п»ї

Сураптырсыз жооп беребиз
Экологиянын бузулушунанбы же кытайдын кыска кийимдериненби, айтор, азыркы убакта аялзатына тиешелүү оорулар көбөйүп кетти. Кандай болгон күндө дагы ден соолугуңуздарга кам көрүңүздөр деп, сиздерди кызыктырган суроолорго "Экспресс PLUS" лабораториясынын дарыгер акушер-гинекологу Абдыразакова Чынара Акматбековна жооп берди.

Айгерим, 20 жашта:
- Менин акыркы айызым 2-мартта келген. Марттын аягында боюнда бардыгын аныктай турган тестке текшерилсем, эки сызык билдирип жатат. Анда менин боюмда эки жуманын ичинде болуп калышы мүмкүнбү?
Жооп: Ооба, андай болушу толук мүмкүн. Анткени, тесттер сейрек жаңылышат. Бирок текшере турган тесттердин дагы ар кандай түрү бар. Мисалы, арзаны жана кымбаты бар. Россия, Франциянын тесттерин алсаңыз, 70 % туура көрсөтөт.

Камила, 21 жашта:
- Айыз медицина боюнча канча күн келсе туура болот?
Жооп: Негизи, 3-5 күнгө чейин келген жакшы. Негизи, адамдын өзүнөн дагы болот.

Айпери, 25 жашта:
- Айыз келип жатканда, сактанбай жыныстык катнашка барса болобу?
Жооп: Жок, болбойт. Буга бир гана медицинада эмес, мусулман дининде дагы тыюу салынган. Келип жаткан учурда инфекция кирип кетиши мүмкүн. Ал убакта матка ачык болгондуктан, микроб кирип кетет.

Замира, 22 жашта:
- Айыз келип жатканда жыныстык катнашка барса, боюнда болобу?
Жооп: Айыз келип жатканда боюнда болбойт. Кеткенден кийин башынан аягына чейин он күн боюнда болбойт. Бул башы болуп эсептелет. Ортосуна келгенде болот. Ошондо 30 күндүн биринчи жарымы онуна чейин болсо, экинчи жарымы жыйырмасына чейин болот. Ошол убак балалуу болгусу келгендер үчүн жакшы. Ал эми үчүнчү жарымы жыйырмасынан отузуна чейин болуп калат дагы, анда дагы боюнда болбойт.

Алтынай, 6 жашта:
- Мен 16 жаштамын. 11 жашымда айызым келе баштаган. Башында убагында келчү. Эми 2 айда бир келе берет. Эмнеге?
Жооп: Гормондор бузулган. 16 жаштан кийин негизи бардыгы убагы менен келип калышы керек. Ага чейин кечигип 3 айда бир келсе, ал эч нерсе болбойт. Эч кандай коркунучу жок.

Ырыскүл, 24 жашта:
- Мага кеңеш берип коёсуздарбы? Мен жолдошум менен сактанбай, жыныстык катнашка баргам. Тактап айтканда, жыныстык катнаш учурунда (презерватив) айрылып калган. Бүткөндөн кийин дааратканага барып жуунуп келдим. Жуунуу учурунда сыртка суюктуктар чыгып кеткен.Боюмда болбой калышы мүмкүнбү?
Жооп: Тескерисинче, болуп калышы мүмкүн. Анткени, спермалар шамдагай болушат дагы, бат эле кирип жайгашып алышат. Бир киргенден кийин чыгарганга болбойт. Презервативдин ордуна атайын дары же свечаларды колдонсо болот. Алар бойго болтурбайт.

Каныкей, 24 жашта:
- Айызы келип жатканда жыныстык катнашка барганбыз. Бирок артынан "постинор" деген дары ичтим. Ал бойго болтурбайбы?
Жооп: Ооба, ал бойго болтурбайт. Аны жыныстык катнаштан кийин 72 сааттын ичинде колдонуш керек. Анан бойдо болтурбайт. Бирок бул 100 % эмес, 70 % гана жардам берет.

Мээрим, 22 жашта:
- Мен көпкө чейин боюмда болбой жүрдүм. Бирок былтыр боюмда болуп, 8 жума болгондон кийин түшүп калды. Кийинкилери түшпөш үчүн дары ичип, укол алыш керекпи?
Жооп: Ал үчүн биринчи гинекологго көрүнүш керек. Эмне үчүн боюнан түшүп калды? Ошону аныктап алып, анан ошого жараша дарыланыш керек.

Айзада, 23 жашта:
- Жакында эле аборт жасаттым. Вакуум деп аталат экен. Ал зыян эмеспи. Кийин төрөбөй калбаймынбы?
Жооп: Азыркы жаш кыздар ушундай абортко көп барышат. Бул төрөбөй калганга алып келет. Ал деле операциянын бир түрү да.

Айпери, 30 жашта:
- Менин курбум 34 жашта. Бирок анын айызы бир жарым жылдан бери келбей калды. Климакс болуп калган жокпу?
Жооп: Болуп калышы мүмкүн. Сиз мүмкүн нерв стрессине кабылгансыз. Ошону үчүн келбей калды. Андан тышкары, гормондордун бузулушу мүмкүн. Ал үчүн толук курс өтүп, гормондорду текшертишиңиз керек.

Нурзат, 12 жашта:
- Менин 5 айдан бери айызым келип жатат. Бирок аябай коюу, капкара болуп жатат. Ал эмнеден? Догдурга баргандан корком.
Жооп : Ал эч кандай коркунучтуу эмес. Матканын четинде эндометрия деген бар, ошол бөлүнүп чыгат. Анан кысылып коюуланып чыгат. Ал эч кандай жаман нерсени алып келбейт.

Күлипа, 50 жашта:
- Мен 50 жаштамын. 6-8 жума болгон миома бар деп жатышат. Айызым келгенде катуу оорутуп жатат. Миома үчүнбү?
Жооп: Миоманын зыяны тийип жатат. Сиздики өтө чоңоюп кетиптир. Аны карап чыгыш керек. Сиздики өсүп жатса, анда аны операция жолу менен алып салыш керек. Эгерде жакынкы аралыкта айызы келбей токтоп калса, анда аны албай эле коюш керек. Анткени, миома кан менен тамактанат дагы, чоңоё берет. Айызы келбей токтоп калса, кан дагы түгөнүп, өспөй, өзүнөн-өзү жок болуп кетет.

Клара, 15 жашта:
- Менден жагымсыз жыты бар суюктук келе берет. Эмне үчүн? Анан дагы коюу жашыл болуп келет.
Жооп: Бул жакта микроб бар. Ал үчүн гинекологго кайрылсын.Карап чыгып, эмне микроб экенин аныкташ керек. Бирок жаш кыздардыкы андай болбой таза, жыты жок келиш керек эле. Текшериш керек.

Наргиза, 19 жашта:
- Айызым келип жатканда, ичим ооруп, кускум келет. Ал эмнеден?
Жооп: Бул ар бир адамдын өзүнүн физиологиясынан болот. Күйөөгө тийе элек, төрөй элек кыздардыкы ошондой боло берет. Эч кандай коркунучу жок. Анткени, айыз келип жатканда, матка ачылат да, баш айланууга алып келет.

Алтынай, 23 жашта:
- Вакуум аборт кандай болот?
Жооп: Вакуум аборт бул-Американын шприци менен баланы сордуруп алат. Ал 6 жумага чейин жасалат. Андан кийин сордурганга болбойт. Ар бир аборттун зыяны бар. Азыркы убакта жаңы аборттун түрү чыкты. Дары аркылуу бойдон түшүрөт .
4 -5 жумага чейинкилерге гана болот.

Элнура,25 жашта:
- Айыз 4-5 күн кечигип келген туурабы?
Жооп: Көбүнчө ал суук тийгенден болот. Климаттан дагы көп нерсе чечилет. Мисалы: бир жерден бир жерге аба алмаштырганда, 5 күн эрте же кеч келе берет. Азыркы убакта дагы аба таза эмес болуп жатат. Андан дагы болот. Бирок көбүнчө гормондордун бузулушунан болот.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??