п»ї
 Таанышуу жарыясы


Нурзат Садыкова
Сөзү: Б.Абакировдуку
Обону: Ж.Шералиевдики

"Карап бир койчу"
Күндө (бир) күндө (ай) кездешем,
Күлө (бир) карап (ой) беттешем.
Оору (бир) болуп (эй) жүрбөйүн,
Ойдогу сырды (ай) чечпестен.
Кете электе (ай) улгайып,
Карап (бир) койчу (эй),
Карап (бир) койчу (ай) жылмайып.

Басып (бир) өттүк (ой) кыр калды,
Балалык бизден (ай) уурдалды.
Өмүр (бир) кыска (эй) жол узун,
Өткөрбөйлүк (ай) кырдаалды.
Кете электе (ай) улгайып,
Карап (бир) койчу (эй),
Карап (бир) койчу (ай) жылмайып.

Карыйбыз улам (ай) күн өтсө,
Кабакка булут (ой) түнөтпө.
Туйдуң (бир) бекен (эй) жок бекен,
Турганың дайым (эй) жүрөктө.
Кете электе (ай) улгайып,
Карап (бир) койчу (эй),
Карап (бир) койчу (ай) жылмайып.

Кебездей жумшак (ай) мүнөзүң,
Келтирет бакыт (ой) күбөсүн.
Калыптанган (ой) күбөсүн.
Калыптанган (эй) эмедей,
Каректе калды (эй) сүрөтүң.
Кете электе (ай) улгайып,
Карап (бир) койчу (эй),
Күлүп (бир) койчу (ай) жылмайып.


"Кеңеш" тобу Россияга аттанышты
Жагымдуу ырларды, кызыктуу сюжети бар клиптерди жаратып кыргыз элине таанымал болуп калган "Кеңеш" тобу, ырчы Султан Садыралиев, куудул Жамбыл Камчиевдер менен биргеликте, ырчы Таалайбек Турдубаевдин жетекчилиги астында 13-апрелден 21-апрелге чейин Россиянын үч областына гастролдоп келүүгө аттанып жаткан учуру. "Биз буга чейин Россиянын бул шаарларында болгон эмеспиз. Биринчи жолу баратабыз. Ал жактагы күйөрмандарыбыз көбүнчө эски ырларыбызды суранып жатышкандыктан, эски ырларды ырдайбыз", - дейт "Кеңеш" тобу.


Ырчылар Арсен Жумабеков жана Айбек Замирбек уулу Юрмалада өтүүчү "Жаңы толкун-2011" фестивалынын финалына чыгышты
Жыл сайын Юрмала шаарында жаш таланттардын "Жаңы толкун" фестивалы өтүп келгени баарыңыздарга эле маалым. Бул жылы дагы салтка айланып, Кыргызстандын атынан 15ке жакын таанымал ырчыларыбыз катышышты. Ома, Гүлжигит Калыков, Кайрат Примбердиев, Асель Адилканова, Бердиматов Руслан, Жумакунова Айгүл, Жумабек уулу Адилет, Чокоев Куралбек деген ырчыларыбыздын ичинен суурулуп Арсен Жумабеков жана Айбек Замирбек уулу деген ырчыларыбыз финалга чыгышты. Айбек-Кыргыз драма театрында эмгектенген Замир Сооронбаевдин уулу. Биздин ырчыларыбызды "Жаңы толкун" фестивалынын режиссёру Александр Ревзин "Бишкек" деген топ ачып бириктирип, финалда дуэт ырдап чыгышмакчы. Бул идеяны биздин мырзалар колдошуп ,июль айында боло турган фестивалдын жыйынтыгына сүйүнүчү койнуна батпай кызуу даярданып жаткан учуру.


"Тамашоу" Алматыдан "Эң мыкты команда" деген наамды утуп келди
"Күлкү-өмүрдүн мүлкү" дегендей, кыргыз элине күлкү тартуулап, жаштар арасында популярдуулукка жетишип, күйөрмандарын күндөн-күнгө көбөйтүп келе жаткан "Тамашоунун" курама командасы, 2-апрелде Алматы шаарына барып "Эң мыкты команда" деген наамды утуп келди. "Дагы бир жолу мыкты экенибизди далилдеп келдик. Жакынкы аралыкта Москва менен Санкт-Петербургга барып келели деп жатабыз. Мындан тышкары, кечээ "Тамашоун ун" жазгы фестивалын өткөрдүк. Аябай жакшы деңгээлде өттү. Казакстандан досторубуз келип казакча ойноп беришти",- деп күйөрмандарына акыркы жаңылыктарын долбоордун жетекчиси Эрмек Нурбаев бөлүшүп кетти.


Нурлан Насип продюсери Канат Кадыржан менен Майлы-Суу шаарынан кечирим сурайт
Жарк этип жанып өзүнүн популярдуулугун жоготпой келе жаткан ырчы Нурлан Насип ушул тапта Жалал-Абад областынын айылдарын кыдырып концерт берип жаткан учуру. Өзү менен кошо сахналаш достору Мэри Шакулина, Асел Касымова, Асель Кадырбекова жана "Жоролор" тобунун куудулдары бар. "Бардык областтарды кыдырабыз. Бул жактан кийин багытыбызды Баткен,Талас,Ысык-Көл областтарына бурабыз. Концерттин жүрүшүндө атайын оюн-зооктор уюштурулуп, жеңүүчүлөргө "Нурлан Насип" деген жазуусу бар футболкалар, диск жана плакаттарды берип жатабыз. Элдер жакшы кабыл алып, улуу муундар келип батасын берип жатышат. Учурдан пайдаланып бир нерсе айта кетейин. Кечээ Майлы-Суу шаарында концерт башталганда област боюнча жарык өчүп калды. Бирок элдери меймандос келишип, тескерисинче, өзүлөрүн жаман сезишип: "Силерге уят болуп жатабыз, капа болбогула күтүп турабыз",- деп кыйкырып жатышты. Бизди колдошкону үчүн ыраазычылык билдиребиз жана кечирим сурайбыз", - дейт ырчынын продюсери Канат Кадыржан.


Ырчы, актриса Гүлнур Асанова Американын гарвард университетинде ырдады
Мукамдуу үнү менен элдик ырларды катыра аткарган, кичинесинен бери кино тармагы аркылуу элге таанылып, чыгармачылыкка аралашкан ырчы Гүлнур азыркы убакта Америкада жүрөт. "Түрк тилдүү элдердин Нооруз-2011 фестивалына катышып жүрдүм. 17-март Кыргызстандан кеткенбиз. Фестивалдын ачылышы Стамбул,Анкарада, жабылышы Нью-Йорк,Вашингтондо болуп, Нью-Йорк шаарындагы "Бириккен улуттар уюмунун" имаратында өттү. Ал жерде Дилшат Кангелдиева эже менен "Жүрөгүмдө"деген ырды дуэт аткардык. Андан тышкары, Кыргызстандын атынан Бостон шаарындагы дүйнөгө белгилүү "Гарвард" университетине жалгыз барып ырдап келдим. Бул университетте ырдоо мен үчүн сыймык болду десем болот", - деп Америка өлкөсүнөн кубанычтуу кабарын Гүлнур Интернет аркылуу сүйүнчүлөдү.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??