранын бетке айтмай мүнөзү бар. Баарына сеники туура деп тура берем, анткени, өзүмдүн кетирген катачылыктарымды мойнума алам. Ошентип убакыт өтөт, кайра жазылып кетет. Кечиримдүү мүнөзүн жогору баалайм. Өтө кызгандыра турган деле иш кылбайм. "Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт" деген макал биз үчүн эмес. Таанымал инсандардын арасында үй-бүлөнү сактап келген чыгармачылдардан биз үлгү болчудайбыз. Жалгыз гана биз дештен да алысмын.
Жашымды эч кимге айтпайм
"Сыр аяктын сыры кетсе да, сыны кетпейт" дегендей, жаштыгым сакталып калса керек. Ашпозчулар даярдоо ыкмасынын сырын жашыргандай, менин жаш көрүнгөнүмдүн купуя сыры бар. Болуп көрбөгөндөй эргүү келгенде, обон чыгарып барган сайын жашарып калам. Индия тасмаларына азыркыга чейин куштармын. Сулуу актрисанын жанындагы жигиттин ордуна өзүмдү коюп, ошондон эргүү алам. Биздин жаштыгыбыз ошол тасмалар менен өткөн да. "Таштагы гүл", "Сангам", "Зита-Гитаны" кайра-кайра тажабай көрө берем.
Динара Асылбекова







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??