п»ї

  Шоу жаңылыктары

Сыймык Бейшекеев 20 жылдыкка катуу даярданып жатат
Токтогулдун Бала-Чычкан айылындагы "Эмгек" орто мектебин бүтүргөн Сыймык Бейшекеев быйыл 20 жылдык жолугушуу иш-чарасын өз мойнуна алыптыр. "Учурдан пайдаланып, окуткан мугалимдеримди, алтындай болгон классташтарымды жолугушуу кечесине чакырамын. "Классташтарыма арнап "Классташтар" аттуу жаңы ырымды белек катары сунам",-дейт Сыймык мырза. Андан сырткары, Токтогул районундагы айылдарды кыдырып, сахналаш инилери менен концерт коюшат. Өз баласындай болуп калган Аваз Акимовду ушул убакка чейин канатына калкалап келген. Эми өз алдынча сахна сересине чыгып, мындан ары чыгармачылыгын өркүндөтүп, эл үчүн эмгектенсин деген ниетте, 15-майда Аваз Акимовдун өзүнүн туулуп өскөн жериндеги элден бата алганы ошол жакка да сапар тартышат. Бир айдан бери Россияда иштеген жердештерибизден да тынбай чакыруулар келип жатыптыр, июндун аяк ченинде Россияга гастролдоп барышат.


Алтынай Нарбаева өзгөчө концерт тартуулайт
30-майда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда жанга жагым үнү бар, кыздардан жалгыз аккордеон менен ырдаган КРнын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева кыргыз элине жеке концертин тартуулайт. Концерт 3 бөлүктөн турат:
1. Мэриянын астында уюшулган Эл аспаптар оркестринин коштоосунда жандуу үн менен ырдайт.
2. Оштон атайын квартет аккордеонисттер: Талип Бөжөков, Жаныбек Ботобеков, Райымбек Жандосов, Тунук Абдразаковдор ырчы эжекебизди коштоп ырдашат.
3. Эстрада-фольклордук ырларын элге арнамакчы
Коноктору: Чырмаш Төрөбеков, Улан Качкыналиев, Токтобек Асаналиев, Кутман Жолдошев, Айбек Карымов. Ушул эле концерт 6-июнда Ош жергесинде болот.


Ырчылар бийчи болгондо
29-майда "Назик" бийчилер тобунун жетекчиси Назик Исраилова уюштурган "Келгилечи, бийлейли" аталыштагы шоу-концерт болот. Шоу-бизнес чөйрөсүндөгү таланттуулар элдин сынынан өтүшөт. Башкалардан айырмачылыгы, ушул убакка чейин "Назик" бийчилер тобу кайсы ырчы менен иштешсе, ошонун жарымы бир топ болуп, бир бий бийлешет экен. Бийдин бардык жанрлары ар бир катышуучуга бөлүнгөн, калган кызыктуу учурун концертте гана көрө аласыздар.


Назира Бердигулова Бек Борбиевдин киносунда роль жаратат
"Кандуу сүйүү -2", "Алыкулдун сүйүүсү", "Жашоонун философиясы" кинолорунда мыкты роль жаратып келген актриса Назира Бердигулова Бек Борбиев продюсерлик кылган "Мен сүйгөн карагат" аттуу киносунда да роль жаратканы турат. "Кинодогу башкы ролду аткарган кыздын курбусунун ролун аткарам", - дейт актриса. Кинонун сьемкасы 10-майда башталат. Андан тышкары, Кыял Мансурованын "Жүрөлүчү жүрөк оорутпай", "Майрам" тобунун "Жаштык" аттуу клиптерине тартылып, актрисалык өнөрүн кино жагынан да, клип жагынан да көрсөтүп жаткан чагы.


Канат менен Айжан дуэт ырдайт
Канат мырзанын:"Ырчылык жан дүйнөм менен бирге жашап келет",-деген сөзүнүн төркүнү бардыр. Кылыктанган кыздардын жүрөк оорусун козгогон Канат Деркембаев жана өзгөлөрдөн жаз стилиндеги ырлары менен айырмаланган ырчы кызыбыз Айжан Газиева дуэт ыр жаздырып жаткан учуру. Кубулжуган үндөрү бири-бирине шайкеш келеби же жокпу, ал жагын эл таразалайт.


Динара Асылбекова







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??