п»ї
 Таанышуу жарыясы


  обон пресс

Аликбек Жекшенкулов менен Кубатбек Байболов бирикпейт!
Кайсы бир саясий гезит Улуттук Конгресстин лидери Аликбек Жекшенкуловду экс-генпрокурор Кубатбек Байболов менен биригет деген маанидеги кабар таратыптыр. Бирок бул кабар жалган экендиги аныкталды. Аликбек мырза эч кандай Байболов, Текебаев сыяктуу саясатчылар менен биригүү ою жок экенин, эгер бириге турган сөз козголсо, мындай чечимди жалгыз Жекшенкулов чечпестигин, дегеле мындан аркы саясий кадамдар Улуттук Конгресстин чечими менен болорун билдирди. Андыктан, азырынча Аликбек Жекшенкуловдун тигил же бул саясатчы менен биригүү ниети жок экендиги ырасталды. Ал эми буга чейин айтылган пикирлер тек гана жел сөз экендигин эсиңерге алсаңар болот. Азырынча Улуттук Конгресстин лидери саясатка терең саресеп салып, туура кадамды жай күндөрү ачыктамакчы. Ким билет, президенттик шайлоого да чыгып калышы ыктымал. Бул боюнча өзүнөн сурасак, "убакыт көрсөтөт" таризинде гана жооп кылды.


Ө.Текебаев: "Максимдин саясатын улантканы жатасыңар"
Жогорку Кеңештин Экономикалык стратегия, инвестициялык саясат жана туризм боюнча комитетинин 23-майдагы жыйынында "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" мыйзамынын долбоору кабыл алынды. Өмүрбек Текебаевдин айтымында, бул мыйзам долбоору жөнөкөй мыйзам болуп саналат, анда мамлекеттик менчикти менчиктештирүү өкмөт тарабынан иштелип чыгат жана парламент тарабынан бекитилет деген норма киргизилип жатат. "Ар бир стратегиялык объекттин менчиктештирүүлүсү тууралуу парламент кийлигишсе, өкмөттөн шек саноо да аз болот деген ойдомун", - деди ал. Ошондой эле, депутат өкмөттөн менчиктештирүү программасын парламентке киргизүүнү талап кылды. "Максимдин саясатын улантканы жатасыңар. Парламент буга жол бербейт. Жең ичинен алып сатууну токтотуш керек. Ар бир объекттин тагдыры тууралуу парламент билиши керек. Өкмөт азыр Бакиевдин учурундагы бекитилген программанын негизинде иштеп жатканы - уят. Жаңы программаны алып келгиле", - деди Ө.Текебаев өкмөткө кайрылып.


АКШнын жаңы элчиси Роза Отунбаевага ишеним грамотасын президент тапшырат
АКШнын Кыргызстандагы жаңы элчиси Памела Спратлен 22-майда Бишкекке келди. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, элчи ишеним грамотасынын көчүрмөсүн 23-майда Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге тапшырды. Министр элчини дайындалуусу менен куттуктап, дипломатиялык миссиясын аткарууда ийгиликтерди каалады. Жолугушуу учурунда эки тараптуу кызматташтык маселелери жана элчи Спратлендин Кыргызстандагы иш-пландары талкууланды. 24-майда элчи ишеним грамотасын Президент Роза Отунбаевага тапшырат. Тапшыруу аземинен кийин элчинин катышуусу менен маалымат жыйыны өтөт. Маалымат жыйында элчи билдирүү жасап, учурдагы АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелери боюнча суроолорго жооп берет.


Таластыктар депутат Ө. Абдрахмановдун мандатын тапшырып, өлкөдөн кетишин талап кылууда
Талас облусунун Манас районунун тургуну Чолпон Төрөкулов бүгүнкү Бишкекте болуп өткөн маалымат жыйынында "Ата Мекен" фракциясынан депутат Өмүрбек Абдрахманов кечирим сурап, мандатын тапшырып, өлкөдөн кетиши керек деп билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күнү Таластан сырткары башка региондордон да телефон чалуулар, кайрылуулар болуп, депутаттын айткандарына нааразы болушууда. "Манас - биз үчүн ыйык, ал кыргыз элинин башын бириктирген жана мамлекет кылып түптөгөн", - дейт ал. Жыйын катышуучуларынын айтымында, Ө.Абдрахманов элге гана эмес, Манас атанын арбагынан да кечирим сурашы керек. Андан соң, ал өлкөдөн чыгып кетиши керек, анткени, минтип айткандарынан кийин ал өлкөдө калууга жана өзүн кыргыз деп атоого моралдык укугу жок. Азыркы тапта президент, премьер-министр, спикер жана "Ата Мекен" лидери Ө.Текебаевге кайрылуу даярдалууда,-деп кошумчалашты таластыктар.




  Коом

Солдаттарды жеке чарбалык иштерге тартуу фактылары болууда
Кыргызстанда кызмат өтөп жаткан солдаттарды жеке чарбалык иштерде акчага иштетип жаткан фактылар болууда,-деп билдирет Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев ЖК комитетинде. Мындай маалымат Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитетинде 23-майда "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыздоо, түштүк аймактын чек арага жамаатташ аймактарындагы кырдаал жөнүндө, мамлекеттик чек араны коргоо абалы жана Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин күжүрмөн кызматынын проблемалуу маселелери тууралуу токтомунун аткарылышы жөнүндө" маалыматты угуу учурунда айтылды. УКМКнын биринчи орун басары Марат Иманкулов чындыгында мындай көрүнүштөр болуп жаткандыгын айтты. "Мындай одоно фактылар болууда. Солдаттарды жеке чарбалык жумушка тартып жаткандыгы байкалууда", - деди ал.

"Ата-Түрк" гүл багындагы мыйзамсыз берилген жерлер такталат
Бишкек шаарынын тургундары "Ата-Түрк" сейил багынын айланасында мыйзамсыз курулуш иштери жүрүп жатканын белгилеп, Башкы прокуратурага кайрылган. Башкы прокуратура аталган жайдагы мыйзамсыз берилген жерлерди тактоо, аларды кайтаруу маселесин чечүүгө бир айлык мөөнөт белгиледи. Бул тууралуу "Азаттыкка" Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Талант Конокбаев тастыктады. 19-майда Башкы прокуратура шаар тургундарынын кайрылуусун караган. Жыйында чечими жок курулган тамдарды түрттүрүү жана жер тилкесин мыйзамсыз берген адамдарды жоопко тартуу маселелери да талкууланган. Маалыматка ылайык, "Ата-Түрк" гүл багынын аянты 107 гектардан 74 гектарга чейин кыскарган. Буга чейин Бишкек шаарынын тургундары аталган сейил бактын тегерегиндеги бак-дарактар кыйылып, курулуш иштеринин жүрүшүнө нааразы болуп кол топтошкон.

Бишкекте таштанды иштеткен завод ачуу маселеси козголууда
Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов Өнүктүрүү жана реконструкциялоо боюнча европалык банктын өкүлү Жан-Патрик Маркуэт менен жолугушту. Шаардык мэриянын маалымат кызматынын билдиришинче, анда Маркуэт аталган банк суу системасын жакшыртуу, коомдук унаа менен камсыздоо жана таштандыны кайра иштетүү боюнча долбоорлорду каржылоо ниети бар экенин айтты. Өмүркулов күнүгө шаардан 1,5 миң тоннадай таштанды чыгарыларын айтып, завод курулса бир катар проблемалар чечилерин белгиледи. Банктын өкүлү Бишкектин бул сунушу караларын билдирди.




  Дүйнө

Обама Европадагы бир апталык сапарын баштады
АКШнын Президенти Барак Обама Европадагы бир жумалык сапарын Ирландиядан баштады.
Андан кийин Британия, Франция жана Польшада болгон учурунда Обама союздаштарын демократиялык өзгөрүүлөрдүн жолуна түшкөн Араб өлкөлөрүнө жардам көргөзүүгө үндөйт деп күтүлүүдө. Обаманын Ирландия сапары ал өлкө башынан оор экономикалык кыйынчылыктарды кечирип жаткан кезге туш келди. Карызга баткан мамлекетти куткаруу үчүн Эл аралык валюта кору менен Европа Биримдиги чукул кредит сунуш эткен. Өкмөт бюджетти үнөмдөө максатында популярдуу эмес чараларды киргизгени менен, адистер Дублин дагы көп экономикалык маселелерди чечиши керек дешет. Обама премьер-министр Энде Кенни менен жолугушууда экономикалык кризистен чыгуу жаатындагы прогресске кубанганын айтты. АКШ мамлекет башчысы ошондой эле Ирландиянын Президенти Мэри Мак Алииз менен кездешти. Лондонго жол тартар алдында Дублиндеги коллежде ачык асман алдында АКШ менен Ирландиянын алакаларына арналган сөз сүйлөйт деп күтүлүүдө. Лондондо аны каныша Елизавета Экинчи жеке коногу катары Бэкингэм сарайында расмий сый-урмат менен кабыл алат. Британ парламентинде сүйлөгөндө Обама эки өлкө ортосундагы "өзгөчө мамилелерге" жогорку баасын берет, - дешет Ак Үйдөгү расмий адамдар. 26-27-май күндөрү америкалык президент "Чоң сегиздин" Франциянын Довил шаарында өтчү саммитине катышат. Экономикалык державалардын тобуна АКШ, Франция, Британия, Япония, Италия, Германия, Канада жана Россия кирет. Жолугушууда глобалдуу экономикадан сырткары НАТОнун Ливиядагы аскерий миссиясы, Американын Ооганстандагы аскерлерин чыгаруу планы талкууланмакчы.

Бир бүркүм маалымат
Депутат К.Талиева жана Т.Бакир уулу жумасына бир жолу "Манас күнүн" өткөрүү демилгесин көтөрүштү. Жогорку Кеңештин депутаттары Камила Талиева жана Турсунбай Бакир уулу ЭЛТР коомдук каналында "Манас күнүн" белгилешти,-деп билдиришет Жогорку Кеңештен. Маалыматка ылайык, бир күн бою Манасчылар чогулуп "Манас" айтышты. К.Талиева жана Турсунбай Бакир уулу Манасчыларды колдошуп, жумасына бир жолу "Манас күнүн" өткөрүү демилгесин көтөрүштү.
Бишкекте мамлекеттик символиканы алмаштырууга каршы акция өтөт. Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында эртең, 24-майда, саат 16:00дө Кыргызстандын мамлекеттик символикасын алмаштырууга каршы акция өтөт. Маалыматка ылайык, бул акция "Алаш-Ордо" коому тарабынан уюштурулууда.
Жалал-Абад облусундагы бир нече жарандар өзбек улуттук маданий борбордун президенти болгон экс-депутат Кадыржан Батыровдун сотунун белгисиз мөөнөткө жылдырылганына нааразы болушууда. Жалал-Абадда былтыркы жылдын 14-19-май күндөрү жана июнь окуяларында жабыр тарткандардын өкүлдөрү Ибрагим Бекболотов, Тагайбек Жаркынбаева жана дагы бир аял Кадыржан Батыров баш болгон алты адамга байланыштуу кылмыш ишти кароодон баш тарткан Жалал -Абад шаардык сотунун судьясы Сулайман Атакуловдун чечимин макул табышкан жок.


  спорт

Азия чемпионатында Мурат Рамонов коло медал менен кайтты
Кыргызстандык балбан Мурат Рамонов Ташкентте грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында коло медаль алды. Ага чейин дагы бир кыргызстандык спортчу Арсен Эралиев алтын медалга ээ болгон. Эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандыктар эки, ал эми аялдар күрөшүндө бир коло байге утуп алышты. Чемпионат 22-майда аяктады, ага жалпысынан Кыргызстандан 20 балбан катышты.




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??