п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Ден соолук

Сураптырсыз,
жооп беребиз
Чач тарачка берилген кызыктуу сурооңуздарга "Айдай" сулуулук салонунун тажрыйбалуу мастери Аманбаева Гүлшат Көчкөновна жооп берди.

Мээрим, 21 жашта:
- Кадимки эле тамак- ашка колдонуп жүргөн өсүмдүк майынан маска жасаса туура элеби?
- Кээ бир адамдар ошондой майдан маска жасашат экен. Аны туура деп дагы, туура эмес деп дагы айта албайм. Эгерде жакса сүйкөй берсеңиз болот. Аны сүйкөгөндөн кийин өзүңүзгө байкалат болуш керек. Бирок майды чачка жолотпой эле койгонуңуз оң.
Миргүл, 27 жашта:
- Чачтын түшө бериши эмнеден?
- Анын себеби көп. Организмге витамин жетишпегенинен, операциядан наркоз алса, же нервден болот.
Рахима, 26 жашта:
- Менин чачым суюк жана тармал. Акыркы эки жылдын ичинде өтө тармалдашып кетти. Аны кантип кетирсе болот?
- Азыр 21-кылымда баарын жасаганга болот. Мисалы, табият берген тармал чачты түз кылып алганга атайын үтүктөр бар. Андан тышкары, түздөп койсо 6 айга чейин чыдай турган аппараттар бар. Булардын баасы 6 миң сомдон жогору турат. Эгерде ага каражат жок болсо, анда фен, үтүк менен түздөп алыңыз.
Айгерим, 19 жашта:
- Кантип кургатыш керек? Фендин зыяны жокпу?
- Фендин зыяны бар. Анын жардамы жок кургатсаң аябай сонун. Мисалы, мурда фен жок деле кургатып жүргөнбүз. Ошону үчүн ошол убакта чачтар көрктүү, кайраттуу болуп көрүнчү. Эгер фенден башка кургатуунун жолун билбесеңиз, анда фенди өтө ысык, өтө муздак эмес абага коюп алып анан кургатыңыз.
Каныкей, 24 жашта:
- Мен чачка канча шампунь колдонушум керек экенин билгим келет?
- Чачтын өлчөмүнө жараша колдонуш керек. Мисалы, узун чачтарга көбүрөөк, кыска чачтарга азыраак.
Адинай, 18 жашта:
- Чач бузулбаш үчүн кандай маскаларды колдонуш керек?
- Негизинен, масканын түрү көп. Атайын фирманыкын, кааласаңыз (азыктандыруучу, коргоочу) дегендерин алыңыз. Бирок кээ бир чачтарга андайлар жакпайт. Эгер алар жардам бербесе, анда өзүбүздүн эле химикаты жок тамак-аштарыбыздан, помидор, айран колдонсоңуз жакшы. Андан тышкары, сүзмө менен жуусаң дагы пайдалуу. Сүзмөнү чачка калың жаап, үстүнөн чоң бет аарчы менен ороп, 20 мүнөт коюп койсоңуз чач жылтырап күчтүү болуп, чачтын түптөрүнө өтө пайда алып келет. Бирок аны бат-бат жууганга болбойт.
Айтбү, 22 жашта:
- Менин чачым майлуу, күнүгө эртең менен жууйм, ал зыян эмеспи?
- Күнүгө эртең менен жуугандын зыяны деле жок. Негизи, таза жүргөндүн өзү жакшы. Жакшы, чачка жаккан шампунь менен күнүгө жуусаңыз ал зыян деле эмес. Ал эми жакпаган шампунь менен күнүгө жууй берсең, чач кургап кетет дагы, алсыз болуп түшө баштайт.
Асель, 24 жашта:
- Менин чачым өтө суюк. Аны кантип өстүрсө болот?
- Ар кандай жол менен өстүрсө болот. Мисалы, чачты сарала кылып меллировка менен күйгүзүп жатышпайбы. Ошол учурда химикаттардын зыянынан чач түшүп калган, таз болуп калган жерлер бар. Бирок ал өзүңүздөргө байкалбайт. Ошол ачылып калган жерлерге сарымсакты сүртсөңүз пайдалуу жана өстүрөт.
Харуми, 25 жашта:
- Химиялык жол менен чачты тармалдатуунун зыяны жокпу?
- Зыяны бар. Бардык эле химикаттардын зыяны бар экени баарыңыздарга эле белгилүү болсо керек.
Клара, 28 жашта:
- Башты канча күндө бир жууш керек ?
- Ар бир адамдын чачы ар башкача. Мисалы, кээ бирлердики майлуу болсо, анда 2-3 күндө бир жууйт. Ал эми кургак болсо ,1 жумада бир жууса болот. Канча күндө бир жуусаңыз, чач дагы ошого көнүп калат. Күнүгө жууй берсеңиз ага көнүп алып, бир күн жуубай койсоңуз, өзүңүздү ыйгайсыз сезе баштайсыз.
Аниса, 24 жашта:
- Чачка колдонуучу кандай витаминдер бар?
- Атайын дары (таблетка), витаминдер жок. Бирок азыр өнүгүп, атайын химикат дарылар чыгып жаткандыр. Бирок өзүбүздүн эле өсүмдүктөрдөгү витаминдерге жетпейт. Мисалы, помидордон көп жесеңиз, чачыңыз витаминге бай болот. Аны эт туурагычтан өткөзүп, чачка сүйкөйсүз. 20-25 мүнөт коюп жууп салсаңыз, чач жумшарып, жылтырап, күчтүү болуп калат.
Камила, 16 жашта:
- Үтүк колдонгондун зыяны барбы?
- Зыяны бар. Бирок атайын (термозащита) деген суюктук бар. Аны үтүктөөр алдында сээп коёсуз дагы, үтүктөй бересиз. Бул чачты күйгүзбөй сактап турат.
Анара, 18 жашта:
- Чач жасалганы кантип тандаш керек?
- Бул бетке жараша тандалат. Биринчи стилисттерге кайрылып,өзүңдүн жарашыктуу чач жасалгаңды тандап, билип алышың керек. Мисалы, жашы өтүп калган адамга узун чач жарашпайт. Бети сүйрүлөргө кыска карелер жарашат. Ал эми тоголок беттер каре кылса, бетти өтө тоголок көрсөтүп салат. Же болбосо кыска, бирок баштын төбөсүндөгү чачты көтөрүп, барпайтып жүрүш керек, ошондо баш узунураак көрүнөт. Жашка карап тандаган дагы жакшы. Канчалык чачың узун болсо, ошончолук жаш көрүнөсүң.
Жазгүл, 20 жашта:
- Күн ысыкта кантип чачты сакташ керек?
- Эртең мененки саат 10дон баштап 1-2ге чейин күндөн жаман энергиялар бөлүнүп чыгып, өтө катуу тиет. Ошол учурда чачка күн тийгизбегенге аракет кылыш керек. Ал үчүн чачты жаба турган баш кийимдерди кийип жүрүү абзел.










кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??