п»ї

Канат Кадыржан:
"Дайыр эки сүйлөгөн, көк бет, "өзүм" деген адам"
Дайыр Исмадияров менен Канат Кадыржандын ортосунда келишпестиктер болгондон улам, ырчы продюсеринен кеткенинен баарыңыздар кабардар болсоңуздар керек. Бирок экөөнүн чырынын негизги себептерин Канат дагы, Дайыр дагы бул күнгө чейин айтпай келишкен. Кыңыр иш кырк жылда билинет дегендей, убакыт сааты келип, Канат Кадыржан Дайыр менен эмне себептен иштешпей калганын бардык окурмандарга ачык айтып берди.

Дайыр менен эмне үчүн иштешүүнү токтоттум?
- Дайыр эки сүйлөгөн адам, адамдарга көңүл кош мамиле жасап, көк бет, бир гана өзүм деп жашап көнүп калган. Мисалы, өткөндө эле бир гезитке берген интервьюсунан кийин бир сөзгө экини кошкону байкалып турат. Мени менен иштешкен ыр жаздыруучу студия, аранжировщиктер, радио ТВ, көптөгөн маданият кызматкерлери Дайырдын ушундай ыплас адам экенин окуп, көрүп ооздору ачылып, жийиркенишкен. Ырлары жана клиптери ТВдан дароо алынып, ортодо документ кагазы жок болгондуктан, эки радиодон гана ырлары алынбай калды, анткени, ал маалда өзүмдүн жеке иштерим менен алек болуп, керектүү документти чогултууга убактым болгон эмес. Ал кагаздарды топтоп азыр деле барсам болот, керек болсо тиешелүү адамдар күбө боло алышат. Туура, продюсер кудай эмес, бирок ырларын, клиптерин, пиар жактан бут тосууга кандайдыр бир укугу бар. Убагында короткон убактымды, акчамды, мээнетимди шамал сымал учургум келбейт.
"Кичинекей баланы коркуткансып, мени коркута баштады"
- Өткөн жылдын декабрь айында сени бирөөлөргө табыштап койдум деп кичинекей баланы коркуткансып коркута баштады. Кайра түнкүсүн, СМС жазып, "иштешпейлиби" деп суранган. Мен чочуп: "Кантип, кайсы бетиң менен иштешкени жатасың, сен интервью берген гезит эмне дейт, аны окуган окурмандар, күйөрмандарың, тааныштарыңдын алдында уят болосуң, жолуңа түш",-дегем."Мен эркекмин, сен эркексиң биринчиден болуп сен токтоттуңбу, демек, токтолсун иштешүүбүз, кайра-кайра карта ойноонун кажети жок",- дегем. "Ал макаланы черный пиар деп коёбуз", - деген эле. Мен айткам: " ТВ, РАДИО, гезиттер менен антип ойноп иш кылсаң алыс кетпейсиң, арканды узун ташта!"- дегем.

"Подземканы" тазалап, чаң жутуп шыпырып"
- Ырым кылып 2008-жылдын март айында туулган жерим Нарында бата алуу максатында алгачкы жолу продюсерлик жумушумду баштадым деп Дайырдын биринчи жеке концертин берген элек. Ошол маалдан ушул маалга чейинки белгилүү супер куудул Назира Жетигенова ар кандай цирктеги трюктарды биринчилерден болуп көрсөтүп ,алып баруучу да болуп, ырдап да берген жана анын окуучулары өз өнөрлөрүн тартуулашкан, ырчылардан Бактыгүл Бадыева, Кундуз Канатбек кызы, Бегимай Эсенгулова жана башкалар баш болуп менин кадырым үчүн Дайырды тааныбайбыз дегенине карабай Нарынга барып, эч кандай гонорар албастан концертине ырдап беришкен.Концерттик программада Ысык -Көлгө жолдомо, телевизор, акчалай сыйлыктар ойнотулуп, биринчи жолу Нарында 100 сомдук чоң концерттик мега-шоу Дайырдыкы болуп, экинчи күнүндө 300гө жакын киши батпай калышкан.Керек болсо Нарын жергеси Дайырды эмес, ошол таланттуу адамдарды көрүү үчүн келишкен. Концерттен түшкөн акчага өмүрүндө биринчи жолу кымбат баадагы ыр жаздырган.Ошондо Ильяз Абдыразаков колдоп болгон дити менен эң мыкты деген "Жүрөк дарты " ырынын аранжировкасын жазып, үнүн түшүрүп, сөзүн Алтынбек Алымов жазып берген. Ошол эле ырын улуттук хит-парадка Динара Эсенгулова сьемка кылып, элдин сынына 3 ай көрсөтүлгөн. Акырында хит ыр аталып, дароо биз клип тарттырганга өттүк, ал ишти Асыл Апасова өзгөчө кылып тартабыз деп мен, Асыл эже, тартуучу группа болуп жыттанган "подземканы" тазалап, чаң жутуп шыпырып, таза кылып, аны фон кылып тарткан элек.

"Уктап калып, эфирди булгаган"
- Эсимде "Кара көзүм " ыры хит болуп жатканда "Кыргызстан Обондору "радиосуна таңкы эфирге конок катары чакырышканда, Дайыр уктап калып эфирди булгайт. Ал жердин жетекчилиги мага чалып: "Бул эмне кылганыңар, Дайыр жоопкерчиликсиз балабы, андай болсо ырыңарды алып салабыз!"- дешкенде, мен барып жетекчилигине: "Жаңы чыгып келе жаткан бала, кичине эркелеп жатат",- деп кечирим сурап келсем, Дайыр телефон чалып алып: "Баары нормально элеби,бүтүрдүңбү ишти, сенин колуңдан келмек", - деп кудуңдап калган эле, абдан таң калгам.

"Ошончо суммадан жарыбаган 10 миң алдым"
- Мырзаке айылы, Баткен областы жана анын райондорунда концерт аншлаг менен өткөн. Продюсери болуп атасың деп бир туугандары эч кандай ыраазылык сөзүн айтып бата бербестен, эсеп-чотту Дайырдын эжеси өз мойнуна алып алган. Концерт бүтүп ошончолук суммадан колума жарыбаган 10 миң сом алгам. Макул, эч нерсе болбойт, дагы да болсо ишибиз алдыда деп басып кеткем.

"Шайлоодон кийинки чыр"
- Андан кийин, былтыр, күз мезгили келип, шайлоо иши башталып, үгүт ишине көптөгөн партиялар ырчыларды тандоого чакырып, команда чогулта баштайт. Нурлан Насиптин жолу шыдырбы, айтор, кайсы бир партия тандап алат. Алты-жети партияга барып Дайырды сунуштасам, эч кимиси баалабай, командага кошо албайбыз дешкен. Кудай жалгап Нурлан Насип өткөн партия макул деп, менин сөзүмдү эки кылбай Дайырды ал партиянын жетекчилиги өз карамагына алып, жакшы эле төлөп беришкен.Шайлоо бүттү, Дайыр экөөбүздүн чырыбыз башталды. "Кыргызстандын бардык жерлери мени жакшы кабыл алышты, жакшы эле ырчы экенмин, жада калса, мени көптөгөн партиялар сенден сурашса, сен макул болбой, атайын аз акча берген партияга кошуп койдуң. Кечээ эле чыккан Нурлан Насип менен менин гонорарым эмнеге бирдей? Неге башка ырчылардыкы көп?- деп, адамга ыраазылык билдирбестен, кайра ошол ырыскыга тойбостон, өзүнчө көпкүлөң сүйлөй баштады. Акырында Дайыр ошол партиядан берилген гонорардын 60 пайызын алып кеткен.
"Бул менин бир эле эстеп айтып берген маегим болду. Дайыр үчүн не гана кылбадым? Унутуп калса, ушу макаланы окуп, эстесин. Жада калса аны менен иштейм деп мен бир туугандарымдын ал-акыбалын, ата-энемди, классташ, досторума көңүл бурбай калдым эле.Мындан ары Дайыр боюнча интервью кургум келбейт. Дайырга да ийгилик каалайм!"
Төлөбүбү Касымалиева




Жолун таап ырдаса, кубаныч экен ыр деген
Гүлмира 45 000 рубль турган гүлгө оронду

Мүзүр мырза арзыганын жалаң гүлдөргө окшоштурабы, "Кызыл гүл","Сирень гүл" аттуу ырлары элге чагылгандай бат тарады. Негизи, "Кеңеш" тобу башка топтордон популярдуулугу менен гана айырмаланбастан, элге жугумдуу ырлары менен да оозго алынды. Бүгүн биздин куттуу төрүбүздө "Кеңеш" тобунун жетекчиси Мүзүр жана жубайы Гүлмира.


- Мүзүр мырза, кайсы жакка барып гастролдоп келдиңиздер?
- Россиянын Салехард, Жаңы Уренгой, Боркут шаарларына концерт коюп келдик. Биз биринчилерден болуп барыппыз, эл жакшы кабыл алды. Билеттин баасы 1500 рубль болду. Куудул Жамбыл Камчиев, ырчылар Султан Садыралиев, Таалайбек Турдубаевдер болуп бардык. Бир дарыя бар экен, берки беттен аркы бетке өтүш керек экен. Анын тоңгон музунун көлөмү 1 метрдей экен. Алардын жашаган жери биздин боз үйгө окшош тура. Ал жакта гүл өспөй, ошон үчүн 1 гүлдүн баасы 2000 рубль экен. Гүлмира ырдап бүткөндөн кийин, кучак толо гүл беришти. Ошентип, алардын колунан 45 000 рубль турган гүл алды. Көрүүчүлөрүбүз хахол, индус, немецтер да болушту. Бир хахолка келип: "Мен сенин "Кызыл гүлүңдү" аябай жакшы көрөмүн",- деп Гүлмиранын кулагына шыбырап айтты.
- "Карагат" аттуу ырыңарды айрыкча кичинекей балдар кызыгуу менен угушат. Клибин да атайын жаш балдарга арнап тарттыңар беле?
- Негизи, биз ар бир ырыбызда өзгөчөлүктү көрсөткүбүз келет да. Жаш балдардын жан дүйнөсүнө жакын ыр болуп калганынын себеби тартылган клиптен улам болсо керек. Балдар темасына кайрылгандар азыркы убакта өтө аз. Азыр өлкөбүз саясатташып кеткен убакта жаш балдарга анчейин көңүл бурулбай калды. Жакында 1-июнь-Эл аралык балдар күнүндө кичинекейлерибиздин урматына арнап, чоң программадагы концерт уюштуруп жатабыз.
- "Нике кайыптын" клибинде аялдын ачуу кыйкырыгы ашыкча эмеспи?
- Элдер сөзсүз күтүүсүз нерсеге көңүл бурушат го. Кандай клип болду экен деп кызыгууну жаратыш үчүн ал кыйкырыкты кошуп койдук.
- "Кеңеш" тобун жетектеген Мүзүр Ош жергесинен болот десе, жок Таластан болот деп талашкандар бар. Кайсы жердин кулунусуз?
- Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Боо-Терек айылынан болом. Топтун аты "Кеңеш" деп коюлуп калганынын себеби, атамдын атынан коюлду. Атам 1998-жылы каза болуп калды. 8-классымда аккордеон алып беришти. Жарым жылдын ичинде үйрөнүп, ырга болгон кызыгуум ал ансайын күчөй берди. Ошентип, ырчы болуп калдым.
- Балалык күндөр кандай болду экен?
- 5-классымда окуп жүргөнүмдө бир күнү жаан аябай төгүп жатат. Эшикти карасам жердин баары суу, былчылдап, көрүп алып калп эле эсим ооп жатып калдым. Балдар мени үйгө чейин көтөрүп барышты. Үйгө кирген соң өзүмө келип: "Чоң рахмат, жигиттер",-дедим. Ошентип, амал таап үйгө эч жерим суу болбой кургак келгем. Талаада чөп жыйган маал, ар жерге топ-топ кылып чөмөлө жасап коюшат го. Бир дөңгөлөккө керосинден куюп, ширеңке чагып коё бердик. Чөмөлөнү көздөй томолонуп барып, "баң" деп өрттөнүп кетти. Чөптүн ээси ыйлап жибергидей болуп, абдан ачуусу келип, бизди кубалап жүрөт.
- Мектепте "ашыктык каттарын" жактырган кызга арнаган чыгарсың?
- Абдан уялчаак болгондуктан, мектепте бир кыз менен да сүйлөшчү эмесмин. Баары билет. Гүлмира менин көзүмчө айтпайсың дей берет, чындыгында, кыз менен жүрбөптүрмүн дагы.




Гүлмира:
- Сиздердин дарегиңиздерге айтылган сынды кандай кабыл аласыздар?
- Сындан өсүү болот деп коёт го. Кантсе да биздин ырларыбызды эл жактырып угуп жатышат. Мен бир мисал айтайын, бир бала сүрөт тартат экен. Анан анын устаты: "Сен муну көргөзмөгө кой дагы, туура эмес жери болсо жазып койгула деп астына жазып кой",-дептир. Көргөзмөдөгү сүрөттү көргөн эл өздөрүнүн сын-пикирлерин жазып кетишет экен. Бала устатына келип минтип айтат: "Устат, менин сүрөтүм элдерге жакпай жатат"-десе, устаты: "Шакиртим, эми катасы болсо оңдоп койгула деп жаз"-деп басып кетет. Көргөзмөдө сүрөтү турса эч ким эч нерсе жазган эмес. Ошондо устаты: "Көрдүңбү, даяр нерсени бузуш оңой, ал эми жок нерсени жасаш кыйын",-деген экен. Ан сыңарындай биз ырдап жүргөн "Кызыл гүл" эч кимди туурабаган өзгөчө табитти сактаган ыр деп ойлойм.
- Сиздердин угарманыңыздардын жаш өзгөчөлүгү кандай?
- Жаш эстрада ырчылары концерт койсо, жалаң жаштар басымдуулук кылат. Биздин концертке 6 жаштан баштап 85 жашка чейин келишет.Бир кемпир келип: "Алтыным, мен өмүрү концертке кирген эмесмин, жада калса кыз кезимде да барган эмесмин, силерге рахмат",-деп Мүзүрдүн бетинен өөп кетти. Эл ырыңды ушинтип кош колдоп жактырып укса, бизге эң башкысы ушу. Үч адистин сөзүнөн сынып калып, ырдабай койбойбуз. Буларга нааразычылыгыбызды билдирсек, атабыз менен айтышкандай болуп калабыз. Андыктан, сынды да туура кабыл алабыз. Мындан ары да ырчылык өнөрүбүздү элге тартуулай бермекчибиз.


Динара Асылбекова








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??