п»ї
 Таанышуу жарыясы


Бакиевдер жапкан "Де-факто" гезити кайрадан чыкканы турат
12-майдан баштап "Де-факто" гезити кайрадан Кыргызстандын маалымат айдыңына кошулганы турат. Бакиевдик диктататурага каршы чыгып, элдин арыз-муңун жазып атып, акыры Жаныш Бакиевдин каарына калып, гезиттин редактору Чолпон Орозобекова коопсуздугун сакташ үчүн чет өлкөгө кетүүгө мажбур болгон. Эми бийлик алмашканы Женевадагы эл аралык уюмдардан "Де-фактону" калыбына келтирүү" деп каражат тааптыр. Убагында бул гезит элдин сүймөнчүлүгүнө арзып, жумалык нускасы 47 миңге чыккан. Азыр чыкса деле эл сүйүп окуйт деп ишенебиз. Эң башкысы, башка саясий гезиттерден айырмасы, артында бир саясий партия же саясатчы жок, журналист жубайлар "Де-фактого" өздөрү кожоюн, өздөрү редактор экени маалым.


"Кумтөр" кенин башкарууга Кыргызстандын өкүлү катыша баштайт
"Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун жетекчиси Осмонбек Артыкбаевдин билдиришинче, эми "Кумтөр" алтын кенин иштетип жаткан "Центерра голд инк" компаниясынын вице-президенти Кыргызстандын жараны болот. Кыргыз тараптын мындай сунушун компаниянын директорлор кеңеши жактырды. Натыйжада Кыргызстан атайын сынак өткөрүп, талапкерлерди вице-президенттикке сунуштайт. Директорлор кеңеши алардын ичинен бирөөнү тандап алмакчы. Мындан тышкары, "Центерра голд инк" компаниясынын директорлор кеңешинде Кыргызстандын өкүлдөрүнүн саны бир адамга көбөйдү. Буга чейин аталган кеңеште мамлекеттин эки гана өкүлү бар болчу.
Ысык-Көл облусундагы "Кумтөр" алтын кенин Кыргызстан-Канада биргелешкен "Центерра голд инк" компаниясы иштетип келет. Кыргызстан бул компаниянын 33 пайызына ээлик кылат. 2010-жыл үчүн Кыргызстанга дивиденд катары 33 млн. доллар каражат май айында бөлүнүп берилмекчи.


Күйүүчү май 5-6 сомго кымбатташы мүмкүн
Кыргызстанда чет жактан алынып келинген күйүүчү майлардын запастарын эске алганда, май айында күйүүчү майлардын жетишсиздиги болбойт. Бул боюнча 29-апрель күнү ЖКнын пленардык отурумунда нефтетрейдерлердин ассоциациясынын президенти Жумакадыр Акенеев билдирди. "Бул жылдын башталышы менен Кыргызстанга 42 миң тонна солярка алынып келинген. 7 млн 600 литри айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө берилген. Ал эми арзандатылган баада 4 млн 600 литри сатылган. Азыркы күнү бардык май куюучу жайларда солярканын запасы бар. Баткенде бир литри 40-42 сомдон сатылып жаткан болсо, Тажикстанда солярканын баасы 52-53 сомго жетүүдө,- дейт Жумакадыр Акенеев. Азыркы убакта солярканын запасы 10-майга, ал эми бензиндин запасы 15-майга чейин жетет деп билдирди Ж. Акенеев. Анын айтымында, дүйнөдө нефтинин баасы кымбатташы Орусиянын ички рыногунда да күйүүчү май бааларынын көтөрүлүшүнө жана анын тартыштыгына алып келген. Мындан улам жакын арада Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы 5-6 сомго көтөрүлүшү мүмкүн.


21 миллиондон ашык доллар кимдин колунда?
Президент Роза Отунбаева банк уячаларынан табылган миллиондогон акчалардын чоо-жайын 10-майга чейин иликтеп-териштирүүнү Башкы прокуратурага тапшырды. Бул тууралуу президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, прокуратурада бул боюнча атайын комиссия түзүлдү. Банк уячаларынан алынган акчаларды Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия да иликтеп жатат. 7-апрелден кийин банк уячаларынан ээси аныкталбаган 21 миллиондон ашык доллар алынганы кабарланган. Бийлик алмашкандан кийин түзүлгөн Убактылуу өкмөт анын 1,5 миллионго жакыны былтыр жайдагы оор кырдаалды жөндөөгө жумшалганын билдирген эле.


  Коом

Кыргызстан Индонезияда кармалган Сакеевага жардам көрсөтүү жолун издөөдө
Бул тууралуу "Биринчи" радиого берген маеги учурунда президент Роза Отунбаева билдирди. Бул маселе азыр тиешелүү органдарга тапшырылып, иликтенүүдө. Президент Кыргызстан жарандары кайсы жакта жүрсө да укугун коргоого муктаж болсо, ошондой жардамды алышы керек деген оюн айтты. Кыргызстандык Жибек Сакеева Индонезиянын Бандунг шаарынын аба майданында былтыр күзүндө кармалып абакка түшкөнүн, анын 17 жылга түрмөгө кесилиши ыктымалдыгы маалымдалгандан кийин, акыйкатчы Турсунбек Акун бул маселени иликтөөнү жана мүмкүн болсо анын укугун коргоп, бошотуп алууга киришкен. Акун Кыргызстан жаранынын укугун коргоого чакырып президент, Башкы прокуратура, Тышкы иштер министрлигине жана Жогорку Кеңешке кат жолдогон.
Индонезияда маңзат менен кармалган кыргыз кызы Жибек Сакеева африкалык бир таанышынын жүгүн бул өлкөгө жеткирүүгө макул болуп, бирок анда маңзат бар экенин билбегенин ырастоодо.

  Дүйнө

№1-террорист деп аталган
Усама Бен Ладен Пакистанда өлтүрүлдү
"Ал-Кайида" уюмунун лидери жана 2001-жылы 11-сентябрдагы терракттын уюштуруучусу Усама бен Ладен өлтүрүлдү. Бул тууралуу АКШ президенти Барак Обама расмий жар салды. Президент Барак Обаманын билдирүүсүнө чейин АКШнын бир катар маалымат каражаттары Усама бен Ладен Пакистандын борбор шаары Исламабаддын жанындагы үйүндө өлтүрүлгөнүн кабарлашкан. Америкалык сыналгы АКШ президентинин билдирүүсүн түз ободо көрсөттү. Президент Барак Обама: "Бен Ладен 2001-жылдын 11-сентябрында болгон трагедия үчүн жооптуу",- деп белгиледи. Аны кармоо операциясын АКШнын чалгындоо кызматы өткөргөн. "Ок атышуудан кийин Бен Ладен жок кылынды. Америкалык аскерлер жабыркаган жок", - деп кошумчалады Обама. Б.Обама Бен Ладенди жок кылуу операциясына көмөктөшкөнү үчүн Пакистан өкмөтүнө ыраазычылыгын билдирди.


  Спорт

Жамгырчиева дүйнө
чемпионатында коло медаль алды
Кыргызстандык спортчу кыз Ажар Жамгырчиева бокс боюнча дүйнө чемпионатында кыздар арасындагы таймашта коло медалга ээ болду. Таймаш Түркиянын Анталия шаарында өттү. Спорт журналисттер федерациясынын баш катчысы Кабыл Маекштин билдирүүсүндө, 66 килограмм салмактагы таймашууда жарым финалда Жамгырчиева түркиялык атаандашына утулуп калды. Буга чейин Кыргызстандын спорт тарыхында бокс боюнча дүйнө чемпионатында кыздар арасындагы мелдеште үчүнчү орунду алгандар болгон эмес.

Басма сөз эркиндигине карата
мини-футбол боюнча
Президенттин Кубогу
30-апрелде, президент Роза Отунбаеванын ЖМК өкүлдөрү менен Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүнө арналган жолугушуусу болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуунун алкагында президенттин Кубогуна мини-футбол боюнча турнир өткөрүлүп, ага ЖМК жана иш-чаранын өнөктөштөрүнүн командалары катышты. Чемпиондун Кубогун "25-кадр" журналынын командасы утуп алды, ал эми экинчи сыйлуу орунга КТРКнын, үчүнчү орунга "5-каналдын" жана "Азаттык" радиосунун командалары татыктуу болушту. Р.Отунбаева турнирге катышкан бардык командаларга турнирдин катышуучусу дипломун тапшырды. Сөз эркиндигине басым жасоо менен Р.Отунбаева өлкө жетекчилиги мындан ары да эркин жана көз карандысыз ЖМКларды бекемдөөгө болгон багытын өзгөртпөй тургандыгын айтты. "Биз ЖМКлар жабылбай, журналисттер бийлик тарабынан куугунтукка алынбай турган саясий климатты сактап калууга умтула бермекчибиз. Республикабызды сөз эркиндиги, басма сөз эркиндиги айырмалап турушун каалайбыз. Калем чеберлери Кыргызстандын сыймыгы болушун, ал эми эркин көз карандысыз пресса - коомдун айныксыз атрибуту болуп калышын каалайбыз", - деди Р.Отунбаева.


  Бир бүркүм маалыматтар

Кытайдан Кыргызстанга 250 трактор келет
Кытайдын тракторлору май айынын ичинде Кыргызстанга келет. Облустарга бөлүштүрүлө турган бул техникалар Кыргызстанга узак мөөнөттүк насыя катары берилүүдө. Кыргызстанда айдап себүү иштери үчүн керек болгон 27 миң трактордун 22 миңи гана бар, - деп билдирди Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы.
10-майдан тарта Бишкекте ысык суу бир айга токтойт
Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Бир ай ичинде Бишкек жылуулук электр борбору ишин токтотуп, тазалоо, оңдоо иштери жүргүзүлмөкчү. Ысык суу кайрадан 10-июндан тарта
бериле баштайт.
Улуттук кийимдердин жумалыгы башталды
Бул тууралуу жумалыкты уюштуруучулардын бири Мирзат Ажиев билдирди. Аталган жумалык 1-майдан 9-майга чейин созулуп, ага катышууну каалагандар көчөдө, үйдө кыргыздын улуттук кийимдерин кийип жүрүшү абзел. Бул иш-чара "Ак шумкар кут", "Кебел" жана "Ыйык Ата Журт" өңдүү жаштар бирикмелеринин демилгеси менен ишке ашууда.

P.S. Маалымат интернет булактарынан алынды.




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??