п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

1984-жылы 2-октябрда Бишкек шаарында туулган.
Бою 170 см, салмагы 61 кг.
Тырмак өстүргөндү жаман көрөт.
Кыздарга караганда эркек достору көп.
Колун сурагандардын баарына ишене бербейт.
Жалгыздыктан абдан коркот
Ыза болгондо кайгылуу музыканы коюп, ыйлап бугун чыгарып алат.
Эгиз балдардын энеси болсом деп кыялданат.
Көбүнчө кайгылуу ырлары менен популярдуу болуп келген ырчы Айнура Салахидинова менен чыгармачылыгы жана жеке жашоосу туурасында баарлаштык.

"Он жылдыкка жалгыз баргандан уялып жатам"
- Ош жерине койгон концертиңизди кандай жыйынтыктадыңыз?
- Бир гана Ошко эмес, Баткенге чейин барып,"Мен сени сүйөм" аттуу концертимди коюп келдим. Аншлаг менен өттү десем жаңылышпайм, "мага дагы ушунча көп киши келеби" деп таң калдым. Ош окуясынан кийин, элдер концертке келбей коюшат го деп ойлоп аткам, бирок эл колдоп, жылуу кабыл алганын көрүп, аябай ыраазы болдум. Буюрса, экинчи альбомумду чыгаргандан кийин, июнь айында борборго концерт берейин деп пландап жатам. Ага чейин сахналаш досторум менен Россияга барып келебиз.
- Россияга да концерт койгон жатасызбы?
Сахналаш досум Алекс Россиянын бир нече шаарларын кыдырып, концерт берген жатат. Ал экөөбүздүн жылдызыбыз келишип,жакшы сүйлөшөбүз, бири-бирибизден колдон келген жардамыбызды аябайбыз. Бир нече ырчылар менен биргеликте он күнгө Россияга жөнөп жатабыз.
- Мектепти бүткөнүңүзгө туура он жыл болуптур, он жылдык кечени кандай өткөрөсүңөр?
- Мен мектепти шаардан окуп бүтүргөм, бирок үй-бүлөлүк шартка байланыштуу таежемдин тарбиясын алып, Нарындан дагы окудум. Шаардыктар орус мүнөз болгондуктан, уюштургандар деле болбойт го деп турам. Кайсыл классташтарым чакырса дагы барганга даярмын, бирок оолугуп күткөн жокмун. Жалгыз баргандан деле уялып жатам, классташ кыздарым күйөөлөрүн, балдарын ээрчитип барышса, мен досторум менен барам го(күлүп), алар дагы ырдап, кичи концерт коюп келишсин да.
- Эмне үчүн жалаң муңдуу ырларды аткарасыз?
- Мен шаңдуу ыр ырдасам деле, кайгылуу ырларым популярдуу болуп чыга келет. Көпчүлүк: "Сага муңдуу ырларды аткарган жарашат",-деп айтып калышат. Балким, менин ырдоо образым ошого дал келсе керек. Жакында эле Бакыт Капаровдун калемине таандык "Төк жамгыр" деген ырды жаздырдым. Эми жаз, эне жана атуулдук ырларды жаздырайын деп турам.
- Музыкалык аспаптардын кайсынысында ойногонду билесиз?
- Комузда, ооз комузда мыкты ойной алам деп айта алам, гитарада, фортепьянодо, домбрада, ооз комузда ойногонду мектепте окуп жүргөндө үйрөнгөм, бирок эл алдына чыгып ойногондон тартынам. Өткөндө Ош жерине барганда атайын биринчи жолу кыргыз көйнөктөрүн кийип, комузумду колго алып, жандуу үн менен ырдадым. Жандуу үн менен ырдаганды эл абдан баалайт экен да, биринчи куплетти ырдаганда эле коштоп, колдоп, кайра сурап атышты.
- "Айнуранын чыгармачылыгына Ахматбек Келдибеков колдоо көрсөтөт экен",- деген сөздөр айтылып жүрдү эле, кандай байланышыңыз бар?
- Ал кишини сүрөттөрдөн, теледен эле көрбөсөм, жакындан тааныбайм дагы. Ал менен эч кандай байланышым жок. "Менин болочоктогу жолдошумдун сырткы келбети Ахматбек Келдибековго окшош болсо", - деген сөздөн улам чыкса керек. Менин чыгармачылыгыма Россияда жашаган бир тууган Рустам деген иним колдоо көрсөтөт. Өзүм той-топурларда ырдайм, өз жанымды өзүм бакканга алым жетет.
- Бир гезитке берген интервьюңузда, сүйүүгө такыр ишенбейм деп айтыптырсыз, сүйүүгө кабыла элексизби же көңүлүңүз калганбы?
- Чындыгында, мен сүйүүгө ишенбейм, көңүлүм да калган. Искусство адамдары ишенчээк, сезимтал келебиз да. Бирдеме туура эмес болсо эле, таарынып калам.
Бирок чыныгы сүйүү үй-бүлө куруп, бала жытын жыттагандан кийин пайда болот деп айтышат. Мен ошого ишенип жүрөм.
- Анан качан үй-бүлө курайын деп жатасыз?
- Эми өздөрү унчукпаса, мени ал деп айтмак белем.(Күлдү) Колумду сурагандар деле бар, бирок жаш өткөн сайын адамдын кемчилигин издеп баштайт экенсиң. Эми жакшы адамга туш болсом, дароо күйөөгө тием. Убакыт да келди, буга чейин карьера деп жүргөм, Кыргызстандын бардык жерлерин кыдырып келдим, ойлогон оюма жеттим, эми үй-бүлө тууралуу ойлоно баштадым.
- А жакшы адам сиздин оюңузча, кандай болушу керек?
- Бардыгы эле тышкы келбетине баа беришет эмеспи, мага да спорт менен машыккан, айтканынан кайтпаган, сөзүнө турган жигиттер жагат. Адамгерчиликтүүлүктү баалаган,ата-энени сыйлап, ичкиликтен алыс болгон адамды жакшы деп айтат элем.
- Сиздин оюңуз боюнча, кандай аял үй-бүлөнү бекем сактап, аны бактылуу кыла алат?
- Эркекке "каякта жүрөсүң?", "качан келесиң?" "акчаң кана?" деген үч суроону бербесең эле, бактылуу болосуң деп айтып калышат го, эми бул азил-чыны аралаш айтылган сөз болсо керек. Антип сурабай койсо дагы болбойт да.
Аял күйөөсүнө бардык жактан колдоо көрсөтүп, өйдөдө-өбөк, ылдыйда-жөлөк болуп берсе, үйгө келгенде жылуу кабыл алып турса, ортодогу балдарга туура тарбия берип чоңойтушса, үй-бүлө бактылуу жана бекем болот деп ойлойм.
- Канча убакытта бир сулуулук салонуна баш багасыз?
- Мен атайын бетимди тазалатам же кашымды тердирем деп сулуулук салонуна барбайм, фотосессия болгондо же "крутой" тойлорго барарда, концерттерге чыкканда, сьемка учурунда сөзсүз сулуулук салонуна барам.
- "Айнура Салахидинова өзүн сахнада алып жүргөндү билбейт",-деген сын-пикирлерге кандай карайсыз?
- Мен сынды туура кабыл алам, бирөө көрө албай айтат, бирөө жакшы көрүп айтат дегендей. Чындыгында, адам сындан өсөт. Институтта окуп жүргөндө, "Маданият таануу" деген сабак бар эле, ошондо мугалим: "Биринчи кезекте өзүңдү жактырышың керек, андан кийин эл да жакшы көрө баштайт", -деп көп айтчу. Өзүмдүн кемчиликтеримди байкайм, аны оңдогонго аракет кылам.




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??