п»ї

"Кыргызстан Обондору" радиосуна 13 жыл
7-май -Радио күнүн утурлай, үч миллиондон ашык угарманы бар, "Кыргызстан Обондору" радиосу той өткөзгөнү жатат. Ди-джейлердин кубулжуган үндөрүн ободон угуп, көргөнгө куштар болуп жүрсөңүздөр, 7-майда боло турган радио-тойдон көрө аласыздар. Ага чейин акыркы кызыктуу жаңылыктары менен радионун коллективи бизде конокто.

"Кыргызстан Обондору" радиосунун директору Жылдыз Белекова: "Өзүмдүн мүнөзүм бирде жарк-журк, бирде карс-курс"
- Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз. Деги эле бул тармакка кантип келип калдыңыз?
- Өзүм Ысык-Көлдүн Кажы-Сай шаарчасынан болом. Үй-бүлөлүү, бир кыздын апасымын. Кызым Самираны тогуз айында эле бала багуучуга карматып, жумушка чыгып кеткем. Азыр, буюрса, 3 жаштан ашып калды. Жолдошум Рустам абдан түшүнүктүү жан, кызматтык милдетимди түшүнүп, колдоп-коштоп турат. Акыркы күндөрү концерт деп, 24 саат бою иштеп жатам. Энергиямдын, убактымдын, көңүлүмдүн, күчүмдүн бардыгы радиого кетет. "Кыргызстан Обондоруна" келгениме апрель айында туура сегиз жыл болот экен. Жаңы келгенде, кесибим боюнча журналист кылып алышкан. Акыркы бир жарым жылдан бери директорлук милдетти аркалап жатам. Биринчи устатым ыраматылык Медер Осмоналиев. Бул адам мага көп жактан жардам берди. Жумушум кызыктуу. Ошондуктан, оордугу билинбесе керек.
- Жакында боло турган "радиотойго" кайрылсак. Даярдыктар кандай жүрүп жатат?
- Концертти буга чейин радионун чоң мааракелеринде гана берчү элек. Тез-тез концерт берип, элди тажаткандан көрө, угармандарды суусатып, бир күн концерт берүүнү туура көрөбүз. Акыркы кечебиз мындан үч жыл мурда, "Кыргызстан Обондорунун" 10 жылдыгында Спорт Ордосунда өткөн. Ал эми, азыр эрежени бир аз бузууга туура келди. Себеби, угармандарга айта турган сөзүбүз көбөйдү. Былтыр бизде көп жакшылыктар болду. Биринчиден, толугу менен республикага тарта баштадык. Экинчиден, сайтыбыз ачылды. Үчүнчүдөн, жаңы үндөр пайда болду. Жөжөлөрүбүз Дария менен Урмат-сыймыгым. Алар "Кыргызстан Обондорунун" келечеги. Назира, Чыңгыз, Нурзаданы эл тааныйт. Ал эми, калгандарынын жүзүн, буюрса, 7-майда көрө аласыздар. "Тентегибиз" Мээримдин тамашалары менен шыңгыр күлкүсүн угуп жүргөндөр, жүзүн көрүүгө дагы куштар болсо керек. Дария менен Мээрим үчүн бул күн чоң сахнадагы "дебюту" болот. Ал эми, кенжебиз Урмат бул күнү эфирде калат.
- Ди-джейлерди жетекчи катары кандай талаптар менен башкарасыз?
- Чыгармачыл чөйрөдө башкаруу деген нерсе жок болуш керек. Өзүмдүн мүнөзүм бирде жарк-журк, бирде карс-курс. Жетекчи болуу дагы оңой эмес нерсе. Үйдө корпоративдик башкарууга байланыштуу китептерим толтура. Ийкемдүү болууга, бардыгына бирдей мамиле кылууга үйрөндүм. Тажрыйбалуу жамаат иштегендиктен, ар бирине тушүндүрүп отуруунун кажети деле жок. Бардыгы өз ишинин профессионалдары, радионун форматын, ашканасын мыкты түшүнгөн адамдар. Жаңы келген ди-джейге улуусу бардыгын үйрөтүп, бир жолго салмайынча - жанынан карыш чыгарбайт. Бул жагынан системабыз жакшы түзүлгөн. Андыктан, кээде гана талаш-тартыштуу жерге аралашпасам, көбүнчө бардыгы өз нугу менен жүрөт.
- Ди-джей болом дегендер көп кездешет. Аларды кантип тандап аласыздар?
- Жаңы ди-джейлерди кастингден албайбыз. Ушул убакка чейин уюштуруп көргөнбүз. Былтыр эки жолу мырзанын үнүн издедик. Аябай көп адам чогулду. Бирок биздин талаптарга, форматка жооп бере турган адам таба алган жокпуз. Балдардын дагы, биздин дагы убактыбыз кетет экен. Арасында акча кармап келгени, тааныш-билиш салганы андан көп. "Кыргызстан Обондоруна" ди-джей болуу - ушул эки нерседен көз каранды эмес экенин түшүндүрө албай койдум. Кийинчерээк, кастинг деген нерсени жыйыштырып, өз алдынча "үнгө аң уулоого" чыктык. Теледеги жарнамалардан, тасмалардан мыкты үн издейбиз. Кайсы ди-джей кандай тойго барбасын көнүмүш болуп калган. Коңур ун угары менен, ошол замат студияга чакырабыз.
Назира Кадыева: "Көптөр ди-джейлик кесипти оңой деп ойлошот"
- Сиз үчүн үй-бүлөңүз?
- Үй-бүлө деген абдан ыйык нерсе."Уяң бузулбасын",-деген элибизде жакшы сөз бар го. Негизи, үй-бүлөнү тандап жатканда, ойлонуп кадам таштаган жакшы. Адамдын бир канаты өзүнүкү болсо, экинчиси өмүрлүк жарыныкы дегендей, биргеликте бир жакты көздөй багыт алса, бардыгы жеңил болот деп ойлойм. Жеке үй-бүлөм азырынча чакан эле. Жолдошум таптакыр чыгармачыл чөйрөдөн эмес. Каржы полициясында иштейт.Аты- Улан. Кээ бирөөлөрдү үй-бүлөлөрү табыштырса, бизди чыныгы сүйүү гана табыштырган.Жакшы көрүү сезиминен үй-бүлө курганбыз. Акмарал деген бир кыздын апасымын.Буйруса, 4кө чыгайын деп калды. Тилинин тактыгынан күлүп калышат, ди-джейдин кызы дешип. Кичинекей балдар кээ бир сөздөрдү булдуруктап, туура айта албай сүйлөйт го, ал болсо, тескерисинче, чоң кишини үйрөтөт. Орусча кээ бир сөздөрдү таптак айтса, ди-джейдин кызы да деп айтышат.
Чыңгыз Мырзаев:
"Концертте биринчилерден болуп, бул ырга, буюрса, баарыңыздар күбө болосуздар"
- "Радио-тойдо" алгачкы жолу "Кыргызстан Обондорунун " үч ди-джейи "Кыргызстан Обондору" деген ыр ырдап чыгат экен. Сөзү сизге тиешелүү дешет. Канча күндө жазып бүттүңүз?
- Ооба, буюрса, бул милдетти өз колума алгам.Биринчи күнүндө ырдын текстин жалпы жамаат менен көз жүгүрттүк, анан акылдашып эки жумада жазып келем деп убада бердим.Анан эле дароо ырдын аранжировкасын жасатууга буюртма бердик.Көп өтпөй аранжировкасы дагы даяр болуп калды, кесиптештерим болуп алып колубузга ырдын текстин кармап алып, ырдадык.Эми болсо үн түшүрүүгө даярданып бүттүк.Концертте биринчилерден болуп бул ырга,буюрса, баарыңыздар күбө болосуздар.
Мээрим Жыргалбекова: "Мега-шоу концертке даярдануу -менин чыгармачылыгымдагы тажрыйбалардын эң чоңу"
- Концертке даярдыктын кайсы бөлүгү сиздин мойнуңузда?
- Кандайдыр бир чоң мааракелерди уюштуруу көптөгөн адамдын биргелешүүсүн, өзгөчө ойлорду жана бир топ энергияны талап кылат. Биздин майлуу-сүттүү майрамдарга бай болгон май айындагы боло турган концертибизге дал ушундай күч жумшалды. Тоюбуз жакындаган сайын жүрөгүбүз алып учуп, кайра-кайра майда чүйдөсүнө чейин текшерип, улам улам караштырып, даярданып жатабыз. Ар бир ди-джейге шефибиз милдеттерди бирдей бөлүп берген. Мага тойго ырчылардын чакырыгын жаздыруу милдети менен 7-майга аз калганда аткаруучуларга дагы бир жолу эскертип чалып коюу милдети жүктөлгөн.Андан сырткары, сахнага чыккан ар бир ди-джей айымдын концертке кийген кийимдери менен чач жасалгаларынын өзгөчөлүгүн ойлоп табуу дагы менин мойнумда.Мега-шоу концертке даярдануу менин чыгармачылыгымдагы тажрыйбалардын эң чоңу. Эмесе, жалпы кыргызстандыктарды радио-той концертинин күбөсү болууга чакырамын. Бул концерт эксклюзив: теледен көрсөтүлбөйт, дисктерге чыгарылбайт, болгону бир гана күн болот.
Дария Санташева: "Алгачкы күндөрү эфирде байкабай ката кетирген күндөрүм болду"
- "Кыргызстан Обондоруна" кандайча келип калдыңыз?
- Көп тил билүү - көп кулпуга түшө турган ачкычка барабар"- дегендей, жан дүйнөм чыгармачылыкка жетеленип, ушул чөйрөнүн тилине азгырылып жүргөн. Ошол учурда "Кыргызстан Обондорунда" кастинг болуп жаткандыгын угуп, өзүмдү сынап көрүүнү чечтим. Бул маалда окуумдан башка жогорку окуу жайга которулуп жүргөндүктөн, жетишпей калам деп чочулагам. Бирок ийгилик жылмайып, кастингден да өтүп, окуумдан да экзамендеримди жакшы тапшырууга жетиштим. Алгачкы күндөрү эфирде байкабай ката кетирген күндөрүм болду. Бирок бийик деңгээлдеги профессионал устаттарым жана жетекчимдин аркасында, мен да радио тармагына жан дилим менен сүңгүп кирип, сиңип кеттим. Тунгуч чыгармачыл чөйчөгүмдү толтурууга дагы бир асыл жандын көмөгү чоң тийди - ал менин апам. Көч бара-бара түзөлөт дегендей, элге кызмат кылуудан болгон аракетимди аябайм жана колдоо көрсөткөн кесиптештеримдин, анын ичинде устатым Мээрим Жыргалбекова менен Аскат Алдашевге чексиз таазим этем.
- Аскат Алдашев: "Күзгү сезондо жанымда ди-джей айым болот"
- Чыңгыз Мырзаев радиодон кетсе, "Таңкы тополоңду" ким менен алып барасыз?
- Ушул жөнүндө катуу ойлонуп жатам. Чыңгыз байке радио-тойдон кийин кетем деген эле, бирок азырынча белгисиз. Биз көз салып жүргөн балдар-кыздар бар. Алардын дагы фантазиясы күчтүү, үнү жакшы, шайыр. Өзүңүздөр билгендей, акыркы 2-3 жылдан бери "Таңкы тополоңду" жигиттер алып барууда.Күзгү сезондо жанымда ди-джей айым болот го. Мунун бардыгы угармандарыбызга сыр бойдон кала турсун. Буюрса, июнь айынан баштап "Таңкы тополоң" жайкы сезондун талабына ылайык, жаңы жасалгалоо менен чыгат. Программанын аты өзгөртүлүп, мындан да өзгөчө, кызыктуу болот.
Нурзада Жолдошева: "Мен дизайнер болмокмун"
- Ди-джей болбогондо, кайсыл кесип менен кетмексиз?
- Бул кесипсиз өзүмдү Нурзада деп элестете албайм. Жумушум өзүмө аябай жагат, канчалык жумушумду сүйсөм, ошончолук жеңил боло берет. Эгерде, бул кызматты аркалабасам, анда мен дизайнер болмокмун. Мында кыргыздын кийимдерине өзүмдүн оюман чыккан оймо-чиймелерди ойлоп таап, кыргыз элимдин каада-салтына өзгөчө көңүл бурмакмын.
Урмат: "Биринчи кастингден өтпөй калган элем"
- Радиого кандайча келип калдыңыз?
- Бул кызматка былтыр келген элем. Кастингден өтпөй калып, башка медиаларда жарнамага үн жаздырып жүрдүм. Кийинчерээк тааныштарым аркылуу "Кыргызстан Обондоруна" мырзанын үнү керек экенин угуп,дагы бир ирет өзүмдү сынап көрөйүн деп чечтим. Себеби, биринчи келгенимден бери бир топ убакыт өткөн. Бул аралыкта мен "Тамашоуда" ойноп, теледе ролик окуп, үнүмдү атайын "Кыргызстан Обондорунун" форматына ылайык таптап жүрдүм. Оюм оңунан чыгып, өзүм эңсеген кызматка орношуп калдым.

Келсин Мурадил кызы








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??