п»ї

Кыргызстанда балдардын өпкө менен ич өткөк оорусу алдыңкы орунда
1.-Азыркы мезгилде кайрылып жаткан оорулуулардын көпчүлүгү кайсыл оору менен келип жатышыт?
- Статистика боюнча биздин Кыргызстанда эң биринчи орунда балдардын өпкө жана ич өткөк оорулары болуп эсептелинет. Өпкө оорусуна, негизинен, кыш жана күз мезгилдеринде чалдыгышат. Ал эми ич өткөк оорусу, жайкы мезгилде көбүрөөк кездешет. Көпчүлүгү бир жашка чейинки балдар. Андан сырткары, жугуштуу (инфекция) оорулары менен да жабыркашат. Бул оору менен бала бакчага барып жаткан жана мектеп курагындагы балдар оорушат. Б.а. беш-алты жашка чейинки балдар.

2.-Бизге коркунуч туудурган оорулар менен кайрылып жаткан учурлар болду беле?
- Андай деле абдан коркунуч туудурган оорулар менен кайрылган учурлар боло элек, бирок баса белгилеп кетсек, башта айтып өткөн ич өткөк оорусу бир жашка чейинки балдар үчүн өтө коркунучтуу. Бул ооруга көпчүлүк ата-энелер көп көңүл бура беришпейт. Бизге кайрылгандардын көпчүлүгү өтүшүп кеткен маалда алып келген учурлар арбын кездешет. Ич өткөк оорусу балдар үчүн аябагандай чоң коркунуч туудурат. Анткени, ич өтүп жаткан мезгилде баланын организминдеги суу көп кетип калышы мүмкүн. Билинбегени менен бул баланы өлүмгө алып келет. Ошол себептен, учурдан пайдаланып ата-энелерге айта кетчү кеңешим, ооруп жаткан баланы өз убагында алып келгенге аракет кылгыла.

3.-Жугуштуу оорулардан сактануунун жолдору тууралуу айтып өтсөңүз?
- Жугуштуу оорулар, негизинен, энеден балага жугат. Ошол себептен, биз бала төрөлгөндөн баштап эле ата-энелерге колубуздун келишинче кеңешибизди берип баштайбыз. Баланы жугуштуу оорулардан сактоонун жолу, биринчиден, эмчек эмизүү болуп эсептелинет. Себеби, эмчек эмген баланын иммунитети күчтүү болуп, көптөгөн ооруларга туруштук берет. Эмчектин сүтү таза болгондуктан, жугуштуу оорулардан коргой алат. Ал эми упчу эмген же бөтөлкө менен сүт ичкен балага, айлана-чөйрөдөгү микробдун баары ошол упчу аркылуу кирет. Бул нерсе ичеги-карындагы инфекцияны пайда кылат. Ошондуктан, айта кетчү нерсе "тазалык" бул бардык оорулардан коргонуунун эң негизги жолу болуп эсептелинет. Жугуштуу оорулар менен күрөшүү үчүн бизде атайын иш- чаралар өткөрүлүп турат.

4.-Биринчи балалуу болуп жаткандарга кеңеш берип, түшүндүрмө жүргүзүлөбү?
- Албетте, балдар дарыгерлери ар бир ата-энеге түшүндүрмө жүргүзүп турушат. Эмчекти канча айга чейин эмизүү керек, канча айдан баштап кошумча тамак берүү керек. Жада калса, кошумча тамакты кандай шартта, кантип бышырып, канча өлчөмдө берүү керек экендигине чейин үйрөтүшөт. Үйдү кандай шартта желдетип, канча градуста кармоо керек экендигин дагы айтып турушат.

4-Сиздерге кайрылып жаткан балдарды канчалык деңгээлде дарылай алабыз деп айта аласыз?
- Бул кырдаалда ата-эне чоң ролду ойнойт. Анткени, алар баланын оорусун күчөтпөй өз убактысында алып келишсе, биз дагы жогорку деңгээлде дарылай алабыз деп айта алам. Баланын мурунку абалы дагы негизги орунду ээлейт. Эгерде төрөлгөндөгү салмагы аз болсо, же каны аз болсо, ал баланы дарылоо бир аз кыйынчылык туудурат. Балдар ооруганда байкабай калган ата-энелер болот, кээ бир оорулар эки-үч сааттын ичинде эле өтүшүп кетиши мүмкүн. Мындай учурларда биз аларды бейтапканага жатып дарыланууга жолдомо кагаз беребиз. Бардык эле ата-энелер балдар дарыгери айткандын баарын жасап, жакшы көңүл бурушса дарыгерлер үчүн ал чоң жардам болмок. Ошентсе да биздин кылып жаткан иштерибиз эң жогорку деңгээлде деп толугу менен ишенимдүү түрдө айта алам.

5.-Балдарга кандай жардамдар көрсөтүлөт?
- Бизде кепилдик программасы түзүлгөн. Беш жашка чейинки балдардын баары Кыргызстан боюнча бекер дарыланышат. Бизге атайын мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн гуманитардык жардамдар келет. М: канды көбөйтүүчү дарылар, витаминдер, ич өткөк дарылары,ысытманы түшүргөн жана башка дарылар келет. Ал дарыларды баарына жеткирүүгө болгон аракетибизди жасайбыз. Жашоо-шарты тартыш болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын тизмеси бизде бар. Ошол тизме аркылуу биз ал балдарга гуманитардык жардамга келген дарылардын баарын бекер беребиз. Андан сырткары, кошумча программалар дагы бар, ОМС ж.б.у.с боюнча отуз пайыздан элүү пайызга чейинки арзандатуулар болот.

6.-Оорулууларга коюлуп жаткан диагноздор тууралуу айтсаңыз?
Бизде коюлуп жаткан диагноздор толугу менен туура коюлат деп айта алам. Себеби, бизде жети-сегиз жылдан кем болбогон стажы бар дарыгерлер эмгектенишет.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??