Окумал

Достум, билгениңен биле элегиң көп!
АЙТМАТОВДУН АЙЫМДАРЫ
(Жанызак басмасынын менчиги)
(АДАБИЙ ЧАЛЫШ МАЕК-РОМАН)
(Башы өткөн санда)
- Ленинграддабы?
- Ииэ, Ленинградда. Келгенде алар өзүлөрү суранышыптыр, бизди крейсер "Аврорага" жайгаштыргыла деп. Анан ошол крейсер "Аврорага" аларды поселить этип, анан кечинде ошолор токтогондо биз: мен эки балам менен...
- Таанышкан жерин айтсаңыз...
- ... Ошону айтып атпайымбы. Я свидетель их первого знакомства. Во-т.. Андан мурун может сыртынан, декадага келгенде, же награда болгондо, тияк-бияктан көрүшүп жүргөндүр экөө. Баягы, встречи деятелей ведущих дегендей, таак. Ал эми непосредственно знакомство болгонун, анан ошол крейсер "Аврорадан" таанышып отурабыз, себеби, мен эки балам менен бардым. Кечинде чакырды да бизди. Анан кийин Кулдарова деген болчу бул жерде, балетте, ал азыр Алматыга кетти, анын күйөөсү да партийный аппаратта иштечү, алар балдары менен - баарыбыз крейсер "Аврорага" келдик. Анан кийин Турдакун Усубалиевич, жанагы чабан келин, чабан эмес, тиги келин ЦК Комсомолдо иштеген, тиги Канттан, жанагы чабан, ии, ошолор баарлыгы палубада туруптур, биз да келдик. Андан кийин ар жактан моторка менен Чыңгыз Төрөкулович келди. Вот здесь у них состоялась беседа. Ошо күнү кечинде Невский проспектиге бардык - Турдакун Усубалиевич, Чыңгыз Төрөкулович, мен, Бүбүсара, жанагы менин подругам, балдар-баарыбыз бир кафеге бардык. Кафеге барып кичине мороженое жедик, коктейль... бирдеме ичип... Вот с того момента... Ошондо биз үч айдай болдук, же үч жарым ай болуп калдыбы... Бир айга деп барып анан, майдын, июнда... еще помню, белые ночи бүтө элек болчу. Июнда тартылды: июнь, июль, август, сентябрь... төрт ай! Эми ошонун ортосунда Бүбүсара... таанышкандан кийин, свободный күндөр болот да... Масса сниматься эткенче Бүбүсара бош болуп Москвага барып келди-и, ы-ым, именно связано было с этим...
- Экөө бирге барышты беле?
- Жо-ок, Чыңгыз Төрөкулович мурун кетти, анан кийин Бүбүсара барды, вот. Эми мунун баарын менин атымды жазып эметсеңиз, маган... Керез Шамшыбаевна обо мне очень плохое мнение может составить...
- Я с ней слегка поговорил на эту тему. Для нее свято все, что касается Чынгыза Төрөкуловича, мне кажется. Так что сиз биерде бирөөнү жамандап жаткан жериңиз жок да. Тек, өзүңүздүн бөлөңүздүн жаркын күндөрүнөн эскерип жатасыз...
- Ай, ким билет?...
- Керез эже муногудай возвышенный сүйүүгө дегеле каршы эмес окшойт. Болгону айрым нахал ургаачылардын жоругу катуу тийсе керек. Айрыкча отуз жыл бою алпурушуп келип, мына эми жеттик дегенде, азыркы жеңебизге илдирип жибергени бир аз капа кылат көрүнөт...
- Но в то время она так же была настроена против Бүбүсары. Анан бу киши менин жакшы көргөн дорогой врачым, ошондуктан мындай,.. алардын таанышкан подробностун билбесе дейм да. Биз Керез менен абдан жакшыбыз, эч качан а киши ушунча жылдан бери Бүбүсара жөнүндө кеп кылган эмес...
- Бирок Чыңгыздын башка бирөөлөр менен болгон байланыштарына караганда Бүбүсара менен болгон байланышы более возвышенный болуп жатпайбы, демек жеңебиз бу биздин маегибизге таарынбастыр. Анын үстүнө бүт иттикти мен эле мойнума алайын, мага жүктөп салыңызчы баарысын. Бирок окуянын чындыгын аягына чейин айтып берсеңиз...
- Ну, ал туура деңизчи (пауза). И вот, анан кийин Москвага барып келди эки күнгө, кайра келди. Ии-и, сниматься этип, кайрадан продолжили работу дегендей. Андан кийин мен сураган жокмун, канча жолу жолугушканын. Таак, ошондон тартып мына өзүнүн өмүрү кеткиче... Мына жыйырма жылды алып салыңызчы 93төн...
- Так ээ...
- ... жетимиш экинчи жылы.. .
- ... жетимиш бир, жетимиш экинчи жылдары...
- Мына 59дан 72-жылга чейин деп санадыкпы биз... Ошондон тартып өмүрү өткөнчө 13 жылы бою экөө кол үзүшкөн жок.
- Ошонун ичинде бир нерселер бар да, мен сизден сурай турган: айрым ушактарга караганда Керез жеңе кийин алардын жүргөнүн билгенден кийин, бир аз чатак болуп, тиги ЦКга чейин маселе көтөрүлгөн деген сөз бар да. Ушу боюнча республиканын партархивине барсам, аерде бир эже мындай маселелер көпкө катталбай турганын, ал эми мен айтып жаткан маселе таптакыр орун албаганын айтты. Эми а кишиге ишенбесе да болбойт... Бирок Кулатов ыракматы ошондо айткан турбайбы, атанын баласысың деп, биздин партия ал үчүн күрөшкөн эмес деп, мындай ажырашып-үйлөнгөнгө болбойт дептир да.. .
- Керез айттыбы ошентип?
- Жо-ок, эл айтат да. Бул ушакты мен Ильгиз аке Гилязетдиновдон уктум. Негизи, ушактын маңызы жакшы. Анан баягыда бир жолу жолдо баратып капысынан Турдакун Усубалиевич Усубалиевге жолугуп, учурашып калдым (Замандын өзгөргөнүн айт! - Ж) да, ушул ушактын жөн-жайын сурап калсам, ал киши абдан деликатно гана, андай болгон эмес, биз мындай маселе караган эмеспиз, дегендей кылды...
- Лично мен, особенно Бүбүсара последние эки жыл, үч жыл ооруп жүргөндө, ошондо... Эми андан мурун, оорудан мурун творчествого берилген киши убактысы да жок болчу да майда-чүйдөсүнө чейин айтып берүүгө. А мынабу кийинки эки жылда мусаапырдай болуп калды, себеби, оору киши оорудай болуп, баягы, коллективден алыстап-ажырап, тигилер болсо, баягы, мурунку эле иштери менен алектенип дегендей, творчество менен увлекаться этип, Бүбүсарага көп көңүл бурушпай... Ошондо деле бир айтат эле го дейм да... Бүбүсара эч качан мага айткан эмес, "Чыңгыз мага сделал предложение", - деп айткан эмес...
- Антип колун сурабаса сураган эместир, бирок эл деген эл да, бирок тиги, ЦКга чейин маселе көтөрүлгөн деп айтылып жатпайбы...
- Андайын да айткан жок, айтса билет элем го. Керез Шамшибаевна өзү деле андайга барбай турган адам. Бирок бир гана жолу Бүбүсара айтты мага: "Телефондон, не называя, был анонимный звонок, мени абдан оскорбить этти", - деп ошентти. "Мени менен келген бир кыз бар эле, ал экинчи аппарат менен угуп турду, если ты не веришь.., - биз баягы, баарыбыз орусча-кыргызча аралаш сүйлөп калбадыкпы.., - если ты не веришь, ошондон сура", - деп калды да. Мен айттым: "Эмнеге ишенбейм, ишенем. Только просто даже не верится, что Керез - ошондой салмактуу, сабырдуу келин болуп туруп, как она могла тебя оскорбить?" - деп мен ошенттим. Но то, что у них была большая дружба, большая любовь, бүт республика баары билет.
- Баарыбыз билебиз, себеби, тиги эжебиз кайтыш болгондо дагы анын сөөгү менен коомчулук опера-балеттин алдында коштошуп жатканда тиги байкебиз түз ошо жерден эле элге карабай өкүрүп ыйлаган турбайбы. Ошондо чыдамы кеткен өкмөт башчыларынын бири: "Тиги ынды караны бирөөң барып токтотсоңорчу!"-деп катуу айткан дейт...
- Ыйлап турду-у, аны элдин баары көрдү-ү. Почетный караулда да, тиги мүрзөгө барганда да өзү башында турду...
- Эми биерде менин сизге бир кыйшык суроом бар да: өзүнүн аялына талак бербей туруп ,башка аял менен жүрсө... мындайды мусулманчылык деле көтөрбөйт. А христианстводо тем более: аларда: не прелюбгдействуй! (башынан аттаба!) деген бир заповедь бар, он осуяттын бири.. Баягы, "Кыяматты" жазбадыбы Чыкем өзү, туурабы? Эми ошондой бир бийик, бир мындай, Иисуска жакын кылып жазган кезде ошо кишинин өзүндө да ошондой бир сапаттар болушу керек эле дейм да. Анан, как по вашему: что его заставило переступить через этот порог? Мындай, анын чийинден чыгып кетишине эмне себеп?
- Жанагы, Бүбүсара менен жүргөнүбү?
- Ооба, бирок андан кийинкилери деле...
- Ну, он просто влюбился..
- Но...
- Она вдохновляла его, вдохновляла на творчество...
- Но бирок.. как он совмещал жену законную и... любовницу?
- Ну.. я не знаю: разве они одни?!
- Не кажется ли вам, что он использовал ее, раз вы говорите, что она вдохновляла его на творчество, то он мог использовать ее только лишь в эгоистичных целях, нанося боль и своей семье?
- Насколько я знаю, он свою семью никогда не обижал.
- Но бирок алардын "жашырын" байланышы Керез жеңебизди канчалык кемсинткенин кайдан билесиз?! Минтип жан кыйнагандан көрө алар не могли оформить эту связь, скажем, более официально? Айталы, ЗАГС аркылуу, же жок дегенде мечит аркылуу нике кыйдырып дейли...
- Нет, не могли...
- А что мешало этому? Эмне жолтоо болду дейм да?
- Эмне жолтоо болду?!
- Экөөнүн мамилесин жөндөшкө, жөндөп коюшка да. Же ушинтип эле...
- Же ажырашпай, же албай деппи?
- Ииэ... Же ажырашпай, же албай. Ушинтип жүргөндүн өзү эле, улуу адамдардынчы, тем более явно открыто жүргөндүн өзү эле элибизге канчалык таасир эткенин ким билет, мисалы үчүн. Бу го, кыргыз эли Бүбүсара эжени баары сыйлагандыктан, анын үстүнө Чыкемин да аты чыгып, аны да кошо сыйлап калгандыктан гана катуу сөз болгон жок да а кезде, туурабы? Бирок сиз билесизби, муногу, кийинки Япониядан келгени мененчи, тут уже, Чыкемин дүйнөлүк баркы мурдагыдан да алда канча жогору болуп калганы менен, элдин арасында анын кылганын ачыктан-ачык эле осуждать эткендер болду, атүгүл анын абыроюн басаңдатууга басма сөз беттеринен да аракеттер жасалды го. Ушулардын баарын Чыкем өзү тукуруп жаткан жокпу өзүнүн алигидей мамилеси менен? Айрыкча жанагы япон кызыбыз менен.
- Кайсы япон кыз?
- Жанагы, Япониядан келген "кызды" алып албадыбы.
- Аа, жанагы, японго чыгып, анан ажырашып келген кыздыбы?
- Ооба. Ошондо кыргыз коомчулугунда кичинекей бомба жарылды да. Алар официально үйлөнсө деле, баары бир жарылды. Бирок ошол эле бомба эмне үчүн баягыда жарылбайт?! Баягы, Бүбүсара менен никесиз эле жүргөндө? Ал кезде улуттук моралдык салттар бир аз бекемирээк эле да, бүгүнкүгө караганда?.. Демек, элибиз деле билет турбайбы, кандай байланыш ыйыгыраак, кандай байланыш никелешкен күндө да ыпласыраак экенин?!
- Бирок мен сизге түшүнгөнүм жок, канчалык сиздин суроолоруңузду кантип канааттандырарымды. Мен Чыңгыз Төрөкуловичтин жанагы келин менен кантип таанышып, кантип байланышканын билбейм. Бирок мен бир эле пример айтып берейин: Чыңгыз Төрөкулович менен окуган бир сокурсник менен, зоотехник, өзүнүн жолдошу учуп келатат Москвадан. А киши биздин жакын кишилер болот, аялы менен бирге учуп келатып, анан ошондо сураган го тигил жолдошу: "Чыке-е, бу кандай болуп кетти?" - деп. Анан Чыңгыз Төрөкуловичтин айткан сөзү мындай экен да, жообу: "Бүбүсарадан кийин, долгое время я ощущал пустоту. Вот такое вот, в душе была пустота. Анан кийин бул келин биздин Дом кинодо иштеп калып, каким-то образом заняла, если даже не полностью заполнила мое сердце, и все-таки какое-то место заняла. Бүбүсаранын жоктугунан ушу, кичинекей, менин өзүмдүн страданиямды, менин өзүмдүн опустошениемди ушул келин неметти, алды", - дегендей кылып, ушу заняла мою душу, дегендей кылып айтты, деп айтып берет. Анан ошол. Мен сөздү перефразировать эткенди жаман көрөм. Анан фантазировать эткенди да жаман көрөм (күлдү бир аз). Эки сөз уктум, эки сөздү айтып бердим...

(Уландысы кийинки санда)