п»ї

  Кино каарман

Насыйкат Кабылдаева:
"Менин ролум көп кыздарга стимул болот"
Чет өлкөлөрдүн тасмаларынан кем калтырбай биздин кино режиссёрлорубуз дагы элдин купулуна толо турган тасмаларды жаратып келишүүдө. Ошондой мыкты режиссёрлордун бири Рустам Аташов жараткан "Эгиз тумар" тасмасындагы башкы ролдогу кыз Мырзанын образын катыра аткарган таланттуу актриса Насыйкат Кабылдаеванын жан дүйнөсүнө сапар тарталы.

- Алгач өзүңүздү күйөрмандарыңыз менен тааныштырып кетсеңиз?
- Мен 1988-жылы Сокулук районуна караштуу Күнтуу деген айылда туулгам. Үй-бүлөдө төрт бир тууганмын. Кесибим боюнча чач тарачмын. 6 жылдан бери ушул кесип менен эмгектенип жатам. Учурда бойдокмун.
- Киного кантип келип, аралашып калдыңыз?
- Ошол убакта Рустам байке "Министрдин кызынын махабаты-3" киносун тартып бүтүп, кийинки боло турган комедия жанрындагы фильмине кастинг жарыялаган экен. Аны мен өзүм угуп барган жокмун. Кесиптеш курбум угуп калып, мени менен барып келчи деп суранып калды. Бирок өзүм дагы актриса болууну кыялданып кызыкчумун. Анан жетелешип кастингге келдик. Келгенде баарыбызга диалог барак таратты. Мага дагы бирөөсү тийип калды. Ошондон баштап өзүмдү колго алып, болду эми аракет кылып өтүшүм керек дедим. Анан берилген тапшырмалардын баарын бериле аткарып кетип калдым. Өзүбүз чалып жообун айтабыз дешкен. Бир күнү ал кызга СМС келбей эле, мага: "Өттүңүз, экинчи турга келиңиз",- деп СМС келип калды. Анан экинчи турдан дагы өтүп кеттим. Башында "Эркектер" киносунда эпизодго тартылдым. Ошондо Рустам байке менин талантымды байкап калса керек. Андан кийин эле "Эгиз тумарды" сунуштады.
- Кинодогу жашооңузда кимдин образын ачып бердиңиз?
- Мырза деген кыздын образын ачып бердим. Кинодогу жашоом балалыктагы тарбиядан башталат. Сен деген коркпошуң керек. Сен деген эр жүрөксүң деп кинодогу атам тарбиялайт. Атам дагы чынчыл адам болот. Мени кичинемден бери машыктырып жүрүп, бир күнү атам апамды өзүнүн досу менен ойноштугун кармап алат. Анан аларды тапанча менен атып салып, кайра өз ыктыяры менен милицияга барат. Мени балдар интернатына тапшырып, томолой жетим болуп өсөм. Ошол жакка жаңы келген кыздарды балдардан коруп, адилеттүүлүк үчүн кичинемден баштап күрөшөм. Бул кинону көргөндөн кийин көп кыздарга стимул болот. Анткени, жаңы өсүп келе жаткан кыздар Мырзадай баатыр болом деп калышат да. Кыздар эмне үчүн биз коркушубуз керек, кемсинишибиз керек, эркектердин алдында биз кор болбойбуз, биз дагы машыгабыз деп калышат да.
- Тартылып жатканда кандай кыйынчылыктар болду?
- Албетте, ар бир учурдун өзүнчө кыйынчылыгы болот экен. Бизде дагы кыйынчылыктар болбой койгон жок. Мисалы, кинодо мушташып жаткан учурлар көп. Ошол учурду тартып жатканда катуураак тийип калган учурлар болду. Мен "ударларымды" ченеп мээлей албай катуу уруп, же мени бирөө катуу уруп алып жатты.
- Мушташ ыкмаларын жасоо оор болгон жокпу?
- Негизи, мурда спорт залга барчумун. Урушуп жүрүп мектепте көнүп калгам. Бул менин профилим да. (Күлдү) Ал эми кинодогу ыкмаларды кинодогу атам болуп аткарган байке жана Рустам байке өзү баарын үйрөттү. Булардын айтканын, көрсөткөндөрүн гана туурап аткарып кеттим. Спорт залда үч айдан ашык жүрүп үйрөнүп, анан тарта баштадык.
- Кандай ролдор жүрөгүңүзгө жакын?
- Мен үчүн бардык ролдор жүрөгүмө жакын. Ошону менен бирге эле кыйын. Бир образды ачып бериш, бүтүн жан дүйнөң менен берилип аткарыш бул-ар бир адамдын эле колунан келе бербейт. Ошол образ менен ооруп, ал адамдын ичине кирип чыныгы жашооңду унутуп калышың керек. Жөн эле камеранын астында сөздөрдү сүйлөп коюу эмес, аны аткарыш үчүн дагы аракет кылыш керек.
- Чыныгы жашоодо кандай адамсыз?
- Менин кинодогу ролум менен жашоодогу кыялымдын окшош жактары көп. Жашоодо дагы акыйкатты,чындыкты издеген адаммын. Ал эми кинодо сүрдүү көрүнгөнүм менен жашоодо шайыр адаммын. Кечиримдүү болуш керек дегенди бекем тутуп карманам.
- Кино учурундагы кызыктуу окуяларыңыз бардык күйөрмандарыңызга кызык болсо керек?
- Биздин ар бир күнүбүз кызыктуу болду. Эң кызыктуусу башкы ролдо менин сүйгөн жигитим болуп аткарган бала экөөбүз чыныгы жашоодо такыр келише албай койдук. Бат-бат урушуп, мелдешкен учурлар аябай көп болду. Бир күнү аябай катуу урушуп кеттик. Эртеси күнү мен сьемкага келбей койдум. Ал өзү жаман болуп чалып жатса дагы, мен албай койдум. Анан эртеси Рустам байкени сыйлап келдим. Келген күнү кинодогу бири-бирибизди кучактап сүйүшкөн учур тартылмак болуп калды. Жараша элек болсок дагы, тартылып жатканда айла жок өзүмдү колго алып аткардым. Бирок кино даяр болгондон кийин ошол учурун көрсөм, чыныгы сүйүшкөндөргө окшошуп калыптырбыз.

Келсин Мурадил кызы







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??