п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Күүгүмдөгү сыр маек

Бек Борбиев:
" Бетховендин жашаган үйүнө чейин баргам…"
"Кызыгамын сага кызым сылык мүнөз, кызыл гүлүм сен менин…","Аттиң неге жолуктуң, сени алам деп оолуктум…","Түшүндүрүп кантип айтам, айтылгыс арман…" деги койчу ар бир ыр саптары жүрөгүңдү дирилдетип өтөт эмеспи. Аккордеонун колуна алып, сезимиңди кытыгылап ойготкон мукамдуу музасын укканда, канча аялзатынын кумири болду экен дейсиң. Азыркыга чейин бийкечтердин жүрөк оорусу болгон, КРнын Эмгек сиңирген артисти, кайталангыс ырчыбыз Бек Борбиев менен маек.

- Обончулардын бүйүрү кысталышта кызыйт. А убактысы кенен кезде сууган деми чиймеленет экен. Ал эми сизге "илхом" кандай маалда келет?
- Мен алгачкы чыгармаларымдан баштап эле, "илхомду" күтүп отурган адам эмесмин. Башынан эле күнүнө бир-эки саат чыгармачылык менен иштегенди адатка айлантып алгам.
- Австриялык жазуучу Карл Краус: "Айымдардын көзүнөн менин оюм окулуп турганын каалайм",-дептир. А сиз оюңуздун окулушун каалайт белеңиз?
- Кыз-келиндер менин оюмду бардык убакта окуп коюшун каалабайм. Оюңдун окулушунун да өз убакты-сааты келет. Негизи, сырыңды каткан учурларда оюңду уурдап алыштын кажети жок деп ойлойм.
- Анык акындар өздөрүнүн каармандарына чыгармасын жаратканга чейин эмес, жазгандан кийин жолугушат. Сиз ырларыңыздын каармандарына кайсы убакта жолуккансыз?
- Менин ырларымдын каармандары деле жок. Айрыкча, "Эркинай","Уулуң мага окшогон" деген ырларыңдын каармандары ким?"-деп кызыгып сурап келгендердин аягы азыркыга чейин тыйылбайт.
- Жакшы хирург бычак менен нервди чырпып өткөнүн даана сезгендей, жакшы обончу музыкалык ыргактын желаргысын сезе билет экен. Сиз да ошондой нерсени сезе аласызбы?
- Мен өзүм ырдап жүргөн ырлардын дээрлик бардыгынын обону мага таандык. Обон чыгарсам элге жете тургандай обон жаратам. Өзүмдүн купулума толо турган ырларды чыгарам. Анан ыр менен обон айкалышканда гана менин ырларыма суусап турган чакта элге тартуулайм.
- Касыңа карыз берсең достошосуң, досуңа карыз берсең коштошосуң деп коёт го. Сиздин жашооңузда кайсынысы басымдуулук кылган?
- Экөө тең эле кездешет. Турмуш экен да, экөө тең эле бирдей болуп келе берет. Достук деген дайыма таттуу, бекем, ыйык сезим. Аны өмүр бою сактаса болот. Бир гана жаман жери-дос достон карыз албаса.
- Кур үгүт узарса курсактын курулдаганы күчөйт дегендей, сизди да кур үгүттөгөндөр болгондур?
- Курсактын курулдаганына кур үгүт алып келет дегенге кошулам. Мен саясатта аралашып жүрдүм, андыктан, бул сөздү өзүмө жармаштыра албайт элем. "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын өз идеясы, өз позициясы бар. Муну мейли шайлоочуларбы, мейли азыркы бийлик бутакта отургандарданбы: "Силер өттүңөр эле",- дегенди угуп келебиз. Эми муну кийин тарыхтын бир барагынан окуп калат болушубуз керек. Чындыкты канчалык жаап-жашырбагын баары бир калкып чыгары анык.
- Аялзатынын сулуулугун ашкере сүрөттөгөн Барпы акындан кийин сиз деп билем. Айымдарга ыр чыгарардан мурун ошол каармандын элеси көз алдыңызга тартылабы же…?
- Албетте, ар бир чыгармачыл адамдын жан дүйнөсүндө бардык жагынан төп келишкен кыялында элестеткен аялзаты жашайт. Ал кишинин музасын да чырайлуу айым бийлеп алат. Турмушта да өзүң жактырып калган сулуу кыздардын айтып бүткүс кооз сулуулугун көрө аласың.
- Айтылуу француз жазуучусу Жермена де Сталдын: "Сүйүү-аялдар үчүн өмүр баян, эркектер үчүн жашоонун бир үзүндүсү",-деген накыл сөзүнө кошуласызбы?
- Бул сөзгө мен толугу менен кошула албайм. Анткени, заманыбыз ушундайбы, айтор, кээ бир аялдарды билем. Бир гана эркектерде эмес, азыр алардын деле ою боюнча сүйүү-жашоонун үзүндүсү болуп келе жатат.
- "Классика" деп таанылган китептердин баарын жанталашып топтойт, бирок бир да киши толук окуп чыкпайт экен.Сиз кайсы классикалык китепти толук окуп чыктыңыз?
- Мен Ч. Айтматовдун 90% классикалык китептерин окуп чыктым. Мен толук окуй элек "Кассандра тамгасы" жана "Кылым карытар бир күн" романы.
- Белгилүү Америкалык жазуучу Марк Твен:"Тамекини таштагандан жеңил нерсе жок, мен аны отуз жолу таштагам"-дегендей, байкашымча, тамекини көп чегет экенсиз. Сиз канча жолу тамекини таштадыңыз эле?
- Мен тамекини үч жолу таштагам. Биринчи жолу 22 жашымда тамекиге кызыгыш үчүн чеккем. 25 жашымда такай чеккендердин катарын толуктап калдым. 30 жашымда тамекиден арылайын деп эки жыл чекпей койгом. 35 жашымда 1 жарым жыл тамекини таштагам. Мына быйыл 1 же 1 жарым ай таштап кайра чеге баштадым.
- Дүйнөнүн жарымын басып алып тарыхта аты калган Чыңгыз хан деле ажарлуу айымды көргөндө алсыз болуп:"Мен азгырыктын башкасынан баарына туруктуумун",-деген экен. Сиз да оңой азгырыласызбы же эркиңиз күчтүүбү?
- Мен деле бардык эркектер сыяктуу азгырылып кеткен убактарым болгон. Жүрөк кургур бир элирип кетсе, аны ооздукташ кыйынга турат да. Бирок эрк күчтүүлүк кылып азгырылбай турган убагым деле кездешет.
- "Жашоого караганда чындыгы көбүрөөк үчүн театрды сүйөм",- деген экен кайсы бир даанышман ойчул. Театрдан көргөн кайсы спектакль эсиңизде калды?
- К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл драма театрында 9-майга карата коюлуп жаткан спектаклин көрдүм эле. 1941-жылдагы согуш жөнүндө жакшы чагылдырып беришиптир. Башкы каармандын образын КРнын Эл артисти Алтынбек Шатенов аткарган. Мага эбегейсиз зор таасир калтырды. Себеби, көрүүчүлөрдүн баарын ыйлатып жиберди. Менин оңой менен көз жашым акпайт, бирок мени ыйлаттырганга жакындаткан да.
- "Бозойдун мыйыгынан күлгөнү- селкинин оюн билгени" деген макалды кандай чечмелейт элеңиз?
- Мен бул макалга кошула албайм. Бозой мыйыгынанбы, же каткырып күлгөн учурда деле селкинин оюн билиш кыйын. Бозойго селкинин ою сыр бойдон эле калганы дурус го. Ошондуктан селкилер табышмактуу болуп, бозойлорду көп мыйыгынан күлдүрө бербеш керек да.
- Ар бир эле моданын жаңысын кастарлап, эскисин чанат экенбиз. Кийимге болгон табитиңиз?
- Мен консерватор болуп эскиче кийинбейм. Заманга жараша кийим тандайм. Сахнага чыкканда классикалык стилде кийингениме эл күбө.
- Ыр дүйнөнү багындырып, чыгармалары классикага айланган Л. Бетховендин "Лунная сонатасы" жалпыбызга маалым. Ал эми "Элиза" аттуу пьесасын кайсы айымга арнаган?
- Мен Бетховендин жашаган үйүнө чейин баргам. Анын изи калган көчөлөрүндө баскам. "Элиза" пьесасын негизи Бетховендин шакирти Тереза Молфаттиге таандык деп чаташтырып жүрүшөт. Чындыгында, сопрана ырдаган Элизабет Рёкелге арнаган экен.
- Италиянын гумандуу жазуучусу айтылуу Жованни Бокачонун белгилүү чыгармасы кайсы?
- "Декамерон" экенин билем.





Нурзат Токтосунова:
"Шашканымдан көйнөгүмдү тескери кийип алыпмын…"
"ТРТ Аваз" жана 1-коомдук канал биргелешип даярдаган долбоор "Достук көпүрөсү" эмеспи.
Долбоордун режиссёру Фатима Узбекова:
- Программада канча бир секунд ичинде кечигүүлөр да байкалып калат. Себеби эмнеде?
- Чындыгында, түз эфирди даярдаш абдан кыйын. Кыргызстандан Турцияга өтүп жатканда 5 секунд айырма болуп жатат. Үч мамлекеттин ортосунда бир байланыш болуп жатат. Ушулардан тышкары көрүүчүлөрдүн санын отуздан ашык мамлекеттер түзөт.
Эркин Рыскулбеков:
- Эркин мырза, сизди көпчүлүгү "Түнгө карай" долбоорунан улам таанып калышты. Түз эфирге чыгуу да оңой-олтоң иш эместир?
- "Тил көпүрөсүнүн" бүгүнкү чыгарылышынын даярдыгына жардам көрсөтүүгө анчейин үлгүрбөй калым. Себеби, бир жума Турцияда жүргөм. Эрте менен саат 9да келип, өзүм даяр болууга араң үлгүрдүм. Ошондуктан бул программаны Нурзат даярдады. Болбосо экөөбүз чогуу даярдап, жок эле дегенде эки-үч күн убактыбызды сарптайт элек.
- Бүгүнкү тема "Акыркы коңгуроого" арналыптыр. Коноктор тууралуу айта кетсеңиз?
- Биздин куттуу студиябыздын кадырман коноктору тоо булагындай тунук шыңгыр үнү бар, ырлары да уккулуктуу ырчыбыз Жамила эже болду. Ал жагымдуу ырын ырдады. Эрлан Андашев "Сүйүп калдым кантейин" аттуу ырын тартуулады. Анан мен Эрланды тамашалай: "Эми, үйлөнүп алдым кантейин" деп ыр чыгарасыңбы?"-дедим.
Нурзат Токтосунова:
- Бүгүн программаны өзүңүз жалгыз даярдап, кантсе да амалын тапкан турбайсызбы. Кыйынчылык туудурган жокпу?
- Бул чыгарылышы шашылыш түрдө даярдалып калды. Эркин келбейт го деп ойлогом. Экөө болгондо, Эркин да бар деген ишеничте чоң жоопкерчилик жүктөлөт эмеспи. Бир убакта көргөн көзүмө ишенбейм, Эркин келип калыптыр.
- Түрк улутундагы конокторду да байма-бай чакырып турасыздарбы?
- Ооба, биздин берүү достук каналы болгондуктан боордоштордун да салт-санаасын, үрп-адатын, маданиятын билүүгө куштарбыз. Бүгүнкү коногубуз Көкхан Йылмаз. Кыргыз-Түрк Манас Университетинде даярдоо курсунда окуганына карабастан, кыргызча мыкты өздөштүрүп алыптыр. Алыкул Осмоновдун "Ата Журт" аттуу ырына өзү обон чыгарып ырдап берип бизди таң калтырды.
- Бүгүн кандай жагымдуу маанайга туш болдуңуз?
- Бүгүн мен программаны алып барып бүткөндөн соң, көйнөгүмдү тескери кийип алганыма күлкүм келди. Улам-улам көйнөгүмдү тарткылап коём, чынын айтсам толуп кеттимби деп да ойлодум.

Динара Асылбекова









кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??