п»ї

  Обон почта

ОП-166-01. Мен Нарын районуна караштуу Орто Нура айылындагы 1991- жылкы класcташтарыма салам жолдойм. Аман болгула! Классташыңар Сусу
ОП-166-02. Дайранын көркү кемеде, баланын көркү энеде. Акыл айтсаң тыңшабайт, акмактын көркү жемеде. Айжамал 94
ОП-166-03. ОП-165-39 абоненти, кантип сүйлөшкөн кызым деп айтасың? Ал кандай адам, өңү-түсү, кулк-мүнөзү кандай экенин билбей туруп айтууга болбойт. Аселя
ОП-166-04. Жапалактык Кабылов Нургазы 87, кандайсың? Угушумча ооруканада экенсиң. Эртерээк айыгып кет. Мен сени жакшы көрөм. Айжамал 94, Ош
ОП-166-05. Мен быйыл "ФКАга" окууга тапшырайын деп жатам. Ушул окууда окугандардан кеңеш сураар элем. 0559951510
ОП-166-06. М. Мамбеталиев мектебинин 9-в классында окуган кыздарга жалындуу салам. Алдыдагы экзамендерди ийгиликтүү тапшырып алгыла. Айжамал 94
ОП-166-07. "Обон"-супер. Сезим
ОП-166-08. Кудайга шек келтирүү менен текеберчилик-эң чоң күнөөлөрдүн бири. "Обон", бул сөздөр Жанар Акаевге тиешелүү. Анын силерге берген интерьвюсун окуп алып, тобо кылдым. Ага менин жаман оюм жок. Болгону, кудайдын бар экенин эскертип койгула. 0550010ххх
ОП-166-09. "Обон" мыкты баарынан. Асмандагы жылдыз
ОП-166-10. Акылай, жараткандан тезинен айыгышыңды сураймын. Көп капаланба. Калыс
ОП-166-11. А. Карыпкулов орто мектебине салам. Эля 94
ОП-166-12. Жашоо керемет. Сезима
ОП-166-13. Ырчы Гүлжигит Гу Чун Пёну өтө туураптыр ээ, достор? Силердин оюңар? 0778794ххх
ОП-166-14. Салам, "Обон". Кытай Республикасы жана Индия мамлекетинин калкынын саны канча? Маалымат берип коюңуздарчы. 0772899ххх
Маалымат
Акыркы 10 жылдын ичинде Индия мамлекетинин элинин саны 1,21 миң миллион адамга жетти. Бул көрүнүш ар 10 жылда бир такталып турат. Акыркы жолу 2010-жылдын аягында такталып, Кытай мамлекетине жетерине аз калганы маалым болгон. Азыркы убакта Кытайдын элинин саны 1,3 миллиард адамды түзөт.
Дүйнө жүзүндө баш-аягы 6,7 миллиард адам жашайт. Алардын 20%ын Кытай мамлекетинин эли ээлейт. Тактап көрсөк, ар бир 5-адам Кытай жараны болуп калат экен.
Акыркы элдеринин саны боюнча так изилдөөнүн жыйынтыгы алдыдагы көрсөткүчтө көрсөтүлдү.
ОП-166-15. Салам, кыргыз элим! Көлдүн ак куусу болбосом да, көлгө барып эс алып келгим келип жатат. Жаратылыштын кооздугуна суктанып, тоого чыккым келип жатат. Эх, чиркин, ошол учур качан келет, достор, айткылачы? Айгерим
"Обондон" жооп: Биздин мыкты СМСчилер, Айгеримге өз оюңуздарды билдирип коюңуздар.
ОП-166-16. "Обон", силерге чоң салам. Сураныч, "Кумир менен баарлашууга " Бактыгүл Бадыева же Ильяз Абдыразаковду чакырып койгулачы. Алдын ала чоң рахмат. Наргиза
"Обондон" жооп: Урматтуу Наргиза, Бактыгүл Бадыева бул рубрикабызга жакында эле келген. Ал эми Ильязды эмки сандарыбызда чакырып, сиздин өтүнүчүңүздү сөзсүз орундатабыз.
ОП-166-17. Салам, "Обон" гезити. Мен сүйгөн адамымды издеп жатам. Жардам бер. Жакуля
"Обондон" жооп: Албетте, жардам бергенге даярбыз. Ал адам жөнүн дө толук маалымат жазып жибериңиз.
ОП-166-18. Бактыгүл, кудай кааласа бирге болобуз. Он балалуу болобуз деп ишенем. 0779717ххх
ОП-166-19. Классташтарым Мамет кызы Анара жана Жанараны издейм. 1990-жылкы болушат. "Дордойдо" жашашчу. Эне-Сайда окуганбыз. Фаризат
ОП-166-20. Махабатым кайдасың, кайрылып келчи мени кыйнабай . Дүйнөдө сени гана сүйөрүмдү сен билбедиң. Кетип калдың артты карап, а мен калдым келериңе ишенип. Эгер Сезим, окуп калсаң мага чалчы, суранам. Нурбек 90
ОП-166-21. "Обон", бар бол. Мен жолдошум Алимдин келе жаткан 20-май туулган күнү менен куттуктайм. Сенин сүйгөн жарың Фаризат.
ОП-166-22. Аллахымды ар мүнөттө эстейбиз. Ак жолунан биз эч такыр кетпейбиз. Бекем болуу беш убакка ниетибиз. Намаз окуу эң биринчи тилегибиз. Ыйманга толсун жүрөктөр. Аллахты эстеп күн өткөр. 0778536ххх
ОП-166-23. Апам Ларисага, атам Оморго, чоң атам Шаршенкулга салам жолдойм. Өмүрлөрү узун, ден соолуктары чың болсун. Алим
ОП-166-24. Эгиз сиңдилерим Нуризат, Гулизат жана иним Темирланды май майрамдары менен куттуктайбыз. Алим, Фаризат
ОП-166-25. Саламым Молдакуновдорго жолдонот. Өзгөчө атам Тынчболотко, апам Жеңишкүлгө! Бар болгула. Алим, Фаризат
ОП-166-26. Мен кайын сиңдилерим Алина, Салимага салам жолдойм. Ар дайым арабызда бар болгула. Жеңеси Фаризат
ОП-166-27. Кандай иштер, тиштер, кабырга, төштөр, бут, колдор, арка жондор, баштар, чачтар, кабак, каштар, эки бөйрөк, өпкө жүрөк- бардыгы жакшыбы? Окшош кулак, жаак, кекиртек, далы, акырек, тилиң сөздөрүң, карек, көздөрүң-бардыгы ойдогудайбы? 0778536ххх
ОП-166-28. Индия кинолорун сүйүп көрөм. Мага Матхури Дикшид тууралуу маалымат бериңиздерчи. Алдын ала рахмат. Фаризат
Мадхури Дикшид
1967-жылы 15-майда Бомбей шаарында жарык дүйнөгө келген.Үй- бүлөсү: апасы Снехлата, атасы Шанкар жана эки эжеси,бир иниси болгон. Мадхури кичинесинде актриса же бийчи болом деп кыялданган эмес. Анткени, ал башкалардан айырмаланып, өсүмдүктөрдү изилдеген биолог болом деп самачу. Башында Бомбейде колледжге тапшырып, анан актрисалык карьерага аралашкан. Индияда 80 жылдын таанымал актрисасы болуп эсептелип, баш-аягы 69 кинодо роль жараткан. Азыркы убакта эки баланын боорукер энеси.
ОП-166-29. "Обон", салам. Биздин салам жалпы Тельман айылынын жашоочуларына. 1988-жылкы классташтарыбыз ар дайым бар болсун. Алим, Фаризат
ОП-166-30. "Обондун" жалпы жамаатына ысык салам. Өзгөчө Тома досума. Доске, жолуксак болмок, чалсам албадың. Динара
ОП-166-31. Ойлорум алып учуп, айылыма бара жатат. Кусалык ээлеп алган, жан дүйнөм жабыр тартып. Айылым "Баш Кайыңды", элесиң көздөн учат. Тоолоруң тартып турат. Сууларың куса кылат. Сагынып ыр арнаган, кулунуң тентек Урмат Бусурманкулов.
ОП-166-32. Марлен, эгер сен ушуну окуп жатсаң, мурдагы мамилебизге кайталы. Кел, баарын башынан баштайбыз. 0779458ххх
ОП-166-33. Көтөрөлү билекти, кудайым берсин тилекти. СМСиңерге береке, силерди жаман көргөндөр, асылып өлсүн терекке. Айтурган 94
ОП-166-34. Жазгүл, 6-май туулган күнүң менен. Өмүрдүн узунун, жашоонун кызыгын, гүлдүн кызылын, сүйүүнүн тунугун каалайм. 91-жылкылар
ОП-166-35. Дайыр, сага арналат: "Кыздар көп сайдын ташындай", - деп ойлоп сен жаңылбай. Азабыңда, жыргалында бир болчу, бир гана кызды сүйгүн жалындай. Бирөө
ОП-166-36. Дайырчик, дайым ушул калыбыңдан жазбай, күйөрмандарыңа ыр сунуп жүрө бер. Бактылуу болуп, сүйгөнүңө жет. Күйөрманың
ОП-166-37. Дайыр, сен мыктылардын мыктысысың. Биз сени сыйлайбыз. Качан Көлгө концерт коюп келесиң? Бирөө
ОП-166-38. Элина, Рамил, бактылуу болгула. Силерге ак жол. 0779435ххх
ОП-166-39. Алсыратып алсыз жанды, арманымды уккан жан барбы? Бул жашоодо чын сүйүүгө жеттим деген бир жан барбы? Бегимайка
ОП-166-40. Сүйүүдөн канаты кайрылган кызга жардам кылгылачы. Бегимайка
"Обондон" жооп: Урматтуу Бегимайка, эч качан кайгырба, баары жакшы болот деген үмүт менен алдыга кадам таштаңыз.
ОП-166-41. Чолпонай, Асанбек, бактылуу болгула. Силерге чексиз сүйүү каалайм. 0779435ххх
ОП-166-42. Менин саламым Маданият орто мектебинде окуган 10- класска жолдонот. Алга! Акмөөр
ОП-166-43. "Обон" менин сырдашым. Асмандагы жылдыз
ОП-166-44. Роза, ушинтип эле жоголуп кетесиңби? Деги не болду сага? Дагы да болсо сени мен түшүнөт элем го. Менин майда өмүрүмдө бир боло турган тоюма күбө, ортоктош болушуңду каалаган элем. Балким, байланышка чыгарсың. Аська
ОП-166-45. Урматтуу "Обондун" СМСчиси Тариель, кечир мени. Раушан
ОП-166-46. Маматкулов Алмазбек Ысмаиловичке таандык паспорт (ади карт) таап алдык. Билгендер, тааныгандар болсо кабарлап коюңуздар. 0770202739
ОП-166-47. Жактырдым мөлтүр булак сезим менен, жолуктурган бир кезде тагдыр деген. Жашоомдун бир өмүрүн сага арнаймын, түбөлүк болчу жарым мени менен. Жолдошуң Шахерезада
ОП-166-48. Ак-Талаа районундагы Жеңиш айылынын 91-жылкы балдарына салам. Силер-суперсиңер. 0770386ххх
ОП-166- 49. "Обон", менин саламым жалпы "Адилет" фирмасынын жамаатына жана анын жетекчиси Чолпонкулов Акмат жана Молдакунова Айгүлгө ийгилик каалайм. Фаризат жана Алим
ОП-166-50. Таң эрте булбулдар сайрайт, махабат ырларын ырдайт. Эх, кандай керемет, ал кереметтин бийик чокусуна сен менен чыккым келет. Сен жоксуң жанымда, сагынтып жүрөсүң алыста. Сени күтөм үмүт үзбөй. Ар качан сүрөтүндү колума кармап, карай берем жолуңду дайыма. Бишкек
ОП-166-51. Мен сени сүйөм, жаным. 0778093ххх
ОП-166-52. Адамдык сапатты баалай билгин, досуңдун кадырына жете билгин. Сезим
ОП-166-53. "Обонушка", салам. Казармандагы досторума салам жолдойм. Айгүл, Айгерим, Гүлназкага, Чүрөшкага, Гүкүгө. Ар дайым бар болгула. Казармандан Иният
ОП-166-54. СМСчилер, майрамыңар менен! Раушан 88
ОП-166-55. Кайгымды силер менен тең бөлүшөйүн. Таятам каза болуп калды, оорубай эле. Эми кандай болот? 4 жыл мурун апам каза болгон. 16-апрелде атамдын агасы- менин сүйүктүү атам эле. Мына ошентип, 15 жашка чыкканда ушунун баарын башымдан өткөрдүм. Жардам бергилечи. Эля коёнек
"Обондон" жооп: Урматтуу окурмандар, Эляга биздин гезит аркылуу жардам берип, колдоп коюңуздар.
ОП-166-56. Келгиле кыргыздар, тазалыкты сактап, өлкөбүзгө салым кошолучу. Жаңы өсүп келе жаткан муундарга үлгү бололу. Мангүл
ОП-166-57. Бир эрден чыккан жакшыраак, эки эрден чыккан көк шыйрак, үч эрден чыкканга караганда, айылдагы жоор эшек жакшыраак. Ушул сөзгө ким кандай карайт? Билал козу
ОП-166-58. Менин досум Накуляны 12-май туулган күнү менен куттуктайм. Раушан
ОП-166-59. Накуля, жакшы оку, бактылуу бол жана албетте, ден соолукта бол. Айгүл
ОП-166-60. Назима, Махабат, Мээрим жана Гүлгаакы-силерди жакшы көрөм, сыйлайм. Айгүл
ОП-166-61. Бир кезде алыс жакта элек. Бир кезде таанышпаган жаштар элек. Түбөлүккө болду го "Обон" бизге себеп. Гүкүш
ОП-166-62. "Обон", мен Дайыр Исмадияров менен жолугушууга бара албаганыма абдан капамын. Себеби, мен Ош жергесинде жашайм. Дайыр байкеге менин номеримди берип коюңуздарчы. Жаннат 97
"Обондон" жооп: Албетте, Жаннат, берип койгонго аракет кылабыз.
ОП-166-63. Өткөндөгү Назминин кызынын тою боюнча кыскача маалымат бере кетсек: Роза Шакированын "Сейтек" борборунда болгон концертинен кийин, ырчылардын баары тойго келишип, шаңдуу отурушту. Аркан тартышта болсо, ырчы кыздар эки жолу жеңип алышты. 0552626ххх.
ОП-166-64. Наргиза, мен сени сүйөм, - деп Аскат
ОП-166-65. Кемел, телефонуңду эмнеге өчүрүп койдуң?
ОП-166-66. "Обонго" салам. Темировка айылынын жашоочуларына салам. Өзгөчө Молдакуновдордун үй-бүлөсүнө. Т к Ф
ОП-166-67. Казарман айылындагыларга чоң салам, - деп Боди. Наргиза, мен сени сүйөм. 0779903ххх
ОП-166-68. Кызарып уясына күн да батты, эс алып үйдөгүлөр уктап жатты. Сагынып ушул катты жазгым келди, жан досум ден соолугуң саламатпы? Менин эң жакшы көргөн досторум Айзирек, Жыпара -силердин окууларыңарга чоң-чоң ийгиликтерди каалайм, - деп досуңар Жульетта.
ОП-166-69. Түн караңгы, жылдыз дагы өчүп барат. Шамал дагы ылдамдап шашып барат. Менин болсо жүрөгүм токтогондо, жашоого көңүлүм артып барат. Жульетта
ОП-166-70. Накуля, саламым жеттиби? Чын жүрөктөн, кайырлуу түн тилеген ай шооласы жерге тегиз жарык чачкан кезде жылдыздардан сага салам жибергем. Гүкүш
ОП-166-71. Сүйүү балдай чындап даамын татканда, сүйүү кымбат алтын, күмүш таштан да. Бул жашоодо сүйүү гана дем берет, жаның кейип сен капага батканда. Ким менен болсоң да, сүйүүнүн даамын тата бил. 0779046ххх
ОП-166-72.Эмне үчүн адамга ашык болот, ыйласа эки көзү жашка толот. Ойлонуп бул суроого жооп бергилечи, эмне үчүн сүйүү жолу татаал болот? Гүкүш
"Обондон" жооп: Урматтуу биздин СМСчилер, Гүкүштүн суроолоруна жооп берип койгула.
ОП-166-73. Урматтуу ОП-165-39, болбойт да, эгер кезиксеңер, бири бириңерди жакшы таанысаңар, сүйгөнүң болот да. 0773175ххх
ОП-166-74. Алматыда иштеп жаткан кыргыздарды казактын милициялары тойгузуп бүттү. Кыргыздардын тагдырын ким чечет? Кашыктап тапкан акчасын милициялар бир күндө алып коёт. Эмнеге биздин чоңдорубуз элин ойлобойт? Кыргыздарды адам катары көрбөйт. Элим деген азамат ушул маселени чечип берсе. Туурабы, Алматыда иштеген кыргыздар? Болбосо казактар башыбызга топ тээп ойногонго аз калды. Айка
ОП-166-75. Салам, "Обон". Мен бөлөмдү сүйөм, эми эмне кылам? Дина
"Обондон" жооп: Биздин СМСчи активдүү окурмандарыбыз сизге кеңеш айтып жардам берет деген ойдобуз.
ОП-166-76. Омар байке, сиз мыкты ырчысыз , эч качан ырчылыкты таштабаңыз. Казармандан Пери
ОП-166-77. Омар байке, эмне мынча сулуусуз, ыйманыңыз менен баарынын жүрөгүн ээлейсиз. Ар дайым ушул жүрүшүңүздөн жазбаңыз. Сиздей кыргыздын жигиттери көп болсо экен. Казармандан Пери
ОП-166-78. Жан эркем, арналган ак мамилемдин, сагынычымдын колдоочусу болчу. Сага эркелеп: "Дайыма жаныңда бир гана өзүм болгум келет"-деп, мен бир убактарда сага айтчу элем. Бирок сен аны сезбедиң. Эми болду, мен сүйүүгө ишенбейм. Окуучу кыз
ОП-166-79. Убакыт учкан куштай өтүп барат. Эч токтоосуз күндөр, сааттар минута, секунд сайын балалык менен коштошуп баратабыз. Классташтар бир-бирибизден эми түбөлүккө ажырап кетүүбүздү ойлоп, жүрөгүм, көңүлүм туз куйгандай ачышат. Бир туугандарымдай болуп калган досторумдан алыстап, кең келечекти көздөй жалгыз сапар алуумду ойлоп чочулайм. Классташтарымды бир күн көрбөй калсам, куса болуп кетем. Коштошкум келбейт. Бирок аттиң, колумдан эч нерсе келбейт. Жалпысына кең келечек, ден соолук ийгиликтерди каалоодон башка айлам жок. Базар-Коргон районунун Бешик- Жон айылындагы 93-жылкы классташтарыма, өзгөчө 11-б классына чоң салам айтам. Ар дайым аман-эсен болгула. Силерди аябай жакшы көрөм. Эрке кыз Зуля
ОП-166-80. Казармандагы Макмал мектебинин эже-агайларына жана окуучуларына чоң салам. Иният
ОП-166-81. Балыкчыдагы С.Каралаев мектебинде окуган классташтарыма чоң салам. Өзгөчө Таттыгүл, Миргүлгө. Казармандан Иният
ОП-166-82. Дайыр байке, саламатсызбы? Сизге каалаарым бакыт-таалай, жүзүңүзгө жарык маанай, ар дайым көңүлүңүз чөкпөсүн, жүзүңүздөн бакыттын нуру өчпөсүн. Чыгармачылыгыңызга ийгилик, -деп терең урматым менен Айгерим.
ОП-166-83. Бишкек шаарында жашап жаткан Ильич жездеме ысык салам. Өтүп кеткен туулган күнүңүз менен! 0777862ххх
ОП-166-84. Быйылкы бүтүрүүчүлөргө ак жол каалайм. 93-жылкылар, алга. 0773281ххх
ОП-166-85. "Обон", супер салам! Сиздерге чын жүрөктөн ыраазычылыгымды билдирем. Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Курулуш айылынын тургундарына чоң салам жана досторум Венера, Айпери, Нургиза, Раиса, Жуманура, Батма, Таннура, Айназик жана эжелерим Гүлнара, Гүлмира, Гулина, Мадина, Нуркан- силерге узун өмүр, чың ден соолук каалайм, - деп досуңар жана сиңдиңер. Айтурган 96
ОП-166-86. Раушан 88, Самсунг 88, Накуля, Бермет -силер мага абдан жактыңар. Гүл 93
ОП-166-87 . 2 кашык махабат, 4 стакан сагыныч, 3 шт кызганыч, 1 стакан көз жаш, 0, 5 кг таарынычты кошуп аралаштырабыз. Даамдуу болуу үчүн 3-4 даана сылык сөздөн салабыз. Аны убакытка коюп бышырабыз. Ошентип таттуу сүйүү тамагы даяр. Эгер заказ болсо, бизге кайрылыңыз. Биздин дарек: Сүйүү областына караштуу Махабат шаары, Кызганыч району, Таарыныч көчөсү, 345-үй, сиздер үчүн Гүл 93 жасап берет.
ОП-166-88. Адам жок жалгыздыктан эрикпеген, өмүрү жалгыздыкты жерип келген. Жашоодо кол кармашып жүргөн жакшы, көңүлүң каалап тапкан адам менен. "Обондун" жалпы окурмандарына ийгиликтерди каалайм. Гули 93
ОП-166-89. Ичип алса сыйкыры бар дарысын, кантип эле сүйгөн адам карысын. Жалгыз гана сен керексиң өзүмө, сен мен үчүн өмүрүмдүн баарысың. Гүл 93
ОП-166-90. Алсызмын, оюмдан кетпей жүрөсүң? Жетейин десем сага, качасың узап кайда? Эрке кыз
ОП-166-91. Жылдар өтөт, жаштык өтөт жыл менен. Өтпөсө деп жаштыгыңды ойлоносуң. Бирок аны токтото албайт эч бир жан, айла канча арман кылып токтолосуң. Эрке кыз
ОП-166-92. Унута албай калдым го, сүйүүм толо, кечире албай калдым го, күйүт толо. Аркы дүйнө кетсем дагы аруу калат, арнап жазган ырларым бар ыйы толо. Дайым сени ойлобой жата албаймын, сенден башкага көңүлдү бөлө албаймын. Айлар, жылдар өтсө да тез арада, сени сүйүүдөн эч качан тажабаймын. Эрке кыз
ОП-166-93. "Обондун" СМСчилерине салам. Майрамыңар менен, силер- азаматсыңар! Гүкүш
ОП-166-94. Салам, "Обон". Досум Назгүлдү келе жаткан майрамы менен куттуктайм. Ар дайым бар бол. Гүкүш
ОП-166-95. Кочкор районунун Төлөк айылында жашаган апам Гүлүпаны 1-май туулган күнү менен куттуктайм. Балаңыз Мундуз
ОП-166-96. "Обонушка", жалпы жамаатыңарга салам. Гезитиңердин № 155 санын таппай жатам. Мүмкүн бар болсо бериңиздерчи. Сезим
"Обондон" жооп: Редакцияга келип алып кетиңиз.
ОП-166-97. Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылындагы А. Осмонов орто мектебинин 10-а классынын окуучуларына супер салам. Силер суперсиңер. Апал, Үпөл
ОП-166-98. Менин саламым Нарын шаарынын тургуну, сүйүктүү жаным Актан байкеге салам жолдойм. Ден соолук, ишиңе ийгилик каалайм. Мекка
ОП-166-99. Алтындай болгон атакеме, апакеме салам жолдойм. Атамдын аты-Эргеш, апамдын аты- Анара. Ата, апа, ар дайым бар болгула. Сиздерге чың ден соолук, узун өмүр, келбес кайгыны, кетпес күлкүнү каалайм. Сиздерди терең урматтаган кызыңар Иният.
ОП-166-100. Асманда ай турат жарты болуп, айлананы карасам баары толук. Эми мен да асмандагы айга окшоп калам, ааламда жалгыз болуп. Жульетта
ОП-166-101. Дамираны 1-май туулган күнү менен куттуктайм. Бактылуу бол. Алихан
ОП-166-102. Бема, Айчүрөккө салам. Мен силерди жакшы көрөм. Эля 94
ОП-166-103. Менин супер саламым Ала-Бука районунун Тельман айылындагы № 34 орто мектебинин бүтүрүүчү, периштедей боорукер, ыймандуу, акылдуу, эч кимге теңегис классташтарым Айзада, Айгүл, Гүлмира, Бегимай, Айзада, Гүлзина- силердин мындан кийинки окууларыңарга ийгилик. Уйкудагы пери
ОП-166-104. Салам, "Обондун" жамаатына. Мага индия кино актёру Заед Кхан, Ритик Рошан тууралуу маалымат берип койгулачы. Фаризат
Ритик Рошан
Бул мырза сулуулуктун эталону катары Индия мамлекетинде популярдуулугун жоготпой келет. Ритик Рошан дегенде мырзалар сырткы мускулатурасына кызыгышса, ал эми кыздар болсо сулуулугуна суктанышып, сүрөтүн карап отура беришет. Актёр жөнүндө айтсак, 1974- жылы 10-январда Мумбай шаарында жарык дүйнөгө келген экен. Ушул убакка чейин 28 кинодо роль жаратып, Сюзанна Кхан деген айымдын сүйүктүү жубайы жана эки баланын камкор атасы болуп келет.
Заед Кхан
Туулган жылы-27-апрель,1980- жыл
Бою-1.85 см
Салмагы-72 кг
Билими-Мумбайда, Америкада жана Англияда окуган.
Үй-бүлөсү-атасы Санджай Кхан, апасы Сундари жана үч эжеси бар.
Үч тилде эркин сүйлөйт.
ОП-166-105. Элесиң эстен кетпейт эсте жүрөт. Жаш жигитти эстеген жалгыз жүрөк. Жүрөктө калган сенин элестериң……
ОП-166-106. "Обон", салам. "Махабат көлү" деген ырды аткарган Элиза Ажибаева жөнүндө кеңири маалымат берип коё аласыздарбы? Азыр кайда болду экен? Алдын ала рахмат 0770666ххх
ОП-166-107. Чоң атабыз, согуштун ардагери Итиканов Шаршенкулду 9-май туулган күнү менен куттуктайбыз. 100дөн ашышын, аман болушун тилеген небереси Алим, келини Фаризат. Тельман айылы, Чүй областы
ОП-166-108. Менин саламым сүйгөнүм Айдайга. Азамат
ОП-166-109. Азамат байке, мен сизди эч кимге бербеймин. Сизди сүйөм. Айдай
ОП-166-110. Менин саламым СМСчи досторго. Асылкан, сизге супер салам. Жээнкүлгө сүйүктүү салам. Силерди сагындым. Нурик
ОП-166-111. Мен Казарманга чоң салам айтам жана Абдыбековдордун үй-бүлөсүнө чоң чалам. Атам Абдибеков Токтогулду 21-май туулган күнү менен куттуктайм, - деп кызыңар Белла.
ОП-166-112. Салам, "Обон" гезитинин окурмандары! Силерге чоң салам. Таластан Бегимай
ОП-166-113. Супер СМСчи Аська жана Азамат, эки дүйнөдө бактылуу болгула. Аси
ОП-166-114. Менин эң кымбат досум Накуляга салам. Досум, аман бол, бар бол. Асмандагы жылдыз
ОП-166-115. Приев Тариель, жүр ээрчишип кетели өрүкзарга. Сүйүүбүздү суранам четке какпа. Мен сени сүйөм. Раушан
ОП-166-116. Дептеримди мен ачып, алгач барактадым. Өткөн кез кайрылбайт тура, кандай кыйын коштошуу. Раушан 88
ОП-166-117. Балалыгым, сен неге алыс калдың? Жүрөгүмдү оорутуп, мени ойго салдың. Раушан
ОП-166-118. Өмүр, жашоо бир келет. Ошондуктан баркта өмүрдү, жашоону, досум. Асмандаг Жылдыз
ОП-166-119. Урматтуу Милашка, албетте, дос болобуз. Номериңди "Обонго" жаз. Раушан 88
ОП-166-120. Бир убакта биз дос элек, эми калдык биз алыстап. Достуктун гүлү соолугандай. Р…..н
ОП-166-121. Кечирип кой сезимиңде ойнодум, сүйүп калып чачырады ойлорум. Раушан
ОП-166-122. С ыймык Бейшекеев, талантыңа таазим. Сага арнаган ырларым көп. Бар бол, сен менин кумиримсиң. Назгүл
ОП-166-123. Аскалуу тоодо улар бар, уйкулуу көздө кумар бар. Убагында өкүнбөй, сүйгөнүң менен ойноп ал. Окурмандардын баарына тунук сүйүү каалайм. Акзирек 951
ОП-166-124. Ак-Өлөң айылындагы атам Акунбек, апам Урипага, иним Нурбекке, уулум Жамалдинге ден соолук, амандык, жакшылык, бактылуулук каалайбыз, - деп Нурлан, Чынар
ОП-166-125. Аравандык, Бишкекте окуп жүргөн байкем Гаипов Элнурга салам. Айбек 95
ОП-166-126. Ушунча бооруң таш беле, же мендик сүйүүң жок беле? Сүйүүмдү менин булгадың, жигиттик намыс жок беле? Сезим
ОП-166-127. Энелер, куттуу болсун майрамыңар, жадырап жаз күнүндөй жайнаңыздар. Сезим
ОП-166-128. Анекдот: Айылдан бир кыз шаарга келип, жанындагылар жумуртка деп сүйлөп жатса, айылдан келген кыз: Силердин жумурткаңар биздин тукумга окшош экен ээ?-деген экен. Ырысбек 91
ОП-166-129. Бирөөнү ыйлаткан, бирөөнү күлдүргөн, бирөөнү кубантса, азапка салган, бирөөнү кызгантса башкасын жалынткан сүйүү ыйык, махабат кандай керемет. Мен да сагынып, элесиңе зарыгып, чын жүрөгүмдөн сүйө алар бекенмин. Мүмкүн, мен сүйчү адам азыркы убакта газетаны, ушул СМСимди окуп жаткан чыгар. Ким болсоң да, кайда болсоң да, сага салам айтам, сүйүктүүм. Эрке кыз
ОП-166-130. Салам, "Обон". Силерге ийгилик. Баарына салам. Babu 96
ОП-166-131. Кочкор районунун Кочкор орто мектебинин 2001-жылы бүткөн балдар кыздарга салам баарыңарга ден соолук, жана ишиңерге ийгилик каалап. Качиев Максат.



©



кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??