п»ї

  Атактуулар ааламы

Акыркы убактарда Бишкектеги кинотеатрларда "Сүйөм сени, Нью-Йорк", "Секстен да жогору" аттуу тасмалар жаштардын көңүлүн буруп келет. Ал киного кирген ар бир жигит тасмада башкы ролду ойногон Натали Портман жөнүндө көбүрөөк маалымат алгылары келип жүрүшөт. Чындыгында, шайыр мүнөз кыз ар бир көрөрманга жагымдуу маанай тартуулайт.

Жигиттерди "жинди" кылган еврей кыз Натали Портман
Еврей гинекологдун эрке кызы
Натали Портман 1981-жылы 9-июнда Иерусалимде төрөлгөн. Актрисанын атасы тукумсуздукту дарылоо боюнча адис болсо (гинеколог), апасы мурунку үй кожойкеси болсо, азыр Наталинин агенти. Натали апасы жагынан еврей. Актриса 3 жашка толгондо, анын үй-бүлөсү Израилден АКШга көчүп келишет. Биринчи эле Вашингтонго келип, ал жактан Натали еврейлердин күндүзгү мектебине барчу. Төрт жашынан баштап эле бийге барып, бийчилер менен чогуу бийлечү.

Алгачкы ролдору
Каникулун Stagedoor Manor Performing Arts Camp театралдык лагеринде өткөрчү. 10 жашында "Рузлесс" спектаклине сынак жарыяланып, ал сынактан өтүп кетет. 11 жашында "Revlon" фирмасы модель болуусун сунушташат. Бирок, актёрлукка кызыгып алган Натали алардын сунушун четке кагат. Бир журналга берген интервьюсунда: "Мен өзүм менен тең балдардан айырмаланып турчумун. Анткени, өзүмдүн жеке оюм бар жана бир максатты көздөгөн болсом, ошол максатыма жетиш үчүн болгон күч-аракетимди жумшап, абдан токтоо кыз элем", - деп айткан. 1994-жылы Люк Бессондун "Леон" аттуу фильминде башкы Матильда аттуу кыздын ролун мыкты аткарат. Ал кинодо Натали Хэршлаг болуп, өзүнүн фамилиясы менен чыккан болсо, кийинчерээк "Портман" деген тергеме фамилияга өтүп алат.

Тажрыйбасынын жогорулап, карьерасынын өсүшү
1995-жылы "Схватка" фильминде Аль Пачино жана Роберт де Ниро менен ойногон. Фильм эч кандай сыйлыкка ээ болбосо дагы, көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө ээ болуп, коммерциялык жактан көп киреше алып келген. Андан көп өтпөй эле, Наталинин чыгармачылыгы артып, аны тааныгандар биринин артынан бири киного тартылууга чакырып, золобосу көтөрүлө баштайт. Ошентип 1996-жылы 3 киного катары менен тартылганга жетишет. "Татынакай кыздар", "Баары эле мен сени сүйөрүмдү айтышат", "Марс чабуул жасайт" фильмдеринде эң мыкты ролдорду жаратып, өзүнүн күйөрмандарын дагы бир кубанычка бөлөйт.

Гарвард университетинин студенти
"Жүрөк бар жерде" киносуна тартылгандан кийин, Портман Гарвард университетинин психологиялык факультетине тапшырат. Ошондуктан, 4 жыл бою эч бир киного тартылбай, убактысынын дээрлик бөлүгүн окуусуна гана арнаган. Алан Дершовимт аттуу адвокаттын изилдөөсүнө жардам берип, андан ары илимий иштерди жазганга өтөт. Анын көп иштери Гарвард университетинин окумуштуулары тарабынан мыкты делип кабыл алынган жана дубал гезитине илинген.

Жөжөгө жасаган операциядан кийин, эт кошулган тамактарды такыр жебейт
Портман 8 жашында атасы жөжөгө жасаган лазердик операциядан кийин, эт кошулган тамактарды такыр жебейт. Ошондон кийин канаттуулардын этин да жебей калган. Натали канаттуулардын, жаныбарлардын укугун коргоп, World Patrol Kids уюмуна кирип алат. Жада калса териден, жүндөн тигилген кийимдерди да кийбейт. 2004-2005-жылдары ФИНКА микрокредиттик компаниясына мүчө болуп кирип, көптөгөн өлкөлөрдөгү кедей-кембагалдарга кичи бизнес ачууда микрокредит алуу боюнча жардам берген.

Санак жеткис жигиттери
Актриса Гаэл Гарсиа Бернал жана Жейк Жилленхал аттуу актёрлор менен ысык мамиледе болгон. 2002-жылы кайсы бир журналга берген интервьюсунда Лукас Хаас жана Моби аттуу музыканттар менин досум болот деп айткан. Ошол эле учурда Натали Maroon-5 тобунун солисти Адам Левайн менен жолугуп жүргөнү белгилүү эле. Андан көп өтпөй эле Наталинин мультимиллиардердин баласы Нэт Ротшильд менен өтө жакын мамиледе болгону билинип калат. Эркектерди жүз аарчыдай алмаштырган Портман көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы дегендей эле, көнгөн адаты боюнча дагы бир эркек алмаштырат. Анысы Девендрой Банхарт деген ырчы жигит болот.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??