п»ї

  Дил маек

Гүлзада Рыскулова:
"Чоң сахнам бактын үстү, үйдүн чатыры болчу"
"Мен кыргыздын кызымын" деп ырдаган патриот ырчы Гүлзада Рыскулова табиятынан жаратылышка, мекенге, элге жакын экенин билдирди. Ырчылыкты өзүнчө бир "миссия" деп эсептеп, адамдын ички дүйнөсүнө көбүрөөк маани берет экен.

- "Мен кыргыздын кызымын" деп ырдаганыңызга караганда, өзгөчө патриот адам окшойсуз?
- Кыргыз болуп төрөлүп, ыйык, өзгөчө кооз жерде жашап жаткандан кийин, ар бир адам өзүнүн жери үчүн патриот болуш керек, бул биздин милдетибиз деп эсептейм. Бул ырым, мен кыргыздын жан дүйнөсүн, элин-жерин көбүрөөк изилдеп, кыргыз болуп жаралып калганыма толкунданып турган учурда жаралган чыгарма. Сөзүн курбу кызым Шахзада Абсаматова жазып берген, бирок ырым жаралганга чейин деле, "Мен кыргыздын кызымын" деген саптар оозума келе берчү, ошону улантып кеттим десем болот.
- Жалаң патриоттук ырларды аткарганыңызга эмне таасир болду?
- Мен ушул чөйрөгө аралашып, патриоттук ырларды ырдап калганыма кыргыздын эң жөнөкөй үй бүлөсү, кыргыз дүйнө таанымын терең өздөштүргөн, көп жылдардан бери кыргыз дүйнөсүн изилдеп келген Алай жериндеги Мамурасул Зульфия деген инсан мага чоң таасир калтырды десем болот. Ошол адамдан кыргыздын өзгөчө жолу, анын баалуулуктары жөнүндөгү абдан сонун маалыматтарды угуп,кыргыздар жомоктогудай жашоону жашап өткөндүгүн түшүнүп, табият менен гармонияда болуп, бардык нерсенин тилин билүүгө үйрөндүм. Бул инсандар дегеле менин адам болуп калыптанышыма таасир берген, мен баалаган, турмуштук тарбиячым десем болот.
- Патриоттук ырларым элге таасирин тийгизип жатат деп ойлойсузбу?
- Мен, негизинен, табиятыман элге, жерге, мекенге жакын адаммын, ошондуктан ырларымдын көбү патриоттук ырлар. Мен бул ырларым менен жаштарды кандайдыр бир деңгээлде патриоттукка үндөп, өзүмдүн аз да болсо салымымды кошуп атам десем болот. Жакын арада эле бир эже келип мага рахматын айтты,анын атасы кыргыз, апасы орус экен. Орусча тарбияланып калгандыктан, кыргыз тилинде бир да сөз билбейт экен. "Мен кыргыздын кызымын" деген ырды уккандан кийин, "мен деле кыргыздын кызымын го, эмнеге бир да сөз билбейм" деп, кыргызча үйрөнүүгө аракет кылып атканын айтып, мага ыраазычылыгын билдирди. Мындай сөздөрдү укканда жүрөгүм жылып, аз да болсо элге салымымды кошуп атыптырмын деп ойлоп коём.
- Байкашымча, эркек мүнөз да окшойсуз?
- Азыркы заманда аялдардын баары болбосо да, көпчүлүгү эркек мүнөз болуп калды. Азыр аялдар базарда, дагы бир оор жумуштарда иштешет. Турмуш ошого алып барды. Аялдар көптөгөн маселелерди эркектерден ашса ашып, кем калбай чечип калышты. Бирок аял болгондон кийин назиктигибизди, сулуулугубузду жоготпошубуз керек. Бирок, кээде жашоо эркек мүнөздүүлүктү да талап кылат. Бекеринен Курманжан даткадай, Каныкей энебиздей аялдар чыккан эмес. Биз ошолордон таасирленишибиз керек.
- Жоон үнүңүз менен да айырмаланып турасыз, жаратылыштан ушундайбы, же кимдир бирөөнү туурап ырдайсызбы?
- Ар бир адамда катылган таланттар болот экен, ошону сууруп чыгыш үчүн ал өзүнүн жан дүйнөсүнө көбүрөөк саякатка чыкканда гана талант толугу менен ачылат экен. Мен эч кимди туурабайм, бирок таланттуу адамдардан таасирленем. Негизи, менин үнүм маанайыма жараша чыгат, эгер эл жакшы кабыл алса, шаңшып калат. Муздак суу ичпей, балмуздак жебей, семичканы такыр чакпай үнүмдү сактаганга аракет кылам.
- А сиз канча жашыңызда ички дүйнөңүзгө саякатка чыгып, талантыңызды сууруп чыктыңыз?
- Мен тилим чыккандан бери эле ырдап баштасам керек. Кичинекейимде чоң сахнам бактын үстү, тамдын чатыры болчу, кыскасы, бийик жерлерге, өзгөчө бакка чыгып ырдаганда өзүмдү бийик сезип, чоң сахнага чыгып ырдап аткандай толкунданчумун. Ал убакта ыйласам дагы кайгылуу музыканы коюп алып ыйлачу экенмин. Азыр бир туугандарым: "Гүлзада ыйласа да, кайгылуу музыкаларын кошуп алып ыйлачу",-деп тамашалап калышат.
- Сиз радиодо иштеп жүргөнүңүздү да билебиз, өзүңүз кайсы кесиптин ээсисиз?
- Мен Ош Мамлекеттик Педагогикалык Институтунун музыкалык бөлүмүн бүтүргөм. Ырчы болом деген тилегим катуу болгондуктан, максатыма жетиш үчүн радиого келип иштедим. Телевидениенин эшигин аттап, ошол жерден сьемкаларга тартылып, ырларымды жаздырганга шарт болот деп ойлогом. Кийин диктор болуп иштегенде деле, чыгармачылыгымды чогуу алып кетем деген оюм бар болчу, бирок бир эле убакта алып баруучу жана кабарчы, журналист болуп иштеп жетише алган жокмун. Ошого карабастан "Дүнүйө" деген дастанды чыгардым.
- Сахнадан көп көрүнбөгөнүңүздүн себеби эмнеде?
- Сахнада үч мүнөт ырдап койгону менен анын аркасында чоң эмгек жатат. Жалгыз баланы тарбиялоо, чыгармачылыкты алып кетүү татаал, ошого карабастан музыка дүйнөсүн абдан сүйгөндүктөн, суурулуп чыгып атам. Булардын баары жагымдуу кыйынчылыктар десем болот. Алдыда дагы көп максаттарым бар, азыр мен изденүүнүн үстүндөмүн. Эс алууга да убакыт келет деп ойлойм.
- Эртерээк, студент кезимде эле ырдап чыксам болмок деп өкүнбөйсүзбү?
- Ырчылыкты мен өзүнчө бир миссия деп эсептейм. Ошол ырымды элге арнап,аруулук тартуулап, жакшылыкка үндөгөн, тарбиялык мааниси бар ырларды тартуулаганга аракет кылам.
- Сиздин продюсериңиз жокпу? Дегеле ырчыга продюсер керекпи?
- Продюсерим жок, бирок эл аралык деңгээлге чыгыш үчүн ырчыга продюсер керек. Ырчыга продюсер менен иштеш абдан жеңил болот. Продюсер керек эле деп кол куушуруп, олтура бергенден алысмын, өз алдынча эле иштеп жатам. Бирок таланттуу продюсер, жакшы уюштуруучу чогуу иштешүүгө сунуш кылса, каршылыгым жок..
- - Шоу бизнес чөйрөсүндө кимдер менен дос, кимдер менен кассыз?
- Касым да, досум да жок. Жакын мамиледе байланышып турган, мен баалаган инсандар бар.
Эркин Шаршенбаева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??