п»ї

  Кылыгың менен кызыктыр

Арно:
Тамакты көп жейм, бирок спортко мамилем жакшы,
Арно, өзү жөнүндө
Чыгармачыл чөйрөдө Амир Аскаровдон башка таанышым, продюсерим да, досум да жок.
Клиптериме, ырларыма кеткен каражаттарды ата-энемен алам.
Сахнага чыкпасам да, тойлордо, достор менен отурган жерлерде ырдайм.
Орус мектепти бүткөндүктөн, кыргыз тилден кичине кыйналам.
Сулуулугум чачымда деп ойлойм.
Тамакты көп жейм, бирок спортко мамилем жакшы. Мурун мектепте волейбол ойночумун, азыр эртең мененкисин чуркайм, йога менен машыгам.
Бешенеме атама окшош бала туш келсе жакшы болмок.
Ачуум бат келет, көк бетмин.
Чоң сахнага чыкпайм деле, ошондуктан "жылдыз" оорусуна чалдыкпайм деп ойлойм.
Дүйнөлүк ырчылардан Кристина Агилеранын чыгармачылыгын жана адамдык сапаттарын урматтайм.
Кийинүүдө эжем кеңешчим. Көйнөктү тойлордо гана кийем.

Блиц-анкета
Толук аты-жөнү - Айдай Абдраманова;
"Псевдоними" - Арно;
Туулган жылы - 1990-жыл, 17-май;
Жылдыз белгиси - букачар;
Учурда Кыргыз Мамлекеттик Медициналык академияда балдарды дарылоо факультетинде 4-курста окуйт.

Радиолордон Арно менен Амир Аскаровдун "Сени эстеп" деген дуэт хит болуп, угармандар ырдаган кыздын келбетин көргүсү келип жүрүшөт. Эки ыры менен эл оозуна алынган Арно менен маек.


- Медиктер оорулуулар менен жүрүп, чыгармачылыкка көңүл бурганы менен өтө деле сүңгүп кирип аралашпайт эмеспи. Сен кандайча аралашып калдың?
- Атамдын кесиби доктур болгондуктан, мени да доктур кылгысы келип, кичинемен эле "кызым доктур болот" деп жүрүп, акыры доктурдун окуусун окуп калдым. Өзүм дагы медицинага жакынмын. Мен 2-классыман бери эле №2 музыкалык орто мектепте фортепьяного 7 жыл бардым. Музыка жактан орто билимдүүмүн. Андан кийин вокалга барып жүрдүм. Балалык кезимен бери ырдап жүрөм. Мектепте окуп жүргөндө 9-класстан 11-класска чейин "Оксижен" деген топто рэп окучумун. Мектепти бүткөндөн кийин ар кимибиз өз тандаган багытыбыз боюнча бет алдык. Топто рэп окуп жүргөндө, өзүм жеке ырдасам деп кыялданып жүрчүмүн. Атам дайыма менин ырдаганыма каршы болуп, ырдабайсың дей берчү. "Жалгыз каламын" деген ырым мени шоу дүйнөсүнө кадам таштоодо биринчи түрткүнчүк болду десем болот. Салкынай Воинова эже менин ырдаганымды угуп калып, менин биринчи ырымды жаздырууга жардам берген. Салкынай эже менен кафеден таанышкам.
- Тили чыга элек балдардын дартын аныктоо бир топ эле оорчулук туудурса керек. Тандаган факультетиңе караганда, кичинекей балдарды жакшы көрөт окшойсуң?
- Ооба, кичинекей балдарды абдан жакшы көрөм. Эжемдин балдарын карап жүрчүмүн. Анан окууга тапшырарда экзамендеги балым балдарды дарылоо факультетинин бюджеттик бөлүмүнө жетип калып, ушул бөлүмдө окуп калдым.
- Туугандарыңдын балдары сыркоолоп калганда сага келишеби?
- Ооба, бир нерсе боло калса эле мага чалышат. Өзүмдүн билгендеримди айтып кеңеш берем, же балдардын доктуруна жөнөтөм.
- Өткөндө Амир: "Арнонун атасы "Сени эстеп" деген дуэтибиздин клибин жактырбай, телеканалдардан алдырып салды. Ага канча деген эмгек кетти эле", - деп кейип жүрдү эле.
- Туура, атама клиптин жалпы сюжети жакпай калыптыр. Бирок мен атама: "Ата, ушул дуэтке клип тарттырып жүрөбүз", - деп айтып эле жүргөм. Кийин клипти көргөндөн кийин эле атам: "Кызым, клипти чыгарбай эле кой",- деп жактырбай койду. Бирок мен Амирге жакшы эле түшүндүргөндөй болгом. Атама жакпай калса, мен ал клипти чыгарам деп каршы тура албайм. Атама менин үнүм, ырдаганым жагат, бирок чоң сахнага чыгышыма абдан эле каршы. А апам мени жакшы колдойт. Менин чыгармачылыгым үчүн атам менен согуша берет. (Күлдү)
- Медицина менен чыгармачылыктан сенин жан дүйнөңө жакыны кайсы?
- Экөө тең жан дүйнөмө жакын десем болот. Мисалы, мен медицинада эле иштесем кысылып кетмекмин. Же болбосо ырдап кетип, окуумду таштап салсам да болбой калат. Ошондуктан, медицинаны өзүмдүн кесибим, ал эми ырчылыкты жеке хоббим катары кабылдайм.
- Шоу-бизнес менен саясатта интрига күчтүү дешет. Интрига бар жерге кадам таштагандан коркпойсуңбу?
- Өзүм орус мүнөз болгондуктан, ушактардан абдан эле алысмын. Ошондуктан, интригадан корком. Атам да интригадан алыс бол деп шоу дүйнөсүнө баш-отум менен аралашканымды каалабайт.

Төлөбүбү
Касымалиева










кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??