Сыр маек

"Комузда кол ойнотуп чертип калсам, комуз менен ырдайм"
Кыргыздын жигиттерине келишкен фигурасы жана жагымдуу үнү менен таанымал болгон Кундуз Канатбек кызы менен болгон кыскача маегибизге көңүлүңүздөрдү бурабыз.

- Ырчылыкка болгон кызыгууң канча жашыңда ойгонду эле?
- Эстеп көрсөм беш-алты жашымда ырчы болом деп көп кыялданчу экенмин. Бирок ал кезде мен абдан уялчаак кыз болчумун. Кичинекейимде туугандарыбыз мени ырдап берчи десе эле уялып ырдабай качып кетчүмүн. Ошондо апамдын айткан сөзү эсимде."Сен уялчаак болсоң ырчы боло албайсың, уялсаң элдин алдында кантип ырдайсың?"-деген. Кичинекей кезимден эле музыка жаатына жакын болгондуктан, апам мага көп колдоо көрсөттү.
- Ырчылык өнөрдү аркалап калышыңа ким түрткү болду, же болбосо сенин талантың кимден өттү деп ойлойсуң?
- Менин ырчылык өнөрүм апамдан өткөн деп айта алам. Анткени, апам музыкага жакын аял. Апамдын үнү аябай жакшы, ырдайт, бирок чоң сахнага чыкпайт. Чыгармачылыкты түшүнүү менен карайт. Ар дайым мени колдоп келет.
- Эл оозуна алынганга чейин конкурстарга катышып, утуштарга ээ болдуң беле?
- Окуп жүргөндө мектепте болуп өткөн ыр, бий, вокал боюнча бардык конкурстарга катышчумун. Абдан катуу даярданчумун, жакшы уюштура билчүмүн. Кийин жогорку окуу жайында окуп жүргөндө дагы көптөгөн конкурстарга катышып, алдыңкы орундарга ээ болгом. Чоң эл аралык конкурстарга катышкан эмесмин.
- Элдин алдына чыгып ырдашыңа кимдер көмөк көрсөткөн?
- Мектепти бүткөн жылы мага сунуш келип түштү. Кыздардын тобу түзүлүп жатканын айтышты. Мен макулдугумду берип, ал топко кирип чогуу ырдап баштадым. Ошондон улам чыгармачылыкка арлашып калдым. Кийинчерээк топто ырдаш кыйынчылык туудуруп, өзүм жеке ырдап чыгууга кириштим. Менимче, топтун кыздары мага чоң көмөк көрсөтүштү. Кыздардын жардамы менен ырчы болуп калдым десем жаңылышпайм. Анткени, ырчы болууну самап жүрсөм дагы, чыгынып ырдап чыга албай жүргөн элем.
- Сен өзүңдү канчалык деңгээлде таланттуумун деп эсептейсиң?
- Мен үчүн абдан оор суроо болду. Өзүмдү мынчалык деңгээлде таланттуумун деп айта албайм. Аны эл таразалайт, эл баалайт. Бизде сөз бар эмеспи: бир пайыз талант жана токсон тогуз пайыз эмгек деген. Ошол сыңары, мен ойлойм, талыкпай эмгек кылсак, баарына жетебиз деп.
- Кыргыз элинин улуттук аспабы болгон комузду качан үйрөнөсүң?
- Кийинки жылы музыкалык окуу жайга тапшырсамбы деген оюм бар. Кудай буйруп тапшырып окуп калсам, ошол жерден комузду үйрөнөм го.
- Келечекте сени комуз менен ырдап чыгат деп күтсөк болот экен да?
- Ооба деп айта албайм. Аны убакыт көрсөтөт. Аракет кылып көрөм, комузда кол ойнотуп чертип кетсем, ырдап чыгам да комуз менен.
- Өмүрлүк жолдошуң чыгармачыл чөйрөдөн болушун каалайсыңбы?
- Чыгармачыл чөйрөдө чогуу жашап жаткандарды көрүп эле жатабыз.Бактылуу жашап жаткандар бар. Бирок мен өзүмдүн жолдошумду чыгармачыл чөйрөдөн таптакыр элестете албайм. Ачыгын айтсам, бул чөйрөдөн болушун каалабайм.
- Ушактарды кандай кабыл аласың?
- Ар бир эле элдин алдына чыгып жүргөн адамдарды сөзсүз түрдө жакшы, жаман ушактар ээрчийт эмеспи. Ошондуктан, колумдан келишинче ушактарга көңүл бурбаганга аракет кылам. Бирок менин адамдык укугумду тепселеген сөздөр айтылса, мен деле териштирүүгө барам. Кудай сактасын, андай учурлар боло элек жана болбой эле койсун деп айтар элем.
- Гезиттен тамаша иретинде жазылган макаланы окуп калдык. Эмне үчүн сени Данияр Көбөновго турмушка чыгат деп жазышты?
- Данияр Көбөновду мен спортсмен деп гана тааныйм, сыйлайм. Мен ал менен тааныш катары сүйлөшмөк түгүл жакындан көргөн эмесмин. Мен гезитке чалып сураганымда, жөн гана тамашалап жазганын айтышты. Шоу-бизнес чөйрөсүнөн эмнегедир мени тандап алышыптыр.
- Бул тамашаны чын көрүп алгандар болгон чыгар?
- Түз мааниде түшүнүп алышып, мага таарынгандар толтура болду. Азыркы убакка чейин куттуктоолор менен чалып жатышат. Туугандарыбыз апама чалып таарынган күндөр болду. Эмне үчүн бизди тойго чакырган жоксуң деп.
- Башка жакка чакыруулар, же сунуштар болуп жатабы?
- Буга чейин чет өлкөгө көптөгөн чакыруулар болгон, бирок мен өзүмдүн жеке шартым менен бара албай калгам. Ал эми азыркы убакта чакыруулар боло элек. Буйруса, кийинки жылдан баштап чакырууларга барып баштайм.
- Акыркы жаңылыктар менен маегибизди жыйынтыктасак.
- Буйруса, жакынкы арада "Алгачкы сүйүүм" деген ырыма клип тарттырсам деп кызуу киришип жатам. Жаңы "Махабат" деген ыр жаздырдым. Күзүндө жеке концертимди берсем деген оюм бар.

Нурила
Жаркулова




КЫМЫЗДЫН ТҮРЛӨРҮ
Бээлер чыңыртып кулун байлаган чын курандан (март айынан) тартып кеч күзгө чейин саалат. Кымыз жыл мезгилдерине карата ууз кымыз, гүл кымыз, сөөк кымыз деп бөлүнөт.
Ууз кымыз - эрте жаздан жайдын толуп турган убагына чейин даярдалган кымыз. Кымыздын бул түрү элдик медицинада ар кандай ооруга даба катары бааланат. Анткени, бээлер ууздан арыла элек, чөп жашаң кез. Ууз кымыз ошого жараша таттуу келет.
Жайдын толугу менен күзгө чейинки кымыз гүл кымыз деп аталат. Муну кээ бирөөлөр кызыл кымыз деп да коюшат. Чөп муун алып, гүлү төгүлүп, күчүнө келип турган убакта даярдалган бул кымыз күчтүү келет.
Чөп бышкан күздөн кышка чейин даярдалган кымыз сөөк кымыз же шырылдаң деп аталат. Бул учурда байып бараткан бээнин сүтү коюу келип, кымыран көбүрөөк кошулат. Сөөк кымыз коюу, күчтүү жана ток болот.

Кымыз жасалуу жолуна карата да ич ара бөлүнөт
Бал кымыз байтал бээнин сүтүнөн жасалат. Анын диеталык жана дарылык касиети күчтүү.
Саамал кымыз - ачый элек кымыз.
Тунма кымыз - эң күчтүү кымыз. Балга чайкап, мейиз кошуп, 3-5 күн ачытса, ичкиликке тете болуп чыга келет.
Чайкаган кымыз- ж акшы ачыган кымызга бал кошуп чайкап, саамал кошуп көпкө бышат.
Ачыган кымыз -ж акшы бышылган жаш кымызга саамал, ак чүпүрөккө жанчылган мейиз, набатты түйүп, чаначтын түбүнө салып бир нече күн ачытат. Мындай кымыз кадырлуу меймандарга, тойлорго арналып жасалат.
Кымыздын малдын сүтүнө карата төө кымыз (төөнүкү), уй кымыз (уйдуку), көөрчөк (кой-эчкиники) деген түрлөрү да бар.

Кымыз көрөңгөлөнгөн күнүнө карата бир нече түргө бөлүнөт
Бир күндүгү жаш кымыз, эки күндүгү күчтүү кымыз, үч күндүгү өткүл кымыз деп аталат. Үч күндөн өткөн соң кымыз какырым даамданып калат. Мындай кымыздан илгери арак тартышкан.


КЫМЫЗ ЖАСООДО КОЛДОНУЛУУЧУ БУЮМДАР
Чанач - кымыз куюучу идиш. Ал эчкинин, кийиктин туюк сыйрылып алынган чылгый терисинен жасалат. Ал көчүп-конууда, жол жүрүүдө канжыгага байлап алууга өтө ыңгайлуу. Чаначты мезгил-мезгили менен ыштап, майлап турса, андагы азык көпкө сакталат.
Көнөк - шириден тигилген идиш. Ага бээ саалат, кымыз куюлат. Аны убагы менен ыштап турса, көпкө урунулат.
Көөкөр - шириден ышталып, бычылып тигилген кымыз куюлуучу идиш. Орточо көөкөргө 4-5 литр кымыз батат.
Саба - кымыз ачытылуучу шири идиш. Ал жылкынын, төөнүн, уйдун терисинен жасалат. Жакшы иштелип, жакшы ышталган сабанын сыртынан кымыз жакшы сакталат.

КЫМЫЗДЫН КАСИЕТИ
Кымыз - дарылык касиети бар суусундук. Анын курамында жеңил сиңчү белоктор, майлар, углеводдор, сүт кислотасы, минерал туздары, С, В, А витаминдери бар. Алар тамак сиңирүүнү жакшыртып, кандын көбөйүшүнө көмөктөшөт. Бээнин сүтүндөгү майлуулук да башка малдыкына караганда аз жана өтө пайдалуу. Ошондой эле йоддун саны да өтө жогору. 100 грамм бээнин сүтүндө 95-100, уй сүтүндө 25-30 пайызды түзөт. Ошондуктан, бээ сүтүндөгү май бүртүкчөлөрү ичеги-карынга тез сиңип, канга айланып пайдалуу холестерин болот.
Бээ сүтүнүн башка сүттөрдөн айырмасы - анын курамында кант жана лактоза көп болгондуктан, ачыганда спиртке айланганында. Ал кан тамырларды кеңейтип, ашказан бездеринин иштешине жакшы жардам берет. Бээнин сүтү бардык эле убакта пайдалуу. Айрыкча бээлер жаңы тууган убакта сүтү жаш, кымызы да жеңил келип, кан басымын жогорулатпай, боор, өпкө, өт жана ашказандын, нерв системасынын, дем алуу органдарынын иштешине өтө чоң таасир тийгизет.
Кымыздын эң чоң касиети - иммунитетти бекемдеп, жугуштуу оорулардан сактаганында. Кымыз менен кургак учуктун бардык түрлөрүн, аз кандуулук, өнөкөт бронхит, итий, гастрит жана башка ооруларды дарылоого болот. Аны такай ичкен адамдар узак жашаары айтылып келет.
Жылкы бруцеллёз, кургак учук, кара өпкө, карасан деген оорулар менен эч качан оорубайт. Ошондуктан, анын сүтүн саап бүтөр замат сузуп иче бергенге болот. Ал эми июлдун экинчи жарымынан тартып чөп бышып, баш алып, мал семирип, үркөр чыгып калган кезде кымыз көп кишиге, өзгөчө кан басымы жогору, жүрөгү начар адамдарга жага бербейт.

Кымыз канча түргө бөлүнөт
Ууз кымыз-эрте жаздагы кымыз, ууз кымыз ар кандай ооруга даба катары пайдаланылат.
Сөөк кымыз же шырылдаң кеч күздөгү же кышкы кымыз, коюу, күчтүү жана ток болот.
Бал кымыз-байтал бээнин сүтүнөн жасалат.
Саамал кымыз-ачый элек кымыз.
Тунма кымыз-эң күчтүү келет. Балга чайкап, мейиз кошуп, 3-5 күн ачыса, ичкиликке тете болуп чыга келет.
Чайкаган кымыз-жакшы ачыган кымызга бал кошуп чайкап, саамал кошуп көпкө бышат.
Ачыган кымыз- жакшы бышылган жаш кымызга жанчылган мейиз, набат кошуп, аларды ак чүпүрөккө түйүп, чаначтын түбүнө салып, бир нече күн ачытат. Мындай кымыз кадырлуу меймандарга, тойлорго арналып жасалат.

Динара Асылбекова