п»ї

  Кумир менен баарлашуу

"Роза Ибраимова экөөбүздүн байланышыбыз жакшы"
Нуркызай:
- Акыркы интервьюларыңызда: "Байкем үйлөндү, эми кезек менде",-деп айтыпсыз, качан үйлөнөйүн деп жатасыз?
- Жакын арада үйлөнөйүн деп жатам. Бирок өзүмдү азыр жашмын деп ойлойм. Мүмкүн, быйыл жайында, же күзүндө үйлөнөм. А быйыл болбой калса эмки жылы үйлөнөм.
- Жайында же күзүндө үйлөнүшүм мүмкүн дедиңиз. Ушундан улам сүйлөшкөн кызыңыз бар деп айтууга болобу?
- Туура айтасыз. Айтууга болот.
- Мүмкүн болсо сүйлөшкөн кызыңызды тааныштырып кетесизби?
- Кызык болуп жатабы,ээ? (Күлүп) Айтсам билип аласыңар да. Азырынча сыр болуп турсунчу.
Роза:
- Сүйлөшкөн кызыңыз чыгармачыл адамбы, же таптакыр башка чөйрөдөнбү?
- Чыгармачыл адам. Бирок ырдабайт, чыгармачылыктын башка тармагы менен иш алып барып, шоу чөйрөсүндө аралашып жүрөт. Чыгармачылыкка аралашып жүргөнүнө кичине нааразымын. Анткени, аялымдын чыгармачылыктан алыс эле адам болушун каалагам. Жакын адамдарым чыгармачылыгыңды түшүнөт деп айтып жатышат. Калганын өзүңүздөр таап алыңыздар. (Күлдү)
Каныкей:
- Сиз Кыргызстанга белгилүү инсансыз. Башка жактагы эл аралык чоң-чоң конкурстарга эмне себептен катышпайсыз?
- Эми ал жакка жакшы сунуштар түшсө барам. Бирок, менин оюмча, Кыргызстанга өтө таанымал эмес ырчылар үчүн ошондой конкурстар аябай керек болуш керек. Себеби, конкурска барып ырдап, анан таанымал болушат. Таанымал болгондон кийин ал жакка баргандын кажети жок . Бирок өзүмдү-өзүм сынап барып көрүш керек деп ойлойм
Жылдыз:
- Сиз продюсериңиз Канат Култаевдин улуу баласысыз да. Анан сизди көп эркелетеби, же башка балдарынбы?
- Эми эркелетет дегендей кичинекей бала эмеспиз да. Эч кимибиз деле эркелебейбиз, өзү деле эркелетпейт, жөн эле иштейбиз.
- Ортоңуздарда түшүнбөстүктөр болобу?
- Кээ бир кездерде түшүнбөстүктөр болуп кетет. Менин оюмча, ар бир адамдын ортосунда болот деп ойлойм.
Жылдыз:
- Таластан Манас,Чыңгыз Айтматов жана Мирбек Атабеков чыккан деп аябай сыймыктанып келебиз. Сиздин акыркы клибиңиз аябай кызыктуу тартылыптыр. Клип жөнүндө айтып берсеңиз?
- Ырды былтыр эле жазганбыз. Мен, негизи, ырларды өзүнүн убактысы келмейинче бүтүрө албайм. Мисалы, "Күндөр жаңырат" деген ырымдын бир-эки сөзү бүтпөй жаткан.Ошол себеп менен 2 жылдай токтоп калды. Анан ошол эки сабын бүтүрүп, өзүм ыраазы болгондон кийин гана элге тартууладым. Азыр деле көп ырларым бар, сөздөрү купулума толбой, акыркы жарым жылдан бери чыкпай кармалып турат. Бирок багаж аябай көп. Буйруса, акырындап баары өз убагында чыгат. Ал эми клип тууралуу айта турган болсом, негизи, клип күзүндө эле тартылышы керек болчу. Ыр даяр болуп, клип көпкө кармалып калды. Биз ырды клиби менен кошо элге сунуштайлы деп ойлогонбуз. Бирок клип кечигип калды. Анын себеби, клиптеги будканы атайын заказ кылганбыз. Аны жасаган байке ооруп, Россияга кетип калып, ошо менен 1-2 айдай токтоп калды. Бирок өзүнүн убактысы келди, тарттык, жакшы болду.
Анара:
- Чыгармачыл адамдар унутчаак болот. Өзгөчө ырчылар. Ошолордун арасына киресизби?
- Толугу менен сизге кошулам. Мен дагы алардын катарына кирем. Чыгармачылык деп 5 жылдан бери иштеп жүрөм. Өзүмдүн ден соолугума дагы карабай унутуп калыпмын. Ырдаш керек, гастролго чыгыш керек ,элдердин батасын алыш керек деп жүрүп өзүмдү такыр карабай, көңүл бурбай калыпмын. Быйыл тоого чыгып, күзгө чейин эс алсамбы деп жатам.
Айдан:
- Сиз кызганчааксызбы?
- Албетте, кызганчаакмын. Сиздердей күйөрмандарымды кызганам. Эртең башка ырчылардын ырларын уксаңыздар кызганам да. (Күлдү)
- Сизди көптөр боюн көтөргөн бала деп айтышат. Ошол чынбы?
- Негизи, жакпаган адамдарга боюмду көтөрөм. Жагып турса жакшы эле берилип сүйлөшөм. Боюмду көтөрбөйм деп айта албайм. Көтөрө турган жерден көтөрөм. Боюңду көтөрбөй койсоң, кээ бир учурда башыңа чыгып алышат.
Роза:
- "Муз обо" телеберүүсүнүн алып баруучусу Роза Ибраимова экөөбүз байланышып турабыз. Мага Мирбек Атабеков жагат деп көп айтып калат. Экөөңүздөрдүн байланышыңыздар кандай?
- Байланышыбыз жакшы эле. Сурооңуз аябай сырдуу болуп жатат. Кандай мааниде бердиңиз?
- Сизди Роза жакшы көрөт экен. Ошол үчүн сурагам.
- Айтып койгонуңуз жакшы болду. (Күлдү) Эми билип, бат-баттан байланышып турам, буюрса. Негизи, жакшы кыз. Концерттерден көп көрүшүп калабыз. Бирок күнүгө байланышыбыз жок.
- Бирөөнү таарынтып алгандан коркосузбу?
- Менин эң коркконум ушул нерсе.
Каныкей:
- Сиздин көп ырларыңыз Ата Мекен, ата-эне, сүйүү жөнүндө.Мектеп окуучулары жөнүндө жазайын деген оюңуз барбы, жаза аласызбы? Бизге аябай ошондой ырлар керек болуп жатат.
- Макул, жазам. Сиздердей күйөрмандарым айтып турушса, менин чыгармачылыгыма чоң түрткү болот. Идеялар болсо жолугуп айтып турсаңыздар, албетте, колдойм. Андай ырларды жазганга аракет кылам.
Нурбек:
- Азыркы убакта эмнеден тажап жатасыз?
- Жалгыздыктан тажадым. Ушул митингдерден тажадым. Өзүмдүн жеке жашоом боюнча айтсам, кээде жөн эле бир адам болгум келет. Жөнөкөй эле эс алуучу парктарга барып, шоро ичип, элдердин арасын аралап, семичке чаккым келет. Анткени, күнүгө эртең менен турганда эле сени элдин баары тааныйт, баарына үлгү болуш керек деген ой менен туруп көнүп калыптырмын.
- Акыркы жолу качан маршруткага түштүң эле?
- Акыркы жолу билбей калдым. Көптөн бери түшө элекмин, бирок түшкүм келип жүрөт. Ал эми троллейбуска жакында эле түштүм. Атайын кызыгып түшкөм. Эч ким тааныган жок. Кепка, эч нерсе кийбей эле түшкөм, тааныбай калышты. Элдер тааныса деле ишенишкен жок да. Мирбек троллейбуска отурмак беле деп.
Венера:
- Эр жигит болгондон кийин, ар бир мырза аскердик милдетин өтөш керек да. Сиз кайсыл жактан өтөдүңүз эле жана ошол командириңиздин атын айтып бересизби?
- Аны сиз эмне кыласыз? Айтпай эле койбоюнбу?(Күлдү)
- Көпчүлүк балдар жада калса аскердик наамдарды билишпейт. Сиз айтып бере аласызбы?
- Чынында, мен аскер, саясат дегенге кызыкпайм. Ким эмне болуп иштээрин дагы билбейм. Мен спорт жана чыгармачылык жакка кызыгам.
Каныкей:
- Сүйлөшкөн кызыңыздын кайсыл сапатын баалайсыз?
- Теңелбегени жагат. Кээде сен туура эмес кылып койсоң деле сеники туура дей берет. Ошол жагы жагат.
Нурбек:
- Сиздин концертиңизде бир күйөрманыңыз каза болуп калган экен. Анан ал кыздын ата-энеси кызыма арнап ыр ырдап чыкчы деп суранышкан деген маалымат укканбыз. Ошол ырды даярдап жатасызбы?
- Ал жөнүндө уккам. Жазабыз деп даярданып жатканбыз. Бирок күнүмдүк жашоо менен эле ар кайсы жакка кетип калабыз, анан бардык иштер унутулуп калат экен. Аны эстетип койгонуңузга рахмат.
Жылдыз:
- Жаргылчактан жанчылып, электен эленип, кыргыздын каймагы болуп калбадыңызбы. Анан мен кийинчерээк күйөөгө тийип, сизди өкүл ата койсом болосузбу?
- Албетте, болом. Өкүл ата болгон бул-сооп иш. Негизи, жакшы кишилерди өкүл аталыкка тандайт деп угуп калгам. Бул жашоодо жети адамга болуш керек экен. Рахмат, айтып койгонуңарга. Эң башкысы күйөөгө тийип бактылуу болуңуз.
Келсин Мурадил кызы






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??