Кыргыз-Түрк Манас Университетинин окутуучусу:
"Өтөгөндүн баарысы өзү барып ий болбойт" дешет элибизде. Бала кезден Роза Аманованын ырларын жадыбалдай жаттап, чоң сахнага бел байлаган ырчы кызыбыз Эллада Асылбекованын балалык баё сезимине сапар тарттык. Кубулжуган үнү, өзгөлөрдөн өзгөчөлөнүп турган аты да бир керемет эмеспи.

"Элладанын баатырлары" китебин окуп, тоодой бийик болсун деп..."
- Энелик сезим эч нерсеге алмаштыргыс эмеспи, бала жытына мас болуу кандай экен?
- Менин бул жашоого келип, аткарган айныгыс ишим ушул экөө болду: энелигим, анан мугалимдигим. Экөө тең балага болгон сүйүүдөн турат. Мунун өзү-укмуштуудай сезим. Балдарымдын баары (бешөө тең) чыгармачылык багытта болуп калышты. Ал эми Элладам өзгөчө. Мурда Элладаны Рахат эженин кызы деп таанышчу. Азыр мени Элладанын апасы деп таанып калышты.
- Баланын ырайына жараша ат кой деп коёт го, кызыңыздын ысымы да башкалардан өзгөчө, Эллада деп ким койду?
- Элладанын аты да өзүнчө кызык. Мен бул төрөлөргө жакын "Элладанын баатырлары" деген китеп окугам. Эмнегедир Эллада деген сөз менин кызыма туура келчүдөй сезилди. Ошондой тазалык, сүйүү, баатырлык ээлеген тоодой бийик болсун дегенмин го, сыягы. Анан мектептин директору Касипа деген эже бар эле, ал киши да ушул атты туура көрдү. Ошентип Эллада аталып калды.
- Кызыл эт кызыңызды алгачкы жолу эмизгенде, кандай сезим ыроолоду?
- Элладаны төрөт үйүндө эмизгени алып келгенде, көзүн ачпай эле уктапкелет, анан үчүнчү күнү бир көзүн ачып келиптир, эртеси күнү экинчи көзүн ачты. Мен бул эмнеси деп аябай корктум. Көрсө, кызымдын мүнөзү ошондой шашпаган болуп чыкты. Азыр деле шашпайт. Жибектей созулган кызың бар деп калышат.
- Элладанын башка балдарыңыздан өзгөчөлөнгөн мүнөзү?
- Менин жүрөгүмдө беш баламдын өз-өз орду бар. Алар үчүн баарына даярмын. Эгер жүрөгүм керек болсо, бешөөнө барабар кылып, тең бөлүп бермекмин. Үч кызым менен Оштон Бишкекке учак менен баратабыз. Алдыңкы орундагы бир жүргүнчү Эллада көзгө жакшы көрүнүп болтоюп турса, баштыгынан бир момпосуй алып сунса, кызым өзү жебей жанындагы эжесине берип жатат. Ошондо ал киши: "Оо, азыртадан бир туугандарынын камын ойлогон жакшы кыз экен",-деп күлүп коёт. Ошол мүнөзү азыркыга чейин бар. Бир тууганы үчүн ичкен ашын жерге коюп, колдон келишинче жардамын аябайт.
- Ырга ышкыбоз болгонун качан байкадыңыз?
- Эллада кыргыз салты боюнча кичинекейинде чоң ата, чоң энесинде чоңойду. Бирок жанымдагы балдардан көбүрөөк ошол жөнүндө ойлончумун. Ал азыр айтып берсе, кызымдын түгөнгүс жомогу мен экемин. 5-6 жаш болсо керек эле. Айылга барсам эле ошону мененмин, анан бир күнү: "Апа, ырдап берейинби?"- дейт. "Ырдай гой, алтыным",- дедим бетинен өөп.Анан ал: "Атканы калдың ай, таң дагы,
А бирок уйкум ай, канбады.
Олтурам жалгыз сени ойлоп,
Ойлодуң бекен сен дагы",- деп обону менен кынтыксыз ырдап жатпайбы, а мен болсо мага эле айткандай болуп, өпкүлөп жатам, ыйлап жатам... айтор, кызык болгонбуз.
- Капилет кызыктуу күндөр?
- Анан биринчи класска келгенде, мен № 68 мектепте иштейт элем. Эрте менен сабагым башталат. Эллада түштөн кийин окуйт. Үйгө келген бир курбума автобуска салып койчу, бүгүн шашпай эле барсын деп таштап кеткем. Ал салбай эле 26-автобуска түшөсүң деп кетип калыптыр, бул адашып, 26га эмес, 11-автобуска түшүп алыптыр. Ошентип адашып, темир жол вокзалына кетип калыптыр, ыйлап жүргөн го, бирөөлөр алдынан чыгып: "Атаң ким? Апаң ким?"-деп сураган го, апам мугалим, атам уста дептир, аттарыбызды айтыптыр. Кудай жалгап, бизди тааныган эжеге туш болуптур, азыр да ойлосом коркуп кетем. Мен болсо мугалиминен келбегенин угуп, өң-алеттен кеттим. Ыйлап алганмын, издеп жүрөм. Таксиге түшүп алып жолдорду карап жүрсөм, аялдамада олтурат, тиги эже менен. Таксини токтотуп, чуркадым. Жетиш да кыйын болду. Кучактап алып ыйлап жатам. Апа, ыйлабаңыз, мен табылдым го деп коёт кайра.
- Студент маалында да ар кандай конкурстарга катышчубу?
- Ырдаганын билчүмүн, албетте, бирок биринчи жолу БГУда окуп жатканда бир жыйын болгон, катышалы деп Түркология факультетинин деканы Лайли эже экөөбүз отурганбыз. Бир мезгилде эле:"Азыр биринчи курстун таланттуу кызы ырдайт",- деди. Карасам эле, менин кызым чыгып келе жатат. Мен болсо, эми эмне кылам, адашып кетсечи деп, бүткөнчө титиреп отурдум. Жок, жакшына эле ырдап, жүгүнүп чыгып кетти. Эл дүркүрөтүп эле кол чаап калышты. Лайли эже да: "Сонун ырдайт турбайбы",- деп калды. Бирок бүгүнкү күнгө чейин кызым муңбай эле эл алдына чыгып ырдайт, а мен дагы эле толкундана берем...
- Өзүңүзгө окшош жактарын байкайсызбы?
- Негизи, мүнөзү жагынан көбүнчө өзүмдү көрөм. Мени тарткан жагы көп. Оң, терс жактары деле. Айрыкча, сүйлөгөндө экөөбүздүн үнүбүздү ажырата алышпайт.
- Күйөө баланы пайгамбар сыйлаптыр дегендей, Элладанын жолдошу Замир сизге кандай күйөө бала?
- Күйөө балам Замир Сабитакунов, кудайга шүгүр, мыкты жигит. Өзүмдүн баламдын катарында. Негизи, күйөө балдарым өз баламдай эле.
Неберелерим Медина, Кундуз, Асиялардын таттуулугун айтууга сөз жетпейт болуш керек. Аны сезиш гана керек. Кудайым, өмүрлөрүнө береке берсин.





  Адистин көзү менен

НБТ Музканалынын "Лидер кg" долбоорунда көп жолу лидерлик позицияга ээ болгон "Кеңеш" тобунун "Кызыл гүл" ыры эмеспи. Эгер ырдалган ырдын маанисине көңүл буруп, анын обонуна кененирээк токтолсок,кандай жыйынтыктар чыгат эле? "Адистин көзү менен" аттуу рубрикабызда дал ушул "Кеңеш" тобунун "Кызыл гүл" деген ыры калыстар тобунун сынына түштү. Эмесе, калыстар тобу кандай чечим чыгарарына назар салыңыздар.

КРнын композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев:
"Аягына чейин укканга чыдамым жетпеди"
- "Кызыл гүл" деген ырды биринчи жолу угуп жатам. 90-жылдары реп деген абдан мода болуп кеткен да. Бул ыр өтө жөнөкөй жасалган. Бул алдыга умтулуу эмес, тескерисинче, артка кетүү. Эч кандай обондун жыты жок. Кыргыз жыттанган ырлардан алыстап, батышты туурап калдык деп чырылдап жатабыз. Кыргыздын жүзүн көрсөтө албай турган мындай ырларды бербеш керек. Ушул ыр кандай радио болбосун, ошол жыштыкта жаңыра турган болсо, ошолор өздөрү сабатсыз деп ойлойм. Аягына чейин укпастан, чыдамым жетпей калганы-ошол ырдын деңгээли экени билинип турат. Мындай ырларды төмөнкү деңгээлдеги дискотекаларда гана колдонбосо. Бул жерден эч кандай жаңыланууну көрбөдүм. Изденүү, алдыга жылуу болушу шарт да. Кызыл гүл деп созгону да болбой калыптыр. Ырды укканда, кийинки жашоосу болушу керек да. Бул ыр өзүн актаган жок. Бул ырды,тескерисинче, экинчи уккуң келбейт. Мен эч кандай үндүн кооздугун байкай алган жокмун. Болгону Индия киносундагыдай кыз ырдап жатса, артынан чыга калган баланы эле элестеттим. Чет жактын маданиятын тууроодон эч качан өнүгүү болбойт.


КРнын Эл акыны Анатай Өмүрканов:
"Ырды укканда, чарчаган киши андан бешбетер чарчайт"
"Кызыл гүл" деген аталыштагы текстти окуп, эч нерсе түшүнө албадым. Деги эле бүгүнкү көпчүлүк обончулар сөзгө маани бербей калышты. Үнүн эле батыштын, же чыгыштын мотивине салып эле кыйкырып жаткансыйт. Баягы "Балчыктын да чардаган бакасы бар" деп Шайлообек айткандай, ар кандай чыгармачылыкта улуттук калорит сакталышы абзел. Эми сөзгө келсек, сөз-бул эң негизги нерсе. Акыл, ой, түшүнүк, философия болушу керек.
Он сегиз жаш деген ыр бүгүнкү күнгө чейин ырдалып келет. Ошол себептен, жаштарга сөздү кадырлап, сөз баасын билүүгө аракет кылышын каалаар элем. Мындай ырларды укканда, чарчаган киши андан бешбетер чарчап, жөн турган киши жадап кетери бышык. Билбейм, мага ошондой сезилди.


Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын алдындагы эстрада-фольклордук жана элдик бий студиясынын директору КРнын Эл артисти Сапар Исмаилов:
"Тоок кыйкырып, эшек бакырып
жатат деп ырдаса боло береби?"
- Эми ушундай атайын топ түзүп, аракеттенип иштеп жатса, анан биз сын көз караш менен карап айтсак, алардын шагы сынып калса дагы туура эмес. Искусствонун адамдарын бир гана сөз менен өлтүрүүгө болот, өтө назик сезимтал адамдар да. Буларды гүлдөп турган жоогазынга салыштырсак болот, суу куйбай койсоң дароо соолуп, куурап калышат. Азыркы жаш ырчылар өздөрү көп иштеши керек. Ырчыны ырчы кылган бул-эмгек. Опера деген сөз италия тилинен алынган, бизче эмгек дегенди билдирет. Бул атайын иштелип чыккан үн эмес, жөн гана өздүк көркөм чыгармачылык. Ал эми биздин убакта теле-радио берүүлөргө чыгарарда атайын маданият министрлигинен коллегия угуп, алар жаратса гана, ошол сыноодон өткөндө гана, элге таанытылчу. Жалпак тил менен айтканда,тоок кыйкырып,эшек бакырып жатат деп ырдай берсе боло береби? Ошондой маанидегидей эле ыр экени өкүндүрөт. Азыркы жаш ырчыларыбыздын көпчүлүгү сөздү туура жана так айтпастан, акцент менен ырдап жатышат. Эстраданын корифейлери: Шамшыбек Өтөбаев, Эрмек Мойдунов, Султан Каримов, Улукмырза Полотов сөздөрдү дапдаана айтып ырдап келишкен. Чыныгы профессионалдык ырчы болом деген ниети болсо, анда окуп, музыкалык сабатын тереңирээк өздөштүрүшү керек. Эгер 2 жылдык студияны окуй албаса, жок эле дегенде курска барып, тажрыйбалуу педагогдордон билим алышы шарт. Негизгиси, үндү туура жайгаштыруу. Таланттуу балдар экен, үнү бар, бирок ошону профессионалдык деңгээлге жеткирсе жакшы болмок.


 "Кеңеш" тобу

Сөзү: Ташкент
кызы Гүлдүкү
Обону: автордуку

Кызыл гүл
Кызыл гүл, кызыл гүл, (2 жолу)
Сактагам сүйүүнү.
Жүрөктүн рахаты, жүгүрүп нур жүзүңө,
Жүрөгүм сени тапты, жолугуп тун сүйүүгө.
Кайырма:
Сүйүү гүлү сага шашам.
Кызыл гүл (2 жолу)
Сактагам сүйүүнү,
Ар бир түнү сага шашам.
Кызыл гүл, кызыл гүл( 2 жолу)
Даңктагам сүйүүнү,
Сүйүү күнү сага шашам.

Жыпар жыттуу кызыл гүлдү окшоштурам дайым өзүңө,
Сүйүүм арнап гүлүм сунгам карай албай кара көзүңө.
Назиктигиң кызыл гүлдүн мүнөзүнө окшоштурамын,
Белгиси де ак сүйүүнүн кызыл гүлдү сага сунамын.
Сүйүү күнү сага шашам

Махабаттын белгисине кызыл гүл деп тойлоп жашап,
Арналышын айымдарга арзуулардан алып башат.
Махабатым сениби деп дайрасынан ашып ташат,
Кызыл гүлүн бермек болуп сүйүү гүлү сага шашат.

Айтол Кушпаковакова