п»ї

А.Атамбаев: "Биз эч жакка кетпейбиз"
Өкмөттүн 11-апрелде болгон жыйынында премьер-министр Алмазбек Атамбаев бизди эртең кеткиле десе эле кетип калат деп эч ким ойлобосун деп билдирди. Өз сөзүндө:"Кимдир бирөө өлкөдөгү саясий кырдаалды күчөтүп жатса, мунун баары жөн гана "пшик". "Революция уюштуруп, өкмөттү кыйратабыз дешти эле, эми эл, кудай жалгап, бул жылы тынч иштеш керектигин түшүнүштү", - деди премьер-министр. "Мен ИИМ, Башкы прокуратурага тартипти орнотууга чакырат элем. Инвесторлорду коркутууну токтотуу керек, алар тынчтыкты жактырышат. Биз тартипти орнотуп, чек араларды бекитебиз. Убактыбыз тар, иштеш керек", - деп да кошумчалап өттү. Андан сырткары, өлкөнүн тынчтыгы үчүн иштешибиз керек, өлкөнү баш аламандыкка алып келем дегендердин колунан эч нерсе келбейт. Коркутуп койсо кетип калат деп ойлоп жатышат, бирок биз эч жакка кетпейбиз. Биз мындан ары өлкөнүн тынчтыгы үчүн иш алып барабыз, - деп кетти. Мамлекет башында тургандардын баары эле башында "алтын балыкты" кармаган абышканын тилектерин аткарабыз" деген өңүттөгү сөздөрүн беришет. Бирок өзүңүздөр билгендей, убакыт, мезгил баарына тараза болуп калат эмеспи.


Чотонов менен Текебаев кыздарга кызыкканда
Ошол эле сайтта "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотонов экөөнүн жоруктарын жазышкан. Анда "Дүйшөн Чотонов менен Өмүрбек Текебаев Бишкектин Токтогул-Шопоков көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Мажор" кафесинен чыкпай калышты (Аликбек Жекшенкуловдун үйүнүн жанындагы). Кичине бош убактылары болсо эле, ошол жерге "зыр" коюшат экен. Неге мындай? Баш калаада башка деле кафе-ресторандар толтура го... Көрсө, кептин баары тереңде жатыптыр, эй! Ал "Мажор" кафесине чылгый сулуу периштелер барышары, анан аларга кайран Өмүке менен Дүйшөн мырзалар көз артышканы, суктангандары белгилүү болду. Кофе-коладан тамылжый ичип, кайф кармашып... Жигиттик доордун эң жогорку үлгүсүн мына ушундай суктануу менен өткөрүшкөн саясатчыларга баракелде! Анын үстүнө жаз айында жер жарылып, ургаачы-эркектердин да делебеси козголору белгилүү. А ушундай жаратылыштын мыйзамы астында Чотонов менен Текебаев да дүүлүксө болбойбу? Кыскасы, бу эки лидерге ашык болгондор "Мажор" кафесине барышса, ошол жерден автограф алуу шылтоосу менен таанышсаңар болот. Эшик ар дайым ачык!" - деп жазылган.


Сулайманов Ташиевден кечирим сураган эмес
Эл арасында "Саясатың сасык иш" деген сөздөр бекеринен жүрбөсө керек. Саясатчылар катуу чүчкүрүп алса да, биринин артын бири чукуп, "бул жөн чүчкүргөн жок" дешип, уу-дуу болушканы өтө деле өөн көрүнүш болбой калса керек. Саясатка катуу аралашкан карапайым калк кайсы депутаттын кайдан дем алып, кандай "иш" кылып жүргөндүгүнөн кабардар. Кечээки эле сессияда "Ата Журт" партиясынын анабашы Камчыбек Ташиев менен "Республиканын" балбаны "челюст" атыккан Алтынбек Сулаймановдун жыйын залынан мушташып, андан кийин бети-башын кан жалатканга чейин алып барганын массалык- маалымат каражаттары төкпөй-чачпай, жада калса, ортого арачыга түшө калган Садыр Жапаровдун жарылган чекесинен бери гезит беттерине чыгарышты эле. Мына ошол окуянын "куйругу" азыркы күнгө чейин бүтпөй, чубалганы чубалган. Ошол окуядан кийин, маалымат майданында Сулайманов Ташиевден кечирим сурап, экөөнүн мамилеси жакшы болуп калды деген маалыматтар тараган. Бирок, alaman.kg сайтына Алтынбек мырза Камчыбек Ташиевден эч кандай кечирим сурабаганын, Садыр Жапаровдон таяк жебегенин билдирди.


"Ата Журт" Ө.Бабановду кызматтан кетирүү талабы менен коалицияда калат
"Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Өмүрбек Бабановду кызматтан четтетүү талабы менен "Ата Журт" фракциясы коалицияда калуу чечимин чыгарды", деп билдирди 11-апрелде фракция лидери Камчыбек Ташиев. Анын айтымында, "Ата Журт" фракциясынын бүгүнкү жабык эшик артындагы жыйынында "Ата Журт" партиясы коалицияда калуу чечимин чыгарды. "Эгерде бир талап аткарылса - Ө.Бабанов кызматынан четтетилсе - бул чечимди фракциянын бардык мүчөлөрү колдоп, учурда бул боюнча менин колум коюлган кайрылуу А.Атамбаевге жана калган фракциялардын лидерлерине жөнөтүлөт", - деди ал. "Бул сунушту башка фракциялар колдойбу?" деген суроого К.Ташиев колдобосо да, колдосо да өз эрки, деп жооп берди. Ө.Бабановду кызматтан кетирүү талабы парламенттеги чыр-чатактарга, "Мегакомго" байланыштуу.


Маданият
Н.Шакиев Азербайжанда өткөн маданияттар аралык дүйнөлүк форумга катышты
Маданият жана маалымат министри Нурланбек Шакиев 6-апрелден 10-апрелге чейин Азербайжандын борбору Баку шаарында өткөн "Маданияттар аралык сүйлөшүү" деген аталыштагы бүткүл дүйнөлүк форумга катышып келди.
Министрликтин басма сөз кызматынан билдиришкендей, аталган форум Азербайжан тараптын демилгеси менен ЮНЕСКО, БУУ, ИСЕСКО жана Европа кеңеши өңдүү абройлуу эл аралык уюмдардын колдоосунда өткөрүлдү. Форумдун алкагында маданияттар арасындагы өз ара түшүнүшүүгө болгон тоскоолдуктарды жоюу жана тажрыйба алмашууну күчөтүү тууралуу бир катар маанилүү маселелер талкууланды.

Кырсык
Кыргызстанда 6 баллга жеткен жер титирөө катталды
9-апрелде, ишемби күнү кечки саат 18:30 чамасында 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул боюнча ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Жер титирөөнүн эпицентри Нарын облусунун Чоң-Дөбө айылы болгон. Аталган айыл Жумгал районунда жайгашкандыктан, Жумгал районунун Куйручук, Түгөл, Баш-Кууган жана Таш-Дөбө айылдарында жер титирөө 6 баллга жеткен. Ал эми Арал, Чолпон жана Элкин айылдарында 4 баллга жетсе, Кочкор районунун Шамшы айылында жана Жумгал районунун Миң-Куш шаарчасында 3 баллды түздү. Ал эми Балыкчы, Кант жана Бишкекте 3 балл болду.


Сайдулла Абдуллаев: "Алманбет Анапияевдин күнөөсү жок"
Эл аралык "Алыш" күрөш федерациясынын жооптуу катчысы Сайдулла Абдуллаев аталган федерациянын президенти Алманбет Анапияевди президенттигинен алууга каршы пикирин билдирди. 11-апрелдеги АКИpress маалымат агенттигине берген интервьюсунда "Алыш" федерациясында Анапияевди кызматынан алуу тууралуу сөз козголбогонун айтып өттү. Анын сөзүндө, "А.Анапияев 2010-жылы Эл аралык "Алыш" федерациясынын президенти болуп дайындалган жана ушул күнгө чейин кызматынан алына элек. Эл аралык федерацияда Анапияевди кызматынан алуу тууралуу сөз да болгон эмес. Мунун баары-ушактар. Ал эми, анын издөөдө жүргөнү тууралуу атайын соттун чечими жок болгондуктан, ал эч кандай күнөөсү жок деп эсептелинет", - деген жообун айтты. Кошумча маалымат катары белгилей кетчү бир нерсе, КРнын ИИМи Алманбет Анапияевди Камчы Көлбаевдин уюшма кылмыш тобунун мүчөсү катары издөө жарыялаган.

Орзубек Назаров бокс боюнча АкАКтын курамына кирди
Орзубек Назаров бокс боюнча Азия конфедерациясынын аткаруу комитетинин курамына кирди.9-10-апрелде Казакстандын Астана шаарында бул боюнча атайын дайындоолор болду. Белгилей кетсек, О.Назаров бокс боюнча Азия конфедерациясына Кыргызстандан кирген биринчи спортчу.

Нарын облусунун ар бир айылына хоккей аянтчалары курулат
Эми Нарын облусунун ар бир айылына хоккей оюнунун аянтчалары курулат. Бул тууралуу Нарын облусунун губернатору Канатбек Муратбеков облустагы хоккейчилер менен болгон жолугушууда белгиледи. "Чынында биздин мамлекетте хоккейдин мекени Нарын болуп саналат. Мунун далили катары Астана жана Алматы шаарларында болгон 7-кышкы Азия оюндарындагы мелдеште биздин хоккейчилердин ийгиликтери күбө. Мында,негизинен, нарындык спортчулар ойношту. Ушундан улам быйыл ар бир айылда атайын муз аянтчаларды салууга тапшырма берилүүдө", - деди губернатор.

Каныбек Сагынбаев Дмитрий Райковдон жеңилип калды
Кыргызстандын бильярдчысы Каныбек Сагынбаев Кишиневде өткөн чемпионатта "Эркин пирамида" боюнча дүйнөлүк кубоктогу өзүнүн оюнун ойноду. Бильярд спорт билдиргендей, 1/16 финалда биздин бильярдчыбыз орустардын Дмитрий Райков аттуу оюнчусуна 2:6 эсебинде жеңилип калды. Ошондуктан, К. Сагынбаев аталган турнирден чыгып калды.





Бир бүркүм маалыматтар
Кыргызстандын Президенти Роза Отунбаеванын жарлыгы менен Азимбек Бекназаров Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул боюнча, Президенттин басма сөз кызматы билдирди.


Оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Бишкек шаарынын кээ бир кичирайондорунда газ берүү убактылуу токтотулду. Октябрь районунун кичирайондорунда, "Тунгучта" жана "Түштүк-2" райондорунда газ берүү токтотулду. Бул боюнча "Кыргызгаз" ААКмунун басма сөз кызматы билдирди. Оңдоп-түзөө иштери күнү-түнү жүргүзүлмөкчү.


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Абдишарип Бекилов аталган министрликтин Ат-Башы райондук бөлүмү Ак-Сайдагы абалды тактап-иликтөө иштерин жүргүзүп жатканын кабарлады. Буга чейин Нарындын Ат-Башы районуна караштуу Ак-Сай өрөөнүндөгү Сары-Иймек, Кароол кыштоолорунда тоют жетпей мал кыргынга учурап жатканы маалымдалган.


Экономикалык тескөө министри Учкун Ташбаевдин маалымдашынча, Бажы биримдигине кирген мамлекеттер 15-майда Ялтада жолугушуу өткөрүшөт, сентябрда дагы жыйынга чогулуп макулдашууга кол коюлат. Андан соң Кыргызстан Бажы биримдигине кирүү боюнча макулдашууну ратификациялашы керек болот,-дейт Ташбаев. Аталган биримдикке азыр Орусия, Казакстан жана Беларусь мамлекеттери мүчө.


Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымдашынча, Кыргызстанда азыр кант диабети менен ооруган 32 миңден ашуун адам каттоодо турат. Мындай дартка чалдыккандардын баары такталып-аныкталбагандыктан, бул сан дагы 2-3 эсеге көп болушу мүмкүн.


Кыргызстандын Теннис федерациясынын президенттигине Марат Теңизбаев дайындалды. Ал эми анын генералдык секретары болуп Улан Акималиев дайындалды.


Биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов Орусиядагы иш сапарынын алкагында 10-апрелде Москвада орусиялык ишкерлер менен жолугушту. Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын билдиришинче, жолугушууда Бабанов ишкерлерге бизнес-долбоорлордун тизмесин түзүп сунуштоону, кыргыз өкмөтү мындай инвестициялык долбоорлорду колдой турганын айтты





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??