п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Тынчтык керек карыга да, жашка да

Улуу Ата Мекендик согуштун
ардагери Таштемиров Ысмайыл:
"Өлүктөрдүн арасында былк этпей жаткам"
1945-жыл. 9-май-Улуу Жеңиш күнү…Арадан зымырык куштай учуп 66 жыл өтүптүр. Биздин ардагерлерибиз да саналуу гана калды. Алардын басып өткөн жолу чыныгы эрдик эмеспи. Фашисттик баскынчылар канчалаган адамдардын өмүрүн кыйды. Ошол согушту чагылдырган кандай гана тасмалар, чыгармалар, ырлар жазылбады дейсиң. Ата-Журту үчүн баатырлардын элеси ар дайым эсинде калат. Эч ким, эч нерсе унутулбайт демекчи, согуш мезгилинин бир саам элестерин эскерген ардагерибиз бүгүнкү төрүбүздүн коногу болду.

"Согушка барганымда эле башыма ок тийип…"
- Мен Жалал-Абаддын Сузак районундагы Барпы айылынан болом. 1941-жылы 15 жашта болчумун, өз ыктыярым менен жашымды чоңойтуп алып, согушка барганмын. Алгач Петропавловскийге алып барып, бир айдын ичинде куралды кантип колдонгонду үйрөтүшкөн. Анан мен Белоруссиядагы аскердик бөлүмгө кошулдум. Барганда эле күз айларында башыма ок тийип, госпиталда жаттым. Баш сөөгүмдүн чекесине ок тийип өтүптүр. Мени кайра Кыргызстанга кайт десе, мен өз жеримди коргойм деп болбой койдум. Анан дивизияга алып барып кошуп коюшту.

"Немецтердин төрт офицерин колго түшүрүп…"
- Бир күнү командир менен чалгынга чыктым. Бир токойдо алар бак-дарактардан жашырынчу жай жасап алышыптыр. Алар менен экөөбүз атышып жатабыз. Акыры жарадар болушту окшойт, тынчып калышты. Командир экөөбүз окоптун ичине киргенде, кокусунан бириси командирди атып салды. Оор жаракат алып, кыйналып турса да, мени коргоп жатты. Анан мен мылтыкты чыгарып, алардын жондоруна такап, 10 минутча кармап турдум. Биздикилер келип калып, биротоло аларды колго түшүрүп алышты. Командирибиз оор жарадар болгонунан каза болуп калды. Командирге Советтер Союзунун Баатыры наамын беришти. Көрсө, колго түшкөндөрдүн төртөө тең немецтердин офицерлери экен.

"Жараат алган колум чирип, курттап кетиптир"
- Согушта жүрүп, колума жардырылган бомбанын калдыктары тийип, оор жаракат алдым. Эми эмне кыламын деп көпкө түйшөлдүм. Волга каналында 36 күн жүрдүк, кемеде 500дөй жүргүнчү бар экен. Кеменин үстүнө пулемётторду тизип коюптур. Мени госпиталга алып барышты, жараат алган колум жыттанып, курттап кеттиптир. Марганцовка кошулган сууга колумду салганда, колумду көрүп алып ыйладым. Колум жибигинде эти жок, чирип эле териси менен сөөгү калыптыр. Доктурлар:"Сенин колуңду кесебиз, гангрена экен, себеби, сөөк чирий баштаптыр",-дешти. Мен каршылык көрсөтүп, бир колумдун жоктугун элестетип алып, ыйлап жибердим. Бир еврей доктур кестирбей каршы болду. Бир орус мээрман айым мени аяп, өз баласындай көрүп, жакшы карады. Ошолордун жардамы менен колумду кестирбей, аман калганмын.

"Ок тийип өлгөн аттарды арам деп жебей койгом"
- Согушту эч кимге туш кылбасын. Биз кандай кыйынчылыктарды көрдүк. Азыркыларга согуш күндөрдөн айтсак, кино көргөндөй отуруп уга беришет. Согушта ачка калган күндөрүбүз көп болду. Ай-айлап жей турган эч нерсе жок, суу менен чочконун майын шимип күн өткөрчүбүз. Атчан аскерлер да согушушчу. Алардын аттары тырайып-тырайып ок тийип өлүп калса, атты жечү эмеспиз. Себеби, арам өлүп калышчу да.

"Өлүктү мылтык менен сайгылап көрүштү"
- Бир жолу токойдо согушуп жатабыз. Окопто 4-5 сааттай тынбай атыштык. Жанымда солдаттар катар-катар каза болуп жатышат. Алардын өлүгүн тизип коюп, үстүндө жатамын. Немецтер болсо курчап алышты. Мен өлүктөрдүн арасында үн чыгарбай жатам. Алар өз ара сүйлөшүшүп, менин жанымда жаткан өлүктү мылтык менен сайгылап көрүштү, бир маалда тынч боло калды. Көрсө, кетип калышыптыр. Азыр ойлоп көрсөм, менин жүрөгүм да тоодой экен да, аларга сыр билгизбестен былк этпей жатканымды карабайсыңбы? Ошентип бир өлүмдөн калгам. Баягы өлгөн солдаттардын жанында бирөө онтоп жатат. Менден башка да тирүү жан бар турбайбы деп сүйүнгөнүмдү айтпа. Ал байкуш бутунан жарадар болуптур. Аны сүйрөп алып биз турган дивизияга алып бара жатам. Бир күн түнөдүк. Кеч киргенде буту кыймылдап жатат, солдат сүйүнүп кетип жамынганын ача салса, бутун чычкандар жеп жатыптыр да. Ооруганын да сезбей калган тура. Ушундай бакырып алды. Үч күн дегенде араң жеттик. Барарыбыз менен аны госпиталга алып кетишти. Кийин сураштырсам, ал солдат эки бутунан ажыраптыр…

"Жыл өткөн сайын замандаштарым азайып бара жатат"
- Мени аскердик кызматта иштеп кал деп сунушташты, бирок мен болбой койдум. 1943-жылы өз мекениме кайтып келгем. Апам, мени көргөндө сүйүнгөнүмө чыдабай жүрөгүм жарылып кетпесин деп үйдө калыптыр.Себеби, кара кагаз алышкан экен, апам ыйлай берип, эки көзү көрбөй калыптыр.Ошентип 1945-жылы 9-май-Улуу Жеңиш күнү болуп катталды. Азыр бактылуу карылыкта өмүр сүрүп келе жатам. Балдарым, неберелерим, чөбөрөлөрүмдүн жакшылыгына тең ортоктош болуп келе жатам. Жыл өткөн сайын биздин замандаштар азайгандан азайып бара жатышат. Келечек муун ошолордун эрдигин эстен чыгарбай, жылдан-жылга эскерип турушса. Азыр эми тынчтык заман болсо экен. Биз көргөн оор кыйын-кезеңдин бирин да ушул балдарыбыз көрүшпөсө экен. Заманыбыз тынч болсун, эч качан согуш болбосун.

Динара
Асылбекова





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??