п»ї

  Бий - жан дүйнөнүн жыргалы

Жыргалбек Шакиров:
"Байгеге 200 000 сом коюлуп жатат"
Бий-бул адамдын жан дүйнөсүн кулпурткан айтып бүткүс кыймыл эмеспи. Бийдин мекени деп Бразилияны белгилешкени менен, биздин кыргыз эли тээ илгертен бий өнөрүнө өзгөчө көңүл буруп келишкен. Ийилчээк кыймыл түркүн түстүү боёкторго бөлөп, жан эргитип, жүрөк балкыткан сезим ышкысына жетелейт.

- Жыргал мырза, бул долбоордун идеясы кимге таандык?
- "Жан дүйнөм дайым бий менен" аттуу долбоордун идеясы мага таандык. Негизи, мен ушул сферада 17 жылдан бери иштейм. Долбоордун жетекчиси катары айта кетсем, негизи, бул долбоор жөн жерден чыккан жок. Акыркы учурлары Кыргызстанда баягы эле коёндой окшош тажатма концерттердин саны көбөйдү. Билеттин баасын кайра-кайра көтөрүп жатат, бирок эч кандай жаңылануу жок. Алардан өзгөчөрөөк кылып ушул долбоордун үстүндө иштесемби деген ой келди. Ошондой нерселерден элди арылтуунун максатында, көңүл кубантарлык жагдайды ойлоп чыккандагым десем да болот. Ошолордон оригиналдуулукту алып чыккым келди. Былтыркы окуядан бери элдин маанайы да чүнчүп кетти көрүнөт, элдин рухун-духун көтөрүү максатында бул долбоорду иш жүзүнө ашырганы турабыз.
- Долбоорго катышкан өнөр адамдарын жана башка кесиптин ээлерин кандайча тандап алдыңыз?
- Биринчи долбоорум "Сүйөм сени, аялзат" болчу. Ошондо элдер да бийге суусап калыптыр. Жан дүйнөнү жаңыртып, Кудай буюрса, 12-майда жаңы долбоорду эл алдына тартуулайбыз. Жан дүйнөсүн бийге арнап, бүт дараметин элге көрсөтүшөт. Россиянын долбоорунан өзгөчөлүгү- аларда бири профессионал, бири ырчы болсо, бизде экөө тең башка кесипте болмокчу.
Катышуучулар:
1. Белгилүү стилист-дизайнер Замира Молдошева жана комузчу Закир Дүйшөнбек уулу.
2 . Урмат Усенов жана юрист кызыбыз Назгүл Кайыпова.
3. Нурайым Азыкбаева жана "Риал" компаниясынын директору Азамат Жаманкулов.
4. Иса Өмүркулов жана мектеп окуучусу Жибек.
5. Айбек Бакытбек уулу жана финансист Элнура Кылычбаева.
6. Айжан Газиева жана жеке ишкер Муса Солкунов.
7. Юлия Руцкая жана Жыргалбек Сагынбаев.
8 . "Велла" компаниясынын жетекчиси Нияра Шарипова жана Максат Бегалиев.
9. "Азат" корпорациясынын директору Вадим Сологубов жана анын кызы Арина Сологубова.
10. "Кыймылсыз мүлк" иштери боюнча министрликтин алдында уюшулган департаментинин директору Болсунбек Казаков жана Бегимай Эсенгулова
11 . Малика-Дина жана юрист жигитибиз Ринат Тургуналиев.
- Ыйгарыла турган сыйлыктары кандай болду экен?
- Байгеге 200 000 сом коюлуп жатат. 4 орунга коюлуп, аларга бөлүнөт.
1 айдан бери СМС берип жатышат. Ошо СМС боюнча да конкурстан жеңген катышуучуларга сыйлык тапшырылат. Өнөрдүн туу чокусунда болгон профессор өнөр адамдары калыстар тобунун өзөгүн түзөт. Катышуучулар 5-10 деген баа менен чектелип, ошо менен жыйынтыгы эсептелинип, байге тапшырылат. Элдин көзүнчө эсептелинип, тактык, калыстык менен өтөт деген ниеттебиз.
- Биздин концерттер сахна жасалгасынан аксайт, сиз ушул маселеге токтоло кетсеңиз?
- Туура айтасыз, биз көбүнчө сахна жасалгасына анчейин көңүл бөлбөй келебиз. Көпчүлүк өнөр адамдарына эл толуп берсе, ошол жетиштүү. Өткөрүлө турган концертке көрк берип турган сахна сереси эмеспи. Биздин концерттик имаратыбыздын полунун эскилиги жеткен. Бийчилерге ыңгайсыздык жаратпаш үчүн, атайын паркет төшөп жатабыз.
- Катышуучулар хореографтар менен кандайча иштешип жатышат?
- Мен Кыргызстанда бий топтору көп болсо, бий үйрөтүүнүн оорчулугу болбойт го деп ойлоптурмун. Көрсө, профессионалдуу бийчилерибиз саналуу гана экен. Атайын ак бийди үйрөткөн адистерге сүйлөштүк. "Би С" тобунда иштеп кеткен Максим деген бала өзүнө катышуучулардын ичинен 4 түгөйдү үйрөтүү жоопкерчилигин алды. Аларга бири-бирине окшошпогон бий үйрөтүп жатат. Мындан сырткары, Алёна, Диана аттуу кыздарыбыз, Азия боюнча чемпиондукка жетишкен кызыбыз Александра үйрөтүү-чүлүк жактан жардамын аяшпады. Баса белгилеп кетчү нерсе, "Шаттык" бий ансамблинин көркөм жетекчиси Эрик Латыпов биринчи долбоорубузда да 10 түгөйгө вальс жанры боюнча үйрөткөн. Азыр да 2 түгөй менен жан үрөп иштешип жатат. Эрик мырзанын да эмгеги аябай зор.
- Эл жакшы кабыл алса, мындан ары да долбоорду улантайын деген оюңуз бардыр?
- Бул долбоорду 5 жылга бекители деп турабыз. Эгер ушул долбоор ойдогудай болсо, катышуучулардын ичинен тандалган 5 түгөй "Муз үстүндөгү бийге" катышуу укугуна ээ болот. Чыныгы үйрөтүүчүлөр Сан сити жардамы менен Москвадан адистерди чакырабыз.
- Сиздерди колдогон демөөрчүлөр тууралуу айта кетсеңиз?
- Бизди колдогон демөөрчүлөр жокко эссе. Мен өз чөнтөгүмдөн чыгарып, баш-отум менен киришип колго алып жатам. Мен өзүм үчүн эмес, кыргыз элиме жакшы маанай, шаң тартуулайын деп уюштургам. Биз да башка мамлекеттерге теңелсек, маданиятыбызды да мындан ары көтөрсөк деген жакшы жышаан пайда болду.
- Учурда долбоордон сырткары кандай иш менен алектенип жатасыз?
- 2003-жылы ачылган "Алтын үн" продюсердик борбору бар. Азыркы учурда бир кыз, бир баланы ырчы катары алып чыгып, иштеп жатамын. Буйруса, дагы бир бий топту түзөйүн деп жатам. Кесибим жеке ишкер. Убагында Маданият министрлигинде иштеп келгенмин. 2001-жылы кыргыздын салтык музыкаларын колдоо иретинде "Тогуз кайрык" деген долбоордун үстүндө иштегенбиз. Арт директорлук боюнча иш алып баргам. Ошол эмгегибиздин акыбети кайтып, мага "Маданияттын мыкты кызматкери" деген наам беришти. Биз азыр жашпыз, дагы да чыгармачылык менен алпурушуп, өнөрлөрүбүздү элибизге тартуулай беребиз. Үзүлбөгөн үмүт бар, буйруса, Кыргызстанга эмгек сиңирген ишмер болоюн деген жакшы тилегим бар.




Ырчы, Юлия Руцкая:
- Бий үйрөнүүдө кыйынчылыктарды сезгендирсиз?
- Ооба, ар бир эмгектин өзүнүн кыйынчылыгы бар. Айрыкча танго бийи татаал, актёрдук-чеберчиликти билишиң шарт. Жөн гана бийлеп койбостон, бийлөө ыкмасына биротоло сүңгүп киришиң керек экен Бир иштин өтөөсүнө чыгыш үчүн ден-соолукту кумандыкка чалышың шарт эмеспи. Бүт дитим менен берилип үйрөнүүдөмүн. "Көрө-көрө көсөм болот" дегендей, ийгиликти багындырсак ал менин жетишкендигим. Биз башкалардан өзгөчө болууга умтулуп жатабыз. Себеби элди таң каларлык номердин үстүндө даярданып жатабыз. Бизге смс боюнча добуш бергендердин ичинен биздин номер алдыңкылардан экен. Бул да бизге стимул берип, мындан аркы жөндөмүбүзгө шык берди.
- "Кош жылдыз" долбооруна катышканыңызды жакшы билебиз, бул долбоордо кыйынчылык жараткан жокпу?
- Мен мындай долбоорлорго көнө түштүм. Себеби эл билгендей "Кош жылдыз" долбооруна катышып алдыңкы орундарга ээ болдук. Ошондуктан бул долбоорго катышууда кыйынчылык жараткан жок. Менин өнөктөшүм Жыргал мырза абдан тил алчаак экен. Бирге бийлеп жатканыбызда үйрөтүүчүнү да кыйнаган жокпуз.
- Бий өнөрү сиз үчүн?
- Мен мурун бийге анча көңүл бурчу эмесмин, азыр профессионалдык деңгээлде үйрөнүп жатам. Эми ар дайым бийге көңүл буруп, атайын убактымды жумшаганга аракеттенем. Өзүмдү да жеңил сезим, ийилчээк да болуп баратам.


Кыргыз куралдуу аскер кызматынын генералдык директору Жыргалбек сагынбаев:
"Ашыкча салмактан арылдым"
Бий чөйрөсүнө кантип аралашып калдыңыз?
- Мен алгач 6-мартта болуп өткөн "Сүйөм сени, аялзат" долбооруна катышкам. Анда врач-кардиолог Маанай Сагынбаевна деген айым менен бийлегем. Анда ийгиликке жетип, анан бул долбоорго да катышууга сунуш түштү.
- Бул долбоордо кандай өзгөчөлүктөрдү байкадыңыз?
- Мында, негизинен, эл 3 бөлүктөн турган танго, вальс, латын бийлерине күбө болушат. 3 бөлүккө бирдей даярдык көрүп жатабыз. 3 жумадан бери күнүнө 2 же 3 саат убактыбызды сарптайбыз. Биз 7-номердебиз. Мусулманчылыкта 7 саны да жакшы сан эмеспи. Буйруса, ийгилик биз тарапка жылмаят деген ишеним бар.
- Атаандаштыкты баамдап жатасызбы?
- Башка катышуучуларды атаандаш катары эсептебейм. Алар менен дос катары мамиледе болуп калдык. Бий өнөрүн үйрөнүү өзүбүзгө керек го деп ойлоп калдым. Бийдеги түгөйүм Юлия менен иштеш оңойго турду. Себеби, аябай жөнөкөй экен, эч кандай кыйынчылыкты жараткан жок.
- Мурунку калыбыңызга караганда азыркы келбетиңизден айырмачылыкты сезгендирсиз?
- Мурда биз караңгы жерде эле жүрө бериппиз да. Бийди кыздар гана бийлебестен, мырзалар да майын чыгара бийлесе болот турбайбы деген ой жаралды. Ашыкча салмактан арылдым, тердеп-кургап берилүү менен үйрөнүп жатам.


Динара Асылбекова








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??