п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Кумир менен баарлашуу

Дайыр Исмадияров
"Мугалим болгонума бир жыл болду"
Ар бир таланттуу ырчынын кумирлери болот эмеспи. Ошондой кумирлерге бай ырчылардын бири, Дайыр Исмадияров берилген суроолоруна так, тартынбай ачылып жооп берип, бизде конокто болду.

Жылдыз: - Сиздин туфлиңизде кыргыздын оюм- чийимдери бар экен. Атайын буюртма кылып алдыңыз беле?
- Бул жерден эле алгам, атайын буюртма эмес. Мен, негизи, адамдардын ушундай көңүл буруу менен караганына бир чети таң калам, бир чети ыраазы болом.Анткени, бул дагы кандайдыр бир көңүл буруу да.
- Гу Чин Пёну туурап кийинесизби?
- Жок, ал кино чыга электе эле ушундай кийинчүмүн.
Жылдыз: - Убада берип, аткара албай калган учурлар болду беле?
- Эми кээ бир кезде болот. Мисалы, досторуңа жолугам деп коюп, концерт чыгып калат. Бара албай каласың. Ал эми аткарам деп аткара албай калган учур боло элек. Сөзүмө такмын. Бирөөгө карыз болгум келбейт. Убада,менин оюмча, карыз нерсе.
- Тамакты кандай жасайсыз? Казанга бышпайт, дасторконго коюлбайт. Бул эмне?
- Бул эненин сүтү. Бул суроону биринчи радиодон уккам. Башында ойлонуп таппай койгом. Мен үйдүн эң кенжеси болгондуктан, тамактын бардык түрүн жасаганды билем. Кичинемде, апам үйдө жокто, карындашым экөөбүз тамак жасап жей берчүбүз. Биз, негизи, заманбап үй-бүлөлөрдөнбүз. Тамак жасайбыз дагы, бир дасторконго отурбайбыз. Тамакты бышырып коёт. Кимдин курсагы ачса, салып жей берет. Ошондуктан болсо керек, кээ бир кезде башкача тамак жасап жегиң келет дагы, өзүм жасап жей берем. Ошого көнүп калганбыз. Жакында эле ырчы досторума Өзгөндөн күрүч алып келип, палоо жасап бердим. Аябай коркуп жасадым. Анткени, ырчылар бир аз сынчы келишет да. Эгерде аш начар болуп калса, булар өмүр бою айтат деп, башкача толкундануу менен жасадым. Кийин жаман болуп калса, гезиттерге: "Өткөндө Дайыр бизге палоо жасап берди, начар болуп калыптыр",- деп айтпасын деп эптеп жасадым. Бирок аябай жакшы болду.
Каныкей: - Чыгармачыл адамдар уйкучу болот дейт, сиз да уйкучу болсоңуз керек?
- Мен төрөлгөндөн баштап уйкудан көзүм ачылбайт.
(Ушул учурда редакциянын телефону шыңгырап, бир мырза Дайыр байкеде сөзүм бар эле деп чакырып коюумду өтүндү.Сүйлөшүп бүтүп келип...)
- Мен өкүл уулдуу болгом. Билсеңиздер керек. Азыр эле чалган бала: "Жакында үйлөнөм, өкүл ата болбойсузбу?"- дейт. Биринчи өкүл балам, өкүл кызым экөө Москвада иштеп жатышат. Өкүл балалуу болгон аябай жакшы экен. Жашооңо дагы бир жакын адамың кошулат. Башында мен болбойм деп каршы болгом. Ата-энеси дагы: "Өзү үйлөнө элек болсо, кандай өкүл ата болмок эле?"- деп таң калышты. Ага карабай өкүл балам: "Мен Дайыр байкени ырчы катары эмес, ага, ата катары сыйлап, жакшы көрөм",- деп өкүл ата болуп калдым.
Нуркызай: - Бул жашоодо убакытты туура пайдаланган адам эң мыкты адам болуп эсептелет экен. НБТда алып барып жатканда, убактыңыз кетип жатпайбы, канча төлөп жатышат?
- Ал жерден акча төлөбөйт. Мен болгону, ал жерден тажрыйба топтоп, эфирден өзүмдү сынап жатам. Азырынча бир жума иштеп турайын, эгер жагып калса, айлыкка иштейбиз.
- Сиз азыр мугалим болуп иштейт экенсиз. Сиз пара берип жана сизге пара бергендер болду беле?
- Менин агай болгонума бир жыл болду. Азырынча жакшы көнө элекмин. Менин саатым дагы аз. Себеби, гастролго чыгып кетем. Сабак берген күндө дагы азыр пара албайм. Бара-бара, 40ка чыкканда алат болушум керек. Окубаса эмне кыласың? Тажайсың дагы, ала бересиң да. Ушундай окуучулар бар. Азыр түшүндүрүп бергениңди кайталачы десең, бир сөз айта алышпай, кайра таң калып карашат. Ал эми студент кезде мен берген эмесмин. Анткени, топтун старостасы болчумун. Өзүм дайыма бекер алчумун. Балдардын акчасын чогултуп келип бааларын койдуруп, өзүм жөн эле алып кетчүмүн. Менин оюмча, андай көрүнүш Кыргызстанда таң калыштуу деле эмес болуп калды. Андан качып кете албайбыз.
Айгерим: - Бир клибиңиз тартылып жатканда, баш каарманды аткарган кызды ала качып кетти деп уктук эле. Ошол чынбы?
- Негизи, клиптин уландысы болуш керек болчу. Анан кызды салонго алып келип жасантып койсок, алып качып кетип калыптыр. Анан биз жасантпай эле койбой деп күлдүк.
Мунара: - Продюсериңиз Канат Кадыржан менен иштешпей калгандан кийин, ал тараптан бут тосуулар болду беле?
- Болгон. Азыркыга чейин болуп жатат. "Миң кыял FM" радиосунан ырларым кетпей калды. Бир-эки радиого дагы барып: "Алып салгыла",- деп айткан экен. Алар болбой коюшкан. "Бизге андайдын кереги жок, урушуп кетсеңер өзүңөрдүн ишиңер, биздики эмес. Биздин угармандарыбыз ырларды суранышат. Биз жок деп айта албайбыз",- деп айтышкан. Андан сырткары, көптөгөн бут тосуулар болуп жатат. Негизи, чыгармачыл адамдар үчүн бут тосуу керек экен деп ойлоп калдым. Канчалык бут тоссо, мен ошончолук иш кылып жатам. Мурда 6 айда бир клип тартып коюп, ушул жетет дегем. Азыр 2 айда бир клип тартып жатам. Ырларым тынымсыз чыгып жатат. Гастролдорум дагы көп.
- Проюсериңиз менен урушуп кеткенден кийин, кайра чечишип сүйлөшүп алсаңыздар болбойт беле?
- Болмок. Бирок мен чечким келген жок. Анткени, анын кандай адам экенин билдим. 2 жылга жакын иштешип, ошондон ушул күнгө чейин көп нерселерди билбей жүргөн экенмин. Жакында эле сездим. Ошол нерселерди билип туруп, иштешким келген жок.
Майрам: - Сиз орусча аралаштырып сүйлөйт экенсиз. Патриотсузбу?
- Негизи, патриотмун. Бирок орусча көп сүйлөп көнүп калыпмын. Достор атайын кыргызча сүйлөйлү деп оюн ойлоп тапканбыз. Эгерде ким бир орусча сөз кошуп сүйлөсө, ортого 10 сом коёт. Башында 20 сомдон баштап алыптырбыз. Өтө көп болуп кетти. Анан 10 сомго түшүрдүк. Акчабыз түгөнүп калды. Анткени, эч кимибиз кыргызча так сүйлөбөйт экенбиз. Токтоп такалып калсаң дагы, 5 сомдон чыгара бересиң. Ал жактан түшкөн акчаны тоого чыкканга, же дагы башка жакшы нерселерге жумшайбыз. Бул дагы кыргыз тилин өнүктүрүүнүн бир жолу. Бара-бара бул оюнубуз таркап кетсе жакшы болот эле. Орусча сүйлөгөндөр аз болуп калат эле деп ойлойм.
- Ушул газетаны досторуңуз окуп алып:"Сен орусча сүйлөгөн турбайсыңбы?"- деп акча талап кылышпайбы?
- Жок. Бул оюндун жобосу бар. Эки адамдын ортосунда ойногонго болбойт. Үчөөбүз бириксек анан башталат. Мисалы, бир досум экөөбүз сүйлөшүп отурганда, үчүнчү досум келип, артыбыздан аңдып, канча орусча сөз коштук, экөөбүздүкүн тең санай берет. Анан акчаны талап кылат. Бул жерде болсо досторумдун эч кимиси жок, ошону үчүн талап кыла албайт. Азыр ойноп көрбөйлүбү? Акчаңар барбы айткандай? (Күлдү)
Мая: - НБТда алып баруучу болуп жатасыз. Оңой бекен?
- Азыр биздин чыгып жатканыбызды силер,менин оюмча, ырчы катары кабыл алып жатасыңар да. Эгерде алып баруучу катары кабыл алсаңар, башкача сын көз караш менен карамаксыңар. Азыр ырчы, конок катары кабыл алып жаткандан кийин, мага оңой болуп жатат. Негизи, башка ырчылар келип, эфирди алып барганда: "Клипке койчу, бизди азыраак сүйлөтчү?"- деп суранышат экен. Ал эми биз, Нена экөөбүз, клип болот деп айтса деле сүйлөй беребиз. Клип деп 4-5 жолу айткандан кийин гана, азыр клип көрөбүз деп айтабыз да. Кечээ: "Бизге көбүрөөк сүйлөп баарлашуу жетишпей жатат. Клипти азыраак берип, бизди көбүрөөк сүйлөтүп убакыт бергиле?"-деп сурандык.
- Акылыңызга таянасызбы же жүрөгүңүзгөбү?
- Иш кыларда күчүмө таянам.
Гүлжамал: - Ырчылыктан сырткары эмне менен алек болосуз?
Андан сырткары, уктайм. Азырынча өзүмдүн бизнесим жок. Үй-бүлөлүк бизнес бар. Ошого жардам берем. Досторум менен дагы чакан бизнесибиз бар, аларга жардам берем.
Келсин
Мурадил кызы









кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??