Сыр маек

Ынак Осмоналиев:
"Дүңк-мүңкү" жок эле сопсоо баратып кырсыктаганбыз"
Ар бир уюлдук телефондо "Мумиё" деген ыр жаңырса керек. Ошол ырдын аткаруучусу Ынак Осмоналиев менен маек.

- Көп ырчылар азыр билимин жогорулатып, улуу инсандардан вокал жагынан сабак алып жүрүшкөндөрүн көрүп жүрөм. Сиз да алардын катарындасызбы?
- Музыкалык билимим жок. Кудайым берген талант. Аккордеондо, комузда, ямахаларда ойнойм. Эң биринчи комуз үйрөнүп, кийин апама ыйлактап жатып аккордеон саттырып алып, аны да үйрөнүп алдым.
- Өткөөл куракта балдар гитараны колго алып, кыздарга серенада ырдап калышат эмеспи. Сиз да айылдын кыздарына ырдап калган чыгарсыз?
- Ал учурда көчөлөрдө аккордеон жана гитара менен ырдамай мода болчу. Отуруштарда ким аккордеон же гитара менен жакшы ырдап койсо эле, ошонун жанынан кыздар кетпей калар эле.
- Ошентип ырдап жүрүп эң алгачкы сүйүүңүзгө канча жашыңызда жолуктуңуз эле?
- Менин алгачкы сүйүүм-азыркы жубайым. Мектепти аяктап калган кезде таанышканбыз. Төрт жыл сүйлөшүп, баш кошконбуз. Бирок ага чейин да 7-8-класста тоок сүйүүлөр көп эле болгон.
- Жубайым деп кеттиңиз, келинчегиңизди башкаларчылап элге көп көрсөтпөйсүз. Абдан кызганчаак окшойсуз да?
- Мен анчалык реклама менен иштебейм. Андай иштерге көп деле көңүл бурбайм. Келинчегимди мындан 3 жыл мурунку концертиме алып чыгып, чогуу дуэт ырдаганбыз. Кызганыч, албетте, болот да. Кызганыч - сүйүүнүн, махабаттын бир белгиси.
- Кээ бир үйлөрдө кызганычтын айынан чыр чыкса, кээ бирлердин никеси кызганычтан бекемделет экен. Сиздердин үйүңөр кызганычтан ырга бөлөнөбү же чыргабы?
- Биздин баш кошуп, бирге жашаганыбызга он жыл болуп калды. Кызганычтын айынан жашоонун ачуусун да, таттуусун да көрүп бүттүк окшойт. Азыр болсо, бири-бирибиздин айта турган оюбузду жарым сөздөн түшүнүшүп, обу жок жерден чыр чыгарбайбыз.
- 3 кызыңыз бар экенин элдин баары билсе керек. Эми эркек уулду качанкыга пландап жатасыздар?
- Кудайдын буйруган учурунда болот. Бирок эркек төрөмөйүнчө төрөтө берем. (Күлдү) Кыздарымдын улуусу 4-классты бүттү. Ортончусу беште, кичүүсү үчтө. Азыр эки кичинекей менен алекмин. Бала бакчага алып барып, кечинде кайра алып келмей.
- Келинчегиңиздин да ырдай турган чымындары бар окшойт да?
- Жок, андайы жок. Кесиби-юрист. Келинчегимдин чыгармачылыкка көп деле жакындыгы жок. Ушунча жашап жүрүп ырдаганын бир-эки жолу эле уккам. Концерт берерде гезиттерден чалып: "Концертиңизде эмне өзгөчөлүк болот?" - деп сурап калышканда, эмне айтарымды билбей, карасам жанымда келинчегим туруп калыптыр. "Келинчегим менен ырдайм", - деп калдым. Келинчегим коркуп кетти. Айтылган сөз-атылган ок демекчи, айткандан кийин аны сөзсүз түрдө аткарыш керек. Ошентип, келинчегимди үн жаздыруучу студияга алып барып, үнүн жаздырттым. Болду мындан ары ырдатпайм дегем.
- Келинчегимди болду ырдатпайм деп жатпайсызбы.Шоу чөйрөсүн кир деп жүрүшөт. Мүмкүн, ошол кир деп жүргөн чөйрөгө кошкуңуз келбей жаткандыр?
- Жок, андай деле эмес. Аялдын орду үйдө, ашканада эле болуш керек деп ойлойм. Бул сөз биздин ырчы эжекелерибизге катуу тийип калбасын. (Күлдү)
- Репертуарыңыздагы ырларыңыздын обону жана сөзү өзүңүздүкүбү?
- Ооба, өзүм чыгарган жана эски ырлар да бар.
- "Мумиё" менен "Кызгалдакты" эски ыр деп жүрүшөт.
- "Кызгалдакты" биз мектепте окуп жүргөн кезде эле ырдап жүрчүбүз. Биздин айылдык Кубат Болотканов деген байкенин ыры болот. Мектепте окуп жүргөн кезде эле бул ырды аккордеон менен ырдачубуз. Ошондуктан, жүрөккө сиңип калган ыр. Бул ыр чыгарда эле хит болорун билгем. Ырчы болгондон кийин, саны көп, сапаты жок ырларды чыгаргандан көрө, аз чыгарсаң да сапаттуу болсо, элдин жүрөгүнөн түнөк табат деген ойдомун."Аппак карды" да мектепте ырдачубуз. Бул жерде ырды бир айга жакын аранжировкасынын үстүнөн иштеп, ар кандай кыйынчылыктар болгон. "Оп дага дигидай, най-на на-на-най" деген жерлерин оюман чыгарып, өзгөчө кылайын дедим. Элдердин көңүлүн бурдуртуш керек болгон. Акыры казактар ошол ырды сатып алды.
- Эгер ырчы болбой калсаңыз, кайсы кесипти аркаламаксыз?
- Милиция болмокмун. Анткени, ошол тарапта окугам. Ошон үчүн ырчы болом деп ойлогон эмесмин.
- Милицияларды чоң муштум деп жүрүшөт. Сиздин да чоң муштумуңуз жеңенин чекесине тийип кетпейби?
- Жок, аялдарын милициялар эле эмес, башка кесиптин ээлери да сабашат. Негизи, сабабайм деп да айтпайм, буга чейин болсо болгондур. Бирок милициялык кесибимдин кедергиси биздин жашообузга тийген жок.
- Чыгармачыл адамдар назик, таарынчаак деп калышат. Ырчы болгондон кийин, сизде да аталган мүнөздөр бар болсо керек?
- Кудай сактасын, бизде андай нерсе болгон эмес, болбойт да болуш керек. Биздин дээрибизде андай назиктик да, таарынчаактык да жок.
- "Дордойдогу" бизнесиңиз эмне болду?
- Алар калган. Келинчегимди иштетип көрөм го. Иштетсе ошол иштетет.
- Кээ бирлер редакцияга келип: "Ынак Дордойдо эле соода кылып жүрчү эле, кантип ырчы болуп калды?"- дешет.
- Туура, буга чейин Дордойдо иштечүмүн. Ошол иштеген каражаттарымды апама, үй-бүлөмө көрсөтпөй катып, чыгармачылыкка жумшап жүрдүм. Аларга көрсөтүп бир алсам, көрсөтпөй бир алып жүрдүм. Чыгармачылыгыңды ташта деп ата-энем, келинчегим каршы чыккан учурлары болгон. Ал учурда келинчегим экөөбүз улам бир квартирага көчүп жүргөн мезгил болчу. Ошол мезгилде:"Биздин жашообуз оңолбойт, мындай болбойт, тигиндей болбойт, сенин ырчылыгыңдын эмне кереги бар?" - деген да күндөр болгон. Азыркы учурда ошол кылган мээнетимдин үзүрүн көрүп атам десем болот. Акча табуунун уяты жок, же бир үйдүн жарыгы бир үйгө тийбейт деген сөз бар. Азыр деле иштейин дейсиң, болгону туура эмесирээк болуп калабы дейм. Эми базар болгондон кийин, бирөө келип жакшы сүйлөсө, экинчиси келип жаман сүйлөйт. Ага менин "нервим" чыдабайт. Ошол себептен улам Дордойдо иштебей калганыма беш жылдай болуп калды. Азырынча ал бизнес токтоду.
- Көп сүйлөбөй, эл менен көп аралашпай жүргөндүктөн, сизди кырс мүнөз, бой көтөргөн бала дегендерин угуп калам. Чын эле ошондойсузбу?
- Көпчүлүккө ошондой эле сезилет окшойт. Өзүмө дагы:"Мен сизди мындай экен деп жүрсөм, көрсө, башкача турбайсызбы", - деп калышат. Ар бир эле кишиге, жакын болгончо ошондой кырс сыяктуу көрүнөт окшойм да. Милицияда иштеп жүрүп токтоолукту кичине үйрөнүп калганбыз. (Күлдү) Аралашканча эле кырс көрүнөм. Аралашкандан кийин тамашанын баары менде жатат.
- "Мумиё" деген концертиңизде күйөрмандар көп келип, зал толгон. Ошол концертиңизди ким уюштурду эле?
- Концерт маалында үй-бүлөбүз менен Ысык-Көлгө эс алып келе жатып, автокырсыкка учурап, жубайым экөөбүз ооруканада жатканбыз. А концертке бир ай калганда уюштуруу жагы чоң маселе болуп, Рысбек Жабиров байкени концертимди уюштуруп бериңизчи деп чакыргам. Ал концертти Рысбек байке уюштурган.
- Күйөрмандар көп келсе дагы, сизге аз акча берип коюп, уюштурган адам экөөнүн ортосунда кандайдыр бир келишпестиктер болуп кетиптир деп угуп калдык эле?
- Жок, ал администратор Рысбек Жабиров экөөбүздүн ортобузда эч кандай пикир келишпестик болгон жок. Дагы деле сый мамиледебиз. Мен ал адамга ыраазы болгом. Мен өзүмө тиешелүү акчанын баарын алгам. Ооруканада жатып, өзүм көз каранды болуп, Рысбек байкени чакыртып, ал байкенин жардамы менен ошол концертти өткөзгөндөн кийин, мен ал адамдын аркасынан эч кандай жаман сөз сүйлөбөйм.

Төлөбүбү
Касымалиева