п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Кызыктар дүйнөсүндө

Булчуңу катуу болгон менен, акылы алсыз
Бандиттер
Учурда кримге байланышкан көп терминдер колдонулуп, калың элге катуу тараган. Ошолордун бири мурунтан бери келе жаткан бандит деген сөз. Бандит деген сөздү укканда эле жөнөкөй адамдын жүрөгү "шуу" дей түшөт эмеспи. Кандай болгон күндө да алар, бизге окшогон эле адам. Бирок биз алардын адамдык сапаттарын эмес, бандиттердин кээ бир сырларын ачып берүүнү эп көрдүк.

Бандит кесиптер
Дүйнөлүк статистика боюнча, мыйзамды семичкедей чаккан юристтердин (адвокат, прокурор, сот ж.б.) көбү бандит болушат экен. Анткени, мыйзамдын негизинде иш алып барып жаткан адамдан кандайдыр бир шек саноого эч кимдин дити барбайт. Бул жөнөкөй психология.;
Экинчи орундагы бандиттер өлкө башчылары, депутаттар болушат. Эмнеге? Анткени, бийлик алардын колунда. Ошондуктан, өздөрү бандит болбосо да, бандиттер менен мамилеси жакшы болот, же бандиттер менен бирге иш алып барат. Антпесе, коррупцияны ким кылмак эле?
Үчүнчү орундагы бандитке куралдуу күчтөр, бажы кызматкерлери кирет;
Ал эми төртүнчү орунда болсо, акча кармаган банк ээлери турат;
Бизнесмендер - бандиттер;

Статистика!
Балдардын 50 пайызы бандит болгулары келет экен
- Мурун телевизорду, журналдарды, кинолорду көргөн кичинекей балдар учкуч болгусу келсе, кыздар доктур же мугалим болгусу келчү. А азыр болсо, замандын талабына ылайык, балдардын да психологиясы өзгөрүп, башка кесиптин ээлери болгусу келет. Мисалы, Американын окумуштуулары атайын "Чоңойгондо ким болгуң келет?" - деген суроонун астында сурамжылуу жүргүзгөндө, балдардын 50 пайызы - банкир, ал эми 50 пайызы - бандит болгубуз келет дешсе, кыздардын 50 пайызы - фотомодель, ал эми 50 пайызы - сойку болгубуз келет дешкен. Ушундан улам эле жөнөкөй жыйынтык чыгарууга болот. Азыркы кинолор, компьютердик оюндардын баары балдардын ойлонуусун өзгөртүп, жашоого таза көз караш менен карабай калганын билүүгө болот.
Бандиттер физикалык жактан күчтүү болгону менен, акыл жагынан аксашат
Бандиттердин физикалык жактан абдан күчтүү болорун баарыбыз эле билсек керек. Айрыкча алардын чымыр денеси, булчуңдарын көргөн адам өзүнчө кооптоно баштайт. Ага даап сүйлөй да албай калышат. Алардын психологиялык даярдыгы тууралуу сөз кыла турган болсок, анда алардын баары эле кебетеси кандай болсо, ичи да андай боло бербейт. Ичинен алардын көбү коркок болушат. Эгер, сиздин акылыңыз аныкынан күчтүү болсо, андай бандитти оңой эле "отургузуп" койсоңуз болот. Ошондуктан, денени гана чыңдап тим болбостон, көп окуп, маалыматка бай болушу керек. Бандиттер көп иштерге аралашышат, ошол учурда алардын өзүнчө бир тактикасы болушу шарт. Мисалы, каршылашы кылган күтүүсүз иштерге даяр турушу керек. Эгер өзүнүн күчүнө ишенип тура берген болсо, андай операциядан утулат. А эгер бардыгын билип турган болсо, алдын ала даярданып эч нерседен коркпой бардыгын пландаган планы боюнча жасайт. Статистика боюнча, спорт менен машыккандардын көбү психологиялык жактан коркок болушат экен.

Балыкчынын
үй-бүлөсүнөн чыккан "Бандиттердин ханышасы"
Фулан Деви
Фулан Деви 1963-жылы балыкчынын үй-бүлөсүндө Индиянын Шехпур-Гудда деген айылында төрөлгөн. Беш бир туугандын экинчиси. Эч кандай билим албагандыктан, абдан сабатсыз. Фулан Деви деген ат "Ажайып кооз гүл" деген маанини берет. Фуландын эң биринчи душманы анын аталаш агасы болгон. Анткени, чоң атасы каза болгондо мурастын көбүн аталаш агасы Майадин алган. Ошондуктан, Фулан агасына тиш кайрап калган. Фуландын атасы оорукчан болгондуктан, үйдөгү эркектин иштерин Фулан чеччү. Майадин агасын көчөдөн көрүп калса эле, Фулан анын кылган кылмыштарын айтып, көчө жаңырта кыйкыра берчү. Ага жини келген Майадин Фуландан 3 эсе улуу кишиге турмушка берип салат. Фуландын калыңына үй-бүлөсү бир уй алышат.

Күйөөдөн чыккан
айыл сойкусу
Бир жылдан кийин Фулан күйөөсүнөн качып үйүнө келет. Качып келген кызын апасы кабыл албай коёт. Ошондо Фулан сойку болуп, ар ким менен төшөк мамилесинде боло баштайт. Атасы менен агасына жини келген Фулан экөөнү тең мурасты тең бөлүштүрбөгөнү үчүн сотко берип, сабатсыз кыз соттон жеңип чыгат. Андан көп өтпөй эле, Майадин ага акча уурдады деген жалаа жаап, Фуланды каматып салат.

Сүйүшкөн бандиттер
Түрмөдөн чыккандан кийин Фулан Бабу Гуджар аттуу чоң бандиттин колуна түшөт. Бабу Гуджар Фуланды кыйноо менен өлтүрмөк болот. Бирок ажалы жок Фулан бул сапар да өлбөй калат. Анткени, Бабунун жардамчысы Викрам Маллах Бабуну өлтүрүп, банданы өзү башкарып калат. А Фулан Викрамдын жардамчысы болуп калат. Ошентип эки бандит бири-бирин жактырып калышат. Викрам абдан билимдүү болгондуктан, өз билгенин сүйгөнүнө үйрөтө баштайт. "Фулан, эгер кимдир бирөөнү аткың келсе, бир эле адамды атпай, жыйырма адамды атышың керек. Эгер бирөөнү эле атсаң, сени киши өлтүрдү деп түрмөгө отургузушат. А жыйырманы өлтүрсөң, сенден көбү коркуп калышат",- деген кеңешин берген. Убакыт өткөндөн кийин Фулан Викрамдын ар бир кылган ишине аралаша баштаган.

Зордукталган Фулан өчүн алып, айылды түп тамыры менен өрттөйт
1980-жылы Викрамды эки иниси менен өлтүрүп кетишет. А Фуланды Бехмеи айылына алып барып, 3 жума зордуктап, сабашат. Ал жерден өзү менен чогуу иштеген бандиттер куткарып чыгышат. Ошондон көп өтпөй эле Фулан токмок жеген айылына барып, анын бандиттери байлыктарын тоноп, аягы "Сүйүү күнүндөгү согушуу" менен бүткөн. Айылдын эркектерин аттырган соң, айылды толугу менен өрттөтүп салат.

Түрмөдө жатып атактуулукка жетип, чыгып депутат болот
Ошондон кийин Индиянын бийлиги Фуланды издей баштайт. Фулан өзү аларга барып, түрмөгө 11 жыл отуруп чыгат. 1983-1994-жылдары түрмөдө отурган убакытта өзү жөнүндө жазылган китеп менен фильмден соң атактуу болуп кетет. Түрмөдөн чыккандан кийин Самаджвади парламентиндеги эң пас, кедей-кембагалдарынан депутат болуп шайланат.

Жүз кишини жарадар кылган өлүм
2001-жылдын 25-июлунда Фуланды өзүнүн үйүнөн өлтүрүп кетишет. Аны өлтүргөн адамды табуу кыйынчылык деле туудурган жок, бир аз убакыттан кийин эле аны өлтүргөн адам өзү пресс-конференция берген. Көрсө, Бехмаи айылындагы окуяда ал кишинин жакындарын кырдырып салган үчүн өчүмдү алдым деп билдирген. "Бандиттер ханышасынын" жайга тапшыруу каадасында да согуш чыгып, полициянын бир кызматкери өлүп, жүздөгөн киши жарадар болгон.

Айжамал Арыкова




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??