п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Калкым!-деп калем кайрыган
(С. Эралиев)

Бул айтылган ой-пикир, балким, кайсы бир кеңеш-сунушка себеп болгон эмгек, адабиятыбызга 80-жылдардан бери белгилүү болуп келаткан акын Манап Алиевдин 50 жылдык мааракесине арналып чыгарылган "Жан күйөөр" китеби. Чыгарма, негизинен, эки поэмадан жана ар кандай темадагы ырлардан турат. Жалпысынан алганда, ар бир автордун эмгеги ошол адамдын өзүн, акыл-эсин, табитин, жашоого, жаратылышка, тарыхка көз карашын чагылдырып турат эмеспи. Мезгил жылдар менен улам убакыттан топтолгон өзү көргөн-билген тажрыйбасы менен өзүнүн үнүн, стилин, ритм-рифмасына чейин калыптандырып жүрүп отуруп "ой тери" тамчылаган эмгек менен, изденүү менен өз тамгасын тактаган натыйжага келет. Бул иш байыртан келе жаткан кыргыз элинин эн, тамга салуу ишине окшошуп кетет. Азыр деле айыл жеринде ар ким төрт түлүгүнө тамга салганы анын башкалардан айырмалап, белгилүү бир адамга тиешелүү экендигин билгизгенин жашоо чындыгынан көрөбүз. Так ошол сыңары акын Манап Алиевдин китебинин өзүнүн үнү, тили, ой айтуу ыкмасы, түз айтканда "эн-тамгасы" калыптанып калганын айтылып жүргөндөй китеп менен иши бар экени ар бир адамга көрүнүп турат. Бул иште, өзгөчө олуттуу поэзияда, өзүнүн жолун, жазуу ыкмасын табуу көптөгөн жылдарды эмгек менен кошо талап кылып келгени менен далай чыгармачыл адамдар көптүн бири болуп келгени да чын. Кээде бир нече адамдын эмгектерин окуп отуруп бирөө да даана, так, ачык көргөзө албаганын, чыгармадагы теманын ойдун ар кандай болгону менен өзүнө гана мүнөздүү болгон "үн" угула койбой жалпы хордун ичинде калгандарын байкайсыз. Ушул көрүнүштөн кийин акын Манап Алиевдин "Жан күйөөрүндө" өз (почерки) ыкмасы бар экенин ырлары аныктап берет. Айтылган ойду түшүнүү үчүн бул эмгекти бир эле жолу окуп коюш жетишсиз, мындагы чыгармалар сыртынан жөнөкөй көрүнгөнү менен бир топ татаалдыгын поэзия деген эмне экенин "ийне-жибине" чейин билгендерге да түбүнө чейин түшүнүү кыйынга турат. Буга мисалды чыгарманын өзүнөн издеп көрүңүз. Эң биринчи маани бере турган иш бул- китептин аты. Адам жашоосунда жер аттарынан баштап адам атына, ысымына чейин эң маанилүү иш анын аталышынан башталып, аталышынан бүтөт. Буга акындын төмөнкү ыры даана мисал болмок:
"Ас-Ман-Манас, жөн эмес".
Бул жерде -дүйнөдөгү эң улуу эпостун баш каарманы кыргыз элинин айкөл Манасынын аты чексиз Асман-Аалам менен байланыш экенин ишаарат кылганы көрүнүп турат. "Эптеп жашап көн эмес…" деп, сен Манастын урпагысың, айдаган жакка кете бергидей эмессиң деген ойду ишаараттап жазганын көрөбүз.
Баса дегидей ат-ысым сөзүбүздүн аягына чыгарсак "Жан күйөөр…" деп автор эки мааниде койгондой. Биринчи: сизге боор толгоп, жан тартып, жардамын кеңеш түрүндө, иш түрүндө көргөзгөн. Сиздин жакшы жактарыңызга жаны күйүп, олдоксон, алабарман жактарыңызга жаны күйүп тынчсызданган эң жакын адамдын образы эске түшөт.
Мисалы: тууганыңыз, досуңуз, жарыңыз, кошунаңыз, бир позициядагы пикирлер замандаштарыбыз жана башка ушул сыяктууларды айтсак , экинчиден, жалпы жашоодогу, өлкөлөр, улуттардагы, табияттагы ошону менен кошо өзүбүздүн элибиздеги чалкеш маселелерге болгон тынчсыздануу, кабатыр болуп түйшөлүп, кадимки Асан-Кайгынын образы менен бүгүнкү, кайра куруудан берки жашоо мейкиндигиндеги катылган көркөм полотнонун ыр түрүндө китеп болуп окурмандарга жетиши. Балким, баары жайында болсо акындын бир катар ырлары так ошол "Жан күйөөр…" маанисинде жазылбас эле. Мисалы: "Өзгөрбөгөн оттун күйүп жалыны" деген ырындагы мындай саптарды окуйлу:
Жер айланып өз огунан айрылбай,
Азыр көргөн, азыр өтүп кайрылбай.
Көз көргөнүн, өзгөргөнүн унутуп,
Анан кантип жашамаксың кайгырбай?..
Же болбосо, "Бутуң туруп аксайсың" деген ырда:
Журттун ишин түртө салбай, жашка эле,
Баса калып күч чыгарбай ашка эле .
Калыс сөзүн айткан чалдар, бүгүн жок,
Биз чоңоюп өскөн кезде башка эле.
Мына, ушундай көрүнүштү санаасында сыдырып отурган адамдын-автору да "Жаны күйөбү?" же кайдыгерлик сезимде калып, өз очогуна түркүн жол менен күл тарткан, жок дегенде акын жазгандай санаа тартып түйшөлүүгө ыйманы жетпеген маңкурттун "Жаны күйөбү?" Эсимде, бир кезде Урмат Кыдыркулов: "Элиңди уруп койбогондор да бар экен",- деди эле. Акын Манап Алиев дал ошол элди уруп ойнобогондор жөнүндө айтып турганын бул саптардан билесиз:
Мүңкүрөтүп улутту,
Мукуратып курутту.
Муңун, ыйын, убалын,
Кусур атып унутту.
Деген сөздүн бутасын,
Багыт көрүп тутасың.
Канатың жок күүлөгөн,
Анан кантип учасың?!
Автор мында кайра курууда бүгүнкү күнгө чейинки жашоонун өйдө-ылдыйын, пас-бийигин өтө катаал реалист катарында сүрөттөгөн. Мындай ачык, так, көркөм салыштыруу менен жазылган саптар анын китебинин бардык жеринен жолугат. Ошондуктан биз аны катаал реалист дегенибиз ашыкча болбос. Ошону менен бирге бул ыр мындай туура өтүнүч менен аяктаган:
Сурабагын "кайда-л-а-п"
Жулкунбагын, "пайда-л-а-п",
Өзүңдү өзүң жебегин,
Маңкурт болуп "майда-л-а-п".
Ар бир кыргыз, ар бир адам, деги эле улуту ким болсо да бул ырдагы ойду акыл-эс жетегине алып жүрсө өзүнүн адам атын актайт эле.
Автор өз чыгармасын "Жан күйөөр…" деп коюшуна себеп болгон саптар жана ырларындагы айтылган ойлор өтө эле көп экен. Алардын баарын санап, талдаш үчүн докторлук болбосо да илимий кандидаттыктын ишин жазууга туура келмек. Мисалы: "Дүйнө ушул", "Ушундай жалган дүйнө", "Кур бекер жашыганың", "Ойлонбогон убалдык", "Байлыгын көргөн көз жалган", "Башканын турган оңкосу", "Берсең жагып алынасың колдоого", "Өгөлүп өмүр сыналган", "Жалгыздык", "Өлбөсүн, Асан Кайгылар", "Аккан дос менен капкан дос жөнүндө Тураттын айтканы" ж.б.у. с. Ырларды окуп отуруп анын чыныгы жашоонун калп айта албаган чынчыл, акыйкат жүрөгүнөн чыккан чыгармаларынын күбөсү болосуз. Ошону менен бирге жалаң гана ыйлап-сыктаган, мүңкүрөгөн ырлар менен көркөм чыгарма жазуу көңүл талабы эмес экенин автор терең акыл менен көркөм табылга, оптимисттик пейил , ой-ниет менен жазган сонун ырлары бар. Мисалы, китептин башталышында:
"Күкүк" багып учурган кыргыз,
Муңбай өткүн учурдан кыргыз- дегени,
"Бүркүт" багып учурган кыргыз,
Муңбай өткүн учурдан кыргыз, -деп оңдой окуп, "Нурдан бүткөн кыргызсың" деген ырга көңүл түшөт. Кыргыз элинин түптүү эл экенин жалпылап келип, мындай "жайык" саптарды ыраазы боло окуйсуздар:
"Тегиң" тектүү каралган,
Тамыр жайып таралган.
Теңир сүйгөн кыргызсың,
Теңир колдоп жаралган.
А береги "Манас-биздин атабыз" деген ырда кыргыз элинин жер-шартка тиешеси бардыгын тарыхый жер аттары менен айтып, "чапса мизи жанбаган" эл экенин жөнөкөйлүктүн тереңдиги менен чагылдырганы жазылган.
Күндү көрүп жатабыз,
Неге башты катабыз.
Ар-намысты көтөргөн,
Манас биздин атабыз,-деген.
Чачылганын жыйнаган, үзүлгөнүн улаган Айкөл Манастын образын берип, элдин жигер духун-рухун көтөргөн ырлары менен коштогон. Мисалы:
Тирүүлүк -деңиз, кыргыздай,
Чөктүрбөс бактың-"кемең" бар.
Ал эми эң жөнөкөй көрүнгөнү менен ар бир сабында атан төөдөй маани жашырган куплетти карайлы:
Чачылып тозуу-күлдө бар,
Ачылып озуу-гүлдө бар.
Мында күл чачылат, тозот, топуракка аралашып жок болот, ошон үчүн күл болбойлу деген чакырык турат да, кадимки эле гүлдүн ачылып, жасанып, өзүн-өзү карап озууга аракет кылганын романтик маанайда туюндурган. Кийинки саптарды:
Ынтымак, ырыс жеңчүдөй,
Кыргызды кыргыз үндөп ал! -деп бүгүнкү, эртеңки жашоо жарышында элибиз башкалардай өз өлкөсүндө өз бактысына ээ болсун үчүн бирине бири кайдыгер болбой, бирин-бири үндөсүн деген улуу чакырык турат.
Жогоруда Эл акыны, эл баатыры,Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Сүйүнбай Эралиев агайыбыздын автор жөнүндө: "Арстанбек, Токтогул, Барпы акындардын тутунган үлгүлөрүн бир топ өздөштүргөнү жана ошол үлгүдөгү жазылган ырларына жаңы түс, жаңы боёк, жаңы өзгөчөлүк берүүгө болгон аракети байкалып турат" деп баа бергенин китептеги чыгармалардан улам эч күмөнсүз ишенесиз. Сүйүнбай агай айткандай:"Поэзиядагы масштабдуулукту карманганы" өзүнчө сөз болуусу кажет. Акындын анык патриот экенин далилдеген ырлар арбын. Мисалы: "Ата Журтуң жаныңдай". Бул абдан иштелип, ныкталып, пресстелип жүрүп отуруп жыйынтыгы мындай:
Ата-Журтчул намыс күчөп ар деген,
Кандай жакшы "Жан күйөөрү" бар деген.
Атың чыгып, атың турсун айтылып,
"Аталардын пейлин күтүп-шар" деген.
Бул ырга "Тоолордун суусу шар агат" деген сап гана жетишпей тургансыйт. Бул "Эли бардын-куту бар" деген ырда кайсы бир куш тулпар таптаганды билбеген маңкуртка окшогон айрымдарды сындаганы, эл баары бир керек экенин дагы кайталап мындай жыйынтык берген:
Эли жоктун "жуту" бар,
Эли бардын куту бар.
Куш сыяктуу уяга,
Коно турган буту бар.
Ырас, мындагы көркөм салыштырууну бир дагы акындан окуй албайсың. Куш конуп баратканда бутун сунуп конгонун баары эле көрүп жүргөнү менен аны көркөм чыгармага алып келүү талантты талап кылары чын. А мындай көңүл черин жазган көркөм салыштыруулар акында сандап жолугат. Андан ары "Эл деген кенчиң-эл экен", "Эл ушул", "Кебелбесин тоолоруң", "Атанын уулу Семетейди жоктоо" , "Өзү үчүн күйүп жашаган эмес Семетей", "Кыргыз үнү-Саякбай" ырлары өз элин чыйрак болууга үндөп, Саякбайдын үнү таланттын эмгеги "Жараткандын сыйлыгы" экенин айтып,
"Учуру турса "куурулуп",
Камырдай ийкем жуурулуп.
Азамат Чыңгыз Айтматов,
Замандан чыккан суурулуп",-деп ак ниетин ырга салат. Эми, "Аба калды сатылбай" деген ырын окуп, дагы эле кыргыз жерин элибиздин коймаарек болгону менен айкөл каармандыгын өзүнчө ой мерчем менен философиялык жыйынтык менен берген.
Айланайын Ата Журт"-
Сен ыйыксың, бийиксиң…
…Мөңгү баскан тоолордун
Ыйыктыгын ашырган.
Айланайын Ата Журт,
Көзү өткөндү жашырган.
Чимирилген ийиксиң,
Чындап мекен бийиксиң!
Негизи, Манап акындын бул китебине ар тараптуу ой айтканга анын ар кыл темадагы чыгармалары жол берет…
Көчүң кыргыз уланып,
Жолуң болуп ар заман.
Кандай күндү көрбөгүн,
Болгун, кыргыз, сен аман!
Бул эмгек Акун Токтосартовго арналып, Асан Кайгынын стили менен заманын сындап өтүп, кыргыз элине ак тилегин айтат. Автордун бул тилегин кудайым жалгасын!
Калемгер агабыз кандай пессимист, кыйгычыл, кандай катаал реалист болсо да, азыр эле жогоруда айткан ак тилек ырындай табылгалары арбын. Мисалы:
Ким болду-жолуң улагыр!
Таң сүрүп атып кылаңгыр,
Агарып аздап кыран-кыр.
Буюккан түнүн жеп-жутуп,
Буйдалып житип булаңгыр.
Ашыгып шашып бараткан,
Ким болду?-жолуң улаңгыр!
Бул ыр кыргыз элинин ак ниетин ушундай бир жөнөкөй, чыныгы нурдан жаралганын, кудай колдогон эл экенин, башкага болгон ой-тилеги, кең пейили менен түшүндүрүп турат. Сүйүү жөнүндө ырлардан бир эле мисал алалы:
Жарыксың нурга булаган,
Жарымсың-көңүл улаган.
Мөлдүгүң тунук мөл болуп,
Мөлтүрсүң "мөлт!" деп кулаган.
Манап Алиевдин стили мына ушул саптарында көрүнөт. "Болгун, кыргыз, сен аман!", "Күйгөндүн сөзү"-поэмалары эркин уйкаштыкта философиялык ой-жыйынтыгы, айрыкча "Аткан таң менен кошо турам" деген ll бөлүктөн турган поэмасы, "Кайталоо-билим булагы" дегендей, эң сонун ыкма таап алганын эң туура дейсиз. Мындай заманда ыр жазып, аны китеп кылып элге тартуулоо оңой эмес. Ошого карабай "Жан күйөөр…" элге жетти. Не болсо да бул китеп жөнүндө бир топ ойлор айтылышы кажет. Ыр саптарыңыз байсалдуу болуп, элдин дух-жигерин көкөлөткөн чыгармаларды жазарыңызга ишенип турам.
Барчынбек Бугубаев







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??