п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Билгениң оң

Карегиңиздин өңү кыялыңыздан кабар берет
Күнүмдүк турмуш-тиричиликтеги кээ бир майда нерселерге көңүл бурбаганыбыз менен, алардын биздин жашообузга зор таасирин тийгизерин кээде билбей да калмайыбыз бар эмеспи. Мисалы, жөнөкөй эле жаздыкты кандай тандоо керек, же болбосо тырмакты кантип катуу кылуу керек экендигин жана ушул сыяктуу маалыматтардан кабардар кылмакчыбыз.


Ар бир адам ар башка. Ошондуктан, ар кимдин кыялы да ар башка. Ал эми адамдын кыялын анын өзүн-өзү алып жүрүүсү, сөздөрү, кылган иштери, кол жаңсоолору жана сырткы өң-келбети айтып турат. Физикалык факторлордун анализминин адамдын кыялына таасир берүүчү илим физиогномика деп аталат. Беттин түзүлүшү, мурун, каш, беттеги бырыштар, дененин түзүлүшү, адамдын ички жан дүйнөсү анын кандай адам экенинен кабар берет. Бирок, көз адамдын бардык кыял-жоругун айтып берүүчү булак болуп саналат. Көз "жан дүйнөнүн күзгүсү" деп бекеринен айтылбаса керек.


Чындыкты көздөн тапса болот
Көз дайыма көрүнүп турат, аны катып койгонго да болбойт. Эгер чындыкты издеген болсоң, адамдын көзүнө тик карап, айтпай жаткан чындыкты көз карашынан билип алууга болот. Бирок, алгач кээ бир нерселерге көңүл буруп алуу зарыл. Мисалы, бир адамдын ички дүйнөсүн, анын кыял-жоругун билгиңиз келсе, алгач ал адамдын көзүнүн өңүнө көңүл буруңуз. Эгер көздүн карегинин өңү канчалык ачык болсо, ал адам ошончолук энергиялуу, активдүү, шайыр жана күчтүү адам. Андан да ачыгыраак болсо, ал адам назик, таарынчаак, романтик адам экенинен кабар берет. Жылуу көздөр, адамдын боорукер, жароокерлигинен кабар берсе, тескерисинче, чакчайган заары чыккан көздөр адамдын катуулугун билдирет.


Аялзатынын жашын жытынан аныктоого болот
Кайсы гана заман болбосун аялзаты бир сырдуу болуп, өзүнүн жашын жашырып келет. Азыркы убакта пластикалык операция жана жашартуучу бет майлар менен эле жашарып алууга болот. Канчалык жаш көрүнөйүн деп кыйналып-кысталган менен жашты аныктоо да толук мүмкүн. Окумуштуулар аялзатынын жытынан анын канча жашта экенин аныктай алышарын билдиришти. Япониялык окумуштуулардын тыянагына таяна турган болсок, аялзаты картайган сайын анын денесинен химиялык заттар көп бөлүнүп чыгат экен. Денедеги май кислотасынын бөлүнүп чыгышы жана анын жагымсыз жыты аркылуу аялзатынын чын жашын аныктоого болот, - деп билдиришти Япониянын окумуштуулары. 40 жаштагы аялдын организминен ноненал (химиялык зат) 20-30 жаштагы кыз-келиндердикинен эки эсеге көп бөлүнүп чыгат.
Андан сырткары, эркектер сүйлөшүп жүргөн келиндин канча жашта экенин анын колдонгон атырынан эле билип коюшса болот. Дагы бир Американын Ратджерс университетинин окумуштуулары эркектердин арасынан сурамжылоо жүргүзүшсө, көбү розанын жытын карыгандар себинсе болот, ал эми мөмө- жемиштердин жыты жаш кыздарга болот деп чыгышкан.


Кой көз
Кой көздүүлөр башка көздөрдөн активдүүлүгү, энергиясынын күчтүүлүгү менен айырмаланышат жана кумарга бат берилип кеткени болбосо, бир ишти баштаарда позитивдүү болушат. Мындай көздүүлөр дээринен эле бийликти сүйгөн адамдар болгондуктан, кай жерде болбосун лидер болгонду жактырышат. Андан сырткары, абдан темпераменттүү, сүймөнчүктүү, чечкиндүү, урушчаак, бирөө менен бат тил табышып кетүү жөндөмдүүлүгүнө ээ болушат.


Жаздыкты кантип тандоо керек?
Ар бир адам эртең менен жеңил, эч кандай баш оорусу жок ойгонгусу келет. Бирок, бир күн кечке иштеп жүрүп, чарчаган соң эртең менен башы ооруп калат. Эгерде башыңыздын оорушун каалабасаңыз, жаздыкты туура тандашыңыз керек.
Уктоочу жаздыкты тандоо оңой-олтоң иш эмес. Жаздыкты тандоодо баштын түзүлүшүнө карап алыш керек. Көлөмү ар кандай, үч бурчтук, квадрат же тоголок болушу мүмкүн. Эң көп тараганы төрт бурчтук жаздык. Мындай жаздык моюнду, ийинди жана башты эң мыкты кармайт.
Ал эми мындан башкача көлөмдөгү жаздыктар, атайын индивидуалдуу түрдө жасалган. Жаздыктын кездемеси да өтө маанилүү ролду ойнойт. Жаздыктын кездемеси таза, эч кандай синтетикасы жок болушу шарт. Жаздыктардын стандартка ылайыгы-узундугу 40-80 см, ал эми туурасы 30-50 см болушу зарыл. Эң чоң жаздыктын узуну да, туурасы да 80 см. Жаздык канчалык чоң болсо, ошончолук ыңгайлуу болот.


Көк көз
Көк көздүүлөр болсо тежик келишет. Баштаган ишинин майын чыгара аткарган, аларда тубаса уюштуруучулук талант болот. Мындай көздүүлөр адамдын өзүнө жараша мамиле кылышат. Эгер көк көздүү адамдардан дос күтсөңүз, эч коркпостон достугуңузду уланта берсеңиз болот. Бирок, катуу душман боло ала тургандыгын эсиңизден чыгарбаганыңыз дурус.


Көгүш көздөр
Көгүш көздүүлөрдүн фантазиясы күчтүү, кыялкеч адамдар болушат. Бардык сөздөрдү жүрөгүнө жакын кабыл алышкандыктан, ыйлаак да келишет. Бирок, көгүш өң муздак өңдөрдүн катарына киргендиктен, мындай көздүүлөрдөн да муздак жана катуу адамдар чыгат. Көбүнчө искусствого жакын адамдардын көздөрү көгүш болот. Көгүш көздүүлөрдүн башка өңдүү көздөргө караганда бардык жактан табити мыкты болот.


Бозомук көздөр
Мындай көздөр адамдын иштерман экенин тастыктап турат. Мындайлар акылдуу, кайраттуу, бир нерседен үмүтүн үзбөгөн адамдар болушат. Мындай көздүүлөрдөн көбүнчө философтор чыгат.


Тырмакты кантип катуу кылып, өсүшүн тездетүүгө болот?
Маникюр, педикюр, парафин ваннасы, тырмак коштуруу сыяктуу кызматтарды сулуулук салондорунан пайдаланса болот. Учурда үй шартында колдонууга ыйлайыктуу косметикалык каражаттар көп эле сатыкта. Азыр маникюр, педикюрдун кызмат баасы арзан болуп калганына байланыштуу көптөрү салондорго барышат.
Ашканада же үй иштерин кылып, кир жуурда колуңузга сөзсүз түрдө резинадан кол кап кийип алышыңыз керек. Мискейдеги кырмычыкты кырууда тырмагыңызды колдонбой, атайын кыргычтарды колдонуңуз. Эшикке чыгарда болсо, күндөн коргой турган кремдерди тырмагыңызга чейин сүртүп, анан чыгыңыз. Себеби, андай кремдер колду гана эмес, тырмактарды да сактайт.

Тырмакты жумшартуу
Колду жууган сайын жумшартуучу кремдерди сүртүп туруңуз. Тырмактарга сөзсүз түрдө дем алуу керек. Курамында формальдегиди бар лактарды колдонуудан качыңыз. Тырмактарга дайыма эле лак коё бербей, бир аз убакыт аны да эс алдырып тыныктыруу керек экенин унутпаңыз.
Желатин тырмакты катуулатат. Суу, белок, жер- жемиштер, эт, балык тырмакты өстүрүүгө жардам берет.

Элес Турар





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??