п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Окумал

Достум, билгениңен биле элегиң көп!
АЙТМАТОВДУН АЙЫМДАРЫ
АЙТМАТОВДУН АЙЫМДАРЫ
Жанызак басма
(Башы өткөн санда)
Она была какая-то безграмотная, поза была какая-то неестественная, небалетная. Баягы, ачканда эле карасак, балетте мындай поза жок. Непропорциональная, головка вот такая... а фигура... Ну, вообщем жакшы болбой калды да. Анан кийин бир топ жылдан кийин аны алып кетиптир Габибулин байкуш. Анан кийин аны кайрадан оңдойм деп, ага жетпей өзү өлүп калат. Андан бери канча жыл өттү-үү... мына мен жылда барам онунчу майда... Училищанын балдары келет, ошолорго рахмат, преподаватель, воспитателдери менен. Анан жанагы, мрамордон кылган фундаменти калды. Дагы хорошо, мындай бир, буквасы ар бири отдельно да, ошону көтөрүп кетпегенине кудайга шүгүр. Барам да, тазалап коём: эчтекеси жок болсо, кишилер өткөндө хотя бы окуп кетсин деп. Анан туруп-туруп: алып кетет ко муну да, тиги, Сайра эженин шөкүлөсүн алып кеткендей муну да алып кетет го бир күнү, деп капаланам. Ушу-у, үстү гана калды да... Анан ушуну элдин баары айтат да: слушайте, если он так любил ее, разве он не в состоянии?!. Он бы сам поставил этот памятник - азыр, макул, цены такие баснословные, но ведь это когда было?! Эми, төрт-беш жыл мурун мынчалык кымбат эмес эле да... Анан ойлойм: если она, Биба, ему дорога, он все-таки мог бы, деп элдер кеп кылат да. А потом, можно было бы давно организовать премии имени Бибисары Бейшеналиевой за лучшее исполнение таких-то танцев... А почему Малика Сабирова, которая тоже умерла, тоже диагноз одинаковый, таак,.. в Таджикистане, там давным-давно идет такой конкурс. Почему у Бибисары не может быть?!. Ну, назвали улицу, назвали институт искусств, и все.
- Эже, Бүбүсарага түбөлүк эстелик бир болсо ушул интервью болот, себеби ушул жазылгандар жанагы, Бүбүсара жөнүндө бир кездери дүңгүрөтө жазылгандардан алда канча чындыкка жакыныраак. Ушул азыр айтылгандар Чыңгыздын артынан убай-чубай ээрчип болсо да, анын чыгармачыл даңкы элибиздин арасында канчалык узак дооран сүрсө, Бүбүсаранын трагедиясы менен анын эңшерилген махабаты - Чыңгыздын эмес, именно Бүбүсаранын махабаты! - да ошончолук өмүр сүрө берет! Бу махабат Чыңгыздын бүгүнкү наамына уйгактай жабышып болсо да, кылымдарга сапар улайт! Чыгат анан бир күнү кыргызымдын арасынан көркөм сөз устаты, ал анан кемсинтилген махабат жөнүндө көлөмдүү бир баян жазат, мына мен жазган интервьюну да пайдаланышы мүмкүн, туурабы эже?
- О ее творчестве Орозгелдиев бир эмес, эки жолу жазды. Эми сиз эмне жазгыңыз келет?
- Менби? Мен эч нерсе жазбайм, так мына сиз айткандарды кагаз бетине түшүрүп, окурмандарга сунуш кылам. Дал ушундай баянды калкыбызга жеткиришибиз керек. Анын, Бүбүсара эженин жүрөк дартын жазышыбыз керек. Билсин элибиз, залкар Чыңгыздын не менее залкар чыгармаларын жаратууда кандай курмандыктар болгонун. Балким ошондо анын чыгармалары өзүнүн дагы бир билинбеген кыры менен ого бетер маңыздуу боло түшөөр. Себеби мындай да, адамдын жаркын жагынан башка дагы, бери жагы бар да, арт жагы бар, көмүскө жагы. То, о чем мы с вами беседовали. Анан дагы бир маселе бар: Чыңгыздын азыркы биографы Чыңгыз менен Бүбүсаранын ортосундагы кат алышууларды басмадан басып чыгарабыз дегенсиген бир жолу. Кийин барсам, айтканынан танып жатпайбы. Бирок бир айтылган сөз акыры аткарылат окшойт. Алардын кат алышууларын жарыялаганда, балким, экөөнүн сүйүүсүн өтө бийик көрсөтүп, романтикалык деңгээлге көтөрөлү деп жатса керек, бирок баары бир бул байланышты канчалык көкөлөтпө, мындай бир, бир аз иренжиткен осадок калат экен да. Ошол осадоктун салмагы болжолу, жанагы Даниярды темселеткен кендир каптын оордугундай болуп, желкеңден ныгырып турса, ошо жүктү көңтөрүп салып жеңилдебесек болбой калды, эже. Ошол кендир кап коомубуздун да мойнуна асылып алып жатпайбы, тим койсок. Ал жүк Чыкемин өзүн да ныгырып турса керек, а киши да мына пайгамбар жашынан ашып калды, жок эле дегенде жанагы сиз айткан эстеликти калыбына келтирип болсо да тобо кыла турган абалына жетти шекилди. Өзү келтирбесе, өзүнүн бүгүнкү күндөгү авторитетин колдонуп болсо да, мамлекеттин тийиштүү органдарын кыймылдатып, бир парызынан кутулаар.
- Пусть даже не на свои...
- Пусть поднимет инициативу!
- Вот именно! Ведь он же личность! Он мог бы сделать это давно... А то келебиз көрүстөнгө, билген киши билет, билбегени өтүп кетет байкабай...
- Эми жанагы маселеге кайрылалы: алардын жанагы каттарды жарыялайбыз деп жатканы канчалык деңгээлде туура?
- А где они взяли эти письма?
- Бир аялды айтышты, не то Ташымова, не то Таджиева дейби, айтор жанагы биограф дегени бир жолу айтты эле өзүнчө жыйнак кылып чыгарсакпы, деп.
- Без согласия Чыңгыза Төрөкуловича?
- Он вроде бы в принципе согласился...
- Странно. Мен алардын кат алышканын толук билбейт экем, бирок мен бир гана, би-ир гана катын билем, вернее, запискасын, эң биринчи жазганын. Даже неполный лист. Это они в Ленинграде, когда они там впервые познакомились на историческом крейсере "Аврора". Калган каттарын билбейт экемин. Жанагы, Абдыкулов дегендин, бывший замминистра народного образования, кызы бар, оорукчан бир аз. Бүбүсара каким-то образом... Она, ошол кыз, тоже в мире музыкального искусства белгилүү, анан калса бизге куда болот дегендей. Ушу кызда деп жүрдү да, ушу кызга на сохранение она отдала. Но в каком году, кайсы убакта экенин билбейм. И все-таки жанагы, каза болоор алдында какие-то разговоры были: почему Гульмира Абдыкуловада жанагы Бүбүсарага жазган каттары, деп. А я даже об этом не имею понятия. Ооруп атканда тем более аны сураган жокмун да. Для меня это было не самое главное, где она письма хранит...
- Бул эми, кантсе да архив да, сиз аны иликтеп көрбөйсүзбү?
- Бербейт аны, ал бербейт.. Ошо кезде жанагы бир тууган эжеси, Сакен деле өзү ойлоп, эмне үчүн Гульмирага берди экен деп... А для чего это Сакену понадобилось... Мен бир катын гана көргөм: это была коротенькая, даже один лист не полностью заполнен был, записочка: "Ко мне пришла запоздалая любовь..." деп. Ушу бир гана сап... Ий-и, эң биринчи каты да. Ошону, эми мен фантазер-калпычы болсом төрт-беш катты айтып жибербейт белем "көргөм!" деп.
(Көпкө чейин отуруп калдык, суроолор да түгөнгөнсүдү. Анан эже туруп барып, "нан ооз тийиңиз, чай да ичкенге алыбыз келбей калды"... деп, алдыма нан койду. Ооз тийдим. Анан чыга жөнөөрдө...)
- Эми, буларды жазсаңыз менин атымды айтпасаңыз экен. Потому что я такая щепетильная, болезненно реагирую на все...
- Муну Бүбүсаранын эң жакын кишисинен уктум деп гана жазам...
- Все равно догадаются...
- Не-нет, видите ли, баары бир сиз азыркы айткан чындыгыңыздан кантип кутулмак элеңиз? Мына, көкүрөгүңүздөгүнүн баарын төкпөй-чачпай айтып алдыңыз эле, өзүңүз да бир аз жеңилдей түшкөнсүп калдыңыз, кандайдыр бир оор жүктөн арылгандай болдуңуз. Керек болсо, Бүбүсаранын сөөгүн агарттыңыз, ишенсеңиз. Антпесе, эл арасындагы түркүн ушак кептерди кантмек элеңиз?!
Менин сөздөрүм эжени ишендирди көрүнөт, жылуу коштоштук...
Үчүнчү айым:

ТАТТЫБҮБҮ
ТУРСУНБАЕВА:
Жаныш Кулманбетовдун
"Ак куу болуп асманда ай баратат" китебинен бир нече биографиялык саптар:
"Жумгалдын жомокко айланган сулуусу, таланттуу актриса Таттыбүбү Турсунбаева 12.07.1944-жылы Чаекте туулган... Атасы башка аялды жактырып калып, үй-бүлөсүнөн кол үзүп кете берет. Төрт эркек, бир кыз апасынын колунда калат... Байкеси Нуркан экөө мектептин "жылдыздары" эле.. Он алты жашка чыгып, солкулдаган селкиге айланып турган чагында республикалык кароого "Гүлкайырды" аткарып катышып лауреаттык наам алат да, 1960-жылы "Салиманын ыры" аттуу көркөм тасмага тартылат... Ошол эле жылы Нуркан менен Таттыбүбү Ташкенттеги театралдык институтка кабыл алынат...
Жалпы кыргыз элине Таттыбүбү "Ак Мөөр" аркылуу кеңири таанылды......Соң-Көл чүрөгүнүн жарык дүйнө менен эрте кош айтышына мал табияттуу эркектердин кылыктары чоң себеп болду... эптеп ичирип, бир жан жыргатып коюуну эңсеген эркектер анын убалына калышты...
...1975-жыл болучу. Ошол учурда анын ажары айрыкча ачылып кеткен: Т.Океев Ч.Айтматовдун "Кызыл алмасын" экрандаштырып жаткан... Ушул учурда кыргыз элинин атактуу адамдарынын айрымдары Таттыбүбүгө үйлөнүү ниетинде анын колун сураганы анын бала-бакырасы, ага-туугандарына жакшы маалым... Таттыбүбү Республикалык психо-неврологиялык диспансерде 21.12.81. каза тапты".
"Чыңгыз Айтматов биздин үйгө телефон чалчу"
("Асаба" гезитинин кабарчысы Кубат Оторбаев
Таттыбүбүнүн кызы Асел Эшимбекова менен маектешет - "Асаба", 02.12.93)
" - Жаныбек Жанызак "Женщины Чингиза Айтматова" деген китепчесинде: Чыңгыз менен Таттыбүбүнүн мамилеси болгон, деп жазат. Ушул сөз чындыкпы?
- Мен так айта албайм, бирок Чыңгыз Айтматов биздин үйгө телефон чалып калчу..."
Ушул маек туурасында мен Кубат Оторбаевдин өзү менен сүйлөшкөнүмдө: "Асел Чыңгыз ага апамдын колун сураганы чын, деп айтты. Бирок ал сөзүн биерге кошконум жок, эл кандай кабыл алат деп ойлодум", дейт. Жаштык кылган да, болбосо маектин каймагы дал ушул сөздө жатпайбы!
Эми ошол эле "Асаба" гезитинин 18-ноябрдагы санында жарыяланган "Ак кууну көрсөң атпай жүр" деген маекке көңүл буралы. Мында гезиттин кабарчысы Каныбек Иманалиев Таттыбүбүнүн агасы Нуркан Турсунбаевке бир нече суроо менен кайрылган, биз өзүбүзгө кызыктуу жерлеринен үзүндү келтирели:




Айгүл ШАРШЕН
Бакыттын жылмайышы
Жанызак басма

Аннотация
Жаштайынан атасынан кордук көрүп, кийинки өз алдынча курган турмуштарында дагы бакыт таба албаган Калыс аттуу кыздын татаал тагдыры баяндалат. Ага ашык болуп калган Мирсаид да өз бактысын көптө барып табат. Чыгарманын соңунда эки каарман кайра бирикпегени менен турмуштан баар таап, бактылуу жашап калышат.

(Башы)
Таласта Таабалды менен Сүйөркүл деген эки бир тууган жанаша жашап, жайы-кышы турмуштун ысык-суугун бирге баштан кечиришкен эле. Алардын Жумакан деген жалгыз карындашы бар. Жайкысын казактар менен бирге жайлашчу экен. Таабалды менен Сүйөркул жайлоонун көктөм мезгилинде боз үйдө кымыз ичип, эки элдин ынтымагын бекемдеп, казактар менен дос-туугандай мамиледе болушчу. Жумаканды он алтыга толуп, солкулдап турган кезде Сатымкул деген жигитке күйөөгө беришти. Сатымкул шуулдаган жигит эле, Жумакан экөө бири-бирин катуу сүйдү. Тагдырдын маңдайга жазган кайгы-кубанычын, ачуу-таттуусун бир татып, эки балалуу болушту. Көп өтпөй Жумаканды аза-муңга салып Сатымкул бу дүйнөдөн өтүп кетти. Көз жашын көлдөткөн Жумакан эки уулун кучактап, төркүндөрүн бел кылып кала берди. Жесирдин карасын алып, ашын бергенден кийин ата-бабадан келе жаткан салтты улап, Жумаканды кайниси Кадыркулга алып беришти. Жумакан Кадыркулга анча моюн сунбай, көнбөй жүрүп, акыры андан бир уул төрөдү. Сатымкулдан калган эки уулу Эргешбай менен Кеңешбайды жана Кадыркулдан көргөн Эрмекбайы менен үч уулун багып-кагып бой жеткиришти. Эки уулун үйлөнтүп-жайлантышты, Эрмекбай эс тартканы ачуулуу, ичкиликке жакын адам болуп өстү. Ата-эненин айтканына кулак какпай, өз билгенин жасап жүрүп, уурулукка көндү. Казактар менен жайлоодо бирге жайлашкан кезде ал беш-алты жигит болуп бир үйүр жылкы менен элүү алтымыш койду бир айдап барып, сатып ийчү экен. Ошентип жүрүп, акыры бир күнү колго түшүп, камалып да келди. Эргешбай менен Кеңешбай эл катары турмуш куруп, үйлүү-жайлуу. Кеңешбайдын аялы Сайра абдан жакшы аял, бирок балалуу боло албай жүрүштү. Аңгыча Эрмекбай түрмөдөн келип, бир күйөөдөн чыккан Зейнепке жолугуп, үйлөнүп жашап калышты. Мурдагы күйөөсүнөн бир кыз, бир уулу бар эле. Эрмекбайга келгенден кийин Калысты төрөп алды, бирок кызыл камчы, орой күйөөсү мас болуп алып аны көп уруп, уурулугун токтотпой, казактардын малын кыргыздарга, кыргыздын уй-жылкыларын казактарга сатып, дөөгүрсүп жүрө берди. Бир күнү Сайра күйөөсүнө:
- Кеңеш, Зейнептин кызын багып алсак кандай болоор экен? - деди көзүн жашылдантып.
- Берер бекен тиги жинди? - деп жер карады Кеңешбай.
- Мен Зейнепке айтайын, сен иниң менен сүйлөш.
- Болуптур, - деп Кеңешбай түнөрүп тим болду.
- Кеңеш, сенин түнөрүп, санаа тартканыңды билип эле турам, же мен төркүнүмө кетейин, сен үйлөнүп бала-чакалуу бол десем болбойсуң, мага деле жеңил эмес, - деди Сайра муңкана.
- Сакиш, сен кеткен күнү менин өлгөнүм, эч жакка кетпейсиң, экөөбүз тагдырдын башка салганын бирге көрөбүз. Бала болбосо эле жашабайт бекен, баары бир өмүр өтөт, балалуу да, баласызы да өмүрдө түркүк болбойт, - деди келинчегин бооруна кысып.
- Билбейм, ичиңде арманың барбы, өкүнүч-таарыныч барбы деп, сени ойлоно берип жүрөгүм чыдабай баратат.
- Эч кам санаба, Калысты биз багып алабыз, жинди менен өзүм сүйлөшөм, - деп кыналыша кучакташып жатып калышты. Ошондо Сайра отуз үч-отуз төрттөрдөгү болуп-толуп турган чырайы келишкен келин эле. Эртеси Сайра абысынына келди, Калыс алты-жети айлык болуп талпынып калган кыз. Ал кездеги эл ыймандуу эмеспи, кызын сурап келген улуу абысынына Зейнеп жок дей албады.
- Жеңе, Эрмекбай келсин, өзүңдү-өзүң билип калдыңбы дебесин.
- Мейли, ага акең дагы айтам деди.
- Жеңе, бу кызды ал жакшы көрбөйт, эки күн мурун эшикке чыгып кетсем, тулгадагы күйүп жаткан отко кактап атыптыр, - деп Зейнеп көз жашын сыгып алды. - Жаагын жанып ыйлаган кызыңды бир күнү өлтүрүп койом дейт, андан көрө силер багып алганыңар жакшы болор….
- Жинди болгон го…
- Жеңе, ал жинди эмей эмне эле, ичсе эле жинди да…
- Кокуй күн ай, баланы мерт кылып алса эмне болот?
- Ыйлаганын мен укпай тезек терип кеткенде өлмөк, жеңе, дагы угуп калбадымбы, ушу кызды неге мынчалык жаман көрөрүн түшүнбөй калдым.
- Ошо куруп кетсин, жүрүп-жүрүп калар анысы деле, - деп Сайра жубатууга сөз таппай калды. Көзгө сүйкүм, талпынып, күлүп калган наристени колуна алып, жүзүнөн өөп койду. - Ий, садага болоюн десе, чоңойсо керилген сулуу кыз болот.
- Сулуу болбосо да бактылуу болсунчу, жеңе, тигил болсо ичкенин токтотпой, уурулукту тымызын жасап коюп, тапканын кайда жумшаганы белгисиз. Дагы кайсы күнү колго түшүп калат деп менде жан жок, ойлой берип карып кетмей болдум. - Эки абысын чай ичип, сырдашып отуруп, Сайра кечке жуук кетти үйүнө. Ошондон эки күн өтпөй эле Калысты Кеңешбайлар алып кетти. Сайранын кубанычында чек жок, куурчактай кызды колунан түшүрбөй көтөрүп, өзү чапан тигип, тебетей жасап берип, эрмеги эле Калыс. Ал дагы күн өткөн сайын болпоюп көзгө көрүнүп чоңоюп баратты, өзү дагы башкача сүйкүмдүү. Кеңешбай менен Сайранын эрмеги кызы, экөө эки жагынан чыгып, жалынып-жалбарып турат.









кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??