п»ї

  Окумал

Достум, билгениңен биле элегиң көп!
АЙТМАТОВДУН АЙЫМДАРЫ
(Жанызак басмасынын менчиги)
(АДАБИЙ ЧАЛЫШ МАЕК-РОМАН)
(Башы өткөн санда)
- Эми ушуерден дагы бир тике суроо: 1972-жылы, жана айтпадыңызбы, сиздер чет өлкөгө барганда жанагинтип Табышалиев менен бир бөлмөдө жатып калып, а киши түнү менен Бүбүсарага болгон сүйүүсүн айтып берди деп. Ошондо а киши жанагинтип эскерип, чечилип төгүп жатканда, Бүбүсараны кыялдуу эскерип жатканда... ошондо сиз досуңузду аядыңызбы, Акматты, же мемиреп угуп жаттыңызбы?
- Кудай сактай көр, аябаганда!
- Жоо, ошол угуп жатканыңызда аядыңызбы, же Салмоорбек акеге бооруңуз ооруп жаттыбы дейм да?
- Жок, жо-ок! Мен Акмат досума боорум ооруду. Анткени ортодо ошол бузуп кеткен Салмоорбек Табышалиев болчу. Эгерде Салмоорбек Табышалиев, ошол, бузуп кетпесе, Акмат менен мына, ортосунда эркеги турат, эми ошону менен түбөлүк жашап кетсе да азыр ушул Акмат мынчалыкка барбайт беле. Эми Акматтын... айтса-аа...
- Эми түз дагы бир суроо: Эгерде Салмоорбек болбосо, тиги эженин жолундачы, башка бирөө болсо, баары бир эже таят беле?
- Сага бир, иничек, мен мобуну айтып берейин: Акмат муунуп өлгөн.
- Себеп?
- Муунуп өлгөн...
- Себеп, себеп?
- Муунуп өлгөнү мындай болду: эгерде Бүбүсара менен түбөлүккө жашап калса, Акмат өлбөйт эле.
- Кайсы жылдары?
- Бул, ээ... Толук айтып бере албайм кайсы жылдар экенин... Акмат бүтүп келген жылы консерваторияны. Консерваторияны бүтүп келгенде үйлөнүп калды.
- Кайсы жылдар экенин билбейсизби?
- Ошону толук биле албай жатпайымбы.,.
- Болжолу кайсыл окуядан кийин: жана силер экөөңөр жарашалы деп барганда эжеси кабыл албай койду, иэ?
- Мындай болду да: Акмат.. тигил Бүбүсара мынабул Рысбаевге тийип кеткенден кийин Акмат Москвадан бүтүп келди. Окуусун бүтүп келгенде, консерваторияны бүтүп келгенде угуп калды да. Бүбүсаранын Рысбаевге тийип кеткенин уккандан кийин бир жаш кызды алды. Өзүнөн бир, жыйырма жаш кичүү болчу! Мына мен Акмат Аманбаев экөөбүз жыйырманчы жылкыбыз. Ошо кезде Акмат элүүгө барып калган кези. Эми ошондо, тиги, башка бир аял алып..
- Өзүнөн жыйырма жаш кичүү.
- ... Жыйырма жаш кичүү. Анысы да акмак болуп кетиптир да. Бу дагы муну билип калат. Ошондо күйүттөн барып... досум! Курбум! Күйүттөн барып, Акмат Аманбаев каза болду (бир топ үшкүрүнүп отурдук... -Ж.).
- Акмат акенин каза болушун үй-бүлөдөгү ыйкы-тыйкылардан эле дейсизби, ошентип ойлойсузбу?
- Толук ошентип ойлойм!
- Башка бир, айталы чыгармачылык кризис дейт...
- Жоо-жо-жок! Акмат анда тиги филармониянын директору болчу да! Турмуш жагынан, чыгармачылык жагынан абдан сонун болчу. Эми ошо, жанагы, аялынын эметип кеткени... Эгерде Бүбүсара менен туруп калса, кудайдан болуп, ага чейин барбайт беле. Мына, күйүт болуп кетти, күйүт! Күйүт деген кыйын да, эй! Иним, эми мындай эми, мен баягы дөөрүп айткандай болбоюн: ашык болуу деген кыйын нерсе, балам. Бул өзү тарыхтан келаткан... Бирөөгө ашык болуп калсаң жаныңды кыйгың келет, чынбы иним? Мына, балким мен Акматты... Курбум, жанын кыйып жиберди ошондон! Мунун жумушу абдан сонун болчу. Филармониянын директору болчу.
- Кыдырбек аке, телегейи тептегиз, байлыгы бүтүн адам - көңүлү бүтүн болбосо өзүнүн жанын кыйып салышы мүмкүн, туурабы?
- Туура, айтканың туура! Ошентип эле кетип калбадыбы Акмат досум! Ушул эми, мен айтып жатпайымбы, анын турмушу да абдан сонун болчу деп. Бир гана ушу күйүттөн кетти! Күйүт болуп кетти... Кайра жарашып алса го эмне...
Ошондо бир келгенинде экөөбүз бардык Бүбүсаранын эжесиникине. Барсак эжеси эшикти ачпай койбодубу. Акматтын да катуу ачуусу келип.. өзү Абдылас Малдыбаевдин аялынын бир тууган жээни болчу... анан басып кетти. "Ай Акмат, жүр үйгө кайра баралы", - десем болбой койду, шыр эле басып кетти.
- Ошондон кийин а кишиде дагы бир мерте жарашуу аракети болгон жокпу?
- Оюнда болду, болбосо жанагы... Аңгыча Рысбаев менен үйлөнүп жибербедиби тиги шайтан болуп. Кое турса, балким... Кичинекей, мындай бир курбу катарында биз да айтат элек, ортого түшөт элек. Сөзгө келет беле, ким билет...
- Эми, ажырашуунун негизги себеби, жанагы Салмоорбек аке Табышалиевде болду да, иэ?
- Кызганычтан болуп кетти да...
- Эми ошонун дабышы билинип калып, анан болду да?
- Ошо жөнүндө болуп кетти. Тиги угуп калып... Баягы, ушак, эл айтат экен да кой десе болбой...
- Жо, кечиресиз, ушак эмес экен да. Жана айтпадыңызбы, 72-жылы Табышалиев рахматы өзү айтып берген деп...
- Чын, айтып берген болчу. Мен айтып отурбайымбы сага, Табышалиев ичиндеги болгон кирин баарын төгүп бергенин...
- Эми ушунча сүйлөшүп отуруп, таң атканча сырдашып дегендей, а киши Бүбүсараны Чыңгызга кантип алдырып жибергенин айтпай койгон жок болуш керек!
- Жоо, ал жөнүндө сөз болгон жок. Жок, жок! Өзүнүн сүйүүсү жөнүндө, жакшы көргөндүгү жөнүндө айтканы чын, бирок Чыңгыз жөнүндө айткан жок...
(Тасма түгөнүп, сөзүбүз да аяктап калды... -Ж).
ЭҢШЕРИЛГЕН МАХАБАТ
(Бүбүсара Бейшеналиеванын эң жакын жекжааты, ары коллегасы менен маек.
Атын атабоону суранды.)
Кыдырбек аке Чодронов экөөбүз сүйлөшүп жатканда кошуна балконго бир абышка чыгып калды жайбаракат. Кыдыкеми карап баш ийкеп учурашты. Кыдырбек аке тиги кишиден жеңебиз барбы деп сурап, анан мага: ушу кишинин аялы Бүбүсара менен жакын жекжаат, экөө бирге иштешкен, а да балерина. Мага караганда көбүрөөк, тагыраак айтып берет. Коё тур, иничек, азыр барып сурап келейин, - деди да ордунан тура жөнөдү. Бир аздан кийин кайра келип, тиги киши макул болгонун айтты. Мен эмеректерими көтөрүнүп кошуна батирге жөнөдүм... Жазардын алдын эжей менен бир топко баяндашып, эмнени жана кантип айтуу жөнүндө сүйлөшүп алдык...
- ...Эмне себептен анда ажырашты деп ойлойсуз?
- Ну эми, турмушка жаш чыкты-ы, биринчиден. Он жетисинде чыктыбы, же даже он алтысында чыкты болуш керек. Он жетисинде жанагы Эрмек деген жалгыз уулун төрөдү. Анан кийин просто Бүбүсара өзүнүн бүт немесин сахнага посвятить эткенден кийин, эми кандай., мен ошончо., мына мен бөлөсү болом, экөөбүздүн энебиз бир тууган, бирок мен сураган эмесмин эч качан эмне үчүн ажыраштың деп: просто нетактичный вопрос да. Казыр, может быть, сенсацию из этого делают. Баягы, в мире искусства дегендей. А эмне үчүн, сен жашсың, ойлонбойсуңбу деп, мен андай да суроо берген эмесмин да...
- Ошонун себепчиси Салмоор аке болгон жокпу? Мына сиз айтасыз Салмоор аке кийин болду деп. Канчанчы жылы?
- Ал элүү неченчи жылы болду?.., мен сизге казыр айтайын,., мм, всемирный фестиваль 57-жылы болсо, бу где-то 54-55-жылдары. Акмат менен элүүнчү жылга жетпей ажырашкан...
- Мен жанагы Салмоорбек Табышалиевди айтып жатам...
- Мен да ошону айтып жатам.
- А бул Салмоорбек аке менен эжей кийин үйлөндү да, иэ? Бул анда башка Салмоорбек экен го?
- Табышалиев.
- Жо-ок, мына бул силердин кошуна болуп жашаган турбайбы, жанагы, профессор медицины, там.. Азыр ичип кетти дейт ко..
- Иий, ал Сапар..
- Рысбаев.
- Аа, Сапар Рысбаевпи? Все ясно. Салмоорбек аке Бүбүсара эжей Чыңгыз Айтматов менен таанышканга дейре жүрүптүр дешет. Анан а киши Чыңгыз менен таанышкандан кийин, экөөнүн ортосунда кандайдыр эрегиш башталып, бирин-экин анекдоттун пайда болушуна себепкер болуптур эл арасында. А балким, Табышалиев просто жол берүүгө мажбур болгондур?
- Ничего подобного, совсем не так..
- А как?
- Бүбүсара Салмоорбек менен таанышып, встречаться этип жүрүп, анан кийин Салмоорбек Бүбүсара экөө... если на то пошло!.. Муну мен даже айтып бере албайм. Жазсаңар мен муну сүйлөп бере албайм. Мен... просто даже неудобно. Потому что... ну зачем бирөөнүн личный турмушун?..
- Бирок эже, аныгын билбесек көп нерселер көмүскө калып, элдин арасында болбогон ушактар жүрүп жатпайбы, аны ким тыят?
- Болуптур, пока не включайте, мен сизге айтып берейин да, анан если понравится вам, потом включите...
- Айта берсеңиз, эже..
- Эми мен даталарын, вот такие нюансы, вот в таком-то году, вот тогда-то деп айтып бералбайм, таак. Экөө, Салмоорбек экөө көңүлү туура келип, встречаться этип калдыбы,.. жолугушуп жүргөндөн кийин, анан бир топ жыл өткөндөн кийин, уже бу Бүбүсара экөө макулдашып, только мен кайсы жыл экенин точно айта албай жатканым, Москвадан жолугуп, алар анан Сочиге бармак. Экөө үйлөнмөк болот. Анан кийин эле Салмоорбек тиги кимдин кызын, ким эле... фамилиясын унутуп калбадымбы... (пауза) Ну ладно, это не важно... Ах да, Шукуров! "Шукуровдун кызын алып атат! Той болуп атат!"-деген дуу-дуу кеп болуп калды да. Биз баарыбыз өзүбүзчө.., эми билбейм, жаштар реагировать эткен жок, болсо өзүнүн бир тууган эжеси бар Сакен деген, ал анан мен баарыбыз, таак... Ошо бойдон Бүбүсара ошону Москвадан укпай келатат. Ал Салмоорбекти аерден күтүп-күтүп... Эч кандай!... Молчок! Биз да тыңшап турабыз аякты. Экөө келбей калды. Анан а кезде поезд менен келчүбүз, биерден күтүп-күтүп, анан эжеси тиги Пишпектен... анда мода болчу, поезд Пишпекте жарым саат турчу, ошоерден тосуп, ошентип Салмоорбек үйлөндү деп угузуп... анан ошол эле күнү театрга келди. Я как сейчас помню, келип өзүнүн тренаж балетин заниматься этип, анан кийин терезенин жанына барып, анан кийин... бир-биир гана!.. орусча айтканда чуточку всплакнула, и вот: "Галя, я не ожидала, что он так обманет!" - деп ошентти. Все! Больше на эту тему мы не говорили. Анан көп өтпөй Салмоорбектин айынан тиги, Сапарга чыгып кетпедиби турмушка. Но у них вышло неудачно, не сложилось..,
- Тиги, Салмоорбек аке менен биринчи таанышканда, а киши ЦКда иштеген дешет ко?
- Я не знаю, ошо кезде ЦКда иштедиби, кай жерде иштегенин.., комсомолдо иштедиби же жокпу...
- Ушул окуялар элүү канчанчы жылдар дейсиз?
- 54 же 55-жылдар го дейм, потому что...
- Анан Салмоор аке качан үйлөндү ошондо? Года три или четыре они ходили, так?
- Мен айтып атпаймбы, казыр айтайынчы, бизди тиги, жаңы театрга көчкөнүбүздү мобу жерде Кыдырбек деле айтып бере албайт го... Же 56-жылы бекен, ай...
- Азыркы опера-балеткеби?
- Ииэ, сразу ошол жылы. Биз 57-жылы всемирный фестивалга бардык. А бул 55 же 54-жыл болушу керек...
- Вот ошондон кийин Сапар аке.., анан биртке дем алыш болду да. Чыңгыз аке менен примерно канчанчы жылдары таанышты дейсиз?
- Чыңгыз акеңиз менен, таак... 59-жылы болду ал. 59-жылы-ы, биз тиги, "Чолпон" балетин Ленинградка барып тарттырганда, ошо кезде биздин республика шефствовала над Кроншадтом. Ошондо бир бригада келди: бир чабан, фамилиясын билбейм, бир работница ЦК Комсомола, Канттан. Ии, анан Турдакун Усубалиевич Усубалиев, как руководитель. Анан Чыңгыз Төрөкулович, төртпү.. Ии-и, кто же еще входил? Бүбүсара... Беш-алты киши болуш керек, бирөөн таппай жатам... Анан кийин алар келди, келгенде. ..

(Уландысы кийинки санда)




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??