п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Тушоо тойдон репортаж

28-апрель күнү шаарыбыздын эң мыкты делген кафелеринин биринде ырчы айым Назми кызы Альбинанын тушоо кесүү тоюн өткөрдү. Тойго Назми кичинесинен жакын болуп калган пирлери-таекелери, кайнене, кайнатасы, кайнагалары, кайнеже, кайын сиңдилери, жолдошу Талант мырзанын айылдагы классташтары келишти. Ал эми тойдун көркүнө көрк кошкон ырчы кыздар биринен-бири өтүп супсулуу болуп барышты. Тушоо кесүүгө Гүланда катуу даярдыкта барыптыр, 3-орунду алды.


Назми:
"Кызым Альбина тушоо тойдон кийин жыгылбай калды"
"Эң оригиналдуу белек "Манас" китеби болду"
Кыргызстандын алтын үнү атыккан Г. Сатылганова, А. Салахидинова, Гүланда, А. Карымов, Р. Шакирова, А. Чалова, продюсерлерден Назгүл Насиева, Назминин жакын досторунан Нурдөөлөт Копев барып, оригиналдуу белектерин беришти. "Тойго келген коноктордун бардыгы оригиналдуу белектерди алып келишиптир. Бирок алардын ичинен эң оригиналдуусу Айнагүл аттуу журналист кыздыкы болду. Айнагүл "Манас" эпосунун балдарга ылайыкталып жазылган вариантын алып келиптир", - дейт ырчы айым Назми.


Шоу-бизнестин кыздары айылдык жеңелерден утулуп…
Тойду башынан аягына чейин талыкпастан, шоумен Бакыт Букаев эң мыкты деңгээлде алып барды. Тойду өзгөчө өтсүн деген максатта театрдан атайын актрисаларды да чакыртыптыр. Андан сырткары, тушоо кесүү каадасы менен эле чектелип калбастан, "Дем" театрынын актёрлору бөбөктөрдүн кийимин кийип алып, балдар хорун аткарышты. Андан соң тойдун эң кызык бөлүгү кыргыздын оюндарында болду. Тойго келген коноктордун арасынан (жалаң айымдардан) шоу бизнестин өкүлдөрүн бир топ кылып, туугандарын, тааныштарын өзүнчө топ кылып аркан тарттырды. Шоу-бизнестин кыздары ырдап жүрүп алдары кетип калган окшойт, Назминин жеңелеринен утулуп калышты. Назминин тоюнан кийин, ошол эле кафеде Роза Шакирова чай концерт коймок экен. Тойго келген коноктор тойду жыйынтыктап коюп, Розанын концертине да күбө болууга үлгүрдү.


Назми: "Кызым сөздөрдү
кураштырып сүйлөп калды"
- Кызым Альбина буга чейин "апа", "ата" деген кыска сөздөрдү гана айтып келген. Тойго кайын сиңдимдин кызы келип, аны менен кичине сүйлөшкөндөн кийин эле, сөздөрдү кураштырып сүйлөп калды. Анан дагы эң кызыгы, буга чейин тушоо той дегенге көп ишенчү деле эмесмин. Бирок тушоосу кесилгичекти чалынып, мүдүрүлүп, тоголонуп эле жүрчү. Азыр болсо, кудайга шүгүр, жыгылбай, мүдүрүлбөй калды, - дейт Назми.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??