п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Шоу жаңылыктары

Ырчы жубайлар Замир Сабитакунов менен Эллада Асылбекова клип тартышты
Айтылуу Чубак Сатаевдин калемине таандык "Курбулар" аттуу ырын таланттуу ырчылар Замир менен Эллада дуэт ырдап жүргөнү жалпыбызга маалым. Ошол ырга эртеңки "Акыркы коңгуроо" майрамына арнап клип тарттырышты. Ошону менен катар бардык бүтүрүүчүлөрдү майрамы менен куттуктап кетишти.


Ырчы Кубаныч Сатаев жайлоодо эс алууда
Биз байланышка чыкканыбызда атасынын жолун улап, талантын талыкпай кыргыз элине тартуулап келе жаткан жаш ырчы Кубаныч Сатаев ден соолугун чыңдоо максатында жайлоого бээнин сүтүн ичип келгени бир жумага аттанып жаткан учуру эле. Чыгармачылыгын таштабастан кетер алдында клип тартууну пландаштырып:"Сөзү,обону атама таандык "Сүйдүм ай" деген ырыбызды түнкү клубдардын биринен аткарып жаздырдык. Ал эми клиптин сюжетин ойлонуп жаткан учурубуз. Бул клипти Мырза Айдаралиев тартып жатат",-дейт ырчы Кубаныч Сатаев.


Куудулдар Келдибек Ниязов жана
Жамбыл Камчиев комедия сюжетинде
Өткөн саныбызда маалымдагандай, "Алим Токторов продакшн" тартып жаткан комедия жанрындагы кино жөнүндө режиссёру менен байланышып төмөнкүдөй маалымат ала алдык. "Учурда фильмдин 60-70%ы бүтүп калды. Өткөн жумада Ысык-Ата курортунун төмөн жагынын Карагай-Булак айылында белгилүү Келдибек Ниязов, Жамбыл Камчиев жана Болот (Жими) аталган куудулдар катышкан чоң сюжет тартылып бүттү. Бул сюжетте химия сабагынын мугалими пенсияга чыгып, 5 маал намазга жыгылат. Ал агайга мектептин директору жана завучу суранып келген учурда кызыктуу окуяга кабылышат. Кудай буйруса, ушул жумада Сайкал Садыбакасова катышкан сюжеттерди тартууну улантабыз. Ал эми тасманын аты азырынча жашыруун болуп турсун",- дейт режиссёр Алим Токторов.


Ырчы Зари мамлекеттик экзамен тапшырат
Сулуу десе сулуу, таланттуу десе таланттуу "Сезим кайгысы", "Кыз жүрөгү" аттуу ырлары менен таанылган жаш ырчы Зари ушул тапта мамлекеттик экзамендерин тапшырып жаткан учуру. Заринин Москва шаарында билим алып жатканы баарыңыздарга эле белгилүү болсо керек. "Буйруса, мам. экзамендерин ийгиликтүү тапшырып алып, июлдун орто ченинде Кыргызстанга кайтып келет",-дейт ырчынын продюсери Динара Эсенгулова.


Бегимай Эсенгулова өз кесиби менен иштеп жатат
Жылдыздуу ырчы Бегимай жандуу үн менен ырдоого машыгып жатат. "Мен мурда кафеде ырдачумун. Ал жакта жандуу ырдаганым менен кардарларды күттүрүп, кээ бир ката кетирген жерлериңди токтотуп, оңдоп ырдай албайсың да. Ошону үчүн азыр атайын бир студияга барып микрофон менен ар бир ырымды токтоп, шашпай, жандуу ырдаганга үнүмдү даярдап жатам. Андан тышкары, өз кесибим боюнча бир фирмада менеджер болуп иштеп жатам. Иш менен биргеликте эл катары сессияларды тапшырып, быйыл 2-курсту аяктайм", -дейт суйкайган сулуу айым Бегимай Эсенгулова.


Келсин Мурадил кызы





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??