п»ї

  Шоу-акыйнек

Өткөн саныбыздагы продюсер Назгүл Насиеванын Айчүрөк Иманалиевага болгон жообунан кийин, "салт" боюнча кезек Айчүрөк Иманалиевага келип, төмөнкүчө жооп кылды.

Айчүрөк Иманалиева:
"Айдаганы беш эчки, ышкырыгы таш жарган Назгүл"
"Назгүл экөөбүз ысыгыбызга күйүп, суугубузга тоңгон курбулардан эмеспиз"
Назгүл Насиеванын өткөндөгү менин адамдык аброюма шек келтирген интервьюсунан соң, мен да өз оюмду билдирейин деп чечтим. Назгүл:"Айчүрөк Иманалиева мени өтө жакшы тааныйт",- дептир. Назгүл Насиева экөөбүз бири-бирибизди өтө жакшы билгендей, кичинекей кезибизден бери бири-бирибиздин ысыгыбызга күйүп, суугубузга тоңгон курбулардан эмеспиз. Бир үй-бүлөдө канча жыл чогуу жашап жүргөн адамдын да кыялын билбей калып, келишпестиктер болуп кетет. Айда-жылда, кээ бир концерттерде гана көрүшкөнүбүз болбосо, анчалык бири-бирибизди беш колдой билгидей жакындыгыбыз жок. Анан:"Айчүрөк Иманалиеваны адам катары санабайм", - дептир. Оо-уу, Назгүл сиңдим, айдаганың беш эчки, ышкырыгың таш жарыптыр го, чиркин.

"Ушак сүйлөмөк тургай, уктаганга убакыт таппай калам"
"Айчүрөк ушакты көп сүйлөгөн, интрига жүргүзгөн, акылы тайкы аял", - дегенине жооп берейин. Ушак сүйлөп, интрига жасамак түгүл, уктаганга, жада калса, ден соолугума караганга убакыт таппай калам. Балдардын түйшүгү , үйдүн жумушу, чыгармачылык менен алектенүү, окуучуларыма жардам берүү , концерт, съемка, той-топурлар, мындан тышкары, жумуштардан да колум бошобойт. Акылы тайкы аялга акылы ашкан Назгүл Насиева теңелбей, тескерисинче, акыл деңгээлин элге көрсөтсө болмок.

"Калдыктар" деген сөзүмө катуу теригиптир"
"Калдыктар" деген сөзүмө катуу теригиптир. Бул сөздү мен бирөөнүн даярдап, бышырып койгон тамагына көз артпай, өз эмгеги, мээнети менен жасаган оокат сиңимдүү болот деген мааниде айткам. Ыйык сахнага чыгарып, элге таанытып, балдарымдын ырыскысын тең бөлүшүп, убакытымды, ден соолугумду , акчамды коротуп, популярдуу кылып койгондон кийин, эми үзүрүн көрөрдө, "сен ким элең" дегендей тетири басып кеткен кээ бир окучууларыма болгон таарынычым болчу. Назгүл продюсерлик кылган Аида Кулуеваны, же Эрмек Маматовду Назгүлгө айтпай, эч бир концертке чакырган эмесмин. А Назгүл менин окуучуларымды мага бир ооз айтпастан ушул убака чейин иштешип келет. Назгүлдүн окуучусу Аида Кулуева мага:"Эжеке, чогуу дуэт ырдайлы, эжеке,сиздин концертиңизге мен катышсам болобу?"- деген сураныч менен кайрылган. Аида менен бирге дуэт жаздырган эмесмин, концерттерге да кошкон жокмун. Бул да болсо менин Назгүлгө болгон сыйым болчу. Продюсер, эне, устат катары ага ийилген кадамым болчу. "Мен Назгүл Насиеванын кандай ырчыларды чыгарганын билбейм", - деген сөзүм менен, Динара Эсенгулованын С. Садыралиевиндей, К.Култаевдин М. Атабековундай, А. Апасованын М. Иманбековундай, Тынчтык Кожобековдун "Импульсундай" популярдуу ырчыларды чыгара алган жок деген мааниде айткам, бул чындыкка синдим чычалабай койсоң болмок.

"Бакиев кетсин!" - деген митингде…"
"Бакиев кетсин!" деген митингде Айчүрөк эжеге чалып, Айчүрөк эже окуучуларыңыздан кимди жибере аласыз, тыйын төлөп ырдаталы", - дегенде Назми менен Сапарды жөнөткөн. Мен берген акчанын жарымын аларга берчү экен, - деп жазыптыр. Бакиев да, Акаев да жамандыр-жакшыдыр биздин өлкөбүздүн тарыхында калган президенттер. Биз аны тарыхтан өчүрө албайбыз. Назгүл айткан митингде элге эмгеги сиңген улуу ырчылар керек болуп, менин өзүмдү чакырган эле. Мен, биринчиден, энемин, элдин адамымын, кандай президент болбосун КРнын жараны катары мага да өлкөдөгү тынччылык, бейкутчулук керек. Канча бийлик алмашпасын ММКнан кеткен бийликти жамандаган жан эмесмин. Ошондо, эне катары мен барбай эле коёюн окуучуларымды жиберейин деп, Сапар менен Назмини жиберген элем. Аларга 100 доллардан берсе керек эле. А мен аларга ачык эле айтып 1000 сомдон алып, калганын аларга бергем. Бул продюсер менен ырчынын ортосундагы мыйзам ченемдүү гана көрүнүш. Өткөндөгү Назгүлдүн берген интервьюсунан кийин, мен да кызыгып, анын окуучусу Аида Кулуевага чалып:"Аида, өткөндө конкурстан утуп алган 100 миң сомдон канча акча алдың?" - деп сураганымда, Аида:"100 000 сомдон 100 доллар алгам", - деди.

"Динара жөнүндө шумдук ушактарды таратып жүрбөдү беле"
Назгүлдүн күйөрманы:"Динара Акулова мени туурап концертке чакыруу кат жасады",- дептир. Ооба, андай учурлар болгон. Динара экөөбүз бул маселени эбак чечишип алганбыз. Убагында Динара Акулованын кол алдында иштеп жүргөн Назгүл: "Мени Динара көрө албайт, Оштогу концертте ырдайын десем, балык формасындагы эң эски көйнөгүн мага кийгизди, анысына карабай эл көбүрөөк мага кол чаап койсо ушундай ичи тарыды. Эртеси концертке чыгарбай койду. Түрмөгө алып барганда Динара устукандарды чогултуп алып, акчамды колумдан жулуп алып",- деп шумдук ушактарды таратып жүрбөдү беле.

"Кудайдан коркуп сүйлөсө болмок Назгүл"
"Бул ошентип сатып алып жүрүп көнгөн", - деп жазыптыр. Кудайдан коркуп сүйлөсө болмок Назгүл. КРнын Эмгек сиңирген артисти деген наамды бизден кийинки чыккан кээ бир ырчылардан кийин кыргыз эстрадасында көч башында турсак дагы, Алина, Расул болуп кечээ жакында алдык. КРнын Эмгек сиңирген артисти,"Примадонна" менен "Сахна ханышасын" ким бергенин билбей гезит аркылуу сурап жаткан акылдуу сиңдиме жооп берейин. КРнын Эмгек сиңирген артисткасы деген наамды 24 жыл кыргыз элине эмгектенип жүрүп, эмгегимди көргөн калдайган калың эл, КРнын чыгаан инсандары, кыргыз искусствосунун корифейлеринин сынынан өткөн соң, КРнын Президентинин чечими менен ал наамды алдым. Ал эми Сахна ханышасын Улуттук Биринчи каналдын колдоосу менен (автору Калипа Сейдалиева) уюшулган "Кош жылдыз" теледолбоорунун жыйынтыгында калыстар тобундагы СССРДин эл артисткасы Д. Жалгасынова, КР Эл артисти К. Эралиева, З. Шакеева, Т.Саламатов , УТРКнын продюсери, професионал , мен урматтаган Назира Аалы кызы отурган бийик инсандар эмгегимди туура баалап, "Сахна ханышасынын" таажысын кийгизишкен. Эл-журт байкагандай, бул конкурска Авланбек Рамазанович экөөбүз үч туруна тең жан дилибиз менен берилип даярдандык.

"Сапарды, Анжеликаны, Айкону жана Клараны Айчүрөктүн чыгарган балдары деп билет"
"Кенедей кызга теңелбей коюштун ордуна гезит бетинен айтышып отурду", - дейт. Кенедей кыздар деп бала бакчадагы кичинекей бөбөктөрдү айтса болот. А Анжелика бир үйдүн түтүнүн булатып, очогун улап, эки баланын энеси болгондон кийин, өзүнүн ар бир кылган ишине өзү жооп бере алган аялзаты. Кандай болгон күндө да кыргыз эли Сапарды, Анжеликаны, Айкону жана Клараны Айчүрөктүн чыгарган балдары деп билет .

"Ислам Сатаровдун көзүн көгөртө чаап…"
Ислам Сатаров:"Мени жана Кумар Асанов деген ырчы баланы машинеге салып шаардын четине алып барып, көзүмдү көгөртө чапкан. "Братандар, келип эки баланы тарбиялап кеткилечи", - деп телефон чалып бизди коркуткан. "Мен бир нерсе болсом апамдар билсин деп:"Апа, мени Назгүл Насиева шаардын чекесине алып келип, братандарга салып берем деп коркутуп жатат", - деп чалганга үлгүрдүм" - деди мага Ислам Сатаров.




Сапар Сопубеков:
"Назгүлдүн сөздөрүнө мен кошула албайм"
- Менин купулума толбогон, көңүлүмө жакпаган нерсе болуп отурат. Эң биринчиси мен үчүн Айчүрөк эже, менин устатым жана энем. Кичинекей кезимен бери Айчүрөк эже тарбиялап, азыркы күнгө чейин чогуубуз. Бир учурда жаштыгым менен: "Өзүмчө чыгып кетсем, өзүмчө концерт койсом",- деген ниеттерим болгон. Менин дагы убагында ар кандай сөздөрдү айтып, бузган адамдар болду. Жыл өткөн сайын акыл-эсиңе келесиң, ойлоносуң, толгоносуң дегендей. Мен эже менен бир тууган болуп калгандыктан, эже менен силердин редакцияңарга келип отурам. Назгүл менин досум. Жакшылыктарда, той-кечелерде , түрмөлөрдө чогуу концерт берип жүрөбүз. Өткөндө Назгүлгө жолугуп калсам:"Сапар, Айчүрөк эже "калдык" дептир", - дегенинен гезитти окубаптырмын дегем. Макаланы алып окуп, териге турган өтө чоң маселени деле көрө алган жокмун. Менин оюмча, Назгүл аша чаап жазып коюптур. Чынын айтсам, Назгүлдүн сөздөрүнө мен кошула албайм. Сен кичүүсүң, терикпей эле кой дегем. Ал эми Айчүрөк эже:" Назгүлго барып жардам берип койгула деп бир жолу Назми экөөбүздү Ала-Тоо аянтына жөнөткөн. Ошондо Айчүрөк эже, ачык эле "100 $ берип жатат деген, мен болсо продюсер катары 1000 сом берип, калганын өзүм алгам"

Турусбек Жумалиев:
"Айчүрөк бир театрды бакчу"
- Мен чыр териштирип жүргөн адам эмесмин. Мен Назгүл тууралуу эч нерсе билбейм. Айчүрөк чалып:"Турусбек, Назгүл Насиева чалып атат, түрмөгө концерт койгону жатыптыр, барып алып баруучу болуп берип койбойсуңбу?" - дегенинен барып бергем. Андан кийин Назгүл жардам бериңизчи деп чакырган Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун бардык түрмөлөрүнө барып, жардам катары бекер алып барып бергем. Ал эми жеке турмушта болсо, Назгүл экөөбүздүн жакындыгыбыз жок. Айчүрөктү мен айтпасам деле баарыңар билесиңер. Аттын жүгүн көтөргүс жүктү көтөрүп, канча жылдан бери бир калыпта иштеп келе жатат. Учурунда 90-жылдары Мамлекеттик жаштар театрында иштеп жүргөндө Төкөлдөшов деген директорубуз бар болчу. Ошол киши:"Ээй, артисттер, Айчүрөктүн концертине, эл Айчүрөк үчүн келип атат. Айчүрөк силердин айлыгыңарга иштеп берип атат",- деп калчу. Айчүрөк планды жалгыз аткарып, Мамлекеттик жаштар театрынын артисттери Айчүрөктүн көрүүчүлөрүнөн улам айлык алышчу. Айчүрөк бир театрды бакчу. Кээ бир эркектер деле Айчүрөктөй иштей албайт. Ошондуктан, мен аны сыйлайм.

Жамила Муратова:
"Айчүрөк ак эмгек менен иштеген инсан"
- Айчүрөктү 80-жылдардан бери билем. Өзүнүн жолун, эмгегин, даражасын жалаң ак эмгеги менен жасап, элдин жүрөгүнөн орун алган бийик чыгармачылыкта иштеп келе жаткан инсан. Иш менен алек болгон адам. Эмгекти сүйүп, эмгектенгенинен улам ушак сүйлөгөнгө да убакыты жок болуш керек. А башкача сөздөр болуп кеткен болсо, айткан кишинин уятына калсын. Чыгармачыл адамдар ММКнан сүйлөө этикетин сактасак жакшы болмок. Чыгармачыл адамдардын ортосунда талаша турган эч нерсе жок. Терс көрүнүштөр менен элге да туура эмес пикирлерди жаратып коёбуз. Таланттуу жаштарды ээрчитип, кандай гана ырчыларды чыгарды. Шакирттерин кичинекейинен бери ээрчитип, чоң даражага жеткирип койду.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??