п»ї

  Кычык суроолор

Кычык суроолор менен чиновниктердин, саясатчылардын юморго кандай экенин текшерип келебиз. Бул жолкусунда КРнын акыйкатчысы Турсунбек Акун берген суроолорубузга жооп берди.

Турсунбек Акун:
"Өмүрбек Текебаев менен досмун, бирок…"
- Жазында ар бир адамдын жан дүйнөсүндө башкача сезимдер болот эмеспи. Сиздин жан дүйнөңүздө кандай өзгөрүүлөр болуп жатат?
- Ушул жазда неберелериме карата чоң сүйүү пайда болду. Эки кыз неберелүү болгом. Биринчи небереме 6 ай, экинчисине 2 ай болуп торолуп калышты. Неберелерим өзүмдүн балдарыман да ысык болуп, алардын жытына тойбой жатам.
- Жата берсе ат арыйт, а эркек эмне болсо бат карыйт?
- Эркек жалкоо болсо бат карыйт. Башкалардыкынан да кыргыздын эркектери жалкоо. Бирок мен жалкоолордун катарына кирбейм деп ойлойм. Кайгычыл, эмгекти сүйгөн түйшүкчүл адаммын. Экинчи "духу" жок эркектер бат карып кетет деп ойлойм. Кыйынчылыктарга туруштук бере албаган, коркок, эрки жок эркектер бат карыйт. Кээ бирлердин аялдары чектен чыккан ажаан болсо, чачын агартканга жардам берет. Бирок кээ бир күйөөсүн урушкан аялдардын жемеси пайдалуу болот. Себеби, эркектер жылкы мүнөз болобуз, анан урушуп, көзөмөлдөбөй турса көөп кетебиз.
- Жакшы эр элин өргө сүйрөйт. Сиздин оюңузча, биздин бийлик башындагылар Кыргызстанды кай тарапка сүйрөп баратат?
- Бийлик башында тургандардын деле аракеттери жаман деп айтууга болбойт. Бири бул жакка, бири тигил жакка жүгүрүп иштеп жатышат. Бирок мамлекеттик чоң программаларды, концепцияларды түзүп, катуу аракеттерди көрүш керек.Бийликтегилердин деле жакшы аракеттери бар, бирок ошол аракеттерин жакшыртса сонун болот эле. Көп мамлекеттерге карап, ошолордон сурангандан көрө, өзүбүздүн мамлекеттик идеологияны жакшыртса, өзүбүздүн ички ресурстарыбызды көбөйтүүнүн аракетин кылышса. Менделеевдин таблицасындагы бардык элементтер Кыргызстанда бар. Канчалаган жаратылыш байлыктарыбыз бар. Элдин баары билимдүү, анан эмне үчүн аксап атабыз билбей койдум. Ошон үчүн бийликтегилер ойлонуп, руханий байлыгыбызды көтөрүш керек. Кыргыз эли эч качан бирөөнөн бир нерсе сурап көргөн эл эмес. Чыгаан, эрдик кылган баатыр эл болгон. Бирөөнүн алдына барып алып, эч качан жалдыраган эмес. Ушундай сапаттарыбызды кайрадан калыбына келтиришибиз керек.
- Сиздин акыйкатчылыгыңыза бийликтегилердин көбү каршы болуп жүрүшөт. Ушул боюнча өз оюңузду айта кетсеңиз?
- Мен буга сыймыктанам. Себеби, бийликтегилер мага каршы болбой, мени колдоп турса, мен акыйкатчы эмесмин. Бардыгынын оюндагыдай болгон, чөнтөкчү, алардын айтканын жасаган "хоп, майли" акыйкатчы болуп калмакмын. Бийликтегилер мага каршы болуп атабы, демек, мен алардын жарасын баскан, караны кара деген, акты ак деген акыйкатчылардын катарындамын деп ойлойм.
- "Т. Акун адамдардын укуктарын эмес, жаныбарлардыкын мыкты өздөштүргөн",- деген пикирлерге кандай жооп берер элеңиз?
- Биринчиден, Айтматовду Акбараны, "Гүлсаратты" жазганы үчүн эч ким күнөөлөбөйт да. Жаныбарлар жөнүндө кандай чыгармаларды жазган. Ошол үрп-адат менен ички туюмдарын билген үчүн дүйнөгө атагы чыккан жазуучу болду. А мен жаныбарларды жакшы билген билерман адамдардын биримин. Атам өзү ат чапкан адам болгон. Атам малчы болуп, деңиз деңгээлинен 5-6 миң бийиктикте, аттын кулагы менен ойноп чоңойдум. Кайберен атып чоңойдум. Ошолордун баары менин акыйкатчылык ишимде жардам берет. Эгерде Т.Акунду адам укугун билбейт десе, кимди адам укугун билет деп айтат. Азиядагы эң мыкты 4 акыйкатчынын катарына кирсем, анан ким укукту билбейт экен? Мен депутаттардын алдында чөнтөк депутат болуп, доклад өткөрбөй койсом эле күнөөлүү эмесмин да туурабы?
- "Акун менен Бакир уулу саясатта ажылдашкан абысындар. Булар бири-бирин чукуганды жакшы көрөт", - деп жүрүшөт. Экөөңүздөрдүн чырыңыздар качан бүтөт?
- Мен депутаттарга жана өзүмө ал адам тууралуу эч бир ооз ачпайм деп сөз берип, мароторий жарыялагам. Бирок ал баягы өнөрүн улантып атат.
- Азыр кызмат орундары бат-баттан эле алмашып калбадыбы. Эгерде сизди акыйкатчылыктан алса, кайсы кызматка кетесиз?
- Биринчиден, мени акыйкатчылыктан алганга болбойт. Анткени, мени 2013-жылга чейин шайлашкан. Депутаттар мыйзамды бузганга аксы жок. Эгерде мен акыйкатчылыктан кетсем, менин кызматым даяр турат. Ала-Тоо аянты, эски майдан, Кыргызстандагы областтардын аянттарында 6 жылдан бери митинг, пикетке чыкпай, мени сагынып калды. Мен Отунбаевадан башкаларчылап бийлик сурабайм. Менин "КЕТ" деген кызматым даяр турат. Пикетке чыкпай калып, өзүм да жаман болуп атам. 15 жыл өмүрүмдү Акаевге сайып койгом. Эгер ичи кара депутаттар менин кетишимди көздөсө, калган өмүрүмдү азыркы парламентке арнап коём.
- Президент алмашканда эле, сизге жеткени жети муштап, жетпегени эки муштап калат. Сиз токмоктогон адамдар барбы?
- Акыйкатчы катары өлкөмдө кандай окуя болсо, ошо менен камыр-жумур жашаган адаммын. Өлкөмдүн тагдыры менен өзүмдүн тагдырымдын киндигин байланыштырган адаммын. Өлкөдөгү толкундоолор менен аралашып жүрүп, токмок жеп калып атам. Өзүм токмок жеп калып, эмне үчүн бирөөнү токмоктошум керек? Жиним келсе аялымды чаап ийишим мүмкүн, балдарымды урам. Бирок бирөөнү токмоктобойм. Бирөө менен кармаша турган болсом, сөз менен эле өчүмдү алып алам.
- Сизди убагында Сонунбүбү Кадырова менен "ысык" мамиледе болгон деген сөздөр жүрөт. Азыр мамилеңер кандай?
- Сонунбүбү Кадырованын чыгармачылыгын сыйлайм. Кыргыздын патриот кыздарынын бири. Элдик курултайды калыбына келтирүүдө, уюштуруу иштеринде жүгүрүп жүрдүк. 2005-жылдары курултай уюштуруу комитетин түзүп, төрагасы мен, Сонунбүбү ага мүчө болгон. "Карыган энем бар, вагондо жашайм. Бизге бир барып кетсеңиз боло?" - деп калды. Бирок убактымдын тардыгынан бара алган жокмун. Концерттерине чакырып жүрдү, ал жакка да бара алган жокмун. "Үй алат элем, жардам берип коюңузчу?"-дегенинен, керектүү жерлерге кат жөнөттүм, бирок андан да майнап жок.Анан экөөбүздүн ортобузда кандай "ысык" мамиле болгонун түшүнбөйм. Жаманатты кылып, жабыштырганга жараша Сонунбүбү эмес эле, жашыраак кыздар менен ысык мамиледе болуптурсуз деп сурасаң боло? Же эмне менин энергиям түгөнүп калды беле? (Күлдү)
- "Т. Акун баккан атасынын кадырын билбей, ага көп оройлончу", - деп жүрүштү эле?
- Билбейм. Мен өзү баккан атама да, өз атама да баш бербей, кичинекейимен эрке чоңойдум. Азыр деле бийликтегилерге да, башкасына да баш ийбей жүргөнүм ошондон болуш керек деп ойлойм. Баккан атам менен сүйлөшүп отурганда, өзүмдүн пикиримди айта берчүмүн, ал киши менен көп талашчумун. Кээде баш ийип, кээде баш ийчү эмесмин.
- Кул кутурса, кудукка кайырмак салат. А саясатчы кутурса, эмнеге кайырмак салат?
- Эми саясатчы кутурса, абышканын алтын балыгындай эле болот. Алтын балык болсо, кармап алсам бүт баарын эле даяр кылып, алып келип берсе деп ойлошот. Андай эмес да. Адам ар бир ишке эмгек менен жетиш керек. Биздин саясатчыларыбыз мына бийликке келди, депутаттарыбыз Ак үйдүн 6-7-кабатында отурса эле асманга башы жеткендей сезишет да. Мен Ак үйдө 3 жыл иштегем. Бирок бир да көтөрүлүп, эл арасынан эч кандай бөлүнгөн эмесмин. Кээ бир депутаттарыбыз Ак үйдө отурса болду, асмандап, министр болсо эле көккө башы жеткендей эсептейт.
- Сураган жеңил, жооп берүү оор эмеспи. Сиз үчүн кандай суроого жооп берүү аябай оор?
- Саясат жөнүндө берген суроолор өтө оор. Мисалы, Кыргыз мамлекетин канткенде алга сүйрөп кете алабыз? Мамлекеттик масштабдагы суроолор өтө оор. Бирок ошого карабай, мен жооп берип, өзүмдүн пикиримди айтып, керектүү жерден кеңешимди берип келе жатам. Жеке суроолор да өтө оор. УТРКнын "Балдардын сынагына сынбайсыңбы?" деген көрсөтүүсү бар. Ошол көрсөтүүнү эң жаман көрөм. Саясатчыларды басынткан көрсөтүү. Ага кээ бир саясатчылар чыгып алышат, анан "Ким менен жүрдүң эле? Эмне кылдың эле? Эмне аялыңды таштап кеттиң?" - деген суроолорду беришет. Ойлосоң, менин неберемдей болгон балдар мамлекеттик деңгээлдеги саясатчыны басынтып жатат да. Ошол көрсөтүүнү такыр эле жабыш керек деп ойлойм.
- "Камчы кайраттуу болсо, аял уяттуу болот",- дейт. Сиздин камчыңыз кандай?
- Менин камчым толеранттуу. Мен аялга баш ийип калбайм, өзүмдүн пикиримди айтам, үйдө кожоюнмун. Бирок аялды да такыр эле басынтып салбайм. Анын пикирин, укугун сыйлайм. Жиним келгенде кыялымды көрсөтүп коём.
- Эң акыркы жолу кимдин тоюнда батинкеңизди таппай калгыча мас болдуңуз эле?
- Мен бир да тойдо мас болгон жокмун. Студент кезде иччүмүн. Бир жолу Эки Нарында мал доктур болуп жүрөм. Анан айылдагы Жакы деген баланын туулган күнү болуп калып, аныкына конокко бардык. Ал жактан жыгылганча мас болдум дебейм, бирок бир топ ичкем. Ислам жолуна киргенден кийин ичпей калдым. Табиятыман эле ичкилик менен шугулданган жокмун.
- Сиздин буга чейинки кылган иштериңиз тууралуу мемуар жазса, китептин аты кандай аталмак?
- Мен жөнүндө "Турсунбек Акун баскан жол" деген аталышта 3 китеп чыкты, жакында төртүнчүсү чыкканы жатат. Ал жакка сен да өзүңдүн пикириңди жазсаң болот. Менин мугалимдерим, классташтарым, курсташтарым, саясатчылардан А. Жекшенкулов, Ө.Текебаев сыяктуу белдүү саясатчылар менин кандай жакшы жагым, жаман жактарым, апендичилигим жөнүндө өз ой-пикирлерин айтышкан. Мемуар жазганга эрте деп ойлойм. Чачым эле агарып кеткени болбосо, жашмын.
- Саясатта достук эмес, жөн гана кызыкчылык болот дешет.
- Бул сөзүңө кошулбайм. Саясатта достук болот. Бирок досмун деп эле досуң эмне айтса, өз позицияңды жоготуп, туура эмес айтса деле анын сөзүн колдогон туура эмес. Мисалы, менин Өмүрбек Текебаев деген досум бар. Текебаевдин оюна макул боло бербейм, же ал менин ар бир сөзүмө макул боло бербейт. Экөөбүз чабышабыз, талашабыз, кээде сөгүшөбүз. Жамандык, жакшылык болот. Үй-бүлөң менен катышасың, өйдө-ылдый болот. Мисалы, менин жаманчылыгымда, атам каза болгондо, жеңилимди жерден, оорумду колдон алып жүрдү. 7-апрелде Текебаевди камап жүргөндө өзүм бийликте, Бакиевде иштегениме карабастан, Текебаевдин жанында болдум. Камалганда түрмөнүн жер төлөлөрүндө жүрдүм. Достук жамандык-жакшылыкта билинет.
Төлөбүбү Касымалиева


  Кат куржун

"Турсунбек Акун бир кызды зордуктайм деп…"
Саламатсыздарбы, "Обон" гезити. "Кат куржун" аттуу рубрикаңыздар аркылуу бир нерсени тактап берүүңүздөрдү өтүнөм. Акыйкатчы Турсунбек Акун бир жылдары өзүнүн эле катчы кызын "Манас" аэропорту жакка такси менен алып барып, кызга вино ичирип, зордуктайын деп аракет кылган. Амалдуу кыз Турсунбектен качып кутулуп кеткен. Мен ал кызды жакшы тааныйм. Ушул боюнча өзүнөн сурап бересиздерби? Анан дагы Турсунбай Бакир уулунун: "Т.Акундун аялынын ичип кеткенине мен күнөөлүү эмесмин", - деген интервьюсу бар. Чын эле Акундун аялы ичип кеткенби?
Сайкал 070042ххх
Турсунбек Акун:
"Мен айтсам,
калпычы болуп калам"
- Акаевдин учурунда мамлекетке мени каралаш үчүн ушундай материалды "Вечерний Бишкек" гезитине жазып чыгышкан болчу. Ошондон бери эле шантаж, террор келатат. Азыр мен андай-мындай деп айтсам, актангандай болуп калам. Ал кыздын апасын тааныйм. Ошол эже менен байланыштырып коёюн, а мен айтсам калпычы болом. Мунун баары калп.
- "Сакалчан" досум мага асылып бүтүп, менин аялыма асыла баштады. Бул эч кандай моралга туура келбейт. Бирок мен ал жөнүндө эч нерсе айтпайм деп мароторий жарыялагам.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??