"Мен сүйө турган
жигит али төрөлө элек"
"Эркетаймын" деген клибинен кийин көптөгөн жигиттердин арзуусуна айланган, Жети-Өгүздүн ак куусу Лира SEVEN менен сырдаштык. Абдан шайыр, болгонун болгондой кылып бетке айткан ырчы кыз менен болгон маек назарыңыздарда

Лира SEVEN
Параметри 98-67-102.
Кыпкыска шортиктерди кийгенден ырахат алат.
Достору көбүнчө чет өлкөдөн болгондуктан, батыштын стилине басым жасайт.
Таңкы беште туруп алып, музыканы болушунча катуу коюп, үйдөгүлөрдү ойготконду жакшы көрөт.
Малайзия, Вьетнамдын сахнасында ырдаган.
Репертуарында чет тилдеги ырлар көп.
Кимдир бирөөнү жактырып калса, өзүнө тартып алуу күчү бар, сүйдүртүп алганга кудурети жетет.
Такасыз такыр жүрбөйт. 12-18 смге чейин киет
Интеллигент, спорт менен машыккан жигиттерди баалайт.

- Эркектер кыска кийинген кыздарга кызыгышат, бирок үйлөнүшпөйт деп коюшат. Сиз буга кошуласызбы?
- 50% кошулам. Жубай кылып албагынын себеби, жеңил ойлуу деп ойлошот. Байкасаң, тескерисинче, андай кыздар өзүн кыйын сезгендей болуп көрүнүшөт. Андайларды өмүрлүк жар кылып алмак түгүл, жанына жакын басып келгенден көбү коркушат. Түшүнбөйсүң, жашоодо ар кандай адамдар болот, ар биринин ар башка ою бар. Баарынын ою менен болушум керек деп кыйналуунун кереги жок. Жигиттердин ою боюнча, элдин көзүнчө кыска, модалуу кийинген сулуу кыз жүрүп, үйүндө аялы катары таптакыр башка бирөө отурушу керек. Бирок баары ушундай деп айта албайм. Эч нерсесине карабай, башы айланып сүйүп калса, кыска кийинген кыздарды деле ала бергендер четтен чыгат.
- "Эркетаймын" деген клибиңизди элге тартуулаганда, ар кандай сын-пикирлер айтылды…
- Ар бир адам өзүнүн оюн айтканга укуктуу. Кээ бирөө чын дили менен сын айтса, көпчүлүгү көрө албай айта беришет. Мен бирөөнүн ою менен эч убакта жашабайм. Биз деген демократиялуу мамлекетте жашап жатабыз, ар бир адам өзү каалагандай кийинет, каалаган нерсесин жасай алат. Мага алтын убактысын бөлүп, СМС жибергенге акчасын кетирип, сын айткан адамдарга чоң рахмат айтмакчымын. Ошого кетирген убактысына өздөрүнө пайдалуу нерсе жасап алса болмок. Мага көңүл бургандары үчүн миң мертебе ыраазычылыгымды билдирем.
- Кыска кийинген стилиңиз менен элге дароо таанылайын дедиңиз беле?
- Андай ой менде такыр болгон эмес. Башка өлкөлөрдө ким кандай кийинип жатат, эч кимдин деле иши жок. Биз эле дароо сөз кылып киребиз. Керек болсо, хиджаб деле кийип коё берем. Мен бир гана кыска кийинбей, улуттук көйнөктөрдү да кийип ырдайм. Эмнегедир аны байкабаптырсыздар. Кыска шортик менен клипке тартылыпсың деп жатышат, Кыргызстанда менден башка эч ким кийбейби? Баары эле кийип жүрүшөт, чынбы? Мага кийингеним абдан жагат. Ошондуктан ушундай стилде кийинип, ырдап чыктым. Фигураң болсо, денеңдин сулуулугун көрсөткөнгө эмне жетсин?!
- Жигитиңиз барбы?
- Ырчы десе эле, жигиттери көп, жигити бар, мен кечигип калдым деп ойлошот экен. Көбү ошентип ойлоп эле, мага суроо бере албай, жанымдан өтүп кетишет да. Жигитим жок, жүрөгүм бопбош.
- Анда кандай жигиттер жүрөгүңүздү багынтканга аракет кылышса болот?
- Идеал тутуп алып, андайларды таппай жүргөндөрдүн катарын толуктайм. Менин жигитим, балким, төрөлө электир. (Күлдү)
- Жашыңыз келип калыптыр, турмушка качан чыгасыз?
- Кара далы болуп кетем деп, эрте турмушка чыгып алгандарды көрүп жатпайбызбы. Ажырашып жатышат. Турмуш деген оюнчук эмес да. Жакшылап ойлонуп, жети өлчөп, бир кесиш керек. Кудайым буюрган күнү мен дагы турмуш жолуна аттансам деген тилегим бар. Бирок так күнүн же жылын айта албайм. Азырынча белгисиз. Алгач жигит табайын, анан баш кошуу тууралуу ойлонобуз да.
- Турмушка чыккандан кийин дагы деле ачык кийине бересизби?
- Көндүрөбүз да.
- Чиновниктер сизге "интим" сунуштаган учурлар болгонбу?
- Сунуштагандар болгон. Бирок мен жооп берген эмесмин. Жооп бербей койсоң эле, сен кандай кыз экениңди өздөрү түшүнүп калат. Эгер күчкө салып, бир нерсе кыла турган болсо, албетте, кандай салам болсо, ошондой жооп берем. Ар бир адам өзүнүн укугун коргой билиши керек. Кудайдан эле корком, башка эч кимден коркпойм.
- Мусулманчылыкта кыска киймек турсун, ырдап чыккан күнөө. Намаз окуюн деген оюңуз барбы?
- Чыныгы мусулман деп арабдарды айтса болот. Мусулманчылыкта керек болсо, аялдарын иштетпей үйгө отургузуп коюшат. Ал жакта болсоң, сен журналист болуп иштей алмак эмессиң. Көп нерсеге тыюу салынат. Ошондуктан биз толук мусулман эмеспиз. Кайсы жерди жердесең, ошол жердин ырын ырда демекчи, биз эркин мамлекетте жашагандан кийин, ар ким каалагандай жашашы керек. Кээ бирлер оронуп-чулганып алып деле толтура күнөөлөрдү кетирип жатышпайбы, мен күнөө деп деле эсептебейм. Эң негизгиси Алла Тааладан коркуп, жүрөгүң таза болушу зарыл. Азырынча айта албайм, балким, намаз окушум мүмкүн.
- Кимдир бирөөнү сүйүп калдыңыз дейли, сүйүүңүздү билдире алат белеңиз?
- Андай учур боло элек. Жигиттер мага сүйүүсүн арнашат. Биздин менталитетте жигит сүйүүсүн биринчи болуп билдириши зарыл. Мен бирөөнү сүйүп кала элекмин, сүйүп калсам сага айтып коём, билдире аламбы,жокпу. Эгер жигит чындап эле менин сүйүүмө татыктуу болсо, билдире алмак болушум керек.
- Жарандык никеге кандай көз караштасыз?
- Мен ага түз эле карайм. Эгер ошентип жашап жаткандар бар болсо, эмнеге болбосун?
- Жарандык никеде жашоого сунушташса, макул болот белеңиз?
- Мага андай сунуш боло элек, ошондуктан азырынча бул суроого жооп бере албайм. Мен эч убакта андай болбойм деп айтпаш керек. Себеби, жашоодо баары тескери болуп калат.
- Тамеки чегип, спирт ичимдиктерин ичесизби?
- Тамеки чекпейм. Майрамдарда винодон кичине ууртап коём.
- Эмне үчүн фамилияңызды өзгөртүп чыгууну чечтиңиз?
- Ысык-Көлдө илгери акылман жети аке болгон. Ошол жети акенин бири Карга аке менин жетинчи атам болуп калат экен. Ошого да карадым. Бул сөздүн кыргызча которулушу жети. "Жетинин бири-кыдыр" деп коюшат го, жети саны мен үчүн көп ийгилик алып келген сан. Бирок документ боюнча Урманбетова бойдон эле калам.
Айзирек Келдибаева