п»ї

  Күүгүм кечте сыр маек

Жамал эжени эстегенде, тээ бала кезде көргөн "Караш-караш окуясындагы" Бактыгулдун келинчеги Катча көз алдымда. Ар бир образы кайталангыс болуп, элдин эсинде калган тасмаларда гана эмес, театрда да жалаң гана эрктүү аялзатынын образын жаратып келген, азыр да "Туңгуч" театрында жаш, таланттуу улан-кыздарды тарбиялап келген КРнын Эл артисти Жамал Сейдакматова:

- Бал татым балалыгыңыздан кеп салсаңыз?
- Менин балалык бактылуу күндөрүм Ысык-Көл облусунун Темиров айылында өткөн. Менин апам Ажар Каракол театрында актриса болуп иштептир. Гастролдоп айылга келип калса, атам апамды жактырып калып, дароо үйлөнөт. Атам көптөн бери балалуу болбой, мен төрөлгөн экем. Бала жытына куса болгон ата-энем мени аябай эрке кылып өстүрүштү. Үйгө чыгармачыл адамдар көп келер эле. Осмонкул Бөлөбалаев, Карамолдо Орозов, Алиман Жангорозова. Кадимки манасчы Саякбай атанын алдында отуруп эркелеп да калдым. Ошонун бардыгы менин талантыма таасир берди окшойт. Кийин атам мени жакшы билим алсын деп, баш калаадагы №5 мектеп-интернатына алып келип киргизди. Чындыгында, тырышчаактыгымдын айынан, мектепти жалаң "5" менен бүттүм.
- Сиздин биринчи жолдошуңуз чыгаан актёр Болот Шалтаев болгон дешет, сизге кандай жолдош эле?
- Мен 22 жашымда турмушка чыктым. Менин биринчи жолдошум өтө таланттуу актёр Болот Шалтаев болчу. Абдан кыраакы, көөнөрбөс акылга бай, жакшы инсан эле. Экөөбүздүн ортобузда Мурат аттуу балабыз бар. Азыр балабыз биздин жолубузду жолдоп, "Туңгуч" театрында оператор болуп эмгектенет.
- Азыркы жолдошуңузга кантип кезигип калдыңыз?
- Экинчи жолу тагдыр мени Садырбекке жолуктурду. Чыгармачылыгыма түшүнүү менен карап, мени кадырлап-барктап келет. Чыгармачыл инсандын көңүлү ушунчалык назик, үлбүрөк болот эмеспи. Садырбек мага тирөөч болуп, аяр мамиле жасайт. Садырбек көп жылдар бою КТУда проректор болду. Технология илимдеринин кандидаты. Азыр "Туңгуч" театрынын директору. Ажар аттуу кызыбыз бар. Турмушка чыгып, азыр жолдошу менен Москвада жашайт.
- Алгачкы жараткан ролуңуз?
- Үйдөгүлөрдүн сунушу боюнча Москвадагы инженер-технологдун окуусуна өттүм. Бирок көөдөнүмдөгү чыгармачылыкка болгон дараметим ал ансайын күч алды. Акчам болсо эле Москвадагы театрларга бара берчүмүн. Кээде актрисалык менин кыялым болуп эле калабы деп ыйлап алар элем. Ошентип, 1-курста эле кайра Кыргызстанга келдим. Келерим менен театрга кирип, ошол эле жылы "Алыскы тоолордо" деген тасмада Зиягүлдүн образын жараттым. Арсен Өмүралиев экөөбүз баш каарманды аткардык.
- Тасмада кыргызымдын чыгаан актёру Чокморов менен көп өнөктөш болуп аткарыпсыз. Аны менен алгачкы жолу кайсы тасмада тартылгансыз?
- "Караш-караш окуясы" тасмасында мен Бактыгулдун(С. Чокморовдун) байбичесин аткарамын да. Болот Шамшиев Сүрөт окуу жайында окуган бир олбурлуу баланы ээрчитип келди. Өз ишинин көзүн билген режиссёрлор ушундай кыраакы болушат эмеспи, кайсы ролго ким ылайыктуу, дароо көзү менен билип коюшат го. Болгондо да баш каарман Бактыгулду ошол бала аткара алат деп чечти. Ал профессионал актёр эмес да, камерадан сүрдөгөнбү, улам колу калтырап, тартылып жатты. Ошентип Сүймөнкулдун актёр болуусуна Бактыгулдун ролу себепчи болуп калды.
- "Улан" тасмасында арак саткандарды кудум окшоштуруп койгонсуз. Эмне үчүн тасма "Улан" деп аталып калган?
- "Улан" деп аталып калыштын себеби Балыкчыда өзгөчө шамал согуп турат экен. Ошол шамалды жергиликтүү калк Улан шамалы деп атап калышыптыр. Негизи, Төлөмүш Океев менен иштеш артисттер үчүн майрам эле. Улуу режиссёр алардын оюндагысын дароо түшүнүп, оңой эле иш алып барчу. "Улан" тасмасында мен арак саткан аялдын образын жараткам да. Образга кириш үчүн сыркы келбетиңди да каарманга окшоштурушуң керек да. Мени чындап эле арак сатат го деп Чолпон-Атанын аракечтери ээрчип алышыптыр. "Ой, мен актрисамын, роль аткардым",- деп алардан араң кутулгам.
- "Отко таазим" тасмасы да мыкты тартылганы талашсыз. Күтүлбөгөн кадрлардан кеп салсаңыз?
- "Отко таазимде" темир уста Үтүрдүн(С. Чокморовдун) келинчегин аткарганмын. Өрүкзарлуу Баткен деп бекеринен айтпаган чыгар, тасма тартылган учурда ушундай өрүктөр бышып, төгүлүп жатыптыр. Өрүктүн шириндигин айтпа, жеген сайын жегиң келет. Керээли-кечке өрүк жей берип, ичибиз ооруп калды. Төлөмүш Океев тасманы тартар маалда бизди таппай калды. Тасманын бүтөрүндө Уркуянын үйүн өрттөгөн жери бар эмеспи, атайын бир үйдү тасма үчүн өрттөшкөн. Уркуянын жолдошу Колдош(Искендер Рыскулов), апасы(Сабира Күмүшалиева) аз жерден иске ууланып кала жаздаган. Искендердин буту кыпчылып калып, араң чыккан. Ажы карыяны аткарган Муратбек Рыскулов ыйлап тартылган жери бар, ошондо кыргыз эли менен коштошкону бейм, анын тартылган акыркы тасмасы болуп калды. Баткен жергесинин абасы адам чыдагыс ысык экен. Ошол жердеги шаркыратмага барып сууга түшчүбүз. Мен кош бойлуу элем. Жаш экемин да, же байкабастыктанбы, көп нерсени көңүлгө албай, ичимди таңып алып иштей берчүмүн. Жашоомдогу эң оор жоготуум- төрөлбөй калган балам болду.
- Жазуучу Мурза Гапаровдун чыгармасынан алынган тасмага кандайча тартылып калгансыз?
- "Зардалыдагы баян" тасмасында мен жалгыз бой аялдын образын жараткам. Казактын актёру Муктар Бактыгереев биздин тасмаларга түшүп көнүп калган да. Даркүл эже, Бакирдин агай менен чогуу тартылып калганыма бактылуумун. Укмуштуудай керемет жерде тартылды. Жомок тартышса, ошол жерди тартыш керек экен деп да жүрдүм. Бак-дарактар да аябай кооз, шылдырап аккан суусу да ажайып кооздук берип турчу.
- "Ак илбирстин тукуму" тасмасындагы казак актёрун биздин тасмалардан көп көрөм. Анын сыры эмнеде?
- Негизи, казактын актёру Досхан Жолжаксынов мыкты актёр. Ал "Алтын күз" тасмасында да баш каарман-журналисттин ролун жараткан. Т. Океевдин "Ак илбирстин тукуму" тасмасында Мундузбайды да жеткиликтүү аткарып берди. Мен анын байбичеси болуп аткарганмын. Айыкени(Гүлнара Чокубаева) камчы менен сабаганда, мен кадимкидей боорум ооруп: "Ачууга алдырып, кадыр-баркыңды түшүрбө байым",-деп токтотуп калган жерим бар. Ар мамлекеттен келип тартылышкан. 300 түтүн боз үй тигип, 3 ай тартканбыз. Досхан домбраны жакшы чертет экен, анын күүлөрүнө мас болгон эл, аны уурдап кетишиптир. Ошентип баш каарманыбызды эртеси таппай калып, аларга чалып, убараланып издегенбиз.
- Режиссёр Дооронбек Садырбаев менен да иштешип калдыңыз. Ал дагы кыраакы инсан болгон дешет?
- Д. Садырбаевдин тасмаларында мен көп тартылып калдым. Дооронбек ар тараптуу болчу. Мейли "Акбаранын көз жашы" болобу, же "Махабат дастаныбы", тексттерин өзү окуган. Коңур үндүү, дикциясы да укмуш эле жарыктык. "Акбаранын көз жашы" тасмасында Дүйшөн Байдөбөтовдун жубайы Көктурсунду аткаргам. Анан баягы мени жыга чапкан жери бар эмеспи. Дүйшөн: "Эже, сизди кантип урайын?"-деп кыйналып, аткара албай жатат. Анан мен: "Чыныгы актёр болсоң, баарына кайыл болуп аткарышың керек, мени ура бер",-деп өзүм сурандым. Анан жаактан ары бир чапканда, жыйылып турган тезектердин арасына жыгылып түшсөм болобу. Тезектер да катуу экен, денемдин баары ооруп калыптыр.
- Курманжан датка, Каныкей, Найман эне ж.б. темирдей бекем кайраттуу аялзатынын образын жаратып келген актрисанын мүнөзү кандай болду экен?
- Өтө жумшакмын. Таптакыр ушуга чейин үнүмдү катуу чыгарып, бирөө менен урушкум келбейт. Ишенчээкмин. Бирок чыгармачылыкка келгенде өтө өжөрмүн. Алдыма койгон максатыма жетүү үчүн эч нерседен кайра тартпайм. Эгерде мен өжөр болбосом, "Туңгуч" театрын азыркы деңгээлге жеткире албас элем. Бирок аял катары өтө жумшакмын. Ороңдоп сүйлөгөндөрдү көрүп зээним кейийт.
- Азыркы жаштардын ичинде бир-эки жолу сахнага чыга коюп, өздөрүн "жылдыз" сезгендер да жок эмес. Ал эми сиздин муун гүлдөп турган учурларда "жылдыз" оорусуна чалдыккандар болгонбу?
- Биздин убакта "жылдызмын" деп айтуу эч кимибиздин оозубузга келчү эмес. Бакен эже, Таттыбүбү сахнада чүрөк эле. Алардын "жылдызмын" деп айтканын уккан эмесмин. Илгери биз азыркыга окшоп акчанын аркасынан түшкөн эмеспиз. Жөнөкөй болууга аракет кылар элек. Мен драм театрда иштеп турганда С. Күмүшалиева, М. Рыскулов, Б. Кыдыкеева, Д. Күйүкова, Көбөгөнов, Балкыбекова деген залкарлар бар эле. Эже-агайлар сахнаны "супара" дешчү. Жуунуп-тазаланып, даарат алып, "бисмилла" деп чыккыла деп айтар эле. Азыр сахнага эки кишинин бири чыгып, бир ыр ырдап, "жылдызмын" деп көк менен басып калып атышпайбы.
- Өнөр адамдарында атаандаштык болбой койбостур. Роль талашкан учурларыңыз болдубу?
- Чынын айтсам, атаандаштык бар болчу. Маданият бар жерде атаандаштык болбой койбойт жана керек. Эгер атаандашып иштебесең, майнап чыкпайт. Биз театрда жүргөндө бири-бирибиз менен атаандашып, "Мен ролду тигинден жакшы чыгарышым керек",- деп аңдышып турчубуз. Эсимде, театрга эртең менен эрте келип, даярданчумун. Аным аз келгенсип:"Мени менен репетиция кылып коюңузчу?"-деп башкалардан режиссёрду талашчумун. Жаштар гүлбактарга, үйгө барып, спектаклге даярданчубуз. Ал жетишпесе, Муратбек агайдын же Бакен эженин үйүнө барып кеңеш сурап, ролубузду бир ирет аларга көрсөтүп, сын-пикирин угуп, туура эмес жерлерин тууралап турар элек. Азыр жаштарыбыз улуу муундан эч нерсе сурашпайт.
Динара Асылбекова



кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??