п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Ой, сүрөтчү, сүрөтчү, тартсаң тартчы сүрөттү

Султан Досалиев:
"Прессада" жүрүп, Президентти тартып калдым"
Ар бир кесип ардактуу эмеспи. Өзүнүн ишин мыкты билген КРнын Президенти Отунбаева Роза Исаковнанын сүрөтчүсү Султан Досалиев кесиби тууралуу айтып берди.

- Сүрөтчүлүк кесибиңизди алгач эмнеден баштадыңыз эле?
- Атам сүрөтчү болгондуктан, ага жардам берип жүрүп эле сүрөткө болгон кызыгуу пайда болду. Бир жагынан абдан кызыккан болсом, экинчи жагынан акча таап жүрдүм. Негизи, сүрөттү хобби катары эле кабыл алчумун. Чынын айтсам, сүрөтчү болом деп эч ойлогон эмес экемин. Бир жолу байкем:"Чоңойгондо ким болосуң?" - десе,"Президент болом", - дептирмин. Ошондо байкелерим аябай сүйүнүшкөн эле. Кудайга шүгүр, президент болбосом да президентти сүрөткө тартып жүрөм.
- Бизде атайын сүрөтчүлүк кесипке үйрөтчү окуу жайлар жок эмеспи. Сүрөтчүлүк билимиңизди кантип өркүндөтүп келе жатасыз?
- Сүрөт боюнча менин эң биринчи устатым өзүмдүн атам болду. Атам мурун иштеп жүргөндө азыркыдай санарип фотоаппарат эмес жөнөкөй фотоаппараттар менен тарткандыктан, караңгы бөлмөгө отуруп алып чоңойткуч менен сүрөттөрдү чыгарып көрчүбүз. Анан менин тарткан сүрөттөрүмү көрүп: "Бул жерин мындай тарт",-деп үйрөтчү. Буга чейин "Эркин-Тоо" гезитинде, Кабар агенттигинде иштедим. Кабарда иштеп жүргөндө Вашингтондон Associаted Pressтин шеф-редактору келип бизге семинар өткөн. Ошондон да көп сабак алдым. Андан тышкары, интернеттен дүйнөлүк агенттиктердин сүрөттөрүн карап үйрөнүп турам.
- Профессионалдуу сүрөтчү болуш үчүн кандай билим керек?
- Чыныгы дасыккан сүрөтчү болуш үчүн эң биринчи билим керек. Бирок, бизде атайын сүрөтчүлөрдүн окуусу жок. Чынын айтканда, биздеги чыгаан сүрөтчүлөрдүн көбү өзү үйрөнүп алгандар. Сүрөтчүлүк да өзүнчө бир өнөр. Кээ бирлер сүрөт тартат десе эле фотоаппаратты кармап алып басып коёт деп ойлошот. Кадрды кантип түзүш керек, аны кантип кармаш керек дегендин өзү эле чоң искусство. Мындай талант ар бир адамга бериле бербесе керек. Мен тарткан сүрөттөрдөн нааразы болгондор жок. Көбүнчөсү эле макташат. Сагын Айылчиев деген профессионал сүрөтчүбүз бар. Атайын сүрөтчүнүн окуусун Ленинграддан бүтүп келген. Учурда өкмөттө иштейт.
- Фотоаппаратты сатып алууда эң биринчи эмнесине көңүл бурасыз?
- Азыр илгеркидей фотоаппараттар дээрлик жок болгондуктан, эң биринчи эле "Canon","Nikon" деген алдыңкы фирмалардын фотоаппараттарын алам. Башында "Canon" менен тартып баштагам. Эки жылдан бери "Niconдун" фотоаппараттары менен иштеп жүрөм.
- Он жашымдан бери сүрөт тартып келе жатам деп кеттиңиз. Үйүңүздө фотоаппараттын коллекциясы бар болуш керек?
- Чынын айтсам, фотоаппараттар үйгө батпай кеткенинен атамдын фотостудиясына алып келип койгонбуз. Ары-бери көчкөндө да көбү жоголуп кетти.
- Көпчүлүк сүрөтчүлөр санариптик эмес, лейкаларды жакшы деп жүрүшөт. Сиздин оюңузча, кайсынысынын сапаты жакшы?
- Мен пленкага көп тартпай калдым да. Пленканы жакшы дегендер көбүнчө улуу сүрөтчүлөр. Жигулини сүйгөн автосүйүүчүлөрдөй эле, пленканы жакшы деп мактаган сүрөтчүлөр деле бар. Бул жерде Жигули менен Мерседести салыштыргандай эле болуп жатат. Санариптик фотоаппарат учурдун талабына толук жооп берип, убактыңды да үнөмдөөгө жардам берет. Ошондуктан мен үчүн санариптик фотоаппараттан өтөрү жок.
- Өзүңүздүн ишиңиздин чыныгы профессионалы деп кимди айта аласыз?
- П.Чесноков деген сүрөтчү байке бар. Согуш мезгилинен бери тартып келе жатат. Эң мыкты деп ошол кишини айтса болот. Сагын Айылчиев, Владимир Пирогов, Эркин Болжуров, Максим Шубович, Влад Ушаковдор-мыкты сүрөтчүлөр.
- Портреттик фотосессияларды жасайсыз да?
- Ооба, андай фотосессияларды көп эле жасап жүрөм.
- Андай фотосессияларда өзүңүздүн алдыңызга кандай максаттарды коёсуз?
- Эгер мен тарта турган адам таанымал болсо, эң биринчи иретте анын өмүр баянын, кыял-жоругун билгенге аракет кылам. Ал адамды тааныган кишилерден сураштырам. Экинчиден, ал адамдын сүрөтү жакшы болсун деп мыкты кадрларды кармаганга аракет кылам.
- Бардык адамдардын эле буюртмаларын ала бересизби, же таанымалдардын буюртмасын гана аласызбы?
- Жок, антип белгилүү, белгисиз деп ылгабайм. Мага бардык адам бирдей.
- Башкалардан стилиңиз эмнеси менен өзгөчөлөнөт?
- Динамиканы тартканды жакшы көрөм. Мисалы, жыйын болуп атса, отургандарды эмес, басып келе жаткан адамды тартам. Азыр сүрөткө болгон талап абдан күчтүү. Кызыктуу учурларды кармаганга аракет кылам. Менин жумушум репортажга байланыштуу болгондуктан, репортаж тартам. Ракурстарды башкача алганга аракет кылам.
- Кайсы сүрөт сиздин "визиткаңыз"?
- Негизи жакшы портретти кармаш кыйын. Роза Исаковнанын беш-алты жакшы портрети бар. Ошону көргөндө эле көбү "Султандын эмгеги" деп айтышат.
- Сүрөттө сюжет берилиши керек дейт. Сюжеттен башка дагы эмне берилиши керек?
- Ар бир сүрөт кандайдыр бир маалыматты алып жүрүш керек. Мисалы, эки кишини тарт десе, ал эки кишинин темасы эмне экенин билиш керек. Айта турган ойду сүрөт менен билдириш керек. Көрүүчү текстти окубастан, эмне болуп жатканын сүрөттөн түшүнгүдөй болушу керек.
- Ар бир сүрөт шедевр болуш үчүн эмне кылыш керек?
- Кылган эмгегиң шедевр болуш үчүн, ар бир сүрөттү тартып атканда акыркы кадрдай кылып тартыш керек. Ошондо гана сүрөт мыкты болот.
- Сиздин эң акыркы кадрыңыз калды дейли. Ал кадрды эмнеге жумшамак элеңиз?
- Андайдан кудай сактасын. Болуп калса, ошол учурга жараша кадрды туура пландаштырмакмын.
- Моделдер менен иштешесизби?
- Моделдер менен иштешкен эмесмин. Прессага келип калганым да буйруктан окшойт. Бешинчи курсту бүтүп атканда "Кыргыз Туусунун" ошол кездеги редакторунун орун басары Эсенбай Калдаровдун элүү жылдык тоюн тарткам. Жагып калган окшойт, "Эркин-Тоого" башкы редактор болуп барганда, гезитке чакырып калды. Барып "Эркин-Тоо" гезитинде иштеп калдым. Ошого байланыштуу жалаң окуяларды гана тартып калдым. Моделдер менен иштешүүгө кол тийген жок. Аларды тарткан атайын сүрөтчүлөр бар. Алар жөн гана студияда отуруп алып образдуу тартышат. Студия сүрөтчүсү тартканды мен тарта албайм, мен тартканды алар тарта алышпайт.
- Моделдердин Ню стилине болгон мамилеңиз? Бул жанрда сизди эмне кызыктырат?
- Ню стилинде тартып көргөн эмесмин. Бирок, бул да өзүнчө бир искусство. Нюга болгон көз карашым жакшы. Ню дегенде эле аябай жылаңачтап тартуу эмес. Ал жанрды көп түшүнбөйм. Бирок, бир караганда эгер кызыктуу тарткан болсо жагат. Мени Ню стили эмес, спорт жаатындагы сүрөттөр кызыктырат. Анткени, спортту тартуу абдан кыйын. Бир мыкты кадрды кармаш үчүн миң кадрдан бир гана мыктысы чыгат.
- Өзүңүздүн кылып жаткан ишиңизде башка сүрөтчүлөрдүн идеясын да колдоносузбу?
- Адам ар убакта билим алып, үйрөнүп туруш керек. Мен кыйынмын деп башкалардын ишин карабай койгондун өзү туура эмес. Интернеттеги, китеп, журналдардагы сүрөттөрдү карап, өзүмө керектүүлөрдү алып турам.
- Сүрөтчүлөрдүн кандайдыр бир фотосырынан биздин окурмандар менен бөлүшүп кетпейсизби?
- Жакшы учур болуп турганын көрүп турсаң, ошол кызыктуу кадрды колдон чыгарбашың керек. Анткени, бир болгон кадр экинчи жолу кайталанбайт. Кайталаганда да андай кадр болбой калат.

Төлөбүбү Касымалиева









кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??