п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Жаргылчак

Жаргылчакка буга чейин жалаң гана ырчыларды салып келгенбиз. Бул жолкусунда салттан чектеп, ырчыларды тарбиялап, элге таанытып жүргөн продюсерлердин бири Назгүл Насиева тууралуу чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрүнөн продюсерге болгон оюн уктук.

- Назгүл Насиеванын кандай жакшы жана жаман жактарын билесиз?
"Эркекче" сүйлөп, "эркекче" жүргөн, ыйлаак Назгүл Насиева

Айчүрөк Иманалиева:
"Бирөөлөрдүн чыгарып койгон балдар-кыздары менен көп иштешип жүрөт"
- Продюсер деген сөз кыргыз менталитетине, кыргыз элине бир четинен жат көрүнүшү да мүмкүн. Ал кийинки беш, он жылдыктын аралыгында келип чыккан, батыштан тууралып келген термин. Продюсер кандай функцияларды аткарыш керек? Продюсер өзү музыканы жакшы түшүнүп, жакшы өздөштүргөн, элдин табитин таба билген, ийкемдүү шоу дүйнөсүн майда-чүйдөсүнө чейин беш колдой билген адам болуш керек. Анткени, продюсер деп аты аталып тургандай эле, ошол артисттин, ырчынын бийик, орто, акыркы деңгээлде, биринчи планда, экинчи планда чыгышы продюсерден көз каранды. Мисалы, биздин убакта продюсери жок эле өзүбүз иштечүбүз. Продюсер товарды жакшы, жаман же аферисттик жол менен болбосун элге чыгарып туруп, түшкөн пайдадан өзүнө тиешелүүсүн алат. Мен Назгүл Насиеваны кыргыздын айымдарынын бири катары өтө жакшы деле тааныбайм. Ошондуктан жакшы же жаман жактарын айта албайт экемин. 5-6 жыл мурун мага абдан сылык, сыпайы жакшы мамиле кылчу. Өзүм Назгүлдү жакшы көрчүмүн. Анан продюсер катары кимге продюсер экенин анча деле билбейт экемин. Аябай жарык жылдызды тарбиялай алган жок го деген ойдомун. Бирөөлөрдүн чыгарып койгон балдар-кыздары менен көп иштешип жүрөт. Адам бир ишти кыларда өзүнүн эмгеги менен кылышы керек. Даяр нерсеге ооп эле, ошол тарапты көздөп, алар тарапты сүйлөп коюш-өзүнүн жеке кызыкчылыгы. Эгер чыныгы дасыккан продюсер болсо, бирөөлөрдүн да эмгегин баалай билет. Ал эч качан бирөөнүн чыгарып койгон калдыгын колдонбойт. Себеби, өзүн-өзү сыйлаган продюсер бир гана жол менен кетет. Мисалы, мен эч качан бирөөнүн чыгарып койгон баласын же кызын колтугума кысып жүрмөк эмесмин. Себеби, мен продюсер эмесмин, жөн гана устатмын. Бул нерсе кандай кыйынчылыкка турарын өзүмдүн жон терим менен сезем жана билем. Ошондутан, башка бирөөнүн эмгегин да баалай билем.


Сьездбек Искеналиев:
"Кайрымдуулук иштерди көп кылат"
- Жакшы жактары-сөзгө турган айым. Айтканын аткарат. Мен ал эже менен аябай жакшымын. Кайрымдуулук иштерди көп кылат. Жаман жагын көрө элекмин. Себеби, мен Назгүл эже менен жалаң гана жакшы жактарда гана кезиктим. Эже-ини катары мамилебиз жакшы.


Борончу Кудайбергенов:
"жаман сапаттарын айта албайм"
- Артист болом деп жүргөндө бир көргөм. Андан кийин, продюсер болуп жүргөндө, зонага концерттерди уюштуруп жүрдү го ,ошондо бир жолугуп көрдүм. Бирок анын жакшы-жаман сапаттарын айта албайм. Мага жолукканда жакшы мамиледе жүрөт.


Рысбек Жабиров:
"Кээ бир эркектерге караганда "эркекче" жүргөн айым"
- Назгүл кээ бир эркектерге караганда "эркекче" жүргөн айым. Андан башка эч нерсе деп айта албайм.


Канат Култаев:
"Акты актай, караны карадай бетке айтканды жакшы көрөт"
- Назгүлдүн жаман сапатын деле билбейм. Жакшы жагы, өзүмдүн эжем катары сыйлайм. Кыйынчылыкта калган учурда, күнү-түнү дебей жардам берет. Эркекче мамиле кылат. Өзүн аябай жакшы карайт. Кээ бир эркектерден да кыйын. Акты актай, караны карадай бетке айтканды жакшы көрөт.


Бек Борбиев:
"Ким менен иштешип, эмне иш кыларын билбейм"
- Назгүл Насиеваны тааныйм, бирок ким менен иштешип, эмне иш кыларын билбейм.


Миргүл Эсеналиева:
"Ачык айрым,
боорукер эже"
- Назгүл эженин жаман жактарын азырынча көрө элекмин. Ачык айрым, боорукер эже. Кээде жардам сурап калганда, эч аябай дайыма колдоо көрсөтүп келет.


Жанета Бобкова:
"Кээде Назгүл аял экенин да унутуп калат"
- Назгүл Насиева экөөбүз циркте чогуу эле жүрдүк. Анын кыялын жакшы эле билем. Аябай иштерман, жаны тынбайт, жоопкер-чиликтүү жана лидер. Машыгууга дайыма кечикпей келчү. Дайыма ырчылардын башын бириктирип, аларга продюсер болуп жүрөт. Ошонусун баалайм. Анан эркек мүнөз. Жаман жагын айтсам, эркек мүнөз болгондуктан, аялдык сапаттар жетишпейт деп ойлойм. Кээде Назгүл аял экенин да унутуп калат.


Төлөбүбү Касымалиева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??