п»ї

  жылдыз төлгө

31-майдан
7-июнга чейин
Кой (21.03 - 20.04). Бул жумада ар кандай өзгөрүүлөргө даяр болуңуз. Анткени, ушул убакка чейинки аткарып жүргөн иштериңиздин жыйынтыгын чыгарыш керек болуп калышы мүмкүн. Андан тышкары, кимдир бирөөгө бир иш жасап берем деп убада берген болсоңуз, аны дагы аткарууга туура келет. Ошондуктан, жакын арада ишке ашыра алам деп көзүңүз жеткен нерсени гана аткарыңыз.
Букачар (21.04 - 20.05). Азыркы убакта сиздин күчүңүз ашып, энергия топтоп турган чагыңыз. Ошондуктан эч нерсе ойлонбостон эле бардык жеке иштериңизди аткара баштаңыз. Эң башкысы, коркпостон алдыга гана кадам таштаңыз. Андан тышкары, сизди алдыңкы орунга көтөрүлүүңүзгө көп мүмкүнчүлүктөр бар. Аны колдон чыгарып албаңыз.
Эгиздер (21.05 - 21.06). Бул апта сизди жаңы жаңылыктар менен сүйүнтөт. Күтүлбөгөн кабар уксаңыз, аны токтоо гана кабыл алып коюңуз. Ошол учурдун өзүңүзгө керектүү жерлерин кармап калыңыз.Андан тышкары, кесиптештериңиздин ортосунда лидерлик орунду ээлеп кубанасыз. Ал эми финансы маселесинде көп акча сарптайсыз, бирок анча акчаны кайра кайрып ала албайсыз. Ошондуктан абайлаңыз.
Бөйөн (22.06 - 22.07). Көптөн бери кыялданып, пландаштырып жүргөн жумуштарыңызды бул жумада ишке ашырыңыз. Эгерде үйүңүзгө курулуш иштерин жасагыңыз келсе, ал дагы ийгиликтүү аяктайт. Ал эми досторуңуз менен эс алып келгиңиз келип жүргөн болсо, ал дагы кызыктуу бүтүп, көп энергия топтой аласыз.Мындан тышкары, жакын адамыңыз менен эс алганды унутпаңыз.
Арстан (23.07 - 23.08). Бул аптада үй-бүлөңүз менен келишпестиктер болуп кетиши мүмкүн. Ал уруштун башкы себепчиси сиз болосуз дагы, маанайыңыз түшөт. Ошол учурда сиз жардам күтпөгөн адам келип көмөктөшөт. Андан тышкары, жаңы жаңылык угуп калышыңыз мүмкүн. Аптанын аягында сүйгөн адамыңыз менен эс алып, болгон жаман кабарлардын баарын унутасыз.
Бийкеч (24.08 - 23.09). Бийкеч жылдызындагылар үчүн бул жума эсте кала турган күндөр менен коштолот. Ушул убакка чейин талыкпай эмгектенип келе жаткан болсоңуз, бул жумада өзүңүздү аяп, эс алыңыз. Курулуш маселеси боюнча пландарыңыз бар болсо, анда ага дагы убакыт бөлүп коюңуз. Анткени, кийинки жумада күтүлбөгөн конок күтүп калышыңыз ыктымал. Ошондой эле жаңы буюм алып өзүңүздү кубантыңыз.
Тараза (24.09 - 23.10). Бул аптада сизге убакыттын тез өтүп жатканы байкалышы мүмкүн. Анткени, аткарып жүргөн иштериңиз бүтпөй капаланасыз. Бирок өзүңүздү колго алып, кайгырбастан иштериңизди уланта бериңиз. Андан тышкары, жакын адамдарыңызды кубантып, күтүлбөгөн белек берип, же бир чакан кече уюштурсаңыз, бул жумаңыз күлкү менен коштолот. Анча-мынча сөздөргө көңүл бура бербеңиз.
Чаян (24.10 - 21.11). Өтө чоң эмес бир жакшы кабар угуп кубанасыз. Аны менен эле чектелип калбастан, алдыда жаңы таанышуулар күтүп жатат. Ал сиздин бардык иштериңизди ишке ашыра турган адам болуп чыга келет. Сүйүү жаатында жакын адамыңыз менен бир кичинекей нерсеге урушуудан алыс болуңуз. Анткени, ошол кичинекей чыр кийинки жумада чоң чырга айланып кетиши мүмкүн.Финансы маселеси жагынан жетекчиңиз менен кеңешип туруп иш баштаңыз.
Жаачы (22.11 - 21.12). Бардыгы сиз ойлогондой апта болот. Бирок бирөөнүн акысын жеп, ал адамды жаман абалга калтыргандан алыс болуңуз. Анткени, иш жаатындагы пландарыңыз ишке ашат, бирок бирөөнүн жардамы менен. Ошол жардамды чынчыл жол менен кабыл алыңыз. Ал эми үй-бүлөңүз менен үйдө эс алып, алардын ою менен болуңуз. Анткени, алар сиздин көңүл бурууңузга муктаж. Карьера жагынан ийгиликтер сиз тарапта болот.
Текечер (22.02 - 20.01). Бул жумада бардык убактыңызды жакын адамдарыңызга, үй-бүлөңүзгө гана арнаңыз. Андан тышкары, жакшы көргөн жумушуңуз менен алек болуңуз. Ар бир адамдын сөзүнө көңүл буруп угуңуз. Анткени, кийинки жумада ошол сөздөр жашооңузду жакшы жакка өзгөрткөнгө түрткү болот. Карьера жаатында эч кандай өзгөрүүлөр болбой, бардыгы өз нугу менен кете берет. Эч ойлонбоңуз.
Суупери (21.01 - 19.02). Суукуйдулар бул жумада үмүт менен гана жашашат. Кийинки жуманы кыялданып жакшы болот деп бардык пландарын эмки жумага калтырышат. Эмки жумада, албетте, аткарылат, бирок кичине кеч болуп калат. Ошондуктан бул аптада эле баштаганыңыз оң. Андан тышкары, күтүлбөгөн белек алышыңыз ыктымал. Сүйүү жаатында жаңы таанышуу болот, аны колдон чыгарбай кармап калыңыз.
Балык (20.02 - 20.03). Бул апта өтө татаал сиз үчүн. Ар бир кылган ишиңизди иликтеп, кичинекей маселелерине чейин карап чыгышыңыз керек. Ошондо гана аткарган ишиңиздин жыйынтыгын чыгарып, кийинки жумада эч өкүнбөйсүз. Сүйүү жаатында экөөңүздөрдүн ортоңуздарда чыр-чатактар болуп жарака кетиши мүмкүн. Бирок кийинки жумада ал уруш жөн жерден болбогону жана жакшы жакка аяктаганы байкалат. Аптанын аягында үй-бүлөңүз менен убакыт өткөрүп, сүйүктүүңүз экинчи планга өтөт.




  Назгүл Насиева:

"Айчүрөк элдин алдында өзүнүн кемчилигин ачып отурат"

Айчүрөк ушак сүйлөгөнгө, интрига жүргүзгөнгө убактысы жок болсо, эринбей аябай ушактарды сүрүштүрүп, болбогон интригаларды жүргүзө баштаганына мен кубанып отурам. Анткени, мына элдин алдына алакандай кол жайып, өз кемчиликтерин ачып отурат. КРнын Эмгек сиңирген артисти кандай конкурска катышканын да билбегени таң калыштуу! Атуулдук ырлар конкурсуна М.Эшимканов эч жерде ырдалбаган сөздөрү да, обону да жаңы, патриоттук духтагы ырга 100 миң сом байгени композитор, акындарга жарыялаган. Ал эми менин окуучуларым эң мыкты деңгээлде "Ата Журтум" деген ырды ырдаганы үчүн автор жана композитор Мурзали Жээнбаевдин колунан 100 доллардан Аида Кулуева жана Эрмек Маматовдор алышкан. Ал эми Мурзали Жээнбаев 1-даражадагы диплом менен 100 миң сомду сахнадан Мелис Эшимкановдун колунан жеңүүчү катары алган. Качан болбосун устатым Динара Акулованы жээрип эле жүрөт. Кубанычтуу кабар айтып коёюн, Динаранын окуучулары эч качан гезит бетинен устаты менен айтышып, бир-биринин абийирин эл алдына төккөн эмес! 24 жылдан бери сахнада иштеп, кайсы ырчыны Атабековдун даражасына жеткирип алды экен? Шакирттерин калдыкка теңеп, кайсы окуучусун мен иштетип акча таап атыптырмын? Мына Айчүрөктүн бүгүнкү атакка маарып, оозуна келгенди сүйлөй баштаганы. Жол болсун, Сахна ханышасы, Примадонна, Кыргыз Республикасынын Эмгек синирген артисти. Сизге теңелип элге жаман атты болгум келбейт, ага болбой эле оозго эмне келсе сүйлөй берсеңиз, сизге да эл билбеген толтура компроматтар даяр турат. Кимдин кандай экенин кадырман калк өзү таразалап алат.









кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??