п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Ден соолук

Сураптырсыз,
жооп беребиз
Сиздерди кызыктырган тиш боюнча берген суроолоруңуздарга 35 жылдык тажрыйбасы бар, врач-стоматолог- терапевт Исаева Майрам жооп берди.


Камила, 22 жашта:
- Тиштеги кариести үй шартында кантип жок кылууга болот?
- Жок кылыш үчүн ар дайым тишти таза жууп туруш керек. Эртең менен, кечинде милдеттүү түрдө жууш керек. Андан тышкары конфет,таттууларды азайтыш керек. Кээ бир адамдар конфетти оозуна салып жатып уктап калат. Бул өтө зыян. Анткени, таттуу ооздо түндө көп болбош керек. Таттууну жегенден кийин тиш жууса, тиштин түбүндө калган конфеттеги жаман кошулмалар жок болуп, кариестен арылууга алып келет.

Айбек, 25 жашта:
- Оозумда жаман жыт пайда боло берет. Анын айынан адамдар менен сүйлөшкөндөн уялам. Эмне кылсам болот?
- Андай жыттарды кетириш үчүн тишти бат-баттан жууш керек. Бул ички органдардан дагы болот. Мисалы, кээ бир адамдардын ашказанында оору бар болсо дагы, ошондой жыттар пайда боло берет. Ашказанда "гастрит" деген оору болот. Ошон үчүн биринчи ашказанды дарылаш керек.

Мээрим, 20 жашта:
- Муздак суу ичсем, балмуздак жесем, тишим какшап кетет. Ал эмнеден?
- Сиздин тиштериңиздин түбүндө майда-майда кариестер бар. Ошон үчүн какшап ооруп кетет. Бирок бир сыйра текшерилүүдөн өтүп, көрүнүп койгонуңуз оң.

Медер, 26 жашта:
- Өбүшүү аркылуу кариес жугушу мүмкүнбү?
- Андай болушу мүмкүн эмес.

Замира, 23 жашта:
- Мен 2 тишимди тазалатайын дегем. Бир тишти жасатыш үчүн канча акча керектелет?
- Ал үчүн сиз келип текшерилишиңиз керек. Анткени, тиштер ар кандай болот. Мисалы, кээ бирлердики жаңы башталган кариес болсо, кээ бирлериники өтө өөрчүп кеткен. Карап көрүп диагноз коёбуз. Тереңдигине дагы карайбыз..

Гүлзина, 17 жашта:
- Бир күндө тишти канча жолу жууш керек?
- Бир күндө эки маал жууш керек. Эртең менен, анан кечинде, тамактан кийин жатар алдында. Эгерде убактыңыз болсо, ар бир тамак ичкенден кийин үч маал деле жууп койсоңуз болот. Азыркы тамак-аштарда "био кошулмалар" бар. Ошолор тиштерге терс таасирин тийгизет.

Клара, 16 жашта:
- Кариес түшпөш үчүн эмне кылып тишти караш керек?
- Жана айткандай эле тишти жууш керек. Таттууларды жебеш керек. Жесе дагы азыраак ченем менен жеш керек.

Нурбек, 19 жашта:
- Жууганда тишим канап кетет. Ал эмнеден улам келип чыгат?
- Канап кеткендин себеби тишти башынан таза кармап, жууган эмес. Ошондуктан тиштин түбүндөгү майда-майда кан тамырлар жыйрылып, кан айлануусу начарлап калган. Анан кан уюп, жууганда сыртка чыгат. Ал үчүн атайын массаждар бар. Ошону жасаса эле, жанагы уюган кандар аз-аздан сыртка чыгып жок болуп кетет. Тиш догдурга текшерилип, массажды үйрөнүп алса болот.

Наргиза, 17 жашта:
- Тишимди жакында жулдургам. Анан азыркыга чейин эттери ооруп атат. Эмне кылсам болот?
- Ал үчүн ошол жулдурган тиш догдуруңузга барып текшерилиңиз. Жулдуруп эле кетип калбастан, бат-баттан барып доктурдун көзөмөлүндө болуп туруш керек. Ар кандай учурлар болот.

Жика, 23 жашта:
- Мен тишимди протез кылып оңдотком. Жылып баратат. Кантип чара көрсөм болот?
- Протезди жасаган догдуруңузга кайрадан көрүнүңүз. Бирок жылып кетиши мүмкүн эмес. Атайын ченелип ылайыкташтырылып жасалгандыктан жылбаш керек болчу.

Мухтар, 22 жашта:
- Пломба койгондон кийин, азуу тиштерди каптатпай койсо боло береби, же сөзсүз коюш керекпи?
- Кээ бир тиштерге каптаткан өтө маанилүү. Ал эми кээ бирлерине койбой деле койсо болот. Бул тиштин жайгашышына көз каранды болот.

Бактияр, 24 жашта:
- Бат-баттан эле тиш щётка алмаштыра берем. Анткени, жаман болуп кетет. Тиш щёткаларды кантип тандаш керек?
- Россиянын тиш щёткаларын колдонсоңуз, көпкө чыдайт. Бирок 3 айда бир тиш щётканы алмаштырып туруш керек.

Айпери, 24 жашта:
- Менин тиштерим өйдө-ылдый. Аны кантип түздөш керек?
- Негизи, 24 жашта болсоңуз, кичине кеч болуп калган экен. Анткени, сиздин тиштериңиз катып калды. Бир жылдан ашык атайын тишти түзөй турган аппарат болот. Ошону кийип жүрөсүз, анан өзүнөн-өзү калыбына келе баштайт.

Акылай, 26 жашта:
- Баламдын сүт тиштери түшүп, анын ордуна кыйшык тиштер чыгып жатат. Алдын ала кантип оңдосок болот?
- Биринчи балаңызды көрүш керек. Тиштерине, жашына карап кыйшыктарын оңдоп беребиз. 17 жашка чейин келгениңиздер жакшы. Ошол убакта оңдоого оңой болот.
Жылдыз, 19 жашта:
- Бир күндө бир жолу тишти жууса болобу?
- Жок, болбойт. Бир канча жолу жууш керек. Болбой калды дегенде эки жолу жууш керек.

Алтынай, 15 жашта:
- Мен 15 жаштамын. Күнүгө эртең менен турганда, тишимди жылуу сууга жуубасам ооруй берет. Эмне үчүн?
- Башынан ушинтип тиштериңизди жылуу сууга жууп көндүрүп алгансыз. Ошон үчүн бала кезден эле үйдөгү температурадагы сууга жууп көнүш керек.

Сезим, 24 жашта:
- Кичинекей балдарды канча жашынан баштап тиш жууганга үйрөтүш керек?
- Балдарга 4 жаштан баштап тиш жууганды үйрөтүш керек. Ошол убакта балдар бакчасына бара башташат. Ал жактан дагы калтырбай жуудуруп туруш керек.

Рыскүл, 49 жашта:
- Протездин зыяны жокпу?.
- Зыяны жок. Ушул убакка чейин көптөр протез кийип жүрөт.

Адилет, 30 жашта:
- Кышында тишти муздак суу менен жууш керекпи, же жылуу суу мененби?
- Кышында деле муздак суу менен жууй бергиле. Өтө муздак, эшикте тоңуп турган суу менен эмес, бөлмө температурасында турган суу болуш керек.

Марат, 24 жашта:
- Кечинде тишимди жуусам, түндө эттери шишип кетет. Ал эмне деген оору?
- Мындай болушу мүмкүн эмес. Сиз кандай кылып жууп жатасыз билбейм. Ал үчүн догдурга келип кеңеш алыңыз. Изилдеп чыгып, анан аныктап бере алабыз. Көрбөй туруп айтканга болбойт.

Айнагүл, 27 жашта:
- Тишти жуунун ыкмасы кандай? Ичине сууну куюп, анан паста менен жууш керекпи, же кургак бойдон жууш керекпи?
- Биринчи шётканы суулап, анан оозду чайкап алыш керек. Чайкап алгандан кийин, тиш шёткага тиш пастаны салып жууй бериңиздер. Тишти жууш үчүн 8-10 мүнөт керектелет. Бул так убакыт болуп эсептелет. Оңго, солго, ичине анан астына деп бөлүнөт.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??